Убалдан коркпогон прокуратура,
жесир аял,
жетим калган
балдар

2008-жылдын 1-ноябрында Кочкор районунун МАИ кызматкери Абдылдаев Асангазы Чыналиевич жол кырсыгынан каза болуп, күнөөкөрлөр бүгүнкү күнгө дейре мыйзамдуу жазасын ала элек. Ошо каргашалуу кырсык болгон күнү Кочкордун МАИ башчысы Касымов Бакыт райондогу бүткүл күч органдары менен байланышып, бул ишти тезинен жапканга чоң аракеттерди кылган экен. Анткени, жол кырсыгына күнөөкөрлөр анын тууганы, малчысы, айтор жакын адамы болуп чыгат. Бул окуянын болгонуна 5 жылдын жүзү болсо да, кан коё бербей, чыркыраган чындык эми үстүгө калкып чыга баштады. Каза болгон кызматкердин өмүрлүк жубайы Жамгырчиева Атыркүл ( Жыпаркан), акыйкат издеп кайрылбаган жери, какпаган эшиги калбаптыр. ИИМ, Башпрокуратура баштаган бүт күч структураларына, Жогорку Кеңеш, Өкмөт, Акыйкатчы, ал гана эмес президент А. Атамбаевге чейин арыз, кайрылууларын жолдогон. Тилекке каршы бирөө да жардамга кол сунуп, чындыктын бетин ачууга көмөктөшкөн эмес. Ошол эле ИИМдин кызматкери өлүп жатса, балдары жетим калса, ал эми кылмышкер юридикалык баа албай, жесир калган аялын шылдың кылып жүрүүдө. Мындай нааданчылыкка ким жол берген? Кылмышты жаап-жашырган тергөөчү жана көзөмөл кылган прокурор, алар акчанын күчү менен улам кызматтан көтөрүлүп, элдин убал-сообунан пайда тапкан укук коргоо кызматкерлери экенинде шек жок. Деги өлкөбүздө мыйзам, акыйкаттык деген нерсе жашайбы?! Же баарысы эле сүткорго айланып, көздөрүнө акчадан башка нерсе көрүнбөй калганбы?! Калыстыкты кайдыгерлик, мыйзамдуулукту кылмышкерлик жеңип, илгеркидей бай-манаптын заманы келдиби?!

