Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

СМСте - Эл үнү
"Алиби" гезити коомчулук менен байланышты жакындатып, окурмандардын ар кыл темадагы ачык, курч айткан пикирлерин, балким, бири-бирине болгон сый-урмат, сүйүү сезимдерин чагылдырып туруу максатында "СМС-пикир" атайын баракчасын ачты. Мындан ары кайсыл темада болбосун өзүңүздөрдүн кыска-нуска пикирлериңиздерди
0779 23 46 27
номерине жөнөтүп туруңуздар. СМС жиберүүнүн мөөнөтү чектелбейт. Анда эмесе кеттик, смсти эзчүлөр барбы?!?!?!


Жакынкы арада АКШнын мамкатчысынын жардамчысы ( Түштүк жана Борбор Азия боюнча) Роберт Блейк Кыргызстанга келип кетти. Анын келишинин максаты айтпаса да түшүнүктүү да. "Манас" аэропортундагы АКШ авиабазасы тууралуу келишимди узартуу алардын негизги максаты. Биздин бийликтегилер, ажобуз А.Атамбаев баш болуп, чечкиндүүлүк кылып, ал келишимди узартууга макул болушпаптыр. Бирок, "Манас" америкалыктар үчүн өтө маанилүү, эми алар бул жолку сүйлөшүүлөр менен эле токтоп калбастан, максаттарына жетүү үчүн баарын жасайт. Каалаарым, алар 2014-жылдан баштап бул жактан биротоло чыгып кетишине жетишсек, ошон үчүн биз ич ара биримдигибизден, ынтымагыбыздан тайбасак экен. Күчтүү аскерибиз болсо, мамлекетибиз да күчтүү болот!!!
778 4633***
Жакынкы арада АКШнын мамкатчысынын жардамчысы ( Түштүк жана Борбор Азия боюнча) Роберт Блейк Кыргызстанга келип кетти. Анын келишинин максаты айтпаса да түшүнүктүү да. "Манас" аэропортундагы АКШ авиабазасы тууралуу келишимди узартуу алардын негизги максаты. Биздин бийликтегилер, ажобуз А.Атамбаев баш болуп, чечкиндүүлүк кылып, ал келишимди узартууга макул болушпаптыр. Бирок, "Манас" америкалыктар үчүн өтө маанилүү, эми алар бул жолку сүйлөшүүлөр менен эле токтоп калбастан, максаттарына жетүү үчүн баарын жасайт. Каалаарым, алар 2014-жылдан баштап бул жактан биротоло чыгып кетишине жетишсек, ошон үчүн биз ич ара биримдигибизден, ынтымагыбыздан тайбасак экен. Күчтүү аскерибиз болсо, мамлекетибиз да күчтүү болот!!!
778 4633***


Эмне Орусияга караганда Америка жакынбы силерге?! АКШ саясаты дүйнө жүзүнө белгилүү да! Мындай шумпай, баскынчы мамлекеттен алыс болгонубуз жакшы.
558 1999***

"Манастагы" америкалык авиабаза Кыргызстанга (бир жылда 65 миллион доллар төлөйт имиш) 20 жыл ичинде 1,5 миллиард доллар төлөптүр. Ал эми Россия Казакстанга Байконур үчүн жылына 150 миллион доллар төлөп турат экен! (50 жылдан бери)
Ыса, 555 5959***

Ни одна страна не может хвастаться! Все колонии Америки! Всем известна , что в мире локальные войны, конфликты и др. - это дело рук американцев.
554 6200***

Эй, бул Кыргызстанда кимдер кылмышкерлер да, кимдер коргоочулар??! Милицияңа да ишенбей калдык. Кимге ишенсек болот?
771 3020***

Кадамжай району Бүргөндү айылында проблема көп. Бул районго караган бийлик барбы?
702 4692***

"Насыя алгандар карызга батып, банкирлер болсо 100% пайда көрүшөт! Чексиз сүткорлук орун алды , банк системасында.." -деп агынан жарылып, күйдү го Өмүкең (Текебаев). Чындыгында эле Банк системасын жөнгө салууга убакыт келди. Баарын жайлап, бирин бири тойгузуп, элди болсо алдап, итке мингизген өзүбүздүн эле бийликтегилер, чоңдорубуз! Аларды алмаштыруу керек!
550 0999***

Кыргызстанда 610 өндүрүш заводдор болгон болсо, анын 500дөйү сатылып кеткен экен. Кыргыз элин да сатып жибербейби, эми? Кемчиликти, катачылыкты эле айтып отура бербей, анын жыйынтыгы болобу?
550 0999***

Ашыкча ысырап, той-топур өткөрүүгө тыйуу салгандарга ырахмат! Ал эми аш болобу, өлгөн адамды жерге коюуда да оңбогондой ысырап болууда. Буга да тыюу салса болобу?
Алмаш Таластан, 777 2900***

Бизде адам төрөлгөнгө караганда, адам өлгөнү кымбатыраак экен. Чындык! Бала төрөлсө (1,5 миң сомго чейин) өкмөт анча көп төлөбөйт экен, адам өлүп калса(2 миң сом) көбүрөөк жардам болуп калды.
Алмаш, 777 2900***
ИИМде жыйналыштар тез-тез болуп жатат. Алар чындыкты биринчи жолу моюнга алышты. Бир жыйыны болгондо Өкмөт башчы Жантөрө акең эң туура айтты: "Кээ бир кызматкерлериңер (менттерди айтты) жарандарга баңги зат ыргытып, көп суммадагы акча талап кылган учурлар бар. Буга далилдер да бар,"- деп. Андай далилдер элде да бар. Милийсадагылар өздөрү да бирөөнү коркутуп, "азыр наркотик салып коюп, кармап кетем" -дешип ачык эле айтып турушат.
Адыл, Бишкек шаары

