Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_5.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_5.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_5.htm on line 2

СУУ ЖҮРӨК АЖО…
же өгөйлөнгөн Баткен областы, өзбек президентинин өлүмүн тилеген Атамбаев туурасында учкай кеп

Кыргызда "Бакылдаган текени, суу кечкенде көрөбүз" - деген таамай айтылган макалыбыз бар. Бүгүн да бул макалыбыз өз актуалдуулугун жогото элек. Атамбаев сүйлөгөн сөзүнө жооп бербеген адам экени баарына маалым. Анын ойлонбой сүйлөгөн сөздөрү үчүн кыргыз-орус, кыргыз-казак маселелери бузулуп, чек араларыбыз чычкан өтүп кете албай тургандай жабылып калганы эсибизде. Биз, ошондо казак президентин жаман көрүп жүргөнбүз. Балакеттин баары АШАда тура. Атамбаев балп эттирип койгону менен карапайым дыйкандарыбыз маңдай тери менен тапкан этин, сүтүн жана башка талаа өсүмдүктөрүн Казакстан, ары жагы Россияга өткөрө алышпай канчалаган зыян тартышкан эле. Жакында Казак республикасындагы мурунку элчибиз Жаныш Рустенбековдун ("Учур" гезитинин 17-январь 2013-жылдын №?53 (219) саны) "Саясаттан алысташ кыйын…" деген кенен маеги чыккан. Ал жерде биз билбеген жакшы фактылар айтылып кетиптир. Сөзүбүз калп болбосу үчүн маектен үзүндү бере кеткенибиз оң го.

