Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Ким калп айтты?
Курманбек Бакиевди, Данияр Үсөновду
Кыргызстандан ким чыгарган?
2010-жылдын 7-апрелиндеги окуянын соту созулган сайын чындык чуурулууда. Тагырагы, андагы атка минерлерди Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү Кыргызстандан чыгарганын Алмаз Жолдошалиев менен Элмурза Сатыбалдиев сотто ачык айтты. Ал эми Мурат Суталинов болсо Кеңешбек Дүйшөбаевдин жүзүн ачты.


"Мени Ак үйдөн
Отунбаева, УКМКдан Дүйшөбаевдин адамдары чыгарган"
Апрель окуясы боюнча созулган соттон чындык чуурула баштады. Айыпталуучулар андагы окуя боюнча улам бир жаңылык айтышууда. Мисалы, Мурат Суталинов көрсөтмөлөрүнүн биринде аны Акүйдөн Роза Отунбаева алып чыгып, УКМК имаратынан Кеңешбек Дүйшөбаевдин адамдары чыгарганын айтты. "Роза Отунбаева мени УКМК имаратына алып келип, кызматымды жаңы төрага Кеңешбек Дүйшөбаевге өткөрүп берүүмдү сунуштаган. Кийин Дүйшөбаев өз кишилерин берип, алар мени имараттан алып чыгып, Жибек Жолу жана Эркиндик гүлбагынын кесилишине ташташкан. Ал жактан мен үйгө бет алып, 9-апрелге дейре үйдө жаттым. "Данияр Үсөновдун үйүнө кол салышыптыр" дегенден кийин, мага да, үй-бүлөмө да коркутуулар болду, андан соң жашырына баштадым. Мени айыптап аткан беренелер боюнча кылмыштар болгон эместигин ишенимдүү айта алам. Себеби, мен ок атуу тууралуу буйрук берген эмесмин", -деди. "Сиз буйрук бербесеңиз, анда ким ок чыгарган?" деген адвокаттын суроосуна ал: "Ак үйдөгү айрым кызматкерлер менен милиционерлер ок атышы мүмкүн. Кайтарылып аткан объект менен стратегиялык имаратты кайтарууда курал колдонууга мыйзам жол берет. Кызматкер мындай учурда куралын колдонбосо, ал кылмыш жообуна тартылаары мыйзамда жазылган", - деди Мурат Суталинов.

Кеңешбек Дүйшөбаев эмне дейт?
Ал эми Кеңешбек Дүйшөбаев Наркозаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттин кызматтык жетекчилигине келгенде маек ("Де-факто" 2012-жыл, 30-августта, № 41) куруп, Мурат Суталинов жөнүндө суроо узатсам: "Мурат Суталинов мен кызматта турганда келсе, анда кеп-сөзү жок камалмак. Мен кызматтан кеткенден кийин чыга калганы мага да табышмак. Ким менен сүйлөшүп, кантип, кандайча келгенин биле албайт экем. Ал эми Суталиновдун 7-апрелде кеткени боюнча да кээ бир саясатчылар "каратып туруп кое берген" деген ушак тараткан. Эчак тастыкталган ишти кайра ушакка айлантуунун канчалык кажети бар, түшүнбөйм. Мени каралоо үчүн чыгарылган ушак деп эсептейм"-деген эле.

Азырчы?
"Суталинов мен кызматта турганда келсе камалмак. Бул ушак" дедиңиз эле. Ал эми Суталинов болсо УКМКнын имаратынан сиздин буйругуңуз менен жакын адамдарыңыз чыгарганын айтты сотто. Буга эми эмне дейсиз?" - деп Кеңешбек Дүйшөбаевге суроо узатсак, ал: "Биринчиден, биз Суталиновду чек арадан өткөргөн эмеспиз. Экинчиден, Суталинов айтып жаткан дарек (Жибек Жолу жана Эркиндик гүлбагынын кесилиши) УКМК имаратынын турган жери. Ойлоп көрсөңөр, анда ал жерде толкуган эл бар болчу. Тагыраагы, анын тегерегинде патриот балдар жүргөн. Алар Мурат Суталиновду жеп салмак. Эми өзүңөр ойлоп көрсөңөр...", - деди.

