Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы Асылбек Токтогулов:
"Профсоюз уюмдары иштебей
калды дегендер катуу жаңылышат"

Эл аралык чөйрөдө кызматташуубуздун масштабы кеңейип жаткандыктын көрсөткүчү катары Эмгектик эл аралык уюму менен байланышы бекемделип бара жаткандыкты, үстүбүздөгү жылдын сентяб-рында Кыргызстан профсоюздар Федерациясы жер шарындагы эң чоң профсоюздук бирикме - Проф-союздардын бүткүл дүйнөлүк конфедерациясына ассоциацияланган мүчө болуп кабыл алынгандыгын белгилесек болот.

- Асылбек Токтогулович, акыркы жылдарда профсоюздарга карата көп эле сындар айтылып келет. Бирлери "профсоюздар мурдагыдай иштебей калды" десе, башкалары "профсоюздардын үнү мурдагыдай угулбай калды" деп айтышат. Анткени менен профсоюздардын коомдогу орду жана ролу мурдагыдан да жогору экенин эч кимибиз танбасак керек?
- Ооба, "Эл оозунда элек жок" деп коет эмеспи. Профсоюз уюмдарына дарегине карата айтылган ар кандай сын-пикирлерди угуп келатабыз. Айрымдар профсоюз десе эле, баягы союз кезинде бул уюм тарабынан таркатылган путевкаларды эстейт. Арийне, баары өз учуру менен эмеспи, профсоюз уюмдары да өз башынан өткөөл мезгилди кечирди. Кыргызстан профсоюз уюмдары "иштебей калды" же "үнү угулбай калды" дегендер өтө терең жаңылышат жана профсоюз уюмдарынын милдети жана жоопкерчилиги тууралуу түшүнүгү аз адамдар болушу мүмкүн. Профсоюздардын ишмердүүлүгүн эмгекчилер гана обьективдүү баалай алышат, алар өз уюмдарын түзүү менен аларга конкреттүү милдеттерди жүктөшкөн. Эң башкы милдет - эмгектик жана социалдык-экономикалык мамилелер чөйрөсүндө эмгекчилердин укуктары менен таламдарын ишенимдүү коргоо.
Азыркы мезгилде коомдогу экономикалык жана саясий кескин өзгөрүүлөргө байланыштуу профсоюздар ишмердүүлүгүн заманбапташтыруу, жаңылануу жолуна түшүп, өзүнүн коомдогу орду менен ролун күчөтүү боюнча көп иштерди жүргүзүүдө. Бүгүнкү күндө биздин катарыбызда 700 миңдей профсоюз мүчөлөрү бар. Өлкөбүздө мындай тилектештерди бириктирген бир да саясий партия же коомдук уюм жок. Ал эми профсоюздары күчтүү деп эсептелген АКШ жана башка өнүккөн мамлекеттерде деле иштегендердин 10-15% профсоюзда болсо Кыргызстанда бул көрсөткүч 40 % жетет.
- Азыр ар бир экинчи адам саясаттан сүйлөп калбадыбы, балким, айрымдар "Кыргызстан профсоюздар уюмдары эмнеге саясатка аралашпайт, саясый билдирүүлөрдү жасашпайт"дегендей пикирде болсо керек да. Анүстүнө мурдагы бийликтин тушунда профсоюздарды саясий курал катарында пайдаланууга жана бул уюмдун башына бийликке ыңгайлуу адамдарды коюуга аракеттер болбодубу?
- Ооба жашырганда эмне, мурдагы бийликтин тушунда Кыргызстан профсоюздар федерациясын саясатка аралаштырууга аракет болгон. Арийне, мен айтып коюшум керек, профсоюз уюмдары бул саясый уюмдар эмес. Бирок, профсоюздар саясатка катышпайт деп айтуу да туура эмес. Катышуунун өзгөчө профсоюзга тиешелүү жолу бар. Мисалы, социалдык эмгектик мамилелерди жөнгө салуу - саясат эмеспи? Саясат. Бул багытта мыйзамдарды кабыл алуу, анын аткарылышына көзөмөл жасап, аларды бузууга каршы күрөшүү саясат эмеспи? Саясат. Бул багыттагы иш-аракеттерди жасаганда биз бийлик, иш берүүчүлөр же саясий партиялар менен көз карандысыз, тең укуктуулук (паритеттик) позицияда туруп кызматташабыз.