...Сиз Казакстанда элчи болуп турганыңызда, Атамбаев мырза Назарбаевге "тилин" тийгизген", а тургай, Таластагы суу дагы бекеринен буулбаганы каңкууланган. Сиз муну элчи катары чет-бучкагын билсеңиз керек…
-?Эми жашырганда не, президент оюна келгенди сүйлөй бергенин көрүп жатасыңар. Россияда нелерди айтты. Назарбаевге орой сүйлөп, катуу айтканы чын. Эгер билсеңиздер, Атамбаев акеңер Назарбаевге эмне деп айтканы президентке санаалаш гезиттерде жарыяланган. Ал эми Назарбаевдин жардамчысы мага чалып, болгон сөздөрдү айтып, көңүлү сынып калганын билдирген. Эми дипломатияда андай сөздөр болбошу керек. "Сууну жабам, кырылып каласыңар."-деп коркутуу бул туура болбойт. Бирок, залакасы элге тийди..." - деп Жаныш Султанкулович өз маегинде абдан туура айткан.
Чынында "сууну жабам, кырылып каласыңар"-деген сөздү президент да айтабы. Бала кезден бир мандеми бар, акылы тайкы, көчөдөгү адам айтса, ага жарашмак. Журт башчысы болуп туруп мындай сүйлөш, президент үчүн уят эле иш. Назарбаев да кыргыздардын арасында чоңоюп бизге боор тартып турат. Ал анын ордуна өмүрүндө кыргыз көрбөгөн казак президенти болуп чек арасын жаап, туугандык мамилени бузуп салса кайда бармак элек. Буга мисал, өзбек президенти менен тажик президентинин мамилеси бузулуп, ушул кезге чейин чек арасын бекем бекитип, кулпулап койду. Айла жоктон биздин жолдор менен жүктөрүн ташып жатышканы калппы? Казактар да жүргөн жолубузду бууп салышса кимге арызданмак элек. Ким биздин талабыбызды талашмак? Алдыбызга салып, "иттик бизден кетти"- деп Назарбаевдин алдына баргыдай, ага кадыры өткөн кайсы кыргызыбыз бар. Буга чейин казак президентине тили өткөн, биз таянган Чыңгыз Айтматов да жок. Атамбаев коркуткудай Назарбаев анын көзүнө министр, губернатор болуп көрүнүп жатабы? Тең ата болуу, "сууну жаап салам, кырылып каласыңар!"- деген сөз эмес. Тең ата болуунун өз эрежелери бар.
Ошол күндөрү Атамбаевдин өдүк-сөдүк, башына келгенди ойлонбой сүйлөп койгону үчүн карапайым адамдар чоң зыян табышты. Кээде карап турсаң президент көчө балдарынын деңгээлине түшүп кетет. Россияга барып, не деп ойду-келди тантыраганы элибиздин эсинде. Президентибиздин деңгээли ушул болсо анда бүткөн экенбиз. Качып кайда барабыз?
Жакында эле Сохто өзбек жарандары, Өзгөндө кытай жарандары кыргыздарды өз жеринде тепкилеп уруп, сабап жатканы биздин бийликтин баркынын, кудуретинин жоктугу деп эле билем. Президентибиз тың, мамлекетибиз кубаттуу болсо мындай нерсе болбойт эле. "Жаман үйдү, коногу бийлейт" -деген ушул да. Болуп өткөн окуялар боюнча эмнелер жазылды экен деп, Атамбаевдин president.кg сайтын карап көрдүм. Республиканын президенти, башкы командачысы катары кандай пикирлерин айткан экен деп карасам, сайтын жылан сыйпап кеткендей эч кандай маалымат ала албадым. Ушундай да кенебестик болобу? Жалгыз эле Фергана өрөөнү эмес, жалпы ушул аймакты дүң эттирген бул окуя биздин президент үчүн чымын чаккандай болбоптур.Президент катары Атамбаев ошол эле күнү, бул жаңжалга өзүнүн саясый баасын бере албады. Ажобуз эмнеден тайсалдады? Кимден коркту? Ажобуз, карт арстандын алдында бурчка камалган мышыктай калтырап туруп берди деп ачыгын айтсак туура эле болот го. Сохтогу окуяга, эмне үчүн президент катары кайрылуу жасаган жок? Ушундай да кенебеген адам болобу? Бул суроону жалгыз эле мен эмес жалпы элибиз айтып жатат. Дайыма мурдун барбайтып жетип барып, кошомат суроолорун берип маек алган Кубат мырза кайда? Биздин маңдайы жылыбаган шордуу элибиз, кимди президент кылып алган? Чынында Атамбаев өлкөнү башкара албай калды. Өзү да кыйналбай, элин да кыйнабай "Кечирип койгула, колумдан эч нерсе келбеди. Мен кеттим!"-деп кызматын таштап кетип калганы оң го. Күндөн-күнгө, айдан-айга, жылдан жылга элибиздин жашоосу төмөндөгөндөн-төмөндөп бара жатат. Көрүнгөн мамлекеттерден алакан жайып, кайыр сурап мамлекетибизди бутуна тургузуп, элибизди да бага албайбыз. Карапайым элибиз жыйырма жылдан бери өзүн өзү багып келет.
Бийлик башындагылар, мамлекеттин казынасын тоноп жеген чиновниктер менен саны көп, сапаты жок депутаттарды гана багып жатат. Эл өзү менен өзү убара. Биздин ажобуз, мээнеткеч, өзүн-өзү багып келе жаткан карапайым элибизден айланып кетсе да болот.
Ажобуздун түпкү теги, тамыры Баткендик болсо да ал жакты мынча өгөйлөйт? Атамбаев Чүйдөн алыс чыга албаганына караганда, Сары-Өзөн Чүйдүн гана президентиби?-деген ой кетет. Акаев менен Бакиевдин убагында жети дубанды түрө кыдырып чыгышчу. Элет жеринин проблемаларын жакындан билчү. Биздин президентибизге караганда, эки материкти ээлеп турган Россиянын президенти В. Путин менен өкмөт башчысы Медведевдин дайыма кыдырып жүргөнүн көрүп ыраазы болосуң. Элинин башына кырсык түшкөн жерге Путин жетип барат. Президент деген ушундай болушу керек. Атамбаев президент болгондон бери жети дубанды кыдыргандын ордуна Туркияга ат тезегин кургатпай барып келгени элибизге деле жаңылык эмес. Туркияга тынбай каттаганынын сыры эмнеде? Бул жактан топтогондорун ташып, качууга даярданып жатабы?-деген эл арасында сөздөр жүрүүдө.
