Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

КР Башкы прокурору А.Ж.Саляновага
КР ЖКнын депутаттары Т.Тумановго, А.Калматовго, К.Осмоналиевге

Таластагы жардамчы мектеп-интернатынын
директору К.Орозалиев, кызматкерлери Ж.Тыналиев, К.Акжоловдордон

А Р Ы З

Прокурор Калиев бирөөнүн колу менен чок кармагысы келет


Сизге арыз менен кайрылганыбыздын себеби, Талас облусунун прокурору Калиев Замирбектин түздөн-түз кийлигишүүсү жана жетекчилиги менен атайылап биздин, Талас жардамчы мектеп-интернатынын жооптуу кызматкерлеринин үстүлөрүнөн негизсиз козголгон кылмыш иши болду.

Облустун прокурору Замирбек Калиев мектеп-интернатынан өз арыздары менен бошоп кетишкен, пенсия курагындагы С.Курманалиева, А.Борбашева, Б.Абакирова, К.Мураталиеваларга жана эмгек тартиптерин одоно бузган Г.Стамкулова, Н.Качкыноваларга колдоо көрсөтүп, алардын жазган арыздарындагы фактылар облустук финансылык полиция тарабынан текшерүүлөр болуп, ал текшерүүлөрдө эч кандай мыйзам бузуучулуктар аныкталбагандыгына карабастан, кайрадан кол алдындагы облустук прокуратуранын кызматкерлерин текшерүүгө жиберип жатып, акыры "Талас жардамчы мектеп-интернатынын жооптуу кызматкерлери тарабынан 2010-жылдын 31-мартында өткөрүлгөн кайрымдуулук марафонунда түшкөн акча каражатын бухгалтерияга кириштебестен, кызмат абалдарынан пайдаланышып, ишенип берилген мүлктү өздөрүнө ыйгарып алган" - деп, 2012-жылдын 5-апрелинде облустук прокуратуранын бөлүм башчысы Б.Муназбековго КР КЖКнин 171-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пункту менен кылмыш ишин козготтуруп, өзү токтомго макулдугун берип, колун койгон.
Бул бизге карата козголгон кылмыш иши эч кандай негизи жок, толук текшерилбей, кимге зыян келгендиги такталбастан же болбосо бул тууралуу эч бир адам арыз менен жабырлануучу катары кайрылбагандыгына карабастан туруп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке мектеп-интернатынын директору, мени - К.Орозалиевди жумуштан четтетип, аны сот жообуна тартуу максатында жасаган иши деп эсептейбиз.
З.Калиевдин мектеп-интернатына анын жетекчиси мага - К.Орозалиевге жасаган караниеттик мамилесинин натыйжасында, башкача айтканда куугунтуктоосунун негизинде мектепте 8 ай бою толук кандуу иш жасоого чоң тоскоолдуктарды эле алып келбестен, бизге жана биздин мектеп-интернатынын жамаатына чоң моралдык жана ден соолуктук зыяндарды дагы алып келди. Ошого карабастан З.Калиевдин жетекчилигинде анын кызматкерлеринин кылмыш ишин тергөө боюнча берип жаткан көрсөтмөлөрүнүн негизинде экспертизалар, ревизиялар, соттон санкциялар алынып, биздин кабинеттерибиз тинтүүдөн өтүп, жыйынтыгында эч кандай финансылык жана башка укук бузуучулуктар аныкталган жок.
Ошентип, алгач бизге карата козголгон кылмыш иши Талас райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 4 ай бою тергелип, жүргүзүлгөн тергөөнүн негизинде кылмыш иши өндүрүштөн кыс-картылган эле.
Өндүрүштөн кыскартылган кылмыш ишти "кандай гана жол менен болбосун сотко өткөрөсүңөр" деген З.Калиевдин талабы менен облустун прокурорунун орун басары А.Момбекова тарабынан бузулуп, кайра эле Талас райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлүп, тергөөсү жүргүзүлүп жаткан учурда аларга ишенбөөчүлүк келтирип, З.Калиев ишти облустук прокуратурага алдырып, шашылыш түрдө тергөөчүлөрдүн ыкчам тобун түзүп, облустук прокуратуранын бөлүмүнүн прокурору Б.Муназбековду ыкчам тергөө тобуна кошуп, алардын катышуусунда ар кандай мыйзам бузуучулук менен кайрадан үйлөрүбүзгө, кабинеттерибизге тинтүүлөрдү жүргүзүп, бизди негизсиз кордоп, укуктарыбыз тебеленип, беттештирүүлөр жана сурактар уланды.
