Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Балам бактым, балам базарым...
Кылычбек СУЛТАНОВ, Социалдык өнүктүрүү министри:
"Равшан Сабировго
ордумду бошотуп бере албайм, себеби..."

Биздин редакцияга "бала багып алат элем" деп жол-жобосун сурап кайрылган ата-энелер болду. Ошондон улам Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султановго кайрылдык.

- - Кылычбек мырза, саясатка баш отубуз менен кирсек да эл арасындагы социалдык маселелер баары бир биринчи орунга чыгат эмеспи. Баарлашууну Орусиядан келип жаткан кыргыз жетим балдардан баштасак. Бүгүнкү күндө алардын саны канчага жетти? Балдарын алуунун жол-жобосу кандай? Сиздер кимге өткөрөсүздөр жана кандай багылып жатканын көзөмөлдөп турасыздарбы?
- - Албетте, алып келген балдарды биздин министрлик көзөмөлдөп турат. Кайтарылган балдар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы мамлекеттик балдар үйлөрүнө жайгаштырылат. Андан кийин министрлик тарабынан балдардын туугандарын издөө иштери жүргүзүлүп, балдарды үй-бүлөлөргө жайгаштыруу боюнча маселе көтөрүлөт. 2012-жылы кайтарылган балдардын ичинен 13 бала Бишкектеги адистештирилген балдар үйүнө жана 8 бала Токмоктогу адистештирилген балдар үйүнө жайгаштырылган.
Социалдык өнүктүрүү министрлиги балдарды коргоо жаатында жашы жете элек өспүрүмдөрдү Россиядан репатриациялоону иш жүзүндө турмушка ашырып жатат. 2011-жылы Эл аралык миграция уюму, Кыргыз Рес-публикасынын Саламаттыкты сактоо жана Тышкы иштер министрликтери, Кыргыз Республикасынын Россиядагы Элчилиги менен бирдикте Москва шаарынан Кыргызстанга үч бала кайтарылган. 2012-жылы Эл аралык миграция уюмунун техникалык жардамы менен 3 кичинекей мекендештерибизди алып келүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Кыргызстандын чегинен тышкары калган балдардын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоо максатында, ошондой эле аларды алып келүү боюнча чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун негизинде 1 000 000 (бир миллион сом) бөлүнүп жана ал каражат менен бардыгы болуп 18 ата-энесинин камкордугусуз калган балдар өз мекенине кайтарылган.
- - Балдарды багып алуунун жол-жобосун сурап биздин редакцияга кайрылгандар көп. Ата-энелер кайда кайрылып, кантип багып алса болот?
- - Баланы асырап алууну каалаган жарандар жашаган жери боюнча райондук (шаардык) социалдык өнүгүү башкармалыгына асырап алуучу болуу мүмкүндүгү жөнүндө арыз бериши керек.
Райондук (шаардык) социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкери арыз ээлери менен жеке сүйлөшкөндө (алардан керектүү документтерди алганга чейин) асыроонун себебин, алардын баланы тийиштүү деңгээлде багууга жана тарбиялоого шарттары бар экенин, асырап алууга каршы шарттары жоктугун аныктайт. Ошондой эле аймактык бөлүмдүн кызматкери арыз ээсине асырап алуунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жол-жобосун түшүндүрөт жана арыз ээлеринин асырап алуучу болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду түзүү үчүн керектүү документтерди даярдоону сунуш кылат.
Корутунду түзүү үчүн арыз ээлери төмөнкүдөй документтерди тапшырышы керек:
1) арыз ээсинин (ээлеринин) паспортунун көчүрмөсү;
2) эгер жубайлар асырап алышса, нике жөнүндө күбөлүк;
3) жашаган жеринен үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат;
4) үй-бүлөдө туруктуу киреше булагы бар экенин ырастаган документ (иштеген жеринен кызмат орду жана эмгек акысы көрсөтүлгөн маалымкат, ишкердик жүргүзүүдө киреше жөнүндө декларациянын көчүрмөсү, дыйкан чарбада жер үлүшү, малы жана башка активдери бар экени жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын маалым каты);
5) жашаган жеринен үй китебинен көчүрмө же турак жайга менчик укугун ырастачу документ;
6) соттуулугу жоктугу жөнүндө ички иштер органынын маалым каты;
7) бала асырап алууну каалаган адамдын, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугунун абалы жөнүндө мамлекеттик дарылоочу-алдын алуучу жана медициналык-социалдык уюмдун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте таризделген медициналык корутундусу;
8) иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмө;
9) арыз ээлеринин толук өмүр баяндары.
