Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Керкисинде да, кемигинде да…
10-башкармалык кытайды "узатып жиберди", бизнесичи?

Өткөн жылдын ноябрь айларында ИИМ тарабынан өз жеринде адам өлтүрүп, "Дордой" базарын байырлап жүргөн Хуанг Гонгхуа аттуу кытай жараны кармалып, Кытай мамлекетине экстрадициялангандыгы туурасында ММКларда айтылып, жазылып келип, бул окуя күндүн бүктөмүндө калып кеткен. Кыргызстандыктар мындай жер куруткан немеден куткарган ИИМдин 10-башкармалыгынын кызматкерлеринин иш аракетине ыраазы болгон.

8-январь күнү Башкы прокуратура ИИМдин жогоруда биз сөз баштаган 10-башкы башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Акбаевди баш, кызматкерлерин төш кылып Кылмыш Кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгү, 305-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде № 150-13-01 сандуу кылмыш ишин козгоду. Көрсө, ИИМдин 10-башкармалыгы Хуанг Гонгхуа аттуу аты-жөнүн айткандан тилиң сынган кытай жаранын мыйзамдуу кармап, мыйзамсыз экстрадициялап жиберген.
Өткөн жылдын 22-ноябрында Кытай Эл Республикасынын элчилигинин алдындагы аталган өлкөнүн коопсуздук министрлигинин өкүлчүлүгү аталган министрлик менен ИИМдин ортосундагы келишимге ылайык "адам өлтүрүү" деген айып менен издөөдө жүргөн Хуанг Гонгхуа аттуу жарандын дарегин тактап, кармап берүүгө көмөктөшүүсүн өтүнүп, ИИМге кат менен кайрылат. 10-башкармалыктын өкүлдөрү "Дордой" базарындагы "Жунхай" деп аталган кытайлардын "шаарчасын" тинтип, Хуанг Гонгхуаны ошол эле күнү кармашат. Эртеси эле Кытайдын коопсуздук министрлигинин өкүлдөрү менен бирге 10-башкармалыктын эки кызматкери Хуанг Гонгхуаны Үрүмчүгө "узатып" барып келишет. Минтип чагылгандан тез иш алып барган 10-башкармалыктын начальниги Таалайбек Акбаев, бөлүмдүн начальниги Тилекмат Молдобаев, ага оперуполномоченный Нурлан Алсеитов жана С. Бердикожоев одоно мыйзам бузууга жол беришкен.
Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын Кылмыш процессуалдык кодексине ылайык кылмыш ишине кириптер чет элдик жарандын ишин кароо жана аны ошол өлкөгө өткөрүп берүү иш аракети Башкы прокуратуранын компетенциясына кирет. ИИМдин 10-башкармалыгынын начальниги Т. Акбаев жана анын кызматкерлери Башкы прокуратуранын башын аттап, мыйзамды каакы ордуна көрбөй кытайдын жаранынын "тагдырын" чечип койгон. 10-башкармалыктын жетекчисинин оюна келбесе да, ИИМ министри Шамиль Атаханов 10-башкармалыкка Хуанг Гонгхуаны экстрадициялоого уруксат берүүдөн мурун бул иштин мыйзамдуу же мыйзамдуу эмес экендигин тактап коюуга милдеттүү болчу. Бирок, министр "өзүн өзү билген 10-башкармалыктын" кызматкерлерине "добро" берип, өзү баш болуп мыйзам бузууга жол берген.
Ал эми 10-башкармалыктын начальниги Таалайбек Акбаев "Вести.kg" сайтына "аталган башкармалыктын кызматкерлери Кытайдын жаранын өздүгүн, ишин жана башка маалыматтарын тактап, бул жагынан Кыргыз Республикасынын мыйзам нормаларын бузулган факты табылбагандыгын, кагаздары жайында болгондугун, жада калса административдик жаза жана айып төлөтүүгө мүмкүн болбогондугун" айтат. Андан ары 10-башкармалык жолугушуу уюштуруп берип, кытай жараны өз эрки менен эле Кытай элчилигинин өкүлдөрү менен мекенине жөнөп кеткен экен. ИИМ экстрадициялоо боюнча иш алып барбаптыр. "Кытай жаранын экстрадициялоо" деген маалыматты ИИМдин пресс-кызматы көбүртүп-жабыртып жиберген. 10-башкармалыктын Хуанг Гонгхуага дегеле дооматы жок экен.
Биз Башкы прокуратурага кат жазып, 10-башкармалыктын кызматкерлерине козголгон кылмыш иши тууралуу маалыматты тактап берүүсүн өтүнгөн элек. Башкы прокуратуранын маалымат кызматы ИИМдин 10-башкармалыгынын кызматкерлерине Кылмыш Кодексинин 304, 305-беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгонун тастыкташты.
Ошондо кимге ишенебиз? Кыргыз Республикасынын Кылмыш Процессуалдык кодексин билбеген ИИМ министри Шамиль Атахановгобу, 10-башкармалыктын начальниги Таалайбек Акбаевгеби же 10-башкармалыктын кызматкерлерине ачылган кылмыш ишин тергеп жаткан Башкы прокуратуранын тергөөчүсү К. Сабыровгобу? Балким Башкы прокуратура кыргызстандыктарды кылмышка шектүү делген чет элдик жарандан "чагылгандай тез кутулткан" ИИМдин 10-башкармалыгынын кызматкерлерин ич күйдүлүк кылып жатабы? Эмне үчүн Башкы Прокуратура ММКларда жайылган маалыматты тез жетекчиликке алып, ошондо эле "көзүңөрдү ачкыла, бул Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө болушу керек" деп кылмыш ишин козгогон эмес? Же Башкы Прокуратура мерчемдүү мезгилди күтүп, "көзүн май басып кеткен" Т. Акбаевдин жана анын командасынын эсебин азыр тапкысы келдиби? 10-башкармалыктын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Ал эми бул ишке уруксат берген ИИМ министринин жоопкерчилигин ким карайт? Мынча болду Башкы Прокуратура Хуанг Гонгхуанын "Дордой" базарындагы бир канча контейнерлери, 2 миллион сомдук товарынын, автоунааларынын "тагдырына" кызыгып көрсө, далай кептин башы чыгат бэле? Балким ИИМдин 10-башкармалыгы Башкы Прокуратура менен эсептешпей, кытай жаранын "узатып" жибергенине караганда кызыкчылык бар болушу мүмкүн беле же жокпу? Айтор "кытай конокко" байланышуу маселеде суроолор абдан көп. Ал эми кытайлар отурукташкан "Жунхай" базарына суроолор мындан да көп. "Адам өлтүргөн" - деп шектелген кытай аралап жүргөн базарда, демек кылмыштуу топтун өкүлдөрү да, башкасы да болушу мүмкүн. ИИМ аталган өлкөнүн коопсуздук министрлиги менен түзүлгөн макулдашууну бетине кармап алып, "кылмышка шектүү" делген жарандарды "четинен узата бербей" мыйзам менен да эсептешсе талапка ылайык болмок. Интерпол менен УКМК дагы "уктап отура бербей" ар бир тармак өз иш-аракетин мыйзам чегинде алып баруусу мезгилдин талабы. Тилекке каршы, "эти тургай, табагын таппай" карайлаган Кыргызстанда мыйзамды укук коргоо тармагы өздөрү бузат, башкалардан талап кылат.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??