Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_12.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_12.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_12.htm on line 2

Баткен: кечээ жана бүгүн
30 миңге жеткен облборбор, 22ге жеткен ММК, миллиондорго жеткен
күйүүчү май аткезчилиги жана чек ара көйгөйү

Баткен облусунун түзүлүшү
Жакшы тилектер. 1999-2000-жылдары куралдуу террористтер Баткен аймагынан чек араны бузуп киргенде гана ошол кездеги республика жетекчилиги Баткен облусунун акыбалына көңүл буруп, облустун экономикалык абалы, социалдык-экономикалык инфраструктурасы адам ыйлаарлык абалда экенин айла жок моюндашкан. 1999-жылы 13-октябрда президент А.Акаев "Кыргыз Республикасынын Баткен облусун түзүү жөнүндө" мыйзамга кол коюп, Кыргызстанда жаңы жетинчи облус түзүлгөн. Облус түзүп, анын борборун дайындоо үчүн керектүү административдик, социалдык жана экономикалык инфраструктурасы дээрлик жок жайдак айыл экендигине карабай, агездеги татаал шартка жараша саясий чечим кабыл алынып, бардык тиешелүү шарттар жакынкы беш жылдыкта түзүлүп, бардык жаңы ачылып жаткан мамлекеттик ишканалар үчүн административдик имараттар, жашоочуларга турак-жайлар, социалдык мекемелер курулат деп бекем ишендиришкен.
Бүгүнкү күндөгү акыбал. Бүгүн облус борбору Баткен шаарында жалпысынан 200дөн ашуун шаардык, райондук, облустук деңгээлдеги мамлекеттик мекемелер, бизнес-ишканалар, өкмөттүк эмес жана эл аралык маанидеги уюмдар иш жүргүзөт. Шаардын калкы 1999-жылга карай 10 миң адам болсо, азыркы учурда 30 миңге чукул же болбосо дээрлик 3 эсеге өскөн. Ал эми Баткен шаарында, ал эмес жалпы эле Баткен облусунда 2000-жылдан бери мамлекеттик бюджет эсебинен бир да административдик имарат, турак-жай курулган эмес. Аталган бардык мекеме-ишканалар жеке тамдарды баш паанектеп келет. Ооба, ири долбоорлордон 2009-жылы Кызыл-Кыяда Түштүк-кыргыз цемент заводу курулду, 2012-жылы Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен унаа жолу бүтүп, ишке берилди. Мамлекеттик деңгээлде булар менен мактанып, көкүрөк кагуу - уят. Анткени, бул долбоорлор калктын жашоо-шартын жеңилдетип, социалдык турмушунун көрсөткүчүн ченеп көрсөтүүчү "барометр" боло алат деп айта албайбыз. Чек ара маселелери боюнча калктын көйгөйү тескерисинче күн санап курчуп олтурат. Облустун экономикалык шарты шал абалында, жашоочулардын социалдык көйгөйлөрү жеңилдеген жок. Облустун жергиликтүү бийлиги болсо жыл сайын экономикалык көрсөткүчтү "110%дан баштап 200%га чейин аткарып келет", албетте кагаз жүзүндө. Баткен облусунун бүгүнкү күндөгү айныгыс чындыгы - "облус" деген расмий статусунан башка алгылыктуу көзгө көрүнөөрлүк жетишкендиктери жок.