- - Кечиресиз, "Москвадан келген балдарды сатып жатат" деген да сөздөр болуп жатат. Сиздер ал боюнча кандай иш-чараларды жүргүзүп жатасыздар? Сатылып жаткан балдар боюнча сиздерге маалымат түшөбү?
- - "Москвадан келген балдарды сатып жатат" деген чындыкка жатпайт. Анткени, Кыргызстанга кайтарылган 21 баланын ичинен: 2 бала соттун чечими менен үй бүлөгө жайгаштырылган, 2 бала камкордукка берилген, 1 баланы өз энеси алып кетти. Азыркы күндө 9 бала Бишкектеги адис-тештирилген балдар үйүндө, 7 бала Токмоктогу адистештирилген балдар үйүндө мамлекеттик камкордукка алынган. Алардын арасынан дагы 4 баланын туугандары табылып, алар балдарды алып кетүү үчүн керектүү документтерин чогултуп жатышат.
- - Москвада үч эм төрөгөн келин жөнүндө "Алибинин" №88 санында макала чыкты эле, ал боюнча аларга кандай жардам бере аласыздар? Кыргызстанга балдары менен келели дешсе Бишкекте үйлөрү, иштегенге жумушу жок келалбай жатышкан. Ошол маселени Социалдык өнүктүрүү министрлиги карап бере алабы?
- - "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине жараша чектелет, башкача айтканда аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган ар бир жан башына кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн ашпаган учурда дайындалат. Кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү азыркы күндө 580 сомду түзөт.
Аз камсыз болгон үй-бүлөдө үч эм балдар төрөлгөн учурда алар он алты жаш куракка чыкканга чейин мамлекет тарабынан 150 % - 870 сом ар бирине төлөнүп берилет. Балдар төрөлгөндөн тартып, алты айдын ичинде үй-бүлө жөлөк пул үчүн социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылган учурда бир жолу берилүүчү жөлөк пул (кепилденген эң төмөнкү кирешенин 300 % - 1740 сом ) ар бир балага төлөнүп берилет.
Эгерде балдардын ата-энеси Кыргызстандын жарандары болуп, "аз камсыз үй-бүлө" деп аныкталган учурда жогоруда айтылган мыйзамга ылайык балдарга жөлөк пул чектелиши керек. Ал эми, үч эм балдар төрөлгөн үй-бүлөнү үй менен камсыз кылуу маселеси мамлекеттик администрация жана мэрия тарабынан каралат.
- - "Майып балдардын (ДЦП) энелерине айлык чыгарып бериш керек" - деген демилге көтөрүлдү эле, ошол боюнча кандай иштер болуп жатат? Аларга айлык чыгарылабы?
- - Айтылган демилге ведомстволук жумушчу топ тарабынан каралып, "мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан энелерге айлык, ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулга кошумча 50-80% берилсин жана ушул эле категориядагы ата-энелер акысыз медико-санитардык жардам алышсын" - деген сунуш киргизишкен. Азыркы учурда бул маселе министрликте каралып жатат.
- - Соңку собол. Социалдык өнүктүрүүнүн мурунку министри Равшан Сабиров акталды. Ал "кайра ордума келем" деп жатат. Эгер келсе, ордун бошотуп бере аласызбы?
- - Равшан Сабировдун акталып чыкканына кубанычтамын. Мыйзамда "ордун бошотуп бер" деген түшүнүк жок, ошондуктан мен жумушумду уланта берем.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??