"Дүйшөбаевдин
буйругу бат-бат өзгөрүп турган"
Кеңешбек Дүйшөбаев анткени менен Курманбек Бакиевди да Кыргызстандан чыгарууга буйрук бергенин "Альфанын" мурунку жетекчиси Алмаз Жолдошалиев сотто айтты. "2010-жылдын 12-апрелинде ошол убактагы УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин буйругу менен "Альфа" кызматкерлери түштүккө жөнөп кеткенбиз. Бизге Жалал-Абадга (ал учурдагы ажо Курманбек Бакиев менен Жаныш Бакиев Жалал-Абадга барып, кармалбай жатышпады беле - авт.) кире бериште буктурма уюштуруу көрсөтмөсү берилип, ошол убактагы президенттин өтүшүнө тоскоол кылуу буйругу берилген. Бирок биздин бул үчүн күчүбүз да, каражатыбыз да жок болчу. Аскердик штатыбыз толук эмес болуп, офицерлерибиздин айрымдары 7-апрелдеги окуялардан кийин дарылануудан өтүп атышкан. Биз операция жүргүзө алмакпыз, бирок ал ийгиликтүү болмок эмес. Кийинчерээк Дүйшөбаевден Курманбек Бакиевге "жашыл коридор" уюштуруу буйругу келип, президент Казакстан аркылуу Беларусияга учуп кеткени маалым болду. Мен сүйлөшүүлөрдүн ийне-жибине чейин билбейм, бирок тапшырмалар бат-баттан өзгөртүлүп турган", - деди соттолуучу.

"Апче, мени
куткарып калыңыз..."
2010-жылдын 7-апрелинде Убактылуу өкмөт мүчөлөрү мурдагы аткаминерлерди Акүйдөн өзүлөрү чыгарганын былтыркы сотто Курманбек Бакиевдин коргоо жана коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев да айткан эле. Тагыраак айтканда, ал ошол жылдагы оппозиция лидерлери Темир Сариев, Иса Өмүркулов, Роза Отунбаева, ошондогу премьер-министр Данияр Үсөнов, УКМК жетекчиси Мурат Суталинов, Баш прокурор Нурлан Турсункулов ж.б. атка минерлер менен төрт ирет жолуккан. "Акыркы жолу саат 21.00дө Роза Отунбаева, Темир Сариев жана Эмилбек Каптагаев келишти. Биз сүйлөшүп, аскер кызматкерлерин чыгарып кетмей болдук. Данияр Үсөнов бардык жоокерлерди чыгарып кетүүнү суранды. Темир Сариев ИИМ академия курсанттарын Өкмөт үйүнүн күзөтүнөн кетирүүнү өтүндү. Алар эл имаратка кирип келеби деп кооптонушкан. Роза Отунбаева "саясый куугунтук болбойт" деп убадалап, Мурат Суталиновду өзү чыгарып кетүүсүн сунуштады. Экөө кеткенден кийин Темир Сариевдин күзөтчүлөрү менен Нурлан Турсункулов чыгып кетти. Данияр Үсөнов (бул мырза "апче, мени куткарып калыңыз" деп Роза Отунбаеванын бутун кучактаптыр" деген сөздөр кеткен ошол учурда. Ошенткени чын болсо керек, өз ыктыяры менен арыз жазып жатса. Азыр аны Казакстанда деп айтышат. Демек, анын каякта экенин азыркы бийлик жакшы билет. "Мен көп жашыруун нерсени билем, сот акыйкат чечсе айтам" деп ИИМдин мурунку жетекчиси З.Рысалиев отурат. Демек, ал ушуларды билсе керек -авт.) кызматынан кетүү жөнүндө арызын өз ыктыяры менен жазып, ордуна Темир Сариевди отургузду",-деген эле.

