Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Кайышып кетет кабыргаң
Өрттөнгөн эне,
өкүнткөн Фемида

Өткөн жумада Ак үйдүн алдында өзүн-өзү өрттөп жиберген Жыпаркан Өмүрканова азыр ооруканада. Саламаттык сактоо министрлигинин атайын билдирүүсүнө караганда бул аял ll-lll даражадагы күйүк алган. Абалы орточо.

Бул окуя ошол замат ММКлар, интернет булактары, теле каналдар аркылуу дүйнөгө чагылгандай тарап кетип, Кыргызстан дагы бир жолу - "атың чыкпаса жер өрттө" абалында калды. Жалпы эле адамзат коомунда, дүйнөлүк юриспруденциянын практикасында адамдын өзүн-өзү өрттөөгө барышы, анын башка аргасы калбаган акыркы кадамы, саясый-укуктук басымдын алдында калган жеке керт башынын кемсинүү акциясы катары бааланат. Адатта бул өңдүү фактыга аң-сезимдүү коом, "абийири бар" укук коргоо органдары чукул реакция жасап, адамдын мындай абалга жетишине эмне себепкер болгондугу коомчулукка ачык айтылат.
Окуя болуп өткөндөн кийин ИИМ министрлигинин басма сөз кызматы ашып-шашып мындай маалымат таратты: "Ак үйдүн алдынан өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган Нарын шаарынын жашоочусу Ж.Өмүрованын уулу Орозакунов Кылмыш кодексинин 28-97 беренеси ("Адам өмүрүнө кол салуу") боюнча жазага тартылган. Нарын облсотунун маалыматы боюнча Орозакунов 13 жылга кесилген".
Күтүлгөндөй эле Ж.Өмүрованын мындай кадамга барышынын чыныгы себептери чыгып жатат. "Баракелде" сайтынын аймактык кабарчысы Күмөндөр Усуптегин өзүн-өзү өрттөөгө барган аялдын уулунун кылмышка тиешеси жоктугу сотко чейин эле белгилүү болгонун, бул боюнча Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Таалай Нуралиевдин төмөндөгүдөй маалымат бергендигин таратты: "Өткөн жылы бир нече бала бир баланы сабап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жабыркаган бала "Фархат" деген бирөө бар" деп ооруканадан айтыптыр. Акыры биз ушундай ысымдагы баланы кармап, алгачкы сүйлөшүүдө эле ал окуя болгондо жок экендигин, мушташка катышпагандыгын билдирген. Бирок жабырлануучу тарап кайра-кайра арыз жазышып, "балабыз айтып жатат" деп, талап кылып туруп алышты. Акыры, берки тарап дагы ишти сотко өткөрүүгө макул болушкан. Нарын шаардык соту баланы актаган. Бирок, шаардык прокуратура аркылуу нааразычылык даттануу облустук сотко жазылган. Облустук сотто ага 13 жылга соттоо өкүмү чыгарылыптыр".
Килейген облустун милициясынын начальниги Таалай Нуралиевдин сөзүнө ишенсек, 13 жылга кесилген бала "бул окуя болгондо ал жерде жок экендигин, мушташка катышпагандыгын" билдириптир. Нарын шаардык соту да актаптыр. Анан эле шаардык прокуратура аркылуу облустук сотко нааразычылык даттануу жазылып, акыры облустук сот 13 жылга кесип жиберген. Бул жерде өзүн-өзү өрттөгөн аялдын баласына жан тартып жаткан эч ким жок. Күнөөсү болсо, албетте жазаланышы керек. Бирок, соттолгон баланын (Орозакунов) мушташка катышкан эмесмин деп жаткандыгы, Нарын шаардык сотунун аны актап чыгышы бүдөмүк ойлорго түртүп жатпайбы. Сыягы, Ж.Өмүрованы да өзүн-өзү өрттөгөнгө алып барган ушул жагдайлар болгонсуйт.
Деген менен, бул окуя кыргыз Фемидасынын чыныгы жүзүн чагылдырып тургандыгы талашсыз. Учурда соту болобу, милициясыбы, прокуратурасыбы, дегеле укук коргоо органдарына болгон элдин ишеними дээрлик жок экендиги белгилүү. Мындай шарттарда өзүн-өзүн өрттөгөндөн башка арга деле калбайт окшойт. Эмнеси болсо да Кыргызстан эмес, дүйнө коомчулугунун назарына түшкөн бул маселе адилет чечилиши керек. Башка жолду көрбөй турабыз.




"Атамбаевдин
кудагыйына
да мыйзамдын
кереги бар…."

Гезиттин өткөн жылдын 28-декабрдагы санына "Атамбаевдин кудагыйына мыйзамдын кереги жокпу?" деген темада макала жарык көрүп, анда Ново-Павловка айылындагы жергиликтүү кеңешке шайлоолор айрым калпыстыктар менен өткөндүгү айтылган. Макалада "экинчи тараптын жообун угууга даярбыз" деп белгиленген. Анда айтылган айрым жагдайлар боюнча КСДПнын жергиликтүү мүчөсү Сапар Сыдык уулунан төмөндөгүдөй жооп келди.