Басма сөз эркиндиги жана плюрализм
Миф. Сөз эркиндиги жана саясий плюрализм көпчүлүк жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин (айрыкча саясий) турмушка ашыруунун жана ошондой эле жарандык коомдун турмушуна активдүү катышуу үчүн керек болгон зарыл шарттардан экени талашсыз. Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкты алгандан баштап эле өлкөдө сөз эркиндигин жана басма сөздүн көз карандысыздыгын өнүктүрүүгө шарт түзөөрүн жар салып келет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эгер мыйзамдан чыкпаса, ММК ишмердүүлүгүнө кандай гана болбосун кийлигишүүлөргө тыюу салынат, эч кандай цензурага жол берилбейт.
Реалдуулук. Кыргызстан эгемендикти алгандан баштап бүгүнкү күнгө чейин Баткен облусунда 22 массалык маалымат каражаты расмий каттоодон өткөн, алардын ичинен 4 мамлекеттик, 4 муниципалдык, 5 эркин гезит, 3 мамлекеттик, 3 жеке менчик телеберүү, 2 жеке менчик радио жана 1 ММК ресурстук борбору иш жүргүзөт. Алардын ичинен 9 ММК: 2 мамлекеттик телеберүү, 1 жеке менчик радио, 4 жеке менчик гезит жана 2 жеке менчик ТВ азыркы учурда иштебей турат.
Райондук жана облустук расмий маалымат каражаттары, алар жалпысынан 5, мамлекеттик дотациядан каржыланат. Шаардык, же болбосо муниципалдык басма сөз каражаттары жергиликтүү бюджеттен каржыланып келет.
Баткендеги жападан жалгыз радио - "Салам" радиосу 2004-жылы эл аралык ЮНИСЕФ, Интерньюс жана "Эл аралык толеранттуулук үчүн" фондунун долбоорунун негизинде Фергана өрөөнүндөгү кыргыз, тажик, өзбектердин ортосундагы өз ара түшүнүүчүлүктү, толеранттуулукту жана этностор аралык байланыштарды өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Туруктуу каржы булагы жок. Ар түрдүү долбоорлордун алкагында иш жүргүзүп, арада долбоорлор болбой калганда убактылуу токтоп да калат.
Кызыл-Кыя шаарындагы көз карандысыз ЮТС (Южная телерадиовещательная сеть) телерадиокомпаниясы 2004-жылы жеке ишкер Каримов Алмазбек Ташполотович (2007-2010-ж. ЖК депутаты, 2011-ж. КР Президенттигине талапкер) тарабынан түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Баткен облусунун Кызыл-Кыя, Кадамжай аймагында жана Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат, Араван жана Өзгөн райондорунда көрсөтөт.
Маалымат айдыңында Баткен облусунун кийинки жылдардагы чоң ийгилиги - 2011-жылы негизделген "СуЛей Инфо" коомдук-саясий эркин гезитинин кошулушу болду. Гезиттин башкы редактору Абдиллабек Авазовдун айтымында "Гезитти жарыкка чыгаруудагы негизги максат эл арасындагы унутулуп бара жаткан каада-салттарды, үрп-адаттарды, маданиятты, адабиятты кайрадан эл арасына жайылтуу. Гезиттин "СуЛей Инфо" деп аталышынын себеби Сүлүктү-Лейлек деген сөздөр кыскартылып, башкача айтканда Сүлүктү-Лейлек кабарлары дегенди түшүндүрөт". Учурда басылма бутуна туруп, окурман топтоо этабын башынан өткөрүп жатат. Гезит өз бетинде негизинен расмий эмес, оюн-зоок жана коомдук-маданий малыматтарды басып келет.
Облустун аймагындагы жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынан тышкары аймактын маалымат айдыңында республикалык маалымат каражаттарынын кабарчылар пункттары да иш жүргүзөт. Борбордук медиа-структуралардын ичинен Баткен облусунун калкын маалымат менен камсыздоодо Коомдук телерадиокомпаниясы, ЭлТР, "Азаттык" радиосу, Биринчи радио, "Кыргыз Туусу", "Эркин Тоо", "Алиби" гезиттери, "АКИ-пресс", "24.kg", "Кабар" маалымат агенттиктери аймактагы маалымат айдыңындагы өздөрүнүн белгилүү ордун камсыздап келет.
Баткен облусунун түзүлүшү, анын аймагындагы кийинки кездердеги бат-бат тутанып турган чек аралык, этностор аралык жана социалдык-экономикалык маанидеги конфликттүү окуялар республикалык ММКлардын аймактагы маалымат айдыңына ар тараптуу кирип, аудитория үчүн атаандашуусун, ошого жараша алардын жергиликтүү өкүлчүлүктөрүнүн көбөйүүсүнө алып келди. Ошол эле мезгилде мамлекеттик бийликтин, эл аралык уюмдардын аракети менен облустагы маалымат рыногу өздөштүрүлүп, мурда теле-радиотолкундар тартпай маалыматтык туңгуюкта жашап келген алыскы айылдарда да басылма, электрондук ММКларга, интернетке жетүү мүмкүнчүлүгү кеңейтиле баштады. Демократиялык алкакта мындай көрүнүш, албетте, бир жагынан республикалык жана эл аралык маалымат айдыңында Кыргызстандын бардык тарабынан артта калган Баткен облусу тууралуу маалыматтардын көбүрөөк чагылдырышын шарттаса, башка бир алгылыктуу көрүнүшү - эркин атаандаштыктын негизинде облустагы маалыматтык көп түрдүүлүктүн, ар тараптуулугун өнүктүрдү.