- Сиздердин саясат бийлик тарабынан колдоо таап жатабы?
- Өкмөт да, Жогорку Кеңеш да биз көтөргөн демилгелерди толугу менен колдоп, жакындан жардам көрсөтүп жатышат. Эң башкысы, баарыбыздын көздөгөн түпкү максатыбыз бир эмеспи. Ырас, Кыргызстан укуктук мамлекет, демократиялык коом курабыз деп жатабы, демек, баарыбыз ишмердигибизди ошол максаттарга карата түздөшүбүз керек. Кыргызстан профсоюздар федерациясынын мыйзамда жазылган өз ыйгарым укуктары бар. Биз ошол мыйзамдын чегинде аракеттенсек эле эч убакта жаңылбайбыз.
Мисалы, жалданма кызматкерлердин эмгек акыларын, анын ичинде минималдык акыларынын деңгээлин белгилөө үчүн жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жаңы ыкмаларын колдоно баштадык. Натыйжада, 2012-жылдын биринчи жарамында эле өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда орточо айлык өлчөмү 28%га көтөрүлдү. Минималдык эмгек акысы төмөн боюнча калса да, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын КР Өкмөтү менен сүйлөшүүсүнүн негизинде, анын өлчөмү 2013-2015-жылдарга каралган Башкы макулдашууларга жашоо минимумунун чегинде белгиленди.
2012-жылдын февралында КР мурдагы Өкмөту иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин укугун теңдөө шылтоосуна таянып, 2004-жылы кабыл алынган Эмгек кодексин түп тамырынан бери өзгөртүүнү чечти эле, бул реформанын өзөгү - жалданма кызмат үчүн эмгек акы төлөөнүн жана эмгек шарттарын эмгектик жана социалдык бардык минимумунун кепилдиктерин алып салмак.
Кыргызстандын профсоюздар федерациясы мындай псевдореформага каршы чыгып, 2012-жылдын 23-мартында Өкмөттүк аянтка көп миңдеген киши катышкан митинг уюштурду. Биздин кайрылуудан кийин Президент ал мыйзамга вето коюп, мурдагы Эмгек кодекси сакталып калды.
- Мыйзам бүгүнкү күндүн талаптарына толугу менен жооп береби?
- Мыйзам учурдун талабына толугу менен жооп берет. Ал эми утурумдук маселелерди Өкмөт жана Жогорку Кеңеш менен ийри отуруп, түз чечишип алсак болот. Создүн ток этер жерин айтканда, биздин ишмердигибизге тиешелүү кандай гана маселе болбосун, чечсе болот.
- Сөзүңүзгө аралжы, азыр өндүрүштүк мамилелер түп-тамырынан өзгөрдү да. Мурда баары мамлекеттик менчик болсо, баарыбыз мамлекеттик мекеме-уюмдарда, завод-фабрикаларда иштесек, азыр жеке менчик пайда болгонуна байланыштуу, менчик мекемелер, ишканалар да көбөйбөдүбү. Менчик ээси, сыпайыраак айтканда, иш берүүчү жалданма жумушчуларга кандай мамиле жасайм десе өз эрки эмеспи?
- Менчик формасы өзгөргөн менен, ал объект деле мамлекеттин тийиштүү мыйзамдарынын чегинде иш алып барыш керек. Адам өз укугун билбеген учурда, анын укугу ал мамлекеттик мекемеде иштесе деле оң-тетирисинен бузулушу мүмкүн. Маселе, адам өз укугун билип, өз укугу үчүн күрөшө алганында. Адам укугун билсе, менчик ээси жалданма жумушчуларга каалагандай мамиле жасай албайт. Биз менчиктин кандай формасы болбосун адам укугун коргогонго жардам беребиз. Бирок мыйзам бузуулар көбүн эсе профсоюз уюму түзүлбөгөн жекече ишканаларда болуп жатканы да талашсыз! Акыркы жылдары бул маселеге байланыштуу жеке кайрылуулардын 90% жакыны жеке менчик ишкананын жумушчулары болууда.