Айла түгөнгөндөн Сохтогу окуя, ажо үчүн мааниси жок, экинчи пландагы нерсеге айланып кеттиби деген ойго келет экенсиң. Сохтогу болгон бул тирешүүнүн аягы чоң трагедияга айланып кетиши да мүмкүн болчу. Президент болгон соң теледен чыгып кайрылуу жасай албаса да, өз сайтында пикирин айтышы керек болчу. Согуш оту тутанып кетчүдөй, ансыз да ириң толгон жарадай жарылганы араң турган Сох проблемасы бир күндө чыга калган жок. Калк өтө жык жайгашкан Фергана өрөөнүн "ливандаштыруу" деген батыш мамлекеттеринин арам саясатын ишке ашырып, улуттар аралык жаңжалды, от чыгарып жиберсе эмне кылабыз?
Биздин президентке караганда Өзбек республикасынын президенти И. Каримов Сохтогу окуяга кейип, миңдеген жылдардан бери ынтымакта жашап келе жаткан өзбек, тажик, кыргыз элдерин ынтымакка чакырды. Атамбаев деле ушинтип ынтымакка чакырып койгонго да жарабаганы өкүндүрөт. Атамбаев жакшы бизнесмен болсо болгондур, журт лидери боло турган касиетти ага Жараткан Кудай бербептир. Журт атасы боло албаган касиетине токтоло кетейин. Мисалы, 7-апрелде Ала-Тоо аянтында балдар окко учуп жатса, Алмаз Шаршенович өз үйүндө эч нерсе болбогондой душка түшүп отурганын өзүнүн жакын адамдары айтып жүрөт. Ал эми, түштүк жергесинде кыргыз-өзбектин ортосундагы кандуу окуяда Атамбаев бир жума бою дайыны жок болуп кеткен эле. Президент катары Сохтогу эки элди тынчтыкка, ынтымакка чакырып койсо эмнеси жаман болмок эле. Ушуга жарабаган адамды кантип журт атасы деп айталы? Атамбаевдин чала жан саясаты Кыргызстанды туңгуюкка алып бара жатат. Анын кошоматчыларына жакпаса да ачыгын айтып коюу менин инсандык парзым деп билем.
Кыргызстанды гана эмес, керек болсо Орто-Азияны чүкөдөй калчап жиберчүдөй болгон Сохтун проблемасы, Атамбаев үчүн экинчи планга сүрүлүп калганына токтоло кетейин. Ошол күндөрү Сох маселесинен да КТРКнын эки журналистинин сабалышы, микрофонун жулдуруп салган окуяча да болбоду. Сох проблемасы бул жакта калып, мамлекетиңдин тагдыры таразанын ташында кылтылдап турганда эки журналисттин айланасындагы чыр улуттук телеканалдан түшпөдү.
Өткөн жылы болсо керек, орус учкучтарынын айланасында Тажикстанда болгон окуяга Путин менен Медведев тикеден тике туруп өз жарандарын соттон сууруп чыгышты го. Биздин жарандарды өз үйүнөн, өз жеринен сууруп тепкилеп урушуп, анысы аз келгенсип Сохтун ичине барымтага алып кирип кеткенде балыктай унчукпаган президентибиз аман эле болсун. Элдин айтымына караганда 500-1000 адамдын биздин чек арабызды бузуп кирип келиши эл аралык маанидеги ЧП экенин биздин бийликтегилер түшүнбөйбү? Өзбекстандын атуулдары биздин жерге кирип келгени бизге согуш ачкандай эле таасир этти. Кыргыз жарандары топтолуп Өзбекстандын коңшу айылына кирип, ошондой тополоң кылып көрсүнчү, чек арачылары ошол жерден баарын атып өлтүрүп салышмак. Мыйзам боюнча алардыкы туура болмок. Сох, Варух, Шаймерден бул Кыргызстандын денесиндеги аппендицит оорусундай нерсе. Ал маселени чечмейин бүтүн организм ооруй берет. Албетте мындай маселени Атамбаев "жүз жылда да чечилбейт"- дегени туура эмес. Чечүүнүн жолдорун Атамбаев издеш керек болчу. Ажобуз "Үйдө баатыр, жоодо жок болсо" не кылалы. Биздин президенттерибиз, качан коңшу мамлекеттердин президенттери менен тең ата болуп түз сүйлөшө алат? Качанга чейин бөжөңдөп, аларды карап калп күлүп, жагынуу үчүн ырсаңдай берет?
Сох анклавынын жашоочулары Кыргызстандын чек арасын басып киришип, алдынан чыккандын баарын талкалап, аягында кыргыз жарандарын малдай кылып айдап, өз жерине алып барышып тепкилеп урушкандары кайсы рамкага сыйчу нерсе? Ушундайда элдин атынан айтканга үнү чыкпаган, өз сөзүн айта албаган президенттин кимге кереги бар? Каримовдон корксо да эгемендүү мамлекеттин президенти катары үнүн чыгарып койсо төбөбүз көккө жетмек. Үч-төрт депутатты камап коюп, "үйдө баатыр, жоодо жок" болуп отура бербей президент катары өз сөзүн айтышы керек болчу. Ошон үчүн Атамбаевди кыргыз эли президент кылып шайлаган да. Бир жолу Ташиевге Атамбаев "Түштүгүңөрдүн мага кереги жок. Мадумаров экөөңөр бөлүп алгыла!" - деген сөзү чындыкка чыгып жатабы?

(Уландысы 8-бетте)






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"


Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_5.htm on line 33

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_5.htm on line 33

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_5.htm on line 33


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_5.htm on line 33

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_5.htm on line 33

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_5.htm on line 33


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_5.htm on line 33

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_5.htm on line 33

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_5.htm on line 33