Дилбар КӨЧКӨНОВА, "Дайынсыздар" коомдук уюмунун мүчөсү:
"Качанга чейин Айтиеванын айтуусу, басмырлоосу менен жашайбыз?.."

Жабырлануучу Дилбар Көчкөнова Бишкекке, Жогорку Кеңешке, акыйкат издеп Оштон келген экен. Спикер А.Жээнбековго жана мыйзамчылар Ө.Текебаевге, Ж.Жолдошовага, Т.Тумановго кат жазып, "Тургунайым Айтиева баламды өлтүргөн Бизируковду "чыгарам" - деп чуркап жүрөт. Мен ага жол бербейм, өлбөгөн жерде калам. Өмүрүм коркунучта…" - деп буркурап жүргөн жеринен кепке тарттык.


Бир үй-бүлөнү
буркураткан Бизируков
Буркурап жүргөн энени (Дилбар Көчкөнованы) кепке тартсак, ал жалгыз чечекей уулу Алмаз Аскаровдон Ош коогалаңында ажырап калган экен. Аны өлтүргөн Махамад Бизируков кармалып, анын өмүр бою эркинен ажыратуу жазасына тартылганына Тургунайым Айтиева аттуу айым ортодон чыга калып, "соттун чечимин буздурам" деп чуркап жүргөнүн айтып, чырылдаса жанына киши туралбайт. "2010-жылдын 16-июнунда "кыргыз-өзбекти элдештирүү күнү" - деп Роза Отунбаева Ошко барган күн эле. "Шаарыбыз тынчып калды" деп балам сүйүнүп үйдөн чыгып кеткен. Жүрөгүм лакылдап, телефон чалсам албайт же өчүп калат телефону. Бир убакта өзү чалып калып, "туулган күнүңүз менен, апа" деди. Таңгалып турсам, "менин туулган күнүм да" деп күлдү. Каралдым ай, ошол күнү жарыкка көзүн ачып келсе, дал ошол күнү көзүн жумуп олтурат. Анда да өз ажалынан эмес, мыкаачылардын колунан кетти" деп буркурап, ошол каргашалуу күндү бир ыйлап, бир сооронуп айтып жатты. "Бизируков 16-июнь күнү саат 2лер чамасында Ош шаарынын Гүлчө көчөсүндөгү № 13 үйүндө атасы Бизируков Маматазиз жана күйөө баласы Курбанов Рахматилло болушуп, менин баламды кармап, колу-бутун байлап, бети башын, эки колунун билектерин кес-килеп, мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. ("Мына" деп альбомун алып чыгып, баласынын кескиленген сүрөттөрүн көрсөтүп ыйлады. Кийинки бетиндеги небересинин сүрөтүн көрсөтүп, "артында ушул баласы жетим калды. Апасы да төрөттөн каза болуп калган эле… деп буркурады…) Жансыз денесин Ош шаарындагы Гүлчө көчөсүнүн жанынан өткөн каналга ыргытып жиберишкен. Бул мыкаачылардын кылгандарынын баары сотто айтылды, айыбы угузулду, сот Бизируковду өмүр бою эркинен ажыраткан. "Өлүмгө өлүм. Менин баламды барчалаган мыкаачы темир тор артында чирип өлөт" деп көксөм канып турганда Тургунайым Айтиева ортодон чыга калып, "мен бул чоңкого көрсөтөм. Соттун өкүмүн буздурам" деп менин үстүмдөн арызданып күйдүрүп жатат. Эгер Жогорку Сот өкүмдү бузса, мен өлбөгөн жерде калам. Өлсөм да өкүмдү күчүндө калтыртам. Күнөөсүз баламды өлтүргөн адам өлүм жазасын алыш керек!",-дейт Дилбар айым сыздап.

