Переделкинодогу "бороондуу бекет"

Өткөн жылдын аягына чейин Переделкинодогу жазуучулардын поселогундагы Чыңгыз Айтматовдун дачасы боюнча ишти караган соттун кезектеги отуруму өтмөк. Дүйнөлүк адабияттын классигинин мураскорлору менен өздөрүн СССРдин адабият фондунун ордун басуучусубуз деп эсептешкен Эл аралык адабият фондунун ортосундагы соттошууну азыр көпчүлүк аңдап турат. Бул жеке маселеден чыккан өкүнүчтүү жагдайдын чечилиши андан башка дагы олуттуу проблеманын тагдырына түздөн-түз таасир берет.

"Вечерний Бишкек" 28-сентябрда "Переделкинодогу талаш-тартыштар" деген макаласында бул чатак жөнүндө жазып чыккан. 1988-жылы Чыңгыз Төрөкуловичке берилген дачаны ал өзү бир кезде мурастагандай жазуучунун чыгармачылыгын сыйлагандар үчүн үй-музейге айлантуу демилгесин анын жакын адамдары көтөрүшүүдө.
"Биринчи тарапта, ушул жерде жарпы жазыла жашап, эргип чыгармачылык менен алектенген планетардык масштабдагы адамды түбөлүк эсте калтырууга аракеттенгендер"- дейт тарыхый-маданий мурастарды сактоо боюнча коомдук палатанын комиссиясынын төрагасы, Бүткүл Россиялык тарыхый-маданий эстеликтерди коргоо коомунун, камкордук көрүү кеңешинин төрагасы Павел Пожигайло. Экинчи тарапта, мураскорлорду ал жерден чыгарып, имаратты башка максатта пайдаланууну көздөгөндөр".
Айтматовдун мураскорлорун дачадан көчүрүп салуу жөнүндөгү адабият фондунун доосун Мос-ква областынын Видновс-кий шаардык соту январь айында эле канааттандырып койгон. Бирок, ал чечим мураскорлорго жайдын аягында араң белгилүү болгон. Жагдай ошондо курчуду. Доочулар Переделкинодогу имараттар совет бийлигинин чечими менен жазуучуларга чыгармачылык өнөркана катары гана берилчү деп көгөрүшүүдө. Ижара алган адам каза болуп калса, анын үй-бүлөсү дачаны бошотуп берүүгө милдеттүү. Айтматов чыгармаларын жазып, жашаган жерде музей ачуу үчүн узак мөөнөткө ижара келишимин түзүү керек, адабият фондунун андай ниети жок.
Ошентип, Айтматовдун жакындары өздөрү катышпаган соттун чечими жөнүндө бир нече айдан кийин, аларды айдап чыгабыз деп шымаланып жумушчулар келишкенде билишти. Коомчулуктун, анын ичинде Москва областынын коомдук палатасынын колдоосу гана тигилердин чабуулун кайтарып, маселе соттук териштирүүгө өттү. Коргонгон тараптын апелляциялык арызын жакынкы убакта сот карашы керек.
Кыргызстандын медиа жагынан, анын ичинде телевизиондук ресурсу чектелүү болгондуктан, бул окуя жөнүндө көпчүлүк билбейт.
Ал эми москвалык массалык маалымат каражаттары көптөгөн гезиттерде, телеберүүлөрдө, интернетте пикирлерди, комментарийлерди кеңири чагылдырып, бир нече ток-шоу өткөрүлгөн.
Бирок, маселе чечилбеген бойдон калууда. Анын башаты, (азыркы кезде андайлар көп), Советтер Союзу кулап, көптөгөн проблемалар чечилбеген бойдон калган мезгилге барып такалат.
Эл аралык адабият фонду калетсиз айткандай, "Ельцин-Гайдар мамлекетинин жана анын 90-жылдардагы мыйзамдарынын айынан СССРдин Жазуучулар союзу, адабият фонду ийне-жибине чейин талап-тонолуп, алардын эсебиндеги өлчөөсүз көп акчалары кунун жоготуп, чыгармачылык үйлөрү, басмаканалары, бала бакчалары, поликлиникалары уурдалып жок болгон. Болор-болбос мүлктөр, анын ичинде негизгиси, Переделкино гана кокусунан сакталып калган.
Адабият фондунун оппоненттери бул поселокту мамлекеттик менчикке кайтаруу гана бул татаал жагдайдан чыгуунун жолу дешсе, эл аралык адабият фонду "мындай экономикалык өзүн-өзү өлтүрүүгө" экинчи жолу эч качан барбайбыз"- деп так кесе жооп беришүүдө. Белгилүү сөз чеберлеринен алынган дачаларды азыркы убакта адабият цехинин кызматкерлерине бөлүнүп берилерин убада кылышууда.
Өмүрдөн күтүүсүз кеткен мэтрдин оозеки керээзине таянган туугандары болсо Переделкинодо Корней Чуковскийдин, Борис Пастернактын, Булат Окуджаванын үй-музейлери, ошондой эле аман-эсен жашап жаткан Евгений Евтушенконун музей-галереясын мисалга келтиришет. Ошондой эле, өздөрү ижаранын бардык шарттарын аткарып, коммуналдык кызмат акыларын убагында төлөп турушаарын билдиришет. Айткандай, бул Подмосковьенин атайын аймагында жердин акысы, кыймылсыз мүлктүн баасы өтө кымбат (жергиликтүү дачалардын ижара баасы айына 5 тен 10 миң долларды түзөт) антсе да, жардамга келе тургандар бар. Алсак, мурда Чыңгыз Айтматов өзү башында турган Евразиянын тарыхын изилдөөчү фонд алардын негизги түйшүктөрүн мойнуна алууга даяр.
Ушул мезонини бар үйдө каалоочулар үчүн клуб сыяктуу жай уюштурсак деген улуу жазуучунун кыялын колдогондордун да салмактуу далилдери бар.
Анын бири: Переделкинону курууга жазуучулар бирикмесинин да акчалары сарпталган. Ар бир советтик жазуучунун чыккан китебинин тиражынын 5-7 пайызы СССРдин адабият фондуна берилчү. Айтматовдун чыгармалары 160 тилде басылган, чындыгында бул чыгармачылык өнөркана үчүн ал эчак эле көп эсе ашыра төлөп койгон.

