2-макала
Садыр
Жапаровдун
артынан
самсаалашты

(Башы өткөн санда)
Ошентип, Темир Сариев башында турган өкмөттүк комиссия өз ишин аяктап, парламент трибунасынан жарыя салышты. Реалдуу баамы барлар дароо эле байкайт, өкмөт комиссиясынын тыянагы Садыр Жапаровдун тыянактарынын негизинде жазылгандай сезилет. Аны менен бирге ошол өкмөттүк комиссиянын тыянагында курч маселелердин басаңдатылып калганы, маанилүү маселени карапайым деңгээлге түшүрүп салганы, аша кеткен жерлер жымсалданылып коюлганы ж.б.у.с. "Кумтөр" менен келишүүчүлүк саясат байкалып турат деген пикирлер жаралууда. Эмесе, кепти ошол өңүттөн улайлы...
Унутта калтырбай башынан эле айта кетели, өкмөт комиссиясы "Кумтөр" ишин иликтөөгө 47 миллион сом жана беш ай убактысын короткон. Ал эми Садыр Жапаровдун комиссиясы мамлекеттик бюджеттен бир тыйын да албай, жалаң демөөрчүлөрдүн жардамы менен 7 миллион сом коротуп, эки эле айдын ичинде иликтөөсүн бүткөн.
Өкмөттүк комиссия эмнеге түзүлгөнүн өткөн макалабызда айтканбыз- "Кумтөргө" тил тийгизгиси келбегендер "капка шибегени ката албай калып" аргасыздан ошого барышты. Эгерде Садыр Жапаров бийлик тараптын айтканына көнүп, алар сунуш кылган кызматта иштеп калганда, эки комиссия тең болмок эмес. Бирок, Садыр Жапаров ал жолго түшкөн жок, накта жигиттигин көрсөттү! Элинин кызыкчылыгын кызмат, акчага саткан жок.
Өкмөт комиссиясынын тыянагында "Кумтөр" экологиябызга зыян кылганын аныктап, 7 млрд. сом өлчөмүндө айып салып келдик дегенди айтты. Бул сан Жапаровдун комиссиясында 100 миллиарддан ашык сомду түзөт. Демек, өкмөт комиссиясы канадалыктар менен компромисске барган болуп, бирок, дале алдатып ошол 7 миллиард деген санга токтогон болуш керек. Ооба, канадалыктар айткан суммага токтогон болуш керек. Баам салыңызчы: эки комиссиянын салган айып пулунун айырмасы 93 миллиард сомду түзүп жатпайбы. Мейли, Жапаровдун комиссиясы айып пул койгондо аша кеткен экен. Бирок, кантип эле 93 миллиард сомго аша чапсын!? Ага дагы мейли дейли, бирок, ошол 7 млрд. сомду канадалыктар төлөп беришер бекен? Сариев айтып жатпайбы "Канада мамлекетине айтып төлөтөбүз" деп. Канада мамлекети деле келесоо чалыш эместир, анткени, алардын компаниясы мамлекетине жылына бир миллиард суммасындагы "алтын жумуртка" тууп берип жатса, айып төлөтмөк беле?! Болуптур, төлөттү дейли, бирок ал сумма шылдыңдагандай аз болуп жатпайбы.
"Биз акционерлер менен соттошпойбуз, биз деген менеджерлер менен соттошобуз" деп Сариев парламент трибунасынан айтпадыбы. Чын-чынына келгенде менеджерлер айлыкка гана иштеген аткаруучулар, маселенин көбү акционерлерде. Сариевдин "акционерлер менен соттошпойбуз" дегенинин жөнү жөнөкөй эле: анткени, биздеги отуздай чиновник акционер болуп эсептелет, алардын арасында кадимки эле элин итке мингизип кеткен Аскар Акаев дагы бар экен. Эгерде акционерлер сотко берилсе, анда кыргыздын нечен бир "мен" деп жүргөн чиновниктеринин аброю ылайга оонап калып жатпайбы.
Өкмөт комиссиясынын иликтөөлөрүнүн кызыгы көп. Маселен, "Кумтөргө" байланыштуу суулардын пробаларын Германияга жиберип, канадалыктарга тиешелүү лабораториядан анализден өткөрүп, "суу таптаза экен" деген тыянакты алып келип жатышпайбы. Көрдүңүзбү, бүтүндөй бир мамлекетке, ал турсун Өзбекстанга дагы зыян алып келчү маселени жаап-жашырып тургандарын. Мындай болууга тийиш эмес. Комиссия болсо, "көрдүңөрбү, суу деген таптаза, Германиядан анализденип келди" деп Ысык-Көлдүн, Нарындын, дегеле бүткүл кыргыз элин алдап турат. Мындай аракет жакшылыкка алып барбайт. Бирок, биздин эл дагы наркы-беркини түшүнүп калышты...