"Чоңкосуң", "аркалыксың"
деп кордоп, сабаса да
Айтиевадан кечирим
сурагам…"
Тургунайым Айтиева айым жөнүндө сурасак, буларды айтты: "Айтиева Ошто атагы чыккан аял. Ал канчалаган адамдарды сыздатып кеткен жана сыздатууда. Андан баары коркушат, ошол эле милиция, судьялар... Ошон үчүн атаман болуп жүрөт да. Мени болсо "чоңко", "аркалык" деп көргөн эле жерден баса калат. Андай сөзүнө кулагым көнүп, басмырлаганына деле бышып калдым. Мага кол көтөрүп, муунтуп, мойнумдан цепочкамды жулуп кеткен күндөрү да болгон. Бул боюнча милицияга кайрылсам, алар Айтиева тарапка чечип берип койду. Айттым го, андан баары коркушат. Айтиеванын айтканына көнбөй, баш ийбей келатканымдан келтек жеп келатам. Ошентсе да, кечиримдүүмүн. Тургунайым Айтиевадан элдин көзүнчө кечирим сурагам. Балама куран окутуп жатканда "Дайынсыздар" коомунун (мен ушул коомдо мүчөмүн. Баласы жоголгондор ушундай коом түзгөнбүз. 23 адамбыз. Айтиева дагы башында ушул коомдо болчу. Таза иштебегенинен чыгарып жибергенбиз) мүчөлөрү менен "Ош шейиттери" коомунун (Айтиева азыр ушул коомду жетектейт) мүчөлөрү үйгө келишкен. Айтиева 63 жашта, пайгамбар жашына келип калган аялды кектеп кайда барам, мындан ары эже-сиңдидей болуп жүрөлү деген ниетте Айтиеванын белине белдемчи (бизде, Токтогулда ушундай салт бар. Эжеси же сиңдиси белдемчини байлайт) байлап, башына ак жоолук салып, андан кечирим сурагам. Буга эки бөлмө толтура отурган аялдар күбө, алардан сурасаңар болот".

"Бизируковдун энеси
уялбай туруп, 1 млн доллар, эки там сунуштаган…"
"Кайра эмнеге өчөшүп калдыңар?" десек, "Бизируковдун айынан…" деп ыйлап жиберди. Жашын сүртүп, сөзүн улады. "Каерде болсо дагы Айтиева: "мунун баласын өзбек (Бизируковдун улуту өзбек) өлтүргөн жок, бекер эле сарттын убалына калып жатат. Мунун баласын кыргыз балдар өлтүрдү" дей берет. Үч жапжаш кыргыз балдар кармалган. Менин баламды алар өлтүрө албайт болчу, себеби менин уулум спорт менен машыккан узун бойлуу (180 см) бала болчу. Ал балдарды бетине кармоо жөн гана шылтоо. Айтиеванын көздөгөнү башка. Айтиева Бизируковдун апасына: "Дилбар менин тилимден чыкпайт, отур десем отурат, тур десем турат" деп айтыптыр. Бизируковдун апасы мага телефон чалып: "Сиз Тургунайды угат экенсиз ээ. Мага Тургунай "кеплешебиз" деп чакырыптыр, сиз дагы келиң",- деди. "Мен эмнеге барат элем?" деп ачууланып, чын айтайын тилдеп салдым. Эки сааттан кийин, "Чоңкош кайдасың? Менин кафеме тез келип кал" деп Тургунай чалды. Ал кафени дагы бирөөдөн тартып алды деп уккам. Айткан жерине барсам, Бизируковдун апасы, кызы, аялы отуруптур. "Чоңкош отур. "Ак ийилет сынбайт" дегендей, балаңды кыргыздар өлтүрдү болуп чыгып калат. 1 млн акча, эки там сунуштап жатат, ал",- деди. Ошол жерден жаным чыгып кетти да, Бизируковдун апасына карап, "балама буйрубаган акчаңды, тамыңды эмне кылам? Аны башыма урамбы? Жиниме тийбе, болбосо..." деп дагы тилдеп туруп, ыйлап чыгып кеттим. Тургунайдын тилин алсам, ал ортодон 7 миң доллар көрмөк экен. Ал акчаны "жеп алыптыр" деп да уктум…"