- Жыпаркан, жолдошуңуз Кочкор районунун МАИ кызматында иштеген Абдылдаев Асангазы Чыналиевич жол кырсыгынан каза болуп, бул иш боюнча күнөөлүү адамдар жоопко тартылбай, ушул күнгө дейре акыйкат издеп жүрүпсүз. Эми ушул окуя тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?
- Жолдошум каза болгонуна 5 жыл болсо да, сиз айткандай күнөөлүү адамдар жоопко тартылбады. Бул каргашалуу окуя 2008-жылдын 1-ноябрында Кочкордун А.Токтобаев көчөсүндө жолдошум өзүнүн "Ниссан-Ваиетта" автоунаасы менен келатканда бет маңдайынан Кочкордун Кара-Тоо айылынын тургуну Нурдин уулу Сираждиндин "ГАЗ-53" маркасындагы көмүр тартып келе жаткан автоунаасы менен кагылышыптыр. Окуя түнкү 4:30дар чамасында болсо да, күйөө балама эртең мененки саат 7де гана телефон чалып кабарлашкан. Күйөөмдүн иштеген жериндегилер, ал тургай начальниги да менин телефонумдун номерин билчү, эмне себептен мага дароо чалышпаганы эми түшүнүктүү болуп олтурат. Мен окуя болгон жерге саат 8:30да келдим, жолдошум эбак эле каза болуп калыптыр. Мээси чачырап кетиптир. Алтын тиши, колундагы алтын сааты, чөнтөгүндөгү акчасы, документтери жок. Ал эми тигил көмүр тартып келе жаткан Нурдин уулу Сираждин жолдошума эмес, көмүрүнө сарсанаа болуп жүрүптүр.
- Сиз күнөөкөрлөрдүн үстүнөн арыз жазып, тийиштүү органдарга кайрылдыңызбы?
- Ооба, кайрылдым. Бирок булар тескерисинче, менин жолдошум өзү барып көмүр жүктөлүп турган машиненин астына кирип кеткен деген тыянак чыгарып жатышпайбы. Окуя болгондон 24 күн өткөндөн кийин кылмыш ишин козгошуп, токтом менен күнөөлүү тарапты тааныштырып, биз тараптан эч кимди чакырып да койбоду. МАИ башчысы бул ишке өзү киришип, туура эмес тыянактарды чыгарып, тергөөчү С.Мусаевге чалып, прокуратура жана башкаларга сүйлөшүп жатып, тиги баланы актап алышты.
- МАИ башчысынын ысымы ким жана бул адам күнөөлүү тарапка жардам беришине эмне себеп болгонун биле алдыңызбы?
- Кочкор районунун МАИ кызматынын ошол учурдагы начальниги Касымов Бакыт Толкунович. Булар тууган, жердеш, кошуна болушкан. Анан да Бакыттын малын тигилер багып берип, үйүнө бекер көмүр түшүрүп, айтор жумуштарын жасап жүрүшчү экен.
- Эми сиз айтып жаткандай негизги чындык кандай болуптур?
- "Эл оозунда элек жок" деп коёт эмеспи, кийин эл-журт айтып жатпайбы. Көрсө көмүр тарткан машинеде эки эмес, үч жигит бар экен. Үчүнчүсүн издеп жүрүп ким экенин таптык. Калилов Рустам деген жигит экен. Менин издеп жүргөнүмдү угуп, 2012-жылдын 22-декабрында өзү келиптир. "Эже, сиздин жолдошуңуз экенин билген эмесмин" дейт. Аны да коркутуп, "Россияга кет" дешиптир. "Эмне болду, кандай болду эле?" - деп сурасам, "Биз токтобой эле жүрүп баратканбыз, бир убакта биздин машина жолдон чыгып барып, маңдайда келаткан жеңил машине менен кагылышып кетти. "Сен кете бер, кабинада 2 эле киши болуш керек, болбосо күнөөлүү болуп калабыз" деп кетирип жиберишкен" дейт. Негизи, ал жол менен жүк ташуучу машинелердин жүрүүсүнө тыюу салынган. Бул жерде ким күнөөлүү экени көрүнүп эле турбайбы. Тескерисинче, көмүр тартып келе жаткан жигит жолдон чыгып келип, менин жолдошумдун машинесин сүзүп жатпайбы.
- 5 жыл өтсө да, ачуу чындыктын жүзү ачылган экен да. Эми тергөө иштери улануудабы?
- Кайдан! Тергөөчү үйгө келип, "энеңер кайда, мен атаңардын иши боюнча тергөөчүмүн" деп, балдарымды коркутуп-үркүтүп кеткенден башка иш кылган жок.
- ИИМге, Башкы прокуратурага кайрылып көрдүнүзбү?
- Кайрылбаган жерим калбады. Акыйкатчыга, айтор бардык жерге кайрылып эле келе жатам, тилекке каршы эч биринен жардам жок. Башкы прокуратурага эки жолу арыз жаздым, январда жаңы тергөөчү жиберебиз дешкен. Эмгиче эч ким келген жок.
- Кылмыш болоору менен жашырышыптыр да?
- Дароо, баарысы сүйлөшүп жылмалап, жашырып-жабышкан. "Кыңыр иш кырк жылдан кийин билинет" дегендей эми калкып чыгып жатат. Автотехникалык эксперттер 5 жолу текшерүү өткөрүштү. Бүт баарысынын сөздөрү бир, жыйынтыктары жалган болуп жатпайбы. Судмедэкс-перттер да туура эмес жыйынтык чыгарып, "моргго алып келип союп текшергенбиз" дешет. А коюп жатканда сөөгүн жуугандар эч кандай союлбаганын айтып жатышпайбы. Эми баарысы "тергөө туура эмес жүргүзүлгөн, тергөөчү менен МАИлер күнөөлүү" - деп жатышат.
- Чын-чынына келгенде автотехникалык эксперттер менен судмед эксперттерди сатып алышкан экен да. Анда булардын ишенгендери (крышалары) күчтүү экен да. Эми ошол адам ким экенин айта аласызбы?
- Булардын ишенген адамы - Кочкор МАИсинин ошол кездеги башчысы Касымов Бакыт. Кийин Бакыт өзү мас абалында машина айдап бара жаткан жеринен эки жолу кармалган экен, анын да "крышалары" күчтүү болсо керек дароо эле чыгыптыр. Учурда ОБЛГАИде иштеп жүрөт.