Биздин
замандын кишиси

Бул жагдай боюнча... Михаил Лермонтовдун пикири көңүл бурууга татыктуу. Албетте, бул спиритикалык сеанстын жардамы менен чакырылып алынган улуу орус акынынын арбагы эмес. Кеп, классиктин түздөн-түз тукуму, аты уйкаш небере жээни, ийгиликтүү бизнесмен жөнүндө болуп жатат. Ал өзүнүн күч-аракетин, бизнесин көп жылдан бери Середниковду кайрадан курууга жана өнүктүрүүгө жумшап келет. Бул ХVIII кылымдын аягында, ХIХ кылымдын башындагы парктуу усадьба, Зеленограддан алыс эмес Москва алдындагы Россиянын белгилүү лермонтовдук жерлеринин бири. Середниковду 1825-жылы, Лермонтовдун чоң энеси Арсеньеванын бир тууганы генерал-майор Дмитрий Степан сатып алган. Ал имениеде акын 1829-1832-жылдарда жайкы каникулдарын өткөргөн. Ушул жерде боз улан алгачкы сүйүүсүнө жолуккан, ыр жазып, көп окуп, которгон. Усадьбанын кире беришинде ага арнап обелиск тургузушуп, анда "Кайгы менен сүйүүнүн ырчысына"- деп жазылган.
Кийинчерээк ал жерде революцияга чейинки Россиянын премьер-министри Петр Столыпиндин бала чагы өткөн. Революциядан кийин усадьба улутташтырылып, анда нерв, кийинчерээк учук оорулуулардын санаторийлери жайгаштырылган. Өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында жаңы кожоюн Михаил Лермонтов ишти өз колуна алганга чейин ал жер акырындап отуруп кыйрап, жок болгону калган.
Анын айтуусу боюнча, бизнестен түшкөн акчалары бул ата-бабаларынан калган үй-жайды кайрадан курууга жана өнүктүрүүгө жумшалганы өзүнчө эле ийгиликтүү бизнес-проектке айланды. Усадьбада жалаң эле экскурсиялар эмес, кеңешмелер, эл аралык жолугушуулар өткөрүлүүдө, ал жердин жалпы көрүнүшүн бузбас-тан, кошумча көрк берген инфраструктура түзүлүүдө. Середниководо "Байкуш Нас-тя", "Жабылган мектеп" деген белгилүү сериалдар, "Падышалардын малайлары", "Жашыруун канцеляриянын экспедиторунун каттары" фильмдери тартылган. Лермонтов Айтматовдун дачасы боюнча өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экендигин билдирген.
- Чыңгыз Айтматов - улуу орус цивилизациясынын өкүлү, ал өзүнө бүт энергияны камтыйт,- дейт "Бородино", "Биздин замандын кишилеринин" авторунун мурасчысы. - Ал жашаган жер ошол энергетиканы өзүндө кармайт, жазуучунун чыгармасын баалагандар үчүн бул өтө маанилүү. Биздин өлкөнүн мыйзамында бул имаратты маданий мурастардын обьектилеринин тизмесине киргизүүгө мүмкүндүк берген укуктук норма бар.
Мындай обьекттер кимдин менчигинде болсо да, мамлекеттин коргоосунда болушу керек. Айтматовдун туугандары дачаны мемориалдык комплекске айлантуу жоопкерчилигин мойнуна алып, аны татыктуу күтүп, иштете алса, аларга андай мүмкүнчүлүктү берүү керек. Бул нормалдуу абал, биз андай ишти өзүбүз башыбыздан өткөрүп жатабыз.

