Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_8.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_8.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_8.htm on line 2

СУУ ЖҮРӨК АЖО…
же өгөйлөнгөн Баткен областы, өзбек президентинин өлүмүн тилеген Атамбаев туурасында учкай кеп

(Башы 5-бетте)
Кыргыздын алгачкы жетекчиси А. Орозбеков менен И. Раззаковду берген Баткен жергесин Атамбаев эмнегедир өгөйлөп жаткандай көрүнөт. "Жандоочу кийик аттырат"- дегендей президенттин жанында "баткенчи шопуру" Илмиянов отурса эле, ал жактын проблемасы чечилип калбайт да. Ушундай кысталыш учурда "серый кординал" аталган, эгиздин түгөйүндөй болгон "ак үй акылмандары" Фарид менен Абдил журналисттерди кагыштырбай, кеп-кеңештерин президентке айтышса дурус болмок. Башында Абдилди мен сыйлап урматтаган жигиттерден эле. Башыма кыйынчылык келип, оппозицияда жүргөн кезимде, мени "далымдан таптап" биздин редакцияга компьютер берген учуру да болгон.
Абдил менен Фарид мага болгон былгытма саясатын, гезит беттериндеги "террорун" токтотушпаса менин да алар туурасында айта турган сөздөрүм бар. Анда кеч болуп калат. Азыркы журналисттердин ортосундагы тымызын тирешүү иштеринин артында Атамбаевдин оң, сол колу болуп келген Фарид, Абдил экөө жасап жатат дегенди угуп кейип калдым.
Атамбаев өзү баш болуп, Сегизбаев, Фариди төш болуп Сохтун кайда экенин деле билишпесе керек деген жыйынтыкка келесиң. Анан алар ал жактын көйгөйүн кайдан билишмек. Эгер жаңылышпасам, Атамбаев президент болгондон бери "түпкү мекени" Баткенге бир ирет барды окшойт. Тиги, ажонун "сиам эгиздери" журналисттерди, журналисттерге айдактатып, кайраштырып, бирине-бири боктотуп коюп, кыйраткан жумушту жасап койгондой машырканып, кабинетте шым жыртып отура беришпей Баткенге барып Сохтун проблемасын чечүүгө катышса Атамбаевге жакындан жардам беришкен болот эле. Бул эки эргул убагында Акаевдин түбүнө да жетишкенин элибиз жакшы билет. Балким булар Атамбаевдин кетишин тездетип бергени жаткандай сезиле баштады. Алар таптаган Ак үйдүн эшик ырчыдай болгон "жалданма журналисттери" аркылуу чындыкты жазып жаткан журналисттерди боктоп макала жаздыртып, интрига жасагандан башка коомго эмне жакшылык кылышты.
Бизге тил кайраган "дүжүр чалдары" жыдып, эми Абдил менен Фариддин "дүжүр балдарды" чыга баштады. Бул бечаралардын күнү ошол жаш балдарга түшкөн экен дейсиң. Кыйын болушса өздөрү колдоруна калем алып Атамбаевди коргоп, байдын кызындай мактап чыгышпайбы. Алардын колун ким кармап, жазганга ким тоскоолдук кылып жатат?
Өзгөчө өзбектер менен чектеш райондордогу, ошондой эле Сох, Шаймарден анклавдарындагы чек ара тилкелерин аныктап, мамы жыгачтарын кагып, өз жерлерибизди тактай турган мезгил эбак эле жеткен. Баткендин элине ырахмат айтып, ушул кезге чейин чек арабызды сактап бергендиги үчүн компенсация төлөп берсек да туура болмок. Алар киндик каны тамган туулган жери, ата-энесинин сөөктөрү жаткан ыйык мазарларын сактоо менен жалпы кыргыз элинин чек арасын көздүн карегиндей карап, ушул кезге жеткирип беришти. Ошолор гана чек арабызды бекем сактап келгени бул чындык.
Жыл өткөн сайын өзбектердин жерибизди тымызын басып алуу "жылма" экспансиясы күч алууда. Биздин мамлекетте канчалык бардак, хаос болсо аларга ошончолук пайда болуп жатат. Өзбек тарап бир жактуу, өзү билемдик менен көп жерлерге бизден сурабай эле кирип алышып, аңдарын терең кылып казышып, чек ара мамыларын орнотушуп жатышкан учур. Биздин бийлик башындагылар кызмат орундарын бөлүштүрүү, папке талаш, чиновниктерге кресло сатуу менен гана убара. Дүйнө жүзү боюнча Фергана өрөөнүндө, Сох, Шахимардан жана башка чек ара тилкелеринде калктын саны жык толуп, жыл санап катуу темп менен өсүүдө. Кыргыздын үйүнөн эки бала чуркап чыкса, анын өзбек кошунасынын үйүнөн алты, жетиден баласы ойногону көчөгө чыгат. Биздин аялдар да "гендердик саясат" деп эркектер менен жакалашып, папке талашып жүрө бербей ушул жагын ойлонушса болор эле. Фергана өрөөнүндө жыл өткөн сайын калктын саны өсүп, дамбага толгон суудай толуп турат. Алар бош жаткан кыргыз жерине көз артып, басып алууга кызыккандары ачык эле сөз. Баткендиктердин өз жеринде туруп, анклавга киргенде кордолгону жаман экен. Баткендин мындай оор маселесин баткендиктер гана билишет.