- Бул ишти Кочкор районунун күч органдары биригип жаап-жашырып келишиптир. Сиз чыркыраган чындык бир күнү ачыкка чыгат деп ойлойсузбу?
- Баарысы өзүлөрү чечим чыгарышып, өзүлөрүн өздөрү билип, өтүктөрүн төргө илип жатышпайбы. Күнөөлүү баланы "кестирбейбиз, иш козголбойт, мунапыс чыкты" деп ишенимдүү айтышат. Эми мен деле ал баланын кесилип кетишин тилебейм. Мен дагы энемин да. Бирок менин жүрөгүмдү оорутканы, үйдөгү кенедей атасыз калган баламдын: "Апа, күнөө атамда бекен же тиги шофердо бекен?" -деген суроосу болуп жатпайбы. Эми эл-журт, мыйзам бар эмеспи, "Ак ийилет, бирок сынбайт" деген сөзгө таянабыз да.
- Булардын максаты убакыттын өткөнүнө байланыштуу ишти жаап таштайбыз деген экен да?
- Ошол болуп жатпайбы. Кылмышты жашыргандыгы үчүн МАИлер менен тергөөчү С.Мусаевдин үстүнөн арызданайын деп жатам. Бул уяты жоктор жазалангандын ордуна, тескерисинче иштеринен көтөрүлүп, дагы деле иштеп жүрүшөт. Булар ушу менен эле токтоп калышмак беле, дагы далай кылмышкерди акчага коё берип, далай адамдардын көз жашын ойлобой, көнгөн адатын уланта беришет да. Мындайлар сөзсүз түрдө жазага тартылуусу керек. Жанагы сүзгөн бала: "Ой, мен бир жылкы берип кутулуп кеттим" - деп мактанат имиш. Анысын кайсы таанышына бергенин ким билсин. Мындай сөздөрү жанды кашайтып жатпайбы?
Жесир калган Жыпаркан, жетим калган балдар жөнүндө тергөөчү С. Мусаев ойлоп койду бекен же болбосо ошо кылмыш ишти жапкан райондун прокуратурасы, милиция башчысы убал-сооптон коркпой, акчанын кулу болгон, мыйзамды коргогон аткаминерлер силерге Алла Таалам кепилдик берип, "акча жей бер" деп айтпаган чыгар. Адамдын өмүрү менен ойногондун аягы жакшы болбойт. Эч болбоду дегенде жесир калган аялдын зар-муңун угуп, Аида Салянова бир жолу кабыл алып койсо болмок, аял аялды жакшы түшүнө билет ко деген үмүттөбүз. КР Башкы прокуратурасындагы кабылдамасында карасааттай болуп, Жыпаркандын ишине байланыштуу Сталбек Мейманкулов иштейт экен, ал мени канча жолу барсам дагы Аида Саляновага киргизбейт, каттарымды орто жолдон жымсалдап жооп берип коёт. Каякка барсаң "Мамайдын көрү" болуп калды көрүнөт.


Юрист
Венера СЕЙДАЛИЕВА




"Дарыгерлердин
орой мамилеси
мени таң калтырды"

Абдусатар агай көп жылдан бери айдоочулук менен алектенип Бишкекте жашайт. Өткөн жылы ооруп, өзү жашаган аймактагы №11 бейтапканага келген. Ал жердеги дарыгерлердин адамдарга кылган мамилесин, эч кандай текшербес-тен дары жазып беришээрин, айтор, бейтапкананын бүгүнкү абалын айтып, редакциябыздын эшигин какты.

