Саясый казал
Ушуларды уткула,
Ууга башын тыккыла!

Тоону тешип коо кылды,
Аңырайтты, аң кылды.
Куну качып жер, суунун,
Көргөн жанды таң кылды.
Кумун эшип сай кылды,
Талкалап ташын "май"
кылды.
"Жыргатабыз элди" деп,
Көңүлдөрүн жай кылды.

Аска-зоосун аттырып,
Топон кылды, тоз кылды.
Чаңын көккө сапырып,
Чамбыл-ала боз кылды…
Эч айласын табалбай,
Элтеңдеди элиги,
Тарсылдактан жаталбай,
Ийинине баталбай,
Темтеңдеди сууру.
Аңтарылса таш кулап,
Айласы куруйт кашкулак.
Айтор,
Жан-жаныбар "шок" болду,
Тукуму куруп жок болду.

Этек-жеңи кыскарып,
Эрип турган мөңгүнү.
Цианидге чыланып,
Чөгүп турган мөңгүнү.
Карайып бетин так басып,
Кейип турган мөңгүнү.
Көрмөксөн болуп турабыз
Көңкүү кыргыз өлдүбү?!
"Суубуз мол" деп жатабыз,
Суудан куру калбайлы.
Тебеленсе ырыскы,
Теңир бизди ошондо,
Так тозокко салбайбы!

Табиятты талкалап,
"Центерра Голд" төрөсү,
Сынап турат чалкалап.
Сынаганы ушул да,
Ортосуна тоонун,
Оюп ууну куюшуп,
Айрандан бетер уютуп.
Куттуу жерим Кумтөрдү,
"Сойгон" кези курутуп.

Сынаганы ушул да,
Кыйындарын кыргыздын,
Кыдырата байкашты.
Ооздорун ачырып,
Опсуз алтын чайкашты.
Кыйынсынып жүрүштү,
Кытмыр карап күлүштү.
"Комиссия" дегенге,
Карматышты "үлүштү".
Катарынан бардыгын,
Капканына илишти.
Кыргыздарга кичилеп,
Өздөрүнө очойтуп,
Келишимди түзүштү.

Ары-бери катташты,
Акаевден башташты.
Кумтөрдү куп куруткан,
Келишимди машташты.
Ак үй менен Көк үйдөн,
Алымбаев, Макаров,
Төрөмырза баласы,
Эшенкулов, Жапаров,
Сатыбеков, Жолдошев,
Жана дагы башкалар,
Бирин-бири колдошуп.
"Центеррага" табакташ,
Болуп жатып калышты.
Эл байлыгын карактап,
Тоюп жатып калышты…

Болору эми болуптур,
Боёсу эми каныптыр.
Бакиевдин тушунда,
Өкмөт башчы учурда,
Бардык балээ ушунда:
Сөгүнүп да, сагынып,
Атын минип чамынып,
Атамбаев айкырып,
"Центеррага" барыптыр.
Бакырганы курусун,
Баштагыдан ашырып,
Чалмакейди чалыптыр.
"Артык кылам" дегени,
Тыртык болуп калыптыр.
Кара теке сүзүптүр,
Мурдагыдан бешбетер,

Үлүшүбүз кем болгон,
Келишимди түзүптүр.

Андан соң да Кумтөрдү,
Садагага чабышты.
Бакиевдин "Ак жолу",
Сүлүк курттай жабышты.
Көмөчүнө күл тарткан,
Айла-амалды табышты.
Ырыскысын кыргыздын,
Ыргытып сайга салышты.

Мына ушунун баарысы,
Бүгүн жүрөт чалкалап.
Кыйратып дале койгонсуп,
Акыл айтып кайкалап.
Жергебизди жемирип,
Кыянаттык кылышкан.
Келечекти ойлобой,
Кемиришип куруткан.
Кысталактын баарысын,
Соттогула, жыккыла,
"Центеррага" кошулуп,
"Кумтөрдөгү" уюткан,
Ууга башын тыккыла!