Чекист Кайраттын
"кайраты"… Адвокаттын акчага азгырылганы…
"Ошол 7 миңди менден УКМКда иштеген Кайрат деген бала сурап келип күйдүрбөдүбү. Үйүмө кечинде келип, "Тургунайым Айтиева Эрнис аттуу баласы аркылуу сизге 7 миң доллар бериптир. Алсаңыз алдым деп эле чыныңызды айтыңыз, анткени сиз канча алсаңыз да жарашат" дебес-пи, ачуум келип, 4 жаштагы неберем Адилди ортого коюп, "эгер алсам ушул нарис-тенин боор этин жеп калайын. Өлгөн баламды соодалашкандай мен эмне, жинди белем? Чык дегенде чык!" деп ачуу кыйкырдым. "Дилбар эже, сиз бизди туура эмес түшүнүп калдыңыз" деп чыгып кетти. Бизируковдун апасынын акчасыныкы өттү мага. Биринчи сотто биздин адвокатыбыз Нуркыз деген болчу, ал дагы уялбай туруп мага: "Эже, башкаларга 200-300 доллар эле сунуштап жатат. Сизге 1 млн, 2 там сунуштап жатат" деп жатпайбы. Акчага азгырылган адвокаттан баш тартып, Назгүл Сүйүнбаеваны алдык. Ал акты ак, көктү көк деген кыз экен, соттон Бизируковго өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын алдырып берди. Ошону "буздурам" деп Тургунай тынчтык бербей жатпайбы. Айлам кетип, "качанга чейин Айтиеванын айтуусу, басмырлоосу менен жашайбыз? Ага мыйзам чегинде чара көргүлө" деп Президенттин аппаратына, Жогорку Кеңештин төрагасы А.Жээнбековго, Ө.Текебаевге, Ж.Жолдошовага, Т.Тумановго жана ИИМге Айтиеванын жоругу боюнча арыз таштадым эле. Президенттин аппаратынан, Төрагадан, Текебаевден, ИИМден "Дилбар Көчкөнованын арызы мыйзам чегинде кайра каралсын" деген кат катары менен келип, күч-кубат берди. Каттардын көчүрмөсүн тиркеп, кайрадан тиешелүү жердин баарына арыз жазып келдим. Баягы Кайрат деген баланы сурасам, алар аны окууга кеткен деп коюшту. Жок дегенде мени сабаган Айтиеваны "майда барат бейбаштык" деген берене менен жоопко тартып койсо болот беле? Эми 27-февралда Айтиева менен менин арызымды Жогорку Сот кандай чечет көрөбүз го… Экөөбүз ошол жактан беттешип калдык. Ал ошол жерден "буздурам" деген баягы сөзүн дагы айтты. Демек, Бизируковдордун атынан Айтиева арыз таштады".

"Тургунай Айтиевага
арыздар көп түшүүдө…"
Жабырлануучунун адвокаты Назгүл Сүйүнбаевага кайрылып, мындан аркы иштин жылышынын чоо-жайын сурасак, ал мыйзам чегинде Бизируков тараптагылар арызданууга укуктуу экенин, бул иштин аягына Жогорку Сот гана чекит коерун айтып, ошол эле учурда "өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы, өкүмү" күчүндө калышы керектигин баса белгиледи. Ал эми Айтиеванын "буздуртам" деп Жогорку Сотто жүргөнүнөн кабарыңыз барбы? Аны тааныйсызбы?" - деп сурасак, "Ооба, тааныйм. Анын үстүнө арыз көп түшүп жатканын көрдүм. Ош коогалаңында жабыр тарткандардан акча алып, алдап кетиптир. Жогорку Соттон Дилбар Көчкөновага жолугуп, "Бизируковдордун өкүмүн буздуртам" деп айтыптыр. Менин угушумча, Айтиеванын кызыкчылыгы - акча каражаты…"