Эсептөөчүлөрдүн айтымында азыр "Кумтөр" кенинде 600 тоннадан ашык алтын бар. Жок дегенде мындан аркы алтындан үлүшүбүздү алалы, анын баарын элибиздин кызыкчылыгына пайдаланалы. Бул тилек жалпы элдин тилеги, ал турсун жеп-ичкен чиновниктердин да тилеги. Анткени, карапайым элден айырмаланып, чиновниктер ошол алтындан түшкөн кирешеден "жеп" турат эмеспи.
Өкмөт комиссиясы айтып жатат "биз канадалыктарды экологияны бузгандыгы үчүн камай албайбыз, канадалык полицияга кайрылыш керек" деп. Шумдугуң кур, кылмыш деген Кыргызстан деген өз алдынча мамлекетте болуп жатат, анан эмне үчүн кылмышкерлерди Кыргызстандын укук коргоо органдары кармап, жоопко тарта албайт? Андай болгон күндө мамлекет болуп эмне кереги бар эле?!
Садыр Жапаров былтыр эле парламентте айткан: "Канадалык шылуундар экологиябызга 3 млрд. доллар зыян келтирген. Андыктан күнөөлүүлөрдү дароо эле камаш керек, "Кумтөрдү" толук бойдон мамлекеттин карамагына алыш керек. Канадалыктар менен буга чейинки болгон бардык келишимдерди жокко чыгаруу керек" деп. Садыр Жапаровдун ошол сөзүнөн кийин канадалыктардын эки чоңу- "Кумтөрдүн" президенти Вандер март айында, компаниянын сатып алуу иштери боюнча вице-президенти Стефанс 11-июнда баш-аягын жыйып-жыйбай качып жоголушкан... Ага чейин Садыр Жапаров менен келишим түзүүгө чоң аракетин да жасашкан, жакшы кеби менен, тутам-тутам долларлары менен...
Ошондо парламент колдобой коюп, өкмөттүк комиссия түзүп жатышпайбы. Ал комиссиянын корутундусунда Садыр Жапаровдун комиссиясында айтылгандар да жүрөт. Анда эмне үчүн "элибиздин байлыгын алдатпайлы" деп ачыкка чыккан Садыр Жапаровду түз эле "эл душманы" деңгээлине чейин алып баргысы келип жатат?! Эмне үчүн аны ак жерден камакка алып жатат?! Ошол аракетти жасап жаткан бийлик тарап эмне, канадалыктарга алдатууну мыйзам ченеми катары кабыл алганбы же "кимде ким канадалыктарга тийишсе, өлбөгөн жерде калабыз" деп ант берип салышканбы?! Андай болсо, бир жөн дечи...
Өткөндө Темир Сариев радиодон сүйлөп жатып: "Акционерлердин арасында биздин акционерлер да бар, алар менен биз бирге болушубуз керек" деп жатпайбы. Алар кимдер? Акционерлердин тизмесин Садыр Жапаров бир ирет ачык эле айтпады беле. Темир Сариев ал тизмени эмнеге жашырып жатат?
Унутта калтырбай айта кетели, биздин маалымат боюнча өкмөт комиссиясы Жапаров алып чыккан фактылардын жарымын эле айтыптыр. Садыр Жапаровдо болсо, дагы да айтыла элек толгон жашыруун маалыматтар бар экен. Ал маалыматтар качан айтылар экен? Сот процессиндеби же сот бүткөндөн кийинби? Ал маалыматтарды Жапаров "көзүр" кылып кармап турабы?
"Кумтөр" маселесине өкмөт катуу кирише турган болуп калды окшойт. Анын ою боюнча, биринчиден, "Садыр Жапаров жетектеген комиссиянын жыйынтыгына караганда биздики реалдуу" деп өзүн көрсөтүп, өкмөттүн аброюна шек келтирбеш керек. Ал боюнча өкмөттү сагаалаган басма сөз каражаттары пиарын баштап турат.
Экинчиден, мурунку, кийинки бийликте турган чоң чиновниктердин абийирин кетирбеш керек, эскилердин былыгы чукулса, кийинкилерине тиери бар да, баары чиеленишкен эмеспи.
Үчүнчүдөн, "канадалыктар менен соттошуудан коркпойбуз" дегени менен, аябагандай эле коркуп жатат. Соттошуп отургандын ордуна, канадалыктарды бүгүнкү күнгө чейин эркелетип келгендей эле жолду улай берүү. Анткени, баш ооруунун кимге кереги бар, жанга тынч абал керек да?!
Азыр кээ бир чоң-чоң эле чиновниктер: "Тээ мурун эле Жапаровду акелеп-жакелеп коюш керек болчу" деп "аттиңин" айтып жатышат. Бирок, Садыр Жапаров бир канча ирет өзүнө сунуш кылынган эбегейсиз акчадан баш тартканын айткысы жок...Биздин бир тааныш айтып жатпайбы: "Мен Садыр Жапаров болсом, канадалыктардын акчасын алып, депутаттык жолумду жанга тынч уланта бермекмин. Жыргалдан качкан ушуну көрдүм" деп. "Сен Жапаров болбогонуң үчүн ошентип жатасың да" дедим. Ойлонгонсуп калды...
(Уландысы бар)