КУМТӨР - КЫРГЫЗ
ЭЛИНИН ЫРЫСКЫСЫ


Урматтуу Президент Алмаз Атамбаев! Сиз Президент катары Кумтөр алтын кени боюнча түз жана так позицияңызды айтсаңыз. Себеби, сиз журналисттерге маек куруп жатканыңызда "Кумтөрдүн" эчак эле, 2009-жылы, соодасын бүтүрүп коюптур, биз эми эч нерсе кылалбайбыз" - деген кош көңүл мамилеңиз бизди кооптондуруп жатат.


Сиздин ушинтип мамлекет башчысы катары оюңуз олку-солку болуп турса, "Центерра Голд" компаниясына кудай берип жатпайбы.Өкмөттүк комиссиянын жетекчиси Т.Сариев Өкмөт отурумунда чымырканып туруп айтып чыкты го "биз компанияны иштетип жаткан менеджерлер менен соттошсок болот экен, ага биздин маанилүү далилдерибиз бар" - деп.
Чынын айтыш керек, Кумтөр боюнча Т.Сариев жетектеген комиссия, экология боюнча өткөргөн Германиялык жана Чехиялык экспертизалардын жыйынтыктарын кошпогондо, С.Жапаров жетектеген комиссиянын жыйынтыгынын уландысы болуптур. С.Жапаров ошондо эле бул компаниянын башкаруучу менеджерлеринин көз боёмочулугунда кылмыштын элементтери бар экенин, аларды токтоосуз камакка алуу керек экенин айтып чыккан.
С.Жапаровдун Кумтөр боюнча жасап келген отчетунун мааниси убакыт өткөн сайын билинип отурат. Маселен, биринчи топтогулар ичкен-жегени, байлык топтогону, бүтүндөй элге кыянаттык кылып койгону жана бул иш кылмыш экени билинип калбасын дегендер болсо, экинчи топ Өкмөттөн устукан сурагандар, соодалашсам жакынымды министр, баламды бөлүм башчы койдурсам, башкалары таяке-жээндеримди чоң кызматка орноштурсам деп жанын үрөп, эптеп С.Жапаровдун жасап келген чоң ишин жараттырбай, бөйрөктөн шыйрак чыгарып, Өкмөттүк комиссия түзө коёлук деп эптеп кулатыш керек болду.
Өкмөттүк комиссиянын экология бөлүмү боюнча жетекчиси О.Артыкбаев эчтеке билбеген киши болуп, "биздин экологияга жооп берүүчү жетекчилерибиз ушул убакка чейин экологиялык экспертизадан өткөрбөй туруп эле корутунду жазып бере беришкен" - дейт. Ушул жерден мырза О.Артыкбаевге акыйкат суроо бергим келет: андай болсо ошол кезде токой чарбасы менен экологиянын бир чылбыр, эки тизгинин кармап турган А.Давлеткелдиевден "эмне үчүн мындай кылгансыңар?" - деп бир ооз сурап койбогонуңуз аз келгенсип, өзүңүз начальник кылып жумушка алып отурганыңызды кандай түшүнсөк болот?
Эл ичинде айтылып жүрөт "Кыргызстандын 33% акциясынан башка дагы 9 проценти орто жерде жүрөт, ушул болду болбоду биздин алдым- жуттум азыркы, мурунку жетекчи сөрөйлөрдүн акциялары болушу мүмкүн" деген сөздөр.