Дегинкиси, эмгекке байланышкан маселелерди цивилизациялык жол менен чечүүгө профсоюздардын өз кезегиндеги демилгеси, сунуштаган жана кабыл алынган көптөгөн закондор менен бекем укуктук негиздер түзүлгөн. Анын ичинде профессионалдык союздар жөнүндө, социалдык өнөктөштүк жөнүндө, жамааттык эмгек талаштарын, жекече эмгек талаштарын чечүүнүн тартиби жөнүндө, жамааттык келишимдер жана макулдашуулар, эмгекти коргоо, эмгек акысын өлчөмдөрүн белгилөө сыяктуу дагы бир топ мыйзамдар кирет. Аларга таянып, биз бүгүнкү күндө Профсоюздардын өнүгүүсүн стратегиялык пландаштыруу жөнүндөгү чараларды белгилеп, учурдун маанилүү талаптарынын бири профсоюзду коомдо таасирдүү күчүнө айландыруу милдети. Аны аткарыш үчүн жогорудагы айтылган иш-аракеттердин катарында профсоюзга мүчө болууга калктын калын катмарынын кызыгуусун арттыруу боюнча, анын ичинде айрыкча формалдуу эмес, көмүскөдөгү ишканалардын жумушчуларын (көбүнчө ушул чөйрөдө укук бузуулар кездешүүдө) жаштарды мүчөлүкө тартуу ишине көңүл бура баштадык.
- Жаңылбасам, профсоюздар федерациясынын эл аралык байланыштары да жыл санап кеңейип баратса керек?
- Эл аралык кызматташуу - маанилүү багыт. Анын эң башкы максаты-жакынкы жана ыраакы чет мамлекеттердин профборборлорунун иш-тажыйбасын үйрөнүү, маалымат алмашуу, профсоюз кадрларынын кесипкөйлүк квалификациясын өстүрүүдө, эки тараптуу байланыштарды эмгекчилердин укуктук, социалдык жактан корголуусун жакшыртуу, коомдо стабилдүүлүктү камсыз кылуу жана республикабыздын эл аралык кадыр-баркын көтөрүү үчүн пайдаланууда турат.
Ушундан улам биздин Федерация Шериктеш өлкөлөрдүн профсоюздар биримдигин (профсоюздардын жалпы Конференциясын) түзүүнүн демилгечилеринин бири болгон жана анын ишине активдүү катышып келе жатат. Эки тараптуу кызматташуулар да бекемделүүдө. Мисалы, Россия, Казакстан профборборлору менен биздин кызматташуу жөнүндөгү эки тараптуу келишимдерибизде ал өлкөлөрдө иштеп жаткан Кыргызстандын мигрант жарандарын укуктук жактоо маселелерине чейинки чаралар каралган.
Эл аралык чөйрөдө кызматташуубуздун масштабы кеңейип жаткандыктын көрсөткүчү катары Эмгектик эл аралык уюму менен байланыш бекемделип бара жаткандыкты, үстүбүздөгү жылдын сентябрында Кыргызстан профсоюздар Федерациясы жер шарындагы эн чоң профсоюздук бирикме - Профсоюздардын бүткүл дүйнөлүк конфедерациясына ассоциацияланган мүчө болуп кабыл алынгандыгын белгилесек болот.
Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын мүчөлүк уюмдарынын да чет өлкөлүк тийиштүү тармактык профсоюздар менен түз байланыштары кеңейүүдө.
Ушулардын бардыгы эмгек адамдарынын таламдарын коргоодо жана эл аралык тилектештикти бекемдөө иштеринде профсоюздардын позициясын чыңдоого багытталынып, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруу иштерине салым кошуп, элибиздин татыктуу турмушка жетишүүсүнө арналган. Мындай максаттагы аракеттерибизден улам Президент 2013-жылды ишкерлердин жылы деген расмий жарыялашы кошумча стимулдарды берери шексиз.