Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Кыргыз Республикасынын
Башкы прокурору А. Ж. Саляновага

Ачык кат

"Жакшы атанын кашыктап жыйнаганын, жаман уул чөмүчтөп чачат"

Урматтуу Аида
карындашым!
Карт тарыхта кыргыз эли миң жылдап көчмөн цивилизацияны башынан кечирип келип, 20-кылымдан баштап бир жерге байыр алып, отурукташып, шаар куруп жаңы жашоого бет алган. Мындайча жашоо-тиричилик кылуу кыргыз эли үчүн улуу бурулуш болгон. Ушул серпилүү мезгилинде кыргыз эли билимге, мурда билип көрбөгөн дүйнө элдеринин жаңы маданиятына - жазма адабиятка, театрга, музейге, классикалык музыкага, архитектурага, кино өнөрүнө жана башка баалуулуктарга ээ болгон. Булар, улуттун тарыхы жана кийинки урпактарга калуучу баа жеткис мурасы. Сөзүмдү бир аз алыстан баштап жатканымдын себеби мындайча, Аида карындашым.
"Жакшы атанын чөмүчтөп жыйнаган мүлкүн жаман уул кашыктап түгөтөт"- дегендей, 20-кылымдагы кыргыз мамлекетинин пайдубалын кургандар "келечекте, эл эс ала турган саябан болсун" - деп отургузган, кийин Кыргыз Республикасынын "Тарыхый жана маданий мурастарды коргоо, жана колдонуу жөнүндөгү мыйзамы" менен корголгон, рес-публикалык маанидеги тарыхтын жана маданияттын мурасы болгон, Бишкек шаарындагы Кычан Жакыпов атындагы (Абдрахманов - Күрөңкеев- Мичурин көчөлөрүнүн кесилишиндеги) жана "Ата- Түрк" парктарынын бир бөлүгү (Ахунбаев көчөсү менен "Ала- Арча" каналынын жээги) жырткычтык менен жок болуп мыйзамсыз ач көздөрдүн энчисине айланды.
Кэчээ жакында, жыл жаңыраарда (20. 12. 2012-ж.) Бишкектин чок ортосунда жайгашкан, 20- кылымдагы кыргыз интеллигенциясынын учкан "алтын уясы" аталган, шаардагы эң биринчи кыргыз орто мектеп болгон, мурдагы №5 мектебинин имараты дагы эле болсо зөөкүрлүктүн айынан жырткычтык менен бузулду. Адамдан башка артык жаралган гениалдуу манасчы Саякбай "Атаңдын көрү дүйнө бок, кечээки көргөн бүгүн жок!"- деп буркурап тургандай эле болду бул зөөкүрдүктү сезген жанга, "кыргыз, анын улуу тарыхы, маданияты!"- деп ойлогон адамга. Атаңдын көрү, кайран мектеп! Ушул мектептен кыргыз эмес дүйнөгө таанымал нечендеген илимпоздор: академиктер, маданияттын корифейлери, мамлекеттик ишмерлер билим алышпады беле атаганат. Ошол үчүн бул мектеп, тарыхтын жана маданияттын мурасы катары мыйзам менен корголуп турбады беле наалаты! Кыргызстанда бир да мектеп мындай дүйнөгө таанымал, сандаган залкарларга билим бере алган эмес. Бул мектептин имараты ошонусу менен баалуу тарыхый мурас эле.
Санк-Петербургдагы (Царское село) улуу акындар А. Пушкин, А. Дельвиг, А. Жуковский, тарыхчы Н. Карамзин, философ П. Чаадаев жана башкалар, 1825- жылдын 14-декабрында Сенат аянтында падышачылык жеке бийлөөчүлүк бийликке каршы көтөрүлүшкө чыгышкан, жалындуу декабрчылар окушкан лицейдин имараты талкаланмак турсун, анын бир буюмуна чаң жугузулбай турат. Кечээ талкаланган №5 кыргыз орто мектеп, тарых үчүн, Санкт-Петербургдагы лицейдей баалуулугу бар эле.
Жергиликтүү мааниде болгон (акыйкатта мектеп - републикалык мааниде болуш керек эле) - сөз кылып жаткан тарыхый, маданий мурасты Бишкек шаарынын мэриясы: "урап бара жаткандыгына байланыштуу"- деген шылтоо менен 18.10.2011-жылдагы токтом менен тарыхый жана маданий мурастын тизмесинен чыгарып таштайт. Бишкек мэриясы мындай кыйраткыч токтомуна ушул токтомдон 1 жылга жакын убакытка кеч даярдалган, тактаганда: 11. 12. 2012-жылдагы Экология жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын "кокуй, тез арада экскаватор, бульдозер менен бузуп жибербесеңер, имарат урап, элди басып калат!"- деген эскертүүсү негиз болгон экен. Мындай кадамдарга Мамлекеттик мүлк фондусу макулдук бере салат. Кандай гана жүзүкаралык чиркин!!! Береги армян, грузин, Европада француз эли винону кылымдап сактап, аны улуттун баалуулугу катары баалашат. Баңги баш аткаминер кыргыздар улуттук интеллигенциянын уясын кычкыл виночолук көрүшпөдү.
Кыргыз Републикасынын "Тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо, пайдалануу жөнүндөгү" мыйзамдын 27-беренесинин 2-абзацында: "Тарыхый жана маданий мурастарды тизмеден чыгарууга тыюу салынат!"- деп кашкайып жазылып турат. Демек, мыйзам боюнча жергиликтүү же республикалык мааниде бирдиктүү тизмеге кирген тарыхый жана маданий мурастарды ал тизмеден чыгарып салууга эч кимдин акысы жок, атүгүл мамлекеттин президентинин дагы. Тескерисинче, сөз кылып жаткан мыйзамдын бир канча беренелерине ылайык, тарыхтын, маданияттын мурастары үчүн (урап бара жатса аны сактоого) жергиликтүү, республикалак бийлик кам көрөт, каржылайт. Тарыхый, маданий мурастар улам убакыт өтүп эскирген сайын маанилүү жана баалуу. Алар ушундай касиетке ээ болгон үчүн МУРАС- деп аталат. Мыйзам боюнча тарыхый, маданий мурастардын тизмесине кирген баалуулук эгер, ал баалуулук таптакыр жоголуп кетсе же болбосо, жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен оңдоого эч мүмкүн болбой тургандай кыйроого дуушар болсо гана ал тизмеден чыгарылат. Бишкектеги мурдакы №5 мектептин имараты мындай кырдаалдарга туш болгон жок.

