Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Апрель соту эмне үчүн созулуп жатат?
Тээ УӨ башкарып турган чакта апрель окуясы боюнча сот башталып, анын башында айыптоочу тарапты жетектеп ошол кездеги башпрокурор Кубатбек Байболов, анын орун басарлары Бактыбаев менен Турганбаевдер көзөмөлгө алып, УӨ төрайымы Роза Исаковна баш болушуп бери жактан: "Өөй" деп турушчу эмес беле. Алар бийликтен кеткени Бакиевчилерге кудай берди. Учурда бул ишке жада калса райпрокурор да катышпайт экен. айыптоочу тараптан алардын жардамчылары катышып жатат дейт. А түгүл, учурда бир катар бакиевчилер акталабыз деп дердеңдеп, кайсы биринин иши кыскартылганы жатыптыр. Демек 90 бала жөн эле бөөдө өлүм болгон экен да. Шордуу балдар…


Илмияновдун иритмеси
Президент А.Атамбаевдин бир "илешмеси" бар Икрамжон Илмиянов деген. Башында шоопуру болуп жүрсө, азыр президенттик аппараттын бакандай биринчи орун басары кызматын ээлеп, оозунан от бүркүп турган чагы. Ошол эргул жакында мамлекеттик ишканалардын директорлор кеңешинин мүчөлөрүн тандоо комиссиясына жетекчиликке дайындалып, кайсы бир ишкананын директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө "кайындап" келген эчен жолу экс-премьер министр болгон Амангелди Муралиевди тизеге чаап жыгыптыр. Атаңдын көрү дейсиң, А.Муралиев ким да, кечээ эле айдоочу болуп жүргөн И.Илмиянов ким дегиң келет. Муну уккан кадимки Топчубек Тургуналиев: "Айдоочуга экзамен бербейм, мен профессормун" деп кылыч менен кесе чапкандай айтып, басып кетиптир. Топчукенин бул канаттуу сөзү Атамбаев бийлигине басылган тамгадай, тарыхта кала берет окшоп калды.
И.Илмияновдун айдоочудан Ак үйдүн жетинчи кабатына желпинип барып конуп калышына, чындап келсе эч кимдин деле ич күйдүлүгү жок. Тилекке каршы, мамлекеттеги мынчалык чоң кызматты аркалаганга, ошол мамлекеттик иштерде иштеп такшалган тажрыйбасы, дарамети, билими, аброю жетишеби, маселе ушунда тургансыйт. Бирок, И.Илмиянов тууралуу буга чейин "А.Атамбаевдин айдоочусу болуп иштеген" дегенден башка эч нерсе биле албайсың. Ушунун өзү президент А.Атамбаевге болгон элдин ишеничин да иритип тургансыйт.


"Жерүй" ачылбасын!
Таласта кечээ жакында "Жерүй" алтын кенинин ачылышына нааразы болгон 300 чакты киши митинг уюштурду. Анда кендин ачылышы экологияга чоң зыян алып келээри жана башка себептери айтылды. Эгерде өкмөт "Жерүй" кенин инвесторлорго бере турган болсо анда акыркы чараларга бараарын эскертишти.


Жантөрөгө жамынган кыймыл
Жакында эле бир оппозициялык кыймыл түзүлүптүр. Анын штаб башчылыгына Мирослав Ниязов шайланса, мүчөлүгүнө Улукбек Ормонов, Элмурза Сатыбалдиев, Адахан Мадумаров, Артур Медетбеков сыяктуулар кириптир. Бизге жеткен маалыматтарга караганда кыймылдын артында кийинки президенттикти мелжеген Жантөрө Сатыбалдиев турат экен. Жакында кыймылдын жетекчилери Маскөөгө барып келиптир. Бирок ким менен жолугушканы белгисиз. Кыязы бирдеменин үстүнөн чыгышат окшоп калды. Мындан тышкары мурдагы ЖК төрагасы Ахматбек Келдибеков да Маскөөнү көздөй сапар тартып кетиптир. Анын сапары да табышмак. Демек Кремль жаңы оюн баштаган го кыязы…


Азимбек 16 миллионду алган эмес
Башкы Прокуратура ММКларда жарык көргөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү А. Бекназаров алган 16 миллионду иликтеп, тиешелүү иш-чараларды өткөрүүдө. "Кылмыш ишин козгоого эртелик кылат" деген менен бул кабар коомчулукка дуу дей түштү.
Кечээ А. Бекназаров журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрдү. Маалымат жыйында ооздон түшпөй жаткан 16 миллион сомдун жагдайы тууралуу айтып, "түп нускасы апрель окуясы боюнча иштин арасында тиркелген" деп журналисттердин колуна тиешелүү документтердин көчүрмөсүн берди. Гезиттин кийинки санында бул боюнча кеңири маалымат беребиз.


Таластыктар кайрадан көтөрүлдү
Кечээги мэр шайлоодо Талас шаарынын учурдагы мэри Анарбек Кушубаковдун кызматта калышын талап кылып 2000ден ашык адам Талас облустук жетекчиликтин алдына митинг өткөрүп, вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин кызматтан кетишин талап кылышты. Көрсө, жакшынакай иштеп жаткан мэр Анарбек Кушубаковго каршы башка адамдардын талапкерлигин уюштуруп, тымызын жергиликтүү интригага кийлигишип жаткан чагы экен. Убагында Тойчубек Касымов кайнатасынын күчү менен саясатка келген Тайырбек Акаевди аңга түрткөндөрдүн бири эле, эми Атамбаевдин түбүнө жетет окшоп калды. Ал эми Талас шаардык кеңешинин депутаттары 17 добуш менен Анарбек Кушубаковду кайрадан мэр кылып шайлашты.


