Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Тургунайым АЙТИЕВА, "Ош шейиттери" коомдук уюмунун төрайымы:
"Дилбар Көчкөнова ошондой деп айтса, дагы деле таяк жей берет"

Бир тараптуу болуп калбасын деп Тургунайым Айтиевага телефон чалып, иштин чоо-жайын сурасак, ал тайманбастан Дилбар Көчкөнова дагы деле сабала бере тургандыгын айтып, мага да алдын ала "эскертүү" берди.

- - Тургунайым эже, "Бизируковдун ишин буздуртам" деп Жогорку Сотко барыпсыз. Эмнеге?
- - Ал силерге бардыбы?
- - Жок, биз Жогорку Кеңештен жолуктук.
- - Биз дагы Жогорку Кеңеште коомдун иштери боюнча бир жумадай жүрдүк. Эми Бизируков боюнча ишти сот гана чечет, точка коет. Андыктан "соттун чечимин жокко чыгарам" же "бурдуртам" деген туура эмес. Бул бир. Экинчиден, Бизируковдун иши боюнча сот-ко күбө катары өтөм. Бизируковдордун адвокатына айтып, өзүмдү күбө катары кийирдим. Сотто эмне деп айтаарымды азыр айта албайм. Анткени процесс өзү ошондой. Эгер соткаңдын номерин өзгөртпөсөң, мен сени ошол сот-ко чакырам, жыйынтыгын өзүң угуп кетесиң. Үчүнчүдөн, бул аялдын (Дилбар Көчкөнова жөнүндө сөз болууда - авт.) менин коомума тиешеси жок. Ал "Дайынсыздар" коому менен мушташкан күнү алардан чыгып кетет, жарашкан күнү кайра кирет. Арызданып барып, "Жалал-Абадга" кошулат. "Мени түндүксүң" деп оштуктар кордоп жатат" деп "7-апрелге" кирип алат. Өзү сотко чуркап жүрөт. Жакшы болгон күнү күлөт, жаман болгон күнү ыйлайт. Айтор, түшүнүп болбойт. Көбүнчө буларды ОБОНчу (Отряд Баб Особого Назначения) кылып алгандар да болду. Ош коогалаңында өлгөн балдардын арбагын сыйлап, "ошол балдар тарыхта калсын" - деп коом түзгөнбүз. Алардын жакындарына көңүл айтып, "жаманчылыкка барбагыла, акча берсе албагыла, алданбагыла" деп эле келатам. Мына бу жерде эки коом (Каракөлдө) чай ичип отурабыз. Алардын баарынын эле пикирин алсаңар болот.
- - Кое туруңуз. Дагы бир суроо. Дилбар Көчкөнованы "аркалык", "чоңкош" деп дайыма кордойт экенсиз, атүгүл кол көтөрүпсүз. Эмнеге?
- - Эгер урсам, аны териштирүү үчүн тергөө, прокуратура, Кудай деген бар. Ошондой деп айтаардан мурда Кудайдан коркуш керек. 63 жаштамын, кызым. Көчкөнова Дилбар эгер ошондой деп айтса, дагы деле таяк жей берет. Жанымдагыларга берейин, 15 киши отурабыз. Алар дагы оюн айтышсын. Кызым, азыр "Өчпөс от" коомдук уюмунун төрагасы Төрөбек Аматовго берем трубканы, пикирин берип кой.

Аматовдун жүзү
Трубканы алып эле Төрөбек Аматов Дилбар Көчкөнова боюнча: "Ал эжеге жакшы айтып көрдүк. Андай ажылдагандар ажылдап бара берет, аны жаза берсеңер болбойт. Арбак тынч жатыш үчүн тынч жүрүш керек да. Көчөгө чыгып алып, бирөөнү көөлөп, жамандай берген болбойт. Эми биз аларды жашырып жаап келебиз. Чукуп отурса сотуна барып ачык айтабыз" деп айтса, чынын айтсам оозум ачылып калды. Себеп дегенде, бул киши былтыр (18-декабрда, "Баракелдеге", 21-декабрда КТРге чыгып) Тургунайым Айтиевага нааразы болуп, маалымат жыйын берип жүргөндөрдүн арасында эле. "Тургунайым Айтиева бир катар мыйзамсыз иштерге барып жатат. "Өчпөс от" коомуна түшкөн 95 миң сомду өзүнө менчиктеп алган, бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылбаса, анда биз өзүбүзчө жазалайбыз", - деген эле. Ал сөздөрү азыркыга чейин сайттарда сакталуу турат. Аны танбастыр…

"Эскертүү"
Аягында Тургунайым Айтиева эже чалып, "Кызым, Айтиева 92 миңди жеди" деп телевидениеге чыгып сүйлөгөн (ошентип айткандардын арасында Төрөбек Аматов да бар болчу - авт.) адамдардын иши сотто, "мени кордоду, цепочкамды жулуп алды" деген сөзүн далилдей албаган Дилбар Көчкөнованын иши сотто, "Ош шамы" аттуу гезит дагы сотто. Чындыкты жаза көр деп эскертип коеюн" ,- дедим деп күлдү…

P.S. 27-февралда, Жогорку Сотто кайра карала турган Бизируковдун сотуна катышып, жыйынтыгын жазабыз.







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??