З.Калиевдин түзгөн ыкчам тергөөчүлөр тобунун жетекчиси Б.Муназбеков өздөрү колдоп жатышкан С.Курманалиева, Г.Стамкулова, Н.Качкынова жана башкалардын тууган-туушкандарын, тааныштарын, марафонго эч кандай тиешеси жок, бир тыйын акча салышпаган адамдардын үйлөрүн кыдырышып, аларды мектеп-интернатынын жооптуу адамдарына негизсиз каршы көрсөтмөлөрдү бердиришип, марафонго акча салдык дегизип, кээ биринин өздүгүн аныктабастан туруп, 20га жакын адамды акча салдык деп мажбурлашып, көрсөтмөлөрдү алышып, марафонго түшкөн 48 465 сом акчанын үстүнө 10 миңден ашуун акча коштурууга жетишти. Баарынан кызыгы, майып балдарга жана интернаттын керек-жарагына марафондо түшкөн 48 465 сомдун жумшалып кетишине марафонго жана майып балдарга сокур тыйын жардам бербеген З.Калиевдин мынчалык жаны ачып, күйүп-бышып жатканы бизге белгисиз.
Мындай жагдайда, "облустун прокурору З.Калиевдин атайылап, мыйзамсыз иш козгоп, К.Орозалиевди кызматтан четтетип, сот жообуна тарттырып, кетирүүдөн башка иши жокпу - деген суроо пайда болот.
Себеби, З.Калиев марафон боюнча тергелип жаткан кылмыш иштин жыйынтыгын күтпөстөн, 2012-жылдын 30-майында КР билим берүү жана илим министри К.Садыковго шашылыш түрдө КР ЭКнин 147-беренесинин талаптарына каршы К.Орозалиевдин үстүнөн 2010-жылдын август айында мектепке психолог деген кызматты айкалыштыруу жолу менен окуу завучу А. Смаиловага берген, 2012-жылдын 2-мартында мектептин майып окуучуларын саясий көтөрүлүшкө алып чыгып, пикет уюштурду деген жалган фактыларды кошуп, директорлук кызматта мындан ары иштөөсүн караш керек деген сунуш келтирип, министрликти жолдон чыгарып, 10-сентябрь 2012-жылы өзүнүн орун басары А.Момбековага аталган сунушту карабай жатасыңар деген кат жөнөтүп жатып, мыйзамдарга каршы, менин, К.Орозалиевдин үстүнөн иш козголуп, айыбы угузулбагандыгына карабастан жумуштан убактылуу четтетүү тууралуу 2012-жылдын 28-сентябрында статс-катчы К.Шадыхановго буйрук чыгартууга дагы жетишет. З.Калиев бул жерден өзүнүн "чоң профессионалдык деңгээлин" эле көрсөтпөстөн, мыйзамдарды "кынтыксыз аткарып жаткан" караниет прокурор экендигин толук далилдейт.
Менин, К.Орозалиевдин иштин чыныгы жагдайын түшүндүрүү максатында облустун прокурору З.Калиевдин кабылдамасына беш жолу барып, анын кабыл алуусун суранган учурда, ал жарандарды кабыл алуунун тартиби тууралуу мыйзамдын талаптарын одоно бузуп, мени жеке кабыл алуудан эле баш тартпастан жамааттын атынан бир нече жолу ага барып, жамааттын пикирин угуп, алар менен таанышып, майып балдардын акыбалдарын, жашоо шартын мектепке келип көрүп кетүү боюнча өтүнгөн өтүнүчтөрүбүз ар дайым З.Калиев тарабынан четке кагылып турду. Ошол эле учурда биздин үстүбүздөн жалган арыздарды жазып жатышкан, пенсия курагындагы аялдар С.Курманалиева, А. Борбашева, Г.Стамкулова, Н.Качкынова жана Д.Андашоваларды, ошондой эле прокурор А. Момбекованын эжеси Д. Сулайманованы качан барса жеке кабыл алып, бир тараптуу гана иш жүргүзүп, аларды колдоого алып келди. Аларды колдоп, З. Калиевдин кызматкерлери Б. Жанузаков, Б. Муназбековдор соттордо жалган көрсөтмөлөрдү берип жатса, Ж. Осмонов, М. Матиевдер сотторго негизсиз мыйзамдарга каршы сунуштарды келтирип жатышты.
Мындай облустун прокурорунун жасаган мамилесинен биз жабыр тартып, ай бою оорунун кесепетинен ооруканага жатып, дарылануудан өтүп жаттык.
З.Калиев өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, атайлап эптеп кылмыш ишти сотко өткөрүп мени - К.Орозалиевди сот жообуна тартуу максатында 8 ай бою милициянын тергөөчүлөрүн, жетекчилерин, райондун прокурорун, анын орун басарын бир нече ирет кабинетине чакыртып алып, эгерде К.Орозалиевдин үстүнөн иш таап, аны сотко өткөрө албай турган болсоңор, кызмат ордуларынан кетирүү тууралуу маселе чечиле тургандыгын билдирип, аларга карата басым жасап келгендиги жөнүндө бизге маалыматтар дагы айкын болуп турду. Мындай алдын-ала атайылап, негизсиз иштерди жүргүзүүгө мамлекеттен кеткен он миңдеген акчалар үчүн эми ким жооп берет болду экен?
Албетте, эгер Сиздер тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлө турган болсо, З.Калиев облустун прокурору кызматынан кетпесе же үстүнөн иш козголуп жумуштан четтетилбесе, анын кол алдында иштеген кызматкерлери жана ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери облустун прокуроруна карата каршы көрсөтмө беришпей тургандыгы анык, анткени жогорудагы кызматкерлер өздөрүнүн жумуштарында тынч иштегилери келишет деп эсептейбиз.