Кызыктар
али алдыда
Мына, ушундай окурман. Кечээ биз ишенип шайлаган оппозициянын жүзү. Мурат Суталинов, Алмаз Жолдошалиевдин соттогу сөзүнөн эле көп нерселер айтылды. Дагы айтылары бышык. Алдыда кызыктар көп...

Назира
СААЛИЕВА






Сиз кимсиз,
Президент
мырза?

(Башы 2-бетте)
Айтайын дегеним: Ушундай, эл тагдырын чече турган олуттуу маселе жалпы коомчулукта көтөрүлүп жатканда өзүн өзү сыйлаган, элин-жерин сыйлаган, намысы бар, кайраты күч өлкө башчысы өзүнүн принципиалдуу позициясын так айтып, маселенин туура чечилишине жол ачып бериши керек эле. Бирок, биздин мамлекетте андай болбоду.
Ушул эле маселе 1993-жылы Казакстан Республикасында кызуу талкууланып жатканда өлкөнүн президенти Нурсултан Назарбаев коркпой-үркпөй эле Казакстан элине кайрылып ачык эле айткан: "Эгерде кимдир бирөө Казакстанда казак тилин үйрөнбөйм десе Казакстандан чыгып кетсин" - деп.
Өзүңүз билгендей, казак тилин билбегендиги үчүн Казакстандан эч ким чыгып кеткен жок. Азыр Казакстанда казак тили мамлекеттик тил катары толук кандуу өнүгүп- өсүп, түрк тилдүү мамлекеттердин руханий байлыгын арттырууга өзүнүн чоң салымын кошуп жатат. Ошол эле убакта орус, англис ж.б. белгилүү эл аралык тилдер, расмий тил болбосо да, өз ордунда, керек болушунча кеңири колдонулуп келет.
Кыргызстанда кыргыз тилине ушундай эле шарт түзүп берүүгө Кыргыз Республикасынын президентинин эмнеси жетишпейт: - укугубу же эркиби?
Акылыбы же ар-намысыбы? Андай болсо ал жерде ал эмне президент болуп олтурат? Бизге ушундай президенттин кереги барбы?
Акырында, президент мырзанын берген антын дагы бир жолу эсине салып, айкөлдүк кылып, дагы бир жолу шанс берип көрөлү:
" Урматтуу мекендештерим! Азыр тайгак кечүүдөн өтүп бараткан убагыбыз. Ушу тайгак кечүүдөн тайгаланбай, аңга түшпөй өтүш үчүн шашпоо керек. Ошондуктан мен Сиздерди сабырдуулукка чакырам. Элибизди бөлүп-жарган айрым саясатчыларды ээрчибей, "эртең эле жыргал заманды курабыз" деген алдамчыларга ишенбей, сабыр этелик. Кудайга шүгүр дейлик. Көч бара-бара түзөлөт. Өлкөбүзгө, элибизге тынччылык, ынтымак керек. Баш аламандыкка, митингдерге тойдук. Иштей турган заман келди. Сабырдын түбү - сары алтын. 3 - 4 жылда өлкө жакшы жакка өзгөрөт, элдин үмүтү акталат. Мен буга толук ишенем!"- дегенсиз.
Ишенич, албетте, жакшы нерсе деңизчи, президент мырза, бирок биздин азыркы абалыбызда ар-бирибизге жана мамлекетибизге керектүү, пайдалуу жана конкреттүү иш-чара, аракеттерге эмне жетсин!
Ошол жагын эсиңизге алсаңыз, президент мырза. Анткени, көп сөз кандай сөз экенин өзүңүз жакшы билесиз. Ошондуктан, колуңуздан келсе, аз болсо да, карапайым элге жана мамлекетибизге азыркы учурда абдан зарыл болуп турган көйгөйлүү маселелерибизди бир аз чечкиндүүрөк чечип берип турсаңыз деген эле каалоо жана аруу-тилегибизди билдиребиз.

Сиздин мекендешиңиз
Карыбай Турусбеков






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??