Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

"Тамаша" деген бар эле

Учурда баарыбыз эле саясаттан башыбыз чыкпай, бир жагынан кышкы суук сөөктөн өтүп, анысы аз келгенсип, жарыгыбыз жалп өчүп, же газыбыз күйүп жыргатпай, айтор, ашмалтайыбыз чыгып, аралашып жатып калдык. Кыргыз мындайда кур дегенде тамаша айтып күлүп алчу эле. Алдыңарга ошондой тамашадан бирди тартсамбы деп турам. Бу Сары - Өзөн Чүйдүн Кайыңдысынын тоо жаккы бетинде, Алыкул өскөн Каптал-Арык айылына тушташ Кум-Арык деген айыл бар. Ошол айылда отурган -турган жерин күлкүгө бөлөгөн, куудул сөзү кубанткан Курманбек деген адам өттү. Анын таман алдынан тапкан таамай сөздөрүнө далай жолу күбө болгонум бар. Ошолордон бир шиңгил...

Түтүн уулагандан уялбайсыңбы
Курманбек айылдашы Дүйшөке экөө катуу тамашалашчу. Бир күнү атайы арак-шарабын камдатып, этти жакшы салдыртып, "Дүйшөкени чакырып кел" - деп уулун жибериптир. Дүйшөке келет. Босогону аттап-аттай электе Курманбек ички үйүнөн чыга калып: - "Карыганча төкөр бутуңду сүйрөп, түтүн уулап тамак ичкенден уялбайсыңбы. Чыгып кет, абийириң менен"- деп кеп-сөзгө да келтирбей түртүп чыгарып жиберет.Үйүнө кирип, күтүп жатса Дүйшөке кайра кирбейт дейт. Ошол бойдон таарынып кетип калыптыр. Артынан барса үйүнө жаңы эле кирсе керек. Курманбек: "Э, Дүйшөке, атайы баламды жиберип Кайыңдыдан арак алдырып, сүрдөн салдырып, тамактан өтпөй сени күтүп жатсам кетип каласың да. Менин тамашамды укпай, билбей жүрдүң беле?! Кудай экөөбүздү ушинтип тытыштырып койсо кантейин, Бас дегенде бас", - деп кайра өзүнө асылыптыр.


Маасысын чечип койсоңор боло
Дүйшөке түнү менен резинка өтүгүн кийип алып, там арка жерин сугарып, чарчаган неме буту-колун жууганга шайы келбей уктап калат. Эртең менен эрте Курманбек кирип калбайбы... Дүйшөкенин резинка өткөн буту карайып, төшөктөн чыгып калса керек. Курманбек: - "Кандай кудай урган немесиңер? Деги, мусулман барбы бул үйдө?! Жок дегенде соопчулукка маасысын чечип койсоңор боло" - деп бакылдаптыр. Дүйшөке атып туруп, бир аягын, бир Курманбекти карайт дейт.


Паровойу эле калыптыр...
Казак деген теңтушу атасына күмбөз салдыртып Курманбекке көргөзүп: -"Кандай болуптур, оюңду айтсаңчы" десе керек. Күмбөздү бир сыйра карап чыккан
Курманбек : "Баракелде катырыпсың. Бирок, бир кемчилик кетиптир. Мынча болду паровой деле салдырып койсоң болмок экен", - деген экен.


Казак төлөйт
Казак, Курманбек болуп дүкөнгө кирип калышпайбы. Бир жарымтаны бөлө тартканча Казак байкатпастан текчедеги колбасанын чубалжыган боосун Курманбектин топчусуна илип коюптур. Ичип болушуп чыга жөнөшкөндө, кудай бетин салбасын, кулач-кулач колбасалар экөөнү ээрчип жөнөбөйбү. Курманбек кайрылып: "Атаа-а айланайын, ырыскы ээрчип келаткан тура. Муну кантип таштайын, - деп колтуктап чыга жөнөйт. Дүкөнчү келин чыркырайт "төлөгүлө" деп. Анда Курманбек айтыптыр: "Карындашым, Казак турганда жанымдан акча чыгарып көргөн жан эмесмин. Ушундан ал, айланайын"- деп Казактын мойнуна жүктөп коюп басып кетиптир.


