Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_13.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_13.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_13.htm on line 2

Акүйдөн алыста да жашоо бар
ЧЕК АРА
КАЧАН такталат?

Акыркы убактарда Кыргызстандын түштүк аймактарында чек арага байланыштуу чыр-чатактар тез-тез кайталанууда. Буга себеп, эң негизгиси Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аралар такталбагандыктан, тээ ыраматылык союздун учурунда сеники-меникиси жок жашап келген эки кошуна эл, эгемендүүлүктөн кийин темир зымдар тосулуп, чуңкурлар казылып, бөлүнүп калган соң, өз алдынча тиричилик кылышып, өз казандарын толтуруунун аркасында жаңжалдар, түшүнбөстүктөр, карама-каршылыктар орун алууда.

Алыска барбай, мына кечээ жакында болуп өткөн Баткен облас-тынын Сох жергесиндеги окуялар буга күбө. Мындай чек арага байланыштуу окуялар ушул күнгө чейин Жалал-Абад областынын Аксы районунун Кашка-Суу, Көш-Төбө айылдарында жана Ала-Бука райондорундагы чек арага чектеш айылдарда да катталып келген. Жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылган соңку маалыматтарды анализдесек, чек аралардын так эместигинен жана эки элдин чектеш айылдарында жерге байланыштуу чыр-чатактар, конфликттердин саны өсүп жатканын байкайбыз. Ал эми мындай майда-барат чыр-чатактар, жаңжалдар эртеңки келечекте чоң көйгөйлүү конфликт-тердин пайда болуусуна же эки элдин ортосунда жаңжалдардын болуп кетпөөсүнө ким кепилдик бере алат? Бүгүнкү күнү Кыргызстандын Жалал-Абад аймагы Өзбекстан менен расмий такталган 763 чакырым жана такталбаган 200 чакырымдай чек ара тилкеси менен чектешет. Алсак, Сузак району боюнча Кара-Дарыя, Ырыс, Атабеков, Сузак айыл округдары, Базар -Корган районунда Сейдикум айыл округу, Ноокен району болсо Сакалды, Момбеков, Бүргөндү, Дос-тук айыл округдарында, Аксы району Кызыл-Жар, Кош-Дөбө, Кашка-Суу, Авлетим айыл округдарынын жана Кербен шаарынын, Ала-Бука районунун Ак-Там, Ак-Коргон, Т.Балтагулов, Көк-Таш, Көк-Серек айыл округдарынын участкаларында кошуна мамлекет менен чек аралары чектешип, айрым учсткалар боюнча бул аймактарда бүгүнкү күнгө чейин чек араларыбыз тактала элек. Мындай фактор ушул күнгө чейин бир нече жолку эки элдин ортосундагы чыр-чатактарга, жада калса адам өлүмүнө алып келген орчундуу окуяларды пайда кылууда. Мисалы, 2012-жылдын 17-июль күнү Ала-Бука районундагы Булак-Башы участкасында эки өлкөнүн чек арачылары атыша кетишип, натыйжада кенже сержант Абдурасул уулу Кадырбек аттуу жаш чек арачыбыз көз жумган, айыл тургундарынын бир нечеси жаракат алышкан эле. Ал эми Аксы районунда болсо ушул жылдын башталышында эле Өзбекстандын айрым атуулдары тарабынан Аксы-Ала-Бука районун байланыштырган жол каттамындагы автомашиналарды таштар менен ургулап - талкалашкан бир нече факты жана жергиликтүү чабандарды ур-токмокко алышып, мал жандыктарын Өзбекстанга айдап кирип кеткен учурлар, фактылар көп кездеше баштады. Ошондой эле чек арага жакын жайгашкан Ноокен, Аксы райондорундагы айылдарда мал уурдоо фактылары күчөп, негизинен уурдалган малдар кошуна мамлекеттин жарандары тарабынан жасалып жаткандыгын баса белгилешүүдө. Мындай майда, бирок эки элдин ынтымагына доо кетирчү фактылар өсүп отурса акыры эмнеге алып бараар экен деген ой жаралбай койбойт. Ошондой эле бул чек ара тилкелеринде жашаган элдерибизге, жарандарыбызга мамлекет тарабынан жетишээрлик көнүл бурулбагандыктан, жарандык коопсуздугунун жоктугунан жана социалдык-экономикалык абалдын начардыгынан ошол айылдардын жашоочулары өздөрүнүн үйлөрүн кошуна мамлекеттин жарандарына сатуусу көп кездешүүдө жана мындай көрүнүштөр жергиликтүү элдин тынчсыздануусун жаратууда. Ушуну менен эле бирге чек ара болуп бөлүнгөн участоктор калк калың жайгашкан элдүү пункттар аркылуу өткөндүктөн айрым айылдар экиге бөлүнүп, жашоочулардын карым-катнашына да, чек арачыларга да бир топ кыйынчылыктарды жаратып келүүдө. Айрым учурларда түшүнбөстүктөн чек арачылар менен жергиликтүү тургундар ортосунда тирешүүлөр да орун алууда.
Жашырганда эмне, билмексен болуп койгон менен Өзбекстан мамлекети тараптан биздин чек арабызды бузуп, чек арачыларбызды атып, уруп, малды мындай кой жарандарыбызды малдай кылып уурдап-айдап кетишип, көз корүнөө эле бизди басмырлап келишүүдө. Мындайга чыдабаган жарандарыбыз өздөрү колго курал алып, чек арабызды кайтарып алат элек деген да ой-пикирлер коомчулукта көп айтыла баштады.
Эгерде мамлекетибиз демилгени колго алып, саясий эрктүүлүгүн көрсөтүп, жакыны жылдары чек ара меселесин кошуна мамлекеттер менен биргеликте чечип бербесе, жогорудагыдай чыр-чатактардан, тирешүүлөрдөн чоң көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Ачыгын айтканда, эл аралык жаңжалдардын чыгып кетиш коопсуздугу да ушул чек ара маселелерине барып такалат эмеспи. Мамлекет башчыларыбыз чек ара маселесине байланыштуу мыйзамдарды, иш-чараларды кагаз бетинде калтырбай, элдин мүдөөсүн каанаттандыраарлыктай кылып практикалык түрдө алгылыктуу иштерди аткарса, элдерибиздин мындай чочуулоосу жоголуп көңүлдөрү ток жашашмак. Эң негизгиси - чек арада жайгашкан аймак же айылдар тууралуу мыйзам кабыл алынышы учурдун талабы жана мыйзамдын алкагында чек ар тилкелеринде жашап жаткан үй-бүлөлөргө, жарандарга мамлекет тарабынан ар кандай жеңилдиктер каралышы зарыл. Ошондой эле, ушул айылдардын жарандарына келишимдин, контрактын негизинде кошумча, штаттан сырткары чек арачы дегендей статусту берип, аларга материалдык жана финансылык жактан колдоо көрсөтүп турсак балким чек арабыз бекем, элибиз тынч, кошуналарыбыз менен да ынтымакта болмокбуз.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"


Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_13.htm on line 23

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_13.htm on line 23

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_13.htm on line 23


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_13.htm on line 23

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_13.htm on line 23

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_13.htm on line 23


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_13.htm on line 23

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_13.htm on line 23

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_13.htm on line 23