Эсиңе түйүп кой

Өкүнүчтүүсү - Переделкино совет мезгилинде рухий дүйнөнүн борбору болуп эсептелсе, бүгүнкү күндөрдө анын аты улам эле бир чыр-чатактын, кылмыш дүйнөсү жыттанган талаш-тартыш менен байланышып айтылып келет. Бакубат жашаган россиялыктардын арасында бул атактуу поселокто жашагысы келгендер арбын, айрым капчыктуулар канча акча болсо да чачууга даяр. Бул жердеги бир нече дачанын өрттөнүп кеткени да алигиче аягына жеткире изилдене элек.
Айтматовдун дачасынын айланасындагы түзүлгөн жагдай, билгендердин пикири боюнча, Переделкинодогу көп проблемалардын бири гана. Жакында эле Россиянын коомдук палатасында атайын угуулар болуп өттү. Бирок, Эл аралык адабият фондунун өкүлдөрү келбей койгондуктан конструктивдүү сүйлөшүү болгон жок. Ошентсе да, бүт Переделкинонун тагдыры жалаң эле Москванын адабият коомчулугунун көңүлүнүн борборунда эмес. Ал тургай карама-каршы позицияларда турган көптөгөн оппоненттер да бүтүндөй поселокту өнүктүрүү концепциясы зарыл деген бир бүтүмгө келишкен. "Эгерде биз бул кылмыштуу жагдай менен гана алектенишибиз керек болсо, киришибиз керек, бирок кандайдыр бир позитивдүү идея да болушу керек,- дейт коомдук палатанын тарыхый-маданий мурасын коргоо боюнча комиссиянын мүчөсү, Пушкин атындагы мамлекеттик музейдин директору Ирина Антоновна. - Бизде мындай адабий шаарчаны түзүү боюнча сунуштар болуу керек, кандайдыр бир эрежелерди иштеп чыгуубуз керек,- дейт ал.
Кайсы үйлөрдү музейге айлантууну, кайсынысы болбой турганын чече турган экспертиза жүргүзүү керек. Адабият фонду болсо жазуучулардын мемориалдык үйлөрүн бир жерге топтоп, бир үйдө ачуу керек,- деп демилге көтөрүп чыкты. Ал идеяга каршы чыккандар болсо, "кеп музей жөнүндө болуп жаткандан кийин, аны жазуучу жашаган, эмгектенген жерде ачуу керек" деген ойдо.
Өткөн отурумдун катышуучулары бул чатакты жөнгө келтирүү үчүн атайын комиссия түзүү чечимине добуш беришти. Алар күн тартибинде бир гана Переделкинодогу жазуучулардын үйүнүн тагдыры эмес (андай чечилбеген жагдайлар башка советтик белгилүү жазуучулардын туугандарынын да башынан өтүп жатат), кеп улуу ысымдар менен байланышкан уникалдуу тарыхый жерлердин атмосферасын сактап калууда болуп жатканын баса белгилешүүдө.
Ал эми "Архнадзор" коомдук кыймылынын координациялык кеңешинин мүчөсү Константин Михайлов 2012-жылдын 1-июлунан тартып Переделкино Подмосковьеден Россиянын борборунун жаңы Новомосковский округуна өткөрүлгөндүгүн эске сала: "Эми анын баары Москва шаарынын территориясына киргендигине байланыштуу маданий мурастар департаментине кайрылып "бул территорияда шаар куруунун ачык, так регламентин иштеп чыгууну" сунуш кылууга чакырды.
Мамлекет гана Переделкино түйүндөрүн чечкенге шашылбайт. А түйүн болсо барган сайын чаташкандан чаташууда.