Ушундай оор проблеманы көтөрүп чыккан, Баткен жергесинин патриот жигиттеринин бири Улукбек Кочкоровдун өз шайлоочулары менен жолукканда сүйлөгөн сөзүн жакында уктум. Чынын айтайын, Улукбек инимдин, Баткен элинин проблемасы, чек ара, Бүргөндүдөгү газ чыккан жерлерди өзүбүзгө өткөрүп алуу маселеси боюнча президент Атамбаевге атайын кирип, көзмө-көз жолуккандагы сөздөрүн угуп алып, төбө чачым тик турду. Анын ошол сөзүн кандай айтылса ошондой кылып бергенди эп көрдүм.
Улукбек Кочкоров: "… Президентке кирдим, 45 мүнөт кеңири сүйлөшүп отурдук. Ушул маселени айттым. "Эл менден эл өкүлү катары талап кылып жатат. Мамлекет, мамлекеттин функциясын аткарсын, анда өзбектер да өтпөсүн", өзбектер да Ошко барып өтүп келишсин деген талапты мага коюп жатат. Ушуну чечип бериңиз" десем ал кишинин айткан сөзү ушул болду. "Бүгүнкү күндө Кыргызстандын армиясынын ал-акыбалын билесиң. Өзбекстандын ал-акыбалын билесиң. Эгер чындап согуш боло турган болсо бир күндө түштүктү толугу менен алып коёт. Силер түшүнгүлө Каримов вечно жашабаса керек. Үч-төрт жылда өлсө керек. Өлсө анан чечебиз."-деген сөздү айтты.
Урматтуу окурман, биздин элибиз шайлаган, эң жогорку жооптуу кызматтын башында отурган Кыргыз республикасынын президенти Алмаз Атамбаевдин айтканы ушул болсо анда бүткөн экенбиз. Президенттин ушул айтканы мени аябай өкүндүрдү. Кыргыз элинде "Бирөөнүн өлүмүн тилегиче, өз өмүрүңдү тиле."-деген жакшы сөз бар.Өзбек президентинин көзү тирүү турганда, топтолуп калган олуттуу маселерди чечкенге эмне үчүн болбосун. Исламжан Абдуганиевичке Кудай өмүр берсин деп тилешибиз керек. Анын ордуна кыпкызыл улутчул өзбек жигити келип калса эмне болот. Ислам Каримовдун кээ бир саясатын колдобосом да, Өзбекстанды темирдей бекем тартип менен кармап экономикасын көтөрүп жатканын колдойм. Алар өсүп өнүгүп жатышса, биздин чиновниктер кызмат талашып, президентибиз коңшу мамлекеттин президентинин өлүмүн тилеп отурганы жигитчиликке да жатпайт. Атамбаев Каримовдун өлүмүн тилебей өз өлкөсүн өзбек президентиндей сүйүп, күнү-түнү иштесин. Анын ою боюнча Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө Каримов тоскоол болуп жатыптырбы?
Андан ары Улукбек Кочкоровдун сөзүн улап кетейин. "Бир жылдан бери көтөрүп жатам. Бүргөндүдө эмне үчүн кычыраган кышта биздикилер 13 миң сомдон көмүр алып жагып жатса, бизден чыккан нефти менен газды өзбектер бекер алып чыгып кетип жатат. Муну албайбызбы?-деп эки жылдан бери чыркырап келетам. Ушул маселени да айттым. Биз токтомдорду кабыл алып берип жатабыз, "кайтарып алгыла"-деп. Бүгүнкү күндө өзбектер ошол жерге "танковый дивизиясын" алып келип, 50-60 танкасы келди деген маалымат бизге келди. Ушундай кооптонуу болуп жатат, танкаларын алып келип жатыптыр, Бүргөндүдө "мотоаткычтар" батальонубуз, БТРлерибиз бар. Ошол БТРден төртөөнү ошол жерге коюңуз. "Газпромдо" болгону төрт чек арачы солдатыбыз турат. Ошого "поддержка" болуп турсун. Ошол жерге застава коюп, 30-40 солдатты алып барып коюп, эгер басып кирип келе турган болсо, муну чыгарыш согуш менен болот. Ушуну кылып койбойсузбу десем да президент түшүнбөдү. Кырк беш мүнөт экөөбүздүкү абысын айтыш болду. "Элди кыйнабагыла" деген катуу, ачуу сөздөрдү айттым. Президенттин өтө ачуусу келип, 2-3 жолу ордунан туруп, неме кылып. Орозонун күнү болчу. Орозонун күнүндө мен сиз менен урушайын деген ниетим жок эле. Бирок, элдин талабы, айтпасам болбойт, аманат сөз"- деп айтып жеткирдим. Бирок түшүнбөй жатат…"