Эгерде, облустун прокурору З.Калиев тарабынан бизге карата кылмыш иши мыйзамдуу козголгон болсо, эмне себептен кылмыш ишти өзүнүн кол алдындагы облустук прокуратуранын тергөөчүлөрүнө тергетпестен, аны бир, райондун ички иштер бөлүмүнө тапшырып, андан алып кайра райондук прокуратурага тапшырып тергөөсүн жүргүздүрткөн деген күмөн ой бизди дагы тынчсыздандырбай койбойт. Бул жерден З.Калиев кылмыш ишин атайылап, мыйзамдарга каршы козгоп алып, бирөөнүн колу менен чок кармагысы келгендиги дагы байкалат.
Акыры жүрүп отуруп, биздин президентибиз А.Атамбаевге, ЖКнын депутаттарына жана Сиз жетектеген башкы прокуратурага З.Калиевдин жана анын кызматкерлеринин үстүнөн жазган, алардын атайылап жасап жаткан мыйзамсыз иштери боюнча ондогон арыздарыбыздан кийин, арадан 8 ай өтүп, ЖКнын депутаттарынын, баш прокуратуранын кызматкерлеринин түздөн-түз кийлигишүүсүнүн натыйжасында сотко өткөн иш Талас райондук прокуратурасы тарабынан чакыртылып алынып, аталган кылмыш иши 2012-жылдын 14-декабрында КР ЖПКнин 28-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде өндүрүштөн кыскартылып отурат.
Бул эмне дегенди билдирип отурат, бул облустун прокурору З.Калиевдин жана анын орун басары А.Момбекованын иш билбестиктеринин натыйжасында (ишти эң сонун билишет, бирок караниет) биздин укуктарыбыз тебеленип, майып балдарга кайрымдуулук марафон өтүп, жасаган жакшы иштерибиз үчүн алардан кордук көрүп, мектеп-интернатынын эмгек жамааты бир айга жакын облустук прокуратуранын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз иштерине каршы, алардын кызматтан кетишин талап кылып, кычыраган суукта саясий ачкачылык акциясын жарыялап, анын негизинде ден-соолуктарына запкы алышып, ооруканага жатышып, ал эми мектептин окуу процессине 8 ай бою чоң тоскоолдуктарды алып келип, мамлекетке жана бизге келтирген зыяндарын гана билдирет.
Облустун прокурору З.Калиевдин бизден башка кыла турган иши жокпу, эгерде бул аң-сезими менен мындай иштерди жасай бере турган болсо, канча адамдын убалына калып, канчасын запкы тарттырат деген ой туулат.
Учурунда биздин 2010-жылдын 31-мартында өткөрүлгөн кайрымдуулук марафонунун жетекчиси, З.Калиевдин орун басары А.Момбекованын эжеси Д.Сулайманованы жоопко тартуу жана марафонго бир тыйын акча салбагандыгына карабастан мени, К. Орозалиевдин жумуштан кетишине кызыкдар тарап болуп, жалган көрсөтмөлөрдү тергөөгө бердирип жаткан Г.Стамкулова, С.Курманалиева жана башкаларды КР КЖКнин 329, 330, 166-беренелерине ылайык жоопко тартуу боюнча райондун прокуроруна жана Сиздерге жазган арыздарыбыз, өтүнүчтөрүбүз облустун прокурору З.Калиевдин колуна тийип, ал тарабынан тыюу салынып, кароосуз калды. Же З. Калиев "уурусу күчтүү болсо, доочусун доого жыгат?" деген принциптеги адамбы ?
Мындай өзүм билемдик жана негизсиз иш козгоп, бир нече ай бою ызы-чууга салган негизсиз жоруктары үчүн облустун прокурору З.Калиевдин жана облустук прокуратуранын мурдагы бөлүмдүн прокурору Б.Муназбековдун үстүлөрүнөн КР КЖКнын 304-беренисинин 3-бөлүмү жана 3211-беренесинин 3-бөлүмү менен кылмыш ишин козгоп, ал эми облустун прокурорунун орун басары А.Момбековага, кызматкери Б.Жанузаковго карата катуу тартиптик чаралар көрүлүүсүн Сизден көптөн-көп суранабыз.
Биз, Сизден Башкы прокурор катары, биздин эмгек жааматыбызды 8 айдан бери зар какшатып, мыйзамды бурмалап, негизсиз куугунтукка алган жетекчилерге карата мыйзамда көрсөтүлгөн катуу чараларды көрөт деп ишенебиз.
Кабыл алынган чечим тууралуу бизге мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө билдирүү берип коюуңуздарды суранабыз.

Арыз ээлери: Мектептин директору : К. Орозалиев
Кызматкерлери: Ж.Тыналиев, К. Акжолов
Дарек : Талас району, Кум-Арык айылы Казаков көч.-110,
24-декабрь 2012-жыл.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??