Эки жүздүү премьер, күбүрөнгөн генералдар
Өгүнү Жантөрө Сатыбалдиев ИИМге барбады беле? Ошондо оозунан көбүгү чыккыча ИИМди сындап: "ИИМ керек болсо сойкуларды дагы "крышевать" этет" деген. Муну байкаган ИИМ чоңдору: "Кой, мунун көңүлүн албасак болбойт" дешип "Хаят" мейманканасына чакырышат премьерди. Ага кошулуп атактуу генералдар дагы барат. Тамактын чүйгүнү даярдалып, дасторкондун бели ийилип, кайран Жакең бир жыргады дешет. Ошондо конок болуп отурган генералдар: "Элдин көзүнчө ИИМди сындап, жийиркенимиш этип жатты эле, эми ошол "сойкулардын" акчасы менен сыйласа жыргап жеп отурганын кара" дешип күбүрөнүшөт дейт.


"Алиби" пресс




Ахматбек Келдибеков, ЖК депутаты:
"2010-жылы эл эмне үчүн прокуратураны өрттөп салганын эми түшүнүп жатам"

"Ак үйдү басып алууга аракет кылды" - деп соттолуп жаткан ЖК депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдордун үстүнөн башталган процесстин уландысы кыйла кызык окуялар менен коштолду. Биринчи процессте соттолуучулардын адвокаттары алардын баш коргоо чарасын үй камагына алмаштыруу тууралуу сотко өтүнүч келтирген эле. А дегенде эле мына ошол адвокаттардын өтүнүчүн караган сот аныктамасы окулду. Адатынча узакка окулганынан улам үмүт кылган көпчүлүк залда кысылып турганына карабай, жымжырт угушту. Тилекке каршы, өткөндөгү судья Боронбаевдин аныктамасын бул судья дагы кайталады. Ташиев, Мамытов, Жапаровдор кайрадан камакта кала турган болду.


Соттун аныктамасы окулуп бүткөндөн кийин жарыш сөздөр, сунуштамалар башталды. Ар бир соттолуучунун 2-3төн адвокаты, 4-5тен коомдук жактоочулары болгондуктан процесстин көпкө созулаары билинип калды. Соттолуучулардын коомдук жактоочуларынын бири, депутат Курманбек Осмонов өзүнүн тажрыйбасынан мисалдарды келтирип, соттун ар бир ката кетиргенин, айыптоочу тараптын каталарын бирден санап отурду. Андан кийин ЖК депутаты Ахматбек Келдибеков сөз алып, өмүрүндө биринчи жолу сот процессине катышып жатканын, 2005-жылы эл сотторду басып алганын, 2010-жылы прокуратуранын имаратын эмнеге өрттөп салышканын эми түшүнгөнүн айтты. "Көрсө, сот менен прокуратура жөн гана болбогон нерседен саясат чыгарып, элди жаңжалга түртөт турбайбы" -деди Келдибеков. Андан кийин сөз алган адвокат Азимбек Бекназаров соттор Кыргызстанды Кокон хандыгына алып бара жатканын, 3-революция дагы алардын айынан ишке ашышы мүмкүндүгүн айтып, судьяга бир топ убакыт нотация окуду. Катышуучулардын көпчүлүгү мурдагы соттор менен прокурорлор болгондуктан судья бечара "кың" дей албай эле эки тараптын сөзүн угуу менен чектелип жатты. Ортодо Азикеңдин сунушу менен 15 мүнөт "тайм аут" суралып, баарыбыз тапырап эшикке чыктык. Эшикте болжолу менен Ташиев менен Жапаровдун жана Мамытовдун 500дөй жактоочулары митинг өткөрүп, решеткага илинген плакаттардын аркы тарабынан кыйкырып турушту. Аларды кыдырата тоскон милийсанын бери жагында спецназдын балдары ар бир кирген-чыккандардын документин текшерип турушту.
Танапистен кийин тараптар жарыша сунуш киргизише башташты. Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов кылмыш иши мыйзамсыз козголгондугун, ошондуктан Башпрокурор Салянованы, анын мурдагы биринчи орун басары Жээналиевди суракка чакыруу зарылдыгын айтты. Бул сунушту сот канааттандырды. Ошондой эле Камчыбек Ташиевдин КТРК жетекчиси Кубат Оторбаевди суракка алуу сунушун дагы канааттандырды. Ал эми коомдук жактоочу Курманбек Осмоновдун соттолуучуларды решетканын сыртына эле отургузуп, жактоочулары менен кенен сүйлөшкөнгө уруксат берүү, ошондой эле чоңураак зал таап, катышуучулардын бардыгын катыштыруу сунушу ачык калтырылды. Ал эми бул сунуштардын бардыгына прокуратура тарап каршы чыгып, бийликке жагынуунун кынтыксыз үлгүсүн көрсөтүштү.
Кыйла кызыктар менен коштолгон сот процесси ошентип кийинки жуманын этек жагында уланмай болду.

Адилет АЙТИКЕЕВ
adi77@inbox.ru






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??