Өрдөктөй болобу
Асанкул, Казак, Курманбек үчөө Кара-Балтанын базарына түшпөйбү. Асанкул он чакты өрдөк сатып алат. Кайра тартып келатышса, Асанкул: "Бул өрдөгүң сонун болот экен, жумурткасы, жүнү, этичи" деп эле жалаң өрдөктөн тапчу пайдасын айтып, бакылдап жүрүп отурган го. Аңгыча эле Курманбек: "-Күн ысып кетти, сууга түшүп алалычы" деп машинасын "Булуңга" буруптур. Кум-Арыктыктар көбүнчө ошол жерге сууга түшүшөт. Бир-эки сыйра сууга чөмүлүп чыгышкандан кийин, Курманбек Асанкулга айтыптыр: - "Ай... Кандай кудай урган немесиң? Өзүң сууга түшүп жатасың, өрдөктөр өлмөй болбодубу, колу-буту байланып. Тур коё бер, сууга сергип алышсын. Анан чогулуп кармап алабыз" - деп Асанкулга буттарын чечтирип, өрдөктөрдү коё бердиртип жибериптир. Өзү бир бөтөлкөнү сууруп чыгып "кана ачкыла" деп ар кайсыны айтып, алаксытып отура берет. Асанкул бир маалда эсин жыйып караса, өрдөк түгүл таш балакет жок дейт жакын арада. Табышпайт. "Курманбек ушуну сен эле кылдың, буттарын чечтирип" - деп Асанкул наалыйт. "Анан сеники жакшыбы, - дептир Курманбек. Өрдөгүң үйүңө жете электе эле пайда-батасын көрүп кирдиң. Кичине бир тобо деп сүйлөп жүрбөйсүңбү".


Бээң арыктай электе
Дүйшөкенин уулу бээсин минип алып өтүп баратканда Курманбек байкап калат. Жаңы эле жайлоодон түшүп семиз дейт. Дүйшөке жолукканда: "Ээ, Дүйшөке, бээң жайлоодон семиз түшүптүр. Арыктай элегиңде өлүп алсаңчы ыя?" - деп күйгүзүптүр.


Мурдуңду варенье кылам
Курманбек кемпири жок бой жашап жүргөн, кудайы момун Бейшен деген адамга көчөдөн жолугуп калбайбы. "Ээ, Бейшеке, ушинтип өтүп кетесиңби? Катын карыганда керек. Кемпир албайсыңбы? Эми сен мындай кыл. Эртең жалгыз уюңду жетелеп тиги гаражга түшүп барып, ашпозчу аялды билет чыгарсың, ошого жолук. Уюңду бер дагы, өзүн жетелеп кет. Мен сүйлөшүп койдум. Макул болду. Сени муң кылбайт. Эртеңден калбай бар", - деп коюп бастырып кетиптир. Анысы жөн эле тамаша экен. Бейшен эртеси жалгыз уюн жетелеп алып, аркы Тельмандан 5-6 чакырым жол басып, гаражга түшүп келет. Ашпозчу аялга келип, сөздү эмнеден баштаарын билбей "мен келдим" деп маңдайында турат дейт. Алиги аял карагаттан варенье жасап жаткан экен, баш көтөрүп: "Келиңиз. Эмне жумушуңуз бар эле?" дебейби. - Сизге келдим эле. "Уюн жетелеп келсе эле тием" дептирсиз го мага. Курманбек айтпадыбы... Өзү да олбурлуу, албан-субандай аял эле дейт. Күйүп кеткен го. Бөйрөктү таянып туруп: "Эй, өлүк-тиригиңди... Мен кимге тием деп айтыптырмын? Кимге макул болуптурмун. Ай, адамдан айлангыр! Андай оюң болсо, адегенде өзүң келбейсиңби? Уй көрбөй жүрдүм беле. Азыр алдагы мурдуңду варенье кыла электе жогол" - деп жулунганда Бейшен бечара уюн мине качып кутулуптур.
Эртеси Курманбекке жетип барып: "Ие, Куке бул эмне кылганың? Атайы уюмду жетелеп алып барсам, тиги немең албууттанып, "мурдуңду варенье кылам"- деп кууп чыкты. Деги макул болгону чын беле?- деп тактап сурайт. Анда күлкүсүн жыя албаган Курманбек: "Ал эмнеси? Өткөндө эле макул болуп аткандай болгон. Уюңа алымсынбай жаткан го. Баса, торпогуңду да кошуп алып барып көрбөйсүңбү?" дептир. Бейшен жаны чыга жаздап: "-Торпокту да кошуппу? Кудай бардыр, Курманбек. Аның кыз болуп кетсе да эмне болуптур. Барбайм да, албайм", - деп басып кетти дейт.





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??