Бирок, ушундай динамикалык өсүүлөргө карабай кийинки 3 жыл катары менен (мурунку Бакиевдин авторитардык режиминин кыйрап, жаңы демократиялык жашоого умтулган мезгилде) эл аралык абройлуу "Фридом Хауз" уюмунун баалоосунда "эркин эмес өлкө" категориясынан чыкпай келебиз. Эмне үчүн? Менимче жообу төмөнкү суроолордо катылып жатса керек.
Сандык көрсөткүчтүн өсүүсү албетте жакшы, ал эми сапат жагынан алганда, маалымат булактарында демократиянын негизи болгон плюрализмдин принциптери сакталып жатабы? Маалымат айдыңындагы атаандаштык калк турмушунун оңолушуна, эл чарбасынын өнүгүшүнө канчалык таасир этүүдө? Жарандардын маалыматтык укуктары канчалык деңгээлде аткарылууда?
Арийне, бул суроолорго бүгүнкү учурда толук кандуу жана оң жооп берүү татаал. Облустагы массалык маалымат каражаттарынын плюрализм, сөз эркиндиги багытында жетишкендиктерин баса көрсөтүп айтуу абдан кыйын. Тескерисинче, мааниси жоголуп баратат десек туурараак болот. Курч көйгөйлөр эркин ММКлар тарабынан, тилекке каршы, адекваттуу чагылдырылбайт, ар түрдүү себептер менен аша чаап, ашыкча курчутуп жиберген учурлар көп кездешет, бул багытта эркин гезиттер манипулятивдик функциясын колдонууга көбүрөөк ыкташат. Кыргызстандын маалымат айдынындагы эркин ММКлар сегментиндеги бүгүнкү мезгилдин эң курч көйгөйлөрүнүн бири - субъективдүү позицияга негизденген ММК ээсинин же редакторунун цензурасы кеңири практикаланууда. Гезит-журналдардын, радио жана телепрограммалардын маңызы көпчүлүк учурларда ММК ээсинин, жеке саясатчылардын, саясий топтордун же кызыкдар тараптардын көз карашына негиздүү да, негизсиз да байланган. Ал эми расмий ММКлар болсо курч көйгөйлөрдү чагылдыруудан мүмкүн болушунча качууга аракеттенишет же болбосо окуяны бир тараптуу, бийликчил позициядан туруп гана чагылдырышат. Ошондуктан, расмий прессада олуттуу окуялар жөнүндө көз карандысыз иликтөөлөрдү же мамлекеттеги саясий абал тууралуу эркин пикирлерди жолуктуруу мүмкүнчүлүгү абдан аз. Азыркы учурда да, мурункудай эле, өкмөттүк гезиттер негизинен жазылуу жолу менен таратылат, анткени алардын көпчүлүк окурмандары - өкмөттүк чиновниктер, бюджеттик кызматкерлер. Болгондо да, алар өкмөттүк гезиттерге каалоо-мажбурлоо жолу менен жазылган. Жеке таратуучулар (сатуучулар) аларды алышпайт, анткени бул гезиттерге окурмандар аудиториясында суроо-талап жок дешет.
Дагы бир жагдай, облустук, райондук маанидеги жергиликтүү расмий ММКлар прогубернатордук, проакимдик позицияны кыйшаюусуз аткарууга аракеттенип, жергиликтүү жетекчилерди ар тараптуу мактоого алып иштесе, республикалык ММКлардын аймактык өкүлчүлүктөрү жергиликтүү бийликке мамилеси көбүрөөк оппозициялык маанайда болуп, айрым кемчиликтерин коомчулукка алып чыгууга, бирок мүмкүн болушунча сылык-сыпаа, мокок түрдө чагылдырууга багытталып турат. Ал эми эркин ММКлар, тескерисинче, жергиликтүү бийликтин катачылыктарын мүмкүн болушунча күчөтүлгөн тартипте көрсөтүүгө аракеттенет.
Бүгүнкү күндүн абдан өкүнтөөрлүк дагы бир көрүнүшү - облустагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялар аймактагы ММКларга кол алдындагы орган катары мамиле кылып, ар түрдүү кызыктыруучу-стимулдоочу шарттар менен астына имерип, алардын лоялдуулугуна жетишүүгө аракет кылышат. Рынок шартынын чегинде мындай саясатты туура эмес деп айыптоо, албетте, бир жактуу чечим болмок. Бирок, башка өңүттөн караганда, бийлик органдарынын мындай камкор мамилеси плюрализмдин принциптерин чектөөгө багытталган учурлар аз эмес. Жергиликтүү бийликтин иштерин чагылдырууда ММКларды бардык мүмкүнчүлүккө жараша көзөмөлдөөгө, алардын маалымат саясатына кийлигишүүгө аракеттенип, кээ бир чектен чыгып, башкачараак мааниде чагылдырууга умтулган кабарчыларды ар түрдүү психологиялык тартипке чакыруу ыкмаларын колдонуп, алардын жүрүм-турумуна таасир этүүчү "профилактикалык" иш-чараларды уюштуруп турат.