Урматтуу Аида
карындашым!
Жогоруда айтылган ойлорду, эске, мыйзамга таянылган аргументтерди жетекчиликке алып, Бишкек шаарынын мэри И.Өмүркуловго жана жалган, мыйзамга каршы келген документтерди даярдаган тиешелүү ведомостволордун жетекчилерине Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинин 175-беренеси менен ( тарыхый, маданий эстеликтерди талкалоо, кыйратуу) кылмыш ишин козгоп, сотко өткөзүшүңүз керек.
Ошондой эле: тарыхый жана маданий эстелик болуп тизмеге кирген 34 объекти мыйзамга карама-каршы, кандай себептен тизмеден чыгарылып кеткени жөнүндө (булардын арасында Кычан Жакыпов атындагы парк, Кыргыз Республикасынын "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү" мыйзамдын негизинде 2005-жылдын 13-декабрында №914-коргоо күбөлүгү берилген, аймактын айдарым согуп турган таза абасы, рельефи, дагы көптөгөн өзгөчөлүктөрү ийне-жибине чейин эске алынып салынып, ошонусу менен нечендеген чет элдиктерди суктандырган, улуттук колориттеги, уникалдуу архитектуралык имарат "Ысык-Көл" мейманкана- соода комплекси бар. Дареги: Бишкек шаары, Тынчтык проспектиси-301) прокурордук текшерүү жүргүзүшүңүз зарыл - деп эсептейм.
Сөз соңунда: демейде "Самаркандан саман учуптур десе, жо-ок, жоо чааптыр!"- дегендей бир нерседен "жыт алып калышса" чыры-чуу түшүп калышчу Жогорку Кеңештин депутаттары шаардын так ортосунда, чак түштө кыргыз интеллигенциясынын "алтын уясына" түрү суук жылаан сойлоп кирип жатса, аны өлтүрүшмөк турсун, "таш алып бергенге жарашпай", жыйрылышып үн катышпады. Мүмкүн ооз басырык алышканбы? Айтор, түшүнүксүз. Мыйзамдар шаар мэринин бир токтомунун тепсендисинде калып жатса, мыйзамдардын, депутаттардын эмне кереги бар?! Аларды эл "аяк бошотуш үчүн" кармап турабы?
Тарыхый, маданий мурастар болуп эсептелген жайларды акчанын күчү менен алгандарга, бергендерге эскерте кетүүчү сөз мындай. "Закон обратной силы не имеет"- демекчи, кыргыз эли мыйзамдан кылт этип тайыбаган, адилет бийлик орнотоору алыс эмес. Ошондо, алар элдин мыйзамдуу мурастарын, акча, үй- мүлкү, түрмө менен калыбына келтиришпей кое алышпас.
Журналист-публицист
Жолдошбек Токоев






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??