"Алиби" гезитинин 2012- жылдын 28-декабрдагы №100 санында "Атамбаевдин кудагыйына мыйзамдын кереги жокпу?" деген темада макала жарыяланган. "Макалада калпыстыктар кеткен" деп эсептеп, актануу үчүн эмес, тактоо иретинде жооп жазуудабыз.
Макаланын "чү" деген жеринде эле Чүй облусундагы Сокулук районуна караштуу Ново-Павловка айылынан тургундар кайрылышты. Алар КСДП партиясына жамынып, Кыргыз Республикасынын президенти А. Атамбаевге жагынуу аракети болуп, №233 шайлоо округунан "2474 шайлоочунун укугу бузулду" деп эсептешет" - деп көрсөтүлгөн.
Тактоо киргизе кетсек, КСДП партиясынын жергиликтүү уюму тарабынан Текебаев тегиздеп берген баш мыйзамдын Отунбаева оңдоп кол койгон жергиликтүү кеңештерге шайлоо боюнча мыйзамдын негизинде Ново- Павловка айылдык кеңешине талапкерликке 21 адам көргөзүлгөн. Анын ичинен төртөөнүн документтери туура болбой калып, он жети талапкер аймактык шайлоо комиссиясынан каттоодон мыйзамдуу өтүшүп, күбөлүгүн алышкан. Бул жерде президент А. Атамбаевге жагыныш үчүн КСДПдан шайлоого катышыш керек деген мыйзамды таппадык. Экинчиден КСДПдан № 7233 шайлоо округу эмес, № 7233 шайлоо участогунан 3 адам талапкер болуп катталып, Атамбаевдин кудагыйы З. Аманбекова менен А. Алиев экөө үгүт материалдарын чогуу чыгарышып, биргеликте кылган аракеттери бизде далил катары сакталып турат. Шайлоонун жыйынтыгын кайра саноого арызданган М Жаныбеков деген талапкер болбогондо биз деле "жабылуу аяк жабылуу бойдон калаарын" билген эмеспиз. Ушул М. Ж. Жаныбеков, № 7233 участогунан катталган талапкер, кайра саноого чейинки протокол боюнча 26 добушка ээ болгон. Гезитте айтылган А. Маматов 61 добушка ээ болгон. Эми ушул БШКга арызданган М, Жаныбеков менен А. Маматовдун баласы БШКнын Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын башчысы К. Маматов экөө дос, классташ болуп чыгышат. Ошентип, макалада жазылган А. Маматовду өткөрүүнүн мыйзамдуу жолун издешип, М. Жаныбековго арыз жаздырышып жатышпайбы. Ал эми З. Аманбекова менен А. Маматовдун эч кандай байланышы жок. Укмуштун баары 2012 жылдын 25-ноябрында БШКнын өкүлү Ж. Бапанова келип, добуштарды кайра саноону жүргүзгөндө чыгып жатпайбы. Кайра саноонун жыйынтыгындагы протоколдун көчүрмөсү биздин колдо турат. Бул макалада негизги күнөөлүү болгон З. Аманбекованын биринчи протокол боюнча алган добушу 143 болсо, кайра саноодогу алган добушу 162 болуп чыгып, 19 добуш уурдалганы далилденип калса болобу. Ошентип, З. Аманбекова автоматтык түрдө үчүнчү орунду камсыз кылды. № 7233 участокто 4 мандат болсо анын үчүнчүсүн З. Аманбекова алган. Чырдын баары ошол жерден башталып, аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы менен катчысы Шырдакбек, Динара аттуу адамдар 25-ноябрь күнү түн ортосунда АШКнын жыйындар залында № 7233 участоктун добуштарын АШКнын катчысы Айнура аттуу айымдын катышуусунда, жыйындар залында кайра санатышканын зар какшап айтып, ыйлаганга чейин барышты. Ушул жерде шайлоого чейин А. Маматов үчүн катуу кысым болгонун дагы айтып чыгышып, кандайча 61 добушка ээ болгон адам 187 добушту топтогон? - дешип, ызы-чуу кылышты. Муну БШКнын мүчөсү Ж. Бапанова баштаган бир топ адамдар тана коюшпас. Мына ушул жерден А. Маматовго добушка коюлган белгилер кара сыя менен белгиленгени да аныкталды. КСДПдан чогуу көргөзүлгөн талапкер А. Алиев мурунку, кийинки протокол боюнча 190 добуш менен экинчи орунду камсыз кылган. Ал эми В Барковский болсо өз алдынча №7231 шайлоо участогунан талапкер болуп ат салышкан. З. Аманбекова менен эч кандай байланышы жок. К. Шүкүралиев дегенди биз жакшы билбейбиз. Ал эми шайлоо күнү "З. Аманбекованын кызы, А. Атамбаевдин келини шайлоо участогуна келди" деген сөз жалаа деп кабыл алсак болот. "Алиби" гезитинин редакциясы тактообузду туура кабыл алып, гезит бетинен орун берет деп ишенебиз. Эгерде тактоо иретинде мыйзамдуу далилдер керек десеңиздер, биз аларды берүүгө даярбыз.
Сапар Сыдык уулу,
КСДПнын
мүчөсү





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??