Кыргызстан менен коңшу мамлекеттердин "түбөлүк достугу"
Идеалдуу жагдай. 1997-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасы, Казакстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосунда түбөлүк достук келишими түзүлгөн. Анда дос өлкөлөр бири-биринин ички иштерине кийлигишпөөгө, бири-биринин суверенитетине, коопсуздугуна шек келтирбөөгө сөз беришип, кол коюшкан.
Иш жүзүндө . Аталган келишим талаада калды. Өзбекстан Республикасы башынан ашкан амбициясын тыя албай, ортодогу бардык келишимдерди таназар албай, Кыргызстандын ички саясатына ар кандай шылтоолор менен кийлигишип келет. Кыргызстандын суу ресурстарын эффективдүү пайдалануу үчүн ГЭС куруу долбоорлоруна, ири державалар менен саясий, экономикалык жана аскерий кызматташуу аракеттерине ар тараптан тоскоолдуктарды жасап, таасир этүү рычагы катары Баткен облусундагы анклавдардын айланасында чырларды чыгара коюп, коңшусуна астыртан сес көрсөтүп келет. Буга чейин кыргыз жарандарын суроо-сопкутсуз атып салуу, газ агымын каалаган убакта бууп салуу жана башка ар түрдүү саясий акциялар менен өзүнүн артыкчылыгын, күчүн демонстрациялап келген болсо, кечээки Сохтогу басып кирүү окуясынан кийин мындай кыр көрсөтүү оюндары эки өлкөнүн бийлигинин астыртан тирешүүсүн күчөттү. Жыйынтыктап айтканда, "суверенитет" деген түшүнүк Бишкекте кандай экенин билбейм, бирок, Баткен сыяктуу алыскы провинциянын жашоочулары эгемендиктин таза жытын али толук кандуу жыттай элек.