Урматтуу Президент, Жогорку Кеңештин төрагасы жана Премьер-Министр!
Жараны чукуганга жараша эми өзөгүн түп тамырынан бери алып ташташыбыз керек.Кантип? Эң жөнөкөй: Акаевди баш кылып, өтүп кеткендерине айла жок, 1992- жылкы, 2003-2004- жылдардагы жана 2009- жылкы келишимге кимиси кол койгон, кимиси корутунду жазып чыгарып берген, кимиси салыктан мыйзамсыз бошоткон - алардын баарын кылмыш жообуна тартууга саясий эркиңер жетпесе, өз каалооңор менен отставкага кеткениңер оң. Кыргыз элинде бычакка сап болчу эр-азаматтар толтура, алардын саясий эрки жетип, шумпайлардын жазасын бере алат.
Ушул жерден мен баса көрсөтүп айткым келет, С.Жапаровдун тастыктоосун эске алсак, "Камэко" жана кийин түзүлгөн "Центерра Голд" компанияларын эч кандай инвесторлор деп атоого болбойт, анткени булар өлкөгө инвестиция алып келген жок.Анан калса аларды эл аралык компания деп аташка дагы болбойт, себеби булардын эч кандай Эл аралык уюмдардан жана мекемелерден тастыкталып өткөн тизмеси жок.
Кумтөр кени - кыргыз элинин ырыскысы, ошон үчүн элдин кызыкчылыгы үчүн колдо болгон бардык мүнкүнчүлүктөрдү
пайдаланышыбыз, соттошсо соттошуубуз керек. Андан коркуу болбогон иш, себеби булар мыйзамдарды бузуп, алдоочулук жол менен өздөрүнүн кызыкчылыктарын ишке ашырышкан.
Элде айтылып жүргөндөй, бир кездеги Карыпкуловдун, азыркы Кубат Оторбаевдин "кара жашиги" М.Сариев деген саясат талдоочуну чакырып алып, бир жактуу маек уюштурат. Ал болсо "биз Кумтөр компаниясы менен сүйлөшүүгө барышыбыз керек, антпесе уттуруп коёбуз" - деп көзү ачыктык кылып какшайт. Анысы аз келгенсип "соттошсок 3жылдан 10 жылга чейин созулат" - дейт. Бу М.Сариев юрист, эколог же экономист болбосо, кантип бүтүм чыгарып жатканына таң каласың. Ушуга окшогон саясат талдоочулар жана эксперт сөрөйлөр биздин элдин башын айландырып бүтүрүштү. Чындык үчүн айтып коюш керек: КТР саясий так, ыкчам (оперативдүү) маалымат берүү боюнча 5-канал жана НТС каналдарынан артта калууда. Карыпкуловдун убагындай эле "Президент бул жакка барып мынча акча сурап келди, тигил жака барып муну жасап келди" - деп көбүртүп-жабыртып, мактап-жактамайдан өйдө көтөрүлө албай келет.
Инвесторлор кызыкчылыгы болсо эмнеге келбесин, келет. Дагы айтып коеюн: "Кумтөр оперейтинг" компани жана "Центерра Голд" - бул инвесторлор эмес, алар алтын казып алууга өздөрүнүн бир тыйынын да жумшашкан эмес. Ушуну түшүнүп койсоңуздар.
Мен С.Жапаровдун азыркы абалын түшүнүп турам. Ал кишинин болгон күнөөсү - Кумтөр кенин "Центерра Голд" компаниясынын талап-тоноочулугунан кантип кыргызстандыктарга алып бериштин айласын митингде элге туура түшүндүрүп берсем дегени. Капилеттен К.Ташиев мырзанын радикалдуу чакырыгы, Ак үйдү көздөй бет алышы менен тынч митинг өз өтөөсүнө жетпей калды.
К.Ташиевдин мындай чакыруусун колдобойм. Бирок, бийликтегилерге айтаарым: эми болор иш болду, кыргызда жакшы сөз бар эмеспи, "атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер" - деген. Бул үч жигит тең кыргыздын байрагын көтөрүүчү жигиттер, ошон үчүн булардан оор беренелерди алып салып, хулигандык иш-аракеттери үчүн жооп бердирсеңер жакшы болор эле.
Ачыктык үчүн айтып коюшум керек, мен бул үчөөнө тууган дагы эмесмин, тааныш дагы эмесмин, жөн гана замандашымын.


Болуш Султанов,
Бишкек шаары
30.01.2013-ж.