Мурдагы чиновниктер "акча табыш үчүн эмнени уурдасам?" дешсе, азыркылар "уурдаш" үчүн кайсы партияга кирсем? -деп ойлошот экен. Эми уурдаш үчүн, жеп-ичиш үчүн топ-топ болуп бөлүнүп алышты.
Асек, 551 7477***

"Алиби" үлкөндөрдүн жубайлары жөнүндө жазгылачы? Алардын кандай экенин билгибиз келет? Же 120 депутаттын болсо да боло берет.
Кара -Балта шаары, Жанчарбек,
773 5606***

Жаз келатат. Дыйканга кредит керек, бирок алган кредити эч нерсеге жетпейт. Көп алса кайра аны төлөө үчүн эле иштеп калышат. Дагы деле колунда бар, техникалары жетиштүү же бай фермерлер алышат. Итке мингендер калып калышат. Эмне кылуу керек?
Бакай -Ата, 778 4144***

Оо, Адамзат! Алла Таалам Адам атаны жаратты. Баарыбыз андан тарадык. Карап турса, баары эле окшош, бирдей, бири-бири менен иши жоктой. Ошондо аларды улутка, элге бөлгөн экен. Себеби, ар бир улуттун тили, дили, маданияты болуп, бирин бири таанып, бирине бири каралашып, алсызына, оорукчанына жардам көрсөтө башташыптыр. Тууган, урук болуп. Ушуну түшүнүш керек. Ашыкча интернационалист болууга мен да каршымын. Кыргыз эли бири-бирибизге жардам берип, мамлекетибизди өнүктүрөлү. Бул биздин келечек муундар алдындагы ыйык милдетибиз! Кыргызга кыргыз күйбөсө, эч ким күйбөйт. Америкаңа да, Орусияңа да баары бир!
Абдулхаким, 707 8022***

Россия - биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз!
Мекен Ала-Тоо, 770 1439***

Наша власть нашему соседу представляет новорожденного ягненка как в басни Крылова, где сильный волк слабого , без защитного винит во всех грехах, чтобы найти повод проглотить его. Разве, происходящие на границах юга не похож на это?
Алик, 554 0128***

АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы Бишкекте өткөн 2 күндүк жолугушууда эки тарап бири-бирин түшүнүштү го деп ойлойм. Болгону АКШ дан келген конок канааттанган жок болуш керек. Себеби, Атамбаев 2014-жылдан кийин Америка базасынын калышына макул болбоду. "Мейли"-деди дагы, америкалык кыргыздарга ырахматын айтып, демократиянын прогрессине, адам укуктарына токтолду. Биз аларды угуп коюп эле, өз менталитетибизге жараша иш кылсак болбойбу? Ал конок, биздин психологияны байкап, көрүп кетти. Кийинки келгенде көндүрүүгө аракет кылат. "Психически атакага" даяр туруу керек.
Эркин кыргыз, 770 5854***

Айда, Азимбек баатыр! Акайдын баласын, андан соң Салынын балдарын кубалаган Азикеге азыркылар эмне болуп калыптыр? Таза, эл үчүн иштебесеңер, көргүлүктү көргөзөт бийлик башындагыларга. Жетиштүү миналары бар.
Чоңко, 773 0083***

Бийликтегилер, АША, Жантөрө, Ш.Атаханов, ж.б.лар! Кыргыз элин, кыргыз жерин коргой албайт экенсиңер! Силерге, сакеңдерге, тажиктерге кор болгон кайран эл!
Какы, 559 4283***

Чүйлүк туугандар, "бийликти түштүк ээлеп алды" -деп кыжаалат экенсиңер. Андай эмес, бийликти ажонун "муруттары" болгон КСДПчылар ээледи. Так что, нельзя сравнивать хрен спальцем.
Ошпирим, 554 2858***

Азимбек "Алмаз досум, мага маалымат согушун ачтың, бирок, менин сен жөнүндө айтчум көп, али баары алдыда! Душманга шылдың болуп, сенин деңгээлиңе түшпөйм" депсиң. Хан башы менен досуң түшүп атса, анын жанында сен ким элең? Курук сөзүң менен мактанба же хан досуңдун мөөнөтү бүткөндө айтасыңбы? Анда сага ким ишенет? Бектур Асановчо бомбаң жарылбай калып уят болгончо, маалымат согушун эр жигитче моюндасаңчы!
555 6766***

Мекенине күйбөгөн адамдар Сох жана Шахимарданга жашыруун ун ташып жатпайбы. Бул эмнеси? Кадамжайдын күч органдары эмне кылып отурушат? Мына ушу контрабанда болсо керек. Мына, аларга иш кылам дешсе.
Аза, 777 0462***

Милицкийге окшогон, кой терисин жамынган "подхалимдерди" эмне кармап отурасыңар? ГКГБ жакшылап текшерсе, көп нерсе тапса керек. Эси жок "кызыл кекиртек кыйла жерге секиртет" . Акыры кылтакка илинет. Сак бол, ИСА! Бал тилге алданба!
Акылай, 550 8175***

Муз эрисе керек. Адам өмүрүнө ( 18-январь, "АЛИБИ" №1) Уметовго окшогон каармандай күрөшүү болсо, өкмөтүбүздүн пейили оңолсо Кыргызстаныбыз да оңолмок. Мурат иним, күрөшкөн кайратыңа баракелде! Кай бир чиновниктер менен күрөшүп келатканыңа 3 жыл болуптур. Сага "жылдын кайраттуу адамы" деген наам бериш керек. Кээ бир "политический проституткаларга" багынба! Артка кайтпа!
778 1865***







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??