Коррупция жана кылмыштуулуктун гүлдөшү
Теорияда. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинде "Мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары ушул Конс-титуцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт… Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары укукка каршы иш-аракети үчүн мыйзамда каралган тартипте жоопкерчилик тартышат" деп белгиленген.
Реалдуу турмушта. 2012-жылдын 21-июлунда УКМК кызматкерлери Баткен районунун Чоң-Талаа постунда ИИМдин мыйзамсыз наркозат жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын капитанын жана штаттан тыш кызматкерин 15 кгдан ашуун наркотикалык каражат менен кармашкан, бирок, маалыматтар боюнча, Баткен облусундагы абдан таасирдүү чиновниктин таасири менен кийинчерээк алар ташып бараткан зат "наркотик эмес экен" деген себеп менен иш кыскартылган.
2011-жылдан бери Баткен облусу аркылуу күйүүчү май аткезчилиги гүлдөп-өнүгүп келет. 2012-жылы жайында пара алып, кара май аткезчилерин өткөрүп жатат деп Чүйдөн Баткенге чейин терип-тепчип ИИМдин, минтранстын, салык кызматынын бир топ кызматкерлерин кармап, ошону менен кайра ың-жыңсыз тынчып калган. Баткен аркылуу Тажикстанга күйүүчү май ташыган аткезчи автоцистерналардын ар бири облустагы 2-3 фигурага алардын "ставкасына" жараша салыгын төгүп турушат, муну аткезчилер өздөрү тар чөйрөдө ачык эле айтып жүрүшөт. Жогорудагы мисалдар менен кошо ачык маалымат булактарына байкоо салсак, облустагы чечүүчү кызматтарда отурган чиновниктер аймактагы наркоканалды, коррупциялык схемаларды жана башка кылмыштуу аракеттерди көзөмөлдөп (же көзөмөлдөбөгөнү үчүн), тиешелүү "долясын" алып турушат, албетте алардан да өйдө жактагы мамлекеттик-криминалдык мыкчегерлердин көз кыры астында. Мындай майда чабактарын кармамыш этип, бирок "крышаларынын" кылы кыйшайбаган мисалдар толтура. Кыргыздын илгертен келаткан улуулардын (жашы боюнча да, мансабы боюнча да) сөзү менен иши аткарып келген иерархиялык башкаруу менталитетинин, ага негизделген мамлекеттик башкаруу ыкмасынын, мамлекеттик чиновниктерибиздин көп суроолорду жараткан моралдык сапатынын алкагынан караганда мындай коррупциялык жана кылмыштуу аракеттердин артында кармалган майда-чүйдө аткаруучулардан тыш расмий бийликте отурган ири чиновниктердин да катыштыгы бардыгын айгинелейт. Факт - расмий чиновниктер кызмат абалынан пайдаланып көмүскө, кылмыштуу жол менен арам байлык топтоону адаттагы нерсе катары кабылдап, мыйзамдардын алсыздыгынан (эгерде таптакыр эле аткарылбай калганын айтпаганда) пайдаланып, жогорку эшелондогу мамлекеттик чиновниктер криминалдык чөйрө менен терең чырмалышып кеткен. Натыйжада коом криминалдашып, коррупциялашып, адамдардагы баалуулуктар деградацияланып, коом, аны менен кошо мамлекет кыйроо алдында турат.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"


Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_12.htm on line 44

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_12.htm on line 44

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_12.htm on line 44


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_12.htm on line 44

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_12.htm on line 44

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_12.htm on line 44


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_12.htm on line 44

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_12.htm on line 44

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_12.htm on line 44