Баткен жергесиндеги толтура проблемаларды чечкенден тайсалдап, Каримовдон коркуп, ал жакка барбай жүргөнүн эми түшүндүк. Баткен элинин өтө курч, нечендеген жылдардан бери чечилбей келе жаткан проблемасын көтөрүп, президент Атамбаевдин безгегине сайгандай коркпой айткан Улукбек Кочкоровго ырахмат айтам.
Өз чек арасын кайтара албаган, өз солдатын бага албаган мамлекет да мамлекетпи! Кыргызстандын түндүгүндөгү Кой-Таш, Балыкчыдагы аскер бөлүктөрүн ошол жакка алып барып чек араны бекемдеш керек. Баткенди эл аралык террористтер басып алганда биздин жетекчилер акылына келген жок. Чек араларыбыз дубананын чапанындай тешик, бардык жагынан ачык болуп турганда биздин аскерлерди Бишкектин айланасына кармоонун кандай кажети бар? Сохтун айланасында көмүлгөн миналарга урунуп, кой багып жүргөн канча балдарыбыз каза болушту. Ошол жерге жакын кыштактардагы тургундарынын канчалаган малдары минага жарылып кырылды. Биздин бийликтин чабалдыгынан Сохтун ичине кирип баратканда концлагерге кирип бараткандай элибиз коркуп, жүрөгү безилдеп турат. Өзбек чек арачыларына үнүң катуу чыкса, чөнтөгүңөн кантип наркота чыгып калганын өзүң да билбей каласың. Россияда иштеп келгендер өтүп калышса болду, алардын акчасын алып "сындырмайынча" Кыргызстанга оңой менен чыгышпайт. Өзбекстан менен болгон чек ара тилкесинде жоокерлерибизди, биздин атуулдарыбызды ит аткандай атып салышууда. Аларды сурап койгонго Ак үйдө адам жок. Алардын жоокерлери биздин айылдарга чейин киришип, жарандарыбызды уй жетелегендей алып кетишүүдө. Чыркырап, ботодой боздоп ыйлаган ата-энеси гана чындык издеп барбаган жери жок калат. Ак, Көк үйдөгүлөр бирөөнүн баласы өлүптүр деп кош көңүл мамиле кылышат.Акыры, бул мамлекеттин кожоюну барбы? Биздин республикабыздын башчыларынын кадыр-баркынын жоктугунан улам элибизди, керек болсо мамлекетибизди да эч ким тоготпойт. Өзбек солдаттары өз үйлөрүнө киргендей биздин кыштактарга киришип тоок, үндүк, кой эчкилерин алып кеткен окуялар абдан эле көп. Адам чыдагыс оор шартта жашап, иштеп анан дагы чек араны кайтарып жаткан Баткен элине өзгөчө статус берилиши керек. Ошондо гана Баткен областы өсүп өнүгүшү мүмкүн. Кыргыз республикасынын президенти болгондон кийин Атамбаев да Баткен жергесин өзү кыдырып, проблемалуу маселелерди кийинкиге калтырбай жеринде чечиши зарыл. Чек ара маселесинен Сохтогудай жаңжал чыкса, Фергана өрөөнүндө чоң от чыгып кетиши мүмкүн. Чала жан кыргыз бийлиги ал отту токтотуп кала албайт го. Биздин, Кыргызстандан башка экинчи мекенибиз жок. Күн өткөн сайын азыркы бийликке болгон элдин кыжыры кайнап, жетер жерине жетип калды окшойт. Анда Атамбаев мурунку президенттердей болуп качып кетүүгө аргасыз болот. Анда кеч болуп калат. Фарид, Абдил ж.?б. айтарым, силер Алмаз байкеңер кошуп алып кетет экен деп үмүт этпей эле койгула. Ал тургай силерден жакын Илмияновду да карабай, качып кетиши мүмкүн. Акаев да силерди алып кетпей, таштап, өздөрү качып кеткенин эстеп койгула. Атамбаев качып кетсе, экинчи мекени болгон Түркиясы бар. Анын балдары, бизнеси ошол жакта экени жашыруун эмес. Кыргызстанды ушундай башкара берсеңиз жакында кыргыз эли жапырт көтөрүлүп, сизди да кууп чыгат. Качып кетпес үчүн, эсиңизге келиңиз, урматтуу президент.
Бекен НАЗАРАЛИЕВ,
"Жаңы ордо"
гезитинен алынды







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"


Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_8.htm on line 33

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_8.htm on line 33

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_8.htm on line 33


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_8.htm on line 33

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_8.htm on line 33

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_8.htm on line 33


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_8.htm on line 33

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_8.htm on line 33

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_8.htm on line 33