"Вечерний Бишкекке" бул жагдайлар боюнча пикирин Чыңгыз Айтматовдун келини Гюзель Айтматова айтып берди. Башкаларга караганда көбүрөөк пресса, колдоочулар жана каршылашкандар менен байланышууга туура келет. Гюзель Айтматова өзүнүн комментарийинде жалаң эле дача темасына кайрылган жок. -Биздин юрист апелляция берди, эми ал Москва областынын сотунда каралат,- деп белгиледи ал. - Жыйынтыгы кандай болорун айтыш кыйын. Мүмкүн биздин аракетибизди колдогон коомчулуктун пикирлери көңүлгө алынар. Баары мыйзамга ылайык чечилиши керек. Эмнеси болсо да, эки тараптын биринин пайдасына чечилер. Бирок, ал жакындап келе жаткан Чыңгыз Төрөкуловичтин 85 жылдыгына карата көптөгөн кезекте турган маселелердин бири,- деп эсептейт ал.
- Бул маселе боюнча, ашырбай айтканда, планетардык адамды татыктуу эскерүүгө көмөк көрсөтүүсүн суранып Москвадагы Кыргызстандын өкүлчүлүгүнө кайрылдык,- деп сөзүн улантты Гюзель Айтматова. Элчилик колунан келген жардамын аябай, жакшы аракеттенип, Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине кат жөнөттү. Ал каттар андан ары жиберилет, ал жакта эмне болуп жатканы, чынын айтканда белгисиз. Кандайдыр бир пландар барбы, жокпу, билбейбиз.
- Антсе да, демилге жалаң эле Чыңгыз Төрөкуловичтин туугандары же кандайдыр бир коомдук уюмдар тарабынан гана эмес , жогорку, мамлекеттик деңгээлде көтөрүлсө - деген оюн айтат ал. Албетте, мындай белгилүү датаны майрамдоого күч, убакыт кетээри түшүнүктүү. 2013-жылга чейин аз эле убакыт калбадыбы. Мурдагыдай эле Айтматовдун чыгармалары сүйүп окулчу Россияда да, Кыргызстанда да тиешелүү аракеттер болот деп ишенебиз.
Гюзель Айтматованын пикири боюнча бирдиктүү иш чаралардын ичине кыргыз киносунун декадасы, адабияттык окуулар, конференциялар, фотокөргөзмөлөр жана башка иш-чаралар кирет. Айтматовдун чыгармалары боюнча жана Айтматов жөнүндө гана фильмдерди эмес, Айтматовдук кинематографиянын традицияларын жолдогон кыргыз режиссерлорунун азыркы учурдагы эмгектерин да көрсөтсө болот деген пикирин да айтты Айтматова.
Биздин чыгаан мекендешибиздин масштабына жараша иштеле турган иштер да албан-албан. Бул ишке байланыштуу Владимир Путин менен Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президентинин Кыргыз Республикасына жасаган визитинин убагында келе жаткан юбилейди татыктуу белгилөө жөнүндө экөөнүн айткандарын да эстеп коюу ашыктык кылбайт. Көнгөн адатыбыз боюнча акыркы мүнөткө чейин жүрүп албасак болду. Мемориалдык үй-музей жөнүндө көтөрүлгөн идеяга, сот кандай чечим алса да чекит коюуга болбойт.

"Вечерний Бишкек" гезитинин 14-декабрь, 2012-жылындагы санына басылган макаладан которгон
Афина Абдылдаева,
жазуучу.