- Манас көчөсүндө жашайм. Өткөн жылдын май айларында тамагым ооруганынан өзүм катталган №11 бейтапканага бардым. Кулак-мурун дарыгери мени бир жума дарылап, андан кийин кеңеш алып кел деп, №4 шаардык ооруканага жиберди. Ал жердеги дарыгер рентгенге түшүрүп, дароо ооруканага жаткырды. Ачуум менен 11-бейтапканага келип, лор дарыгерине "бир жума кармап отурбай ооруканага жибербейт белең, эмнеге дароо ооруканага жиберген жоксуң" - дедим. Ал бир жума дарылаганын айтып, мен айыкпаганымды, айтор экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүктөр чыгып кетти. Бейтапкана ичиндеги жосунсуз иштерди айтып коеюн деп, башкы дарыгердин орун басары Максүтовага кирдим. Ал мени "киши кирдиби, ит кирдиби?" дебей компьютерди чукулап, ал турсун, башын буруп карап да койбоду. Кызматкерлердин, анан калса жетекчилигинин мындай мамилеси мени ого бетер ирээнжитти. "Сиз компьютерди да карап, келген адам менен да сүйлөшө бересизби?" дегенимде гана мени бурулуп карады. Мен дарыгерлердин адамга кылган мамилесин айтып, көзөмөлгө алуусун өтүнүп чыгып кеттим. Жайында эс алып, Көлдө жүрсөм, үйгө бейтапканадан кат келиптир. Анда мени майыптыкка чыгарышаарын жана бейтапканага келүүмдү өтүнүшкөн экен. Эс алуумду таштап, эртеси келип, бейтапканага бардым. Терепевт Тарская жана Ткаченко аттуу кардиолог дарыгерлер биздин аймактын дарыгерлери болгондуктан мени кабыл алышты. Алар мени майыптыкка каттоого алышарын айтышты.Себебин сурасам, "ошондой болуш керек" дешти. "Макул. Бирок мен чынчыл адаммын, силерге жалынып-жалбарып суранбайм. Ден соолугумда кандай жагдай болсо ошондой жазып бергиле, калганын көрө жатарбыз"- дедим. Алар ооруну тастыктоочу баракча ачышты. Чакырган күндөрү барып жүрдүм. Мени кызыктырганы алар мени таптакыр текшеришкен жок. Дарыгер деген ооруп кайрылган адамдын көзүн көрөбү, тилин көрөбү, кан басымын текшереби же жүрөктүн согушун текшереби, айтор бир жерин текшерет да. Мени эч бирөө да текшербейт. Мына 3-4 айдан бери оорууну тастыктоочу кагаз менен жумушка чыга элекмин. Өткөндө кардиолог Ткаченко кагаз жазып берип, "дарыларды ич" - деген. Окуй албай келип, келинчегиме окутсам "кан басымы 160/100, боору ооруйт" деп жазылыптыр. Кагаздын артына бир топ дары жазып бериптир. Ал күнү менин кан басымымды текшеришкен эмес. Текшербей туруп, минтип жазып бергенине таң калып, үйдөн келинчегиме текшертсем 130/80 экен. Булардын иш режимине да таң каласың. Бир күндө үч эле саат кабыл алышат. Кардиолог мурда бир жумада үч күн кабыл алчу. Эми азыр бир жумада бир эле жолу - ишемби күнү кабыл алып калыптыр. Кокус, дүйшөмбү күнү жүрөгүң ооруса, ишемби күнгө чейин үйдө жатышың керек экен. Кардиолог мени көчөдөн эле текшерип коет. Мен кардиолог, терапевттен отказ кылдым. Тарская абдан орой. Дарыгер деген таптакыр башкача адам болчу эле, мен буларга аябай таң калдым.