кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"


Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_1.htm on line 79

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_1.htm on line 79

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_1.htm on line 79
п»ї
"Алиби" силердин колдооңорго муктаж
2013-жылдын 25-январында берген жарыябызда "Алиби" гезити, жумасына үч жолу - шейшемби, бейшемби жана жума күндөрү чыгат деп маалымдаган элек. Бирок, редакция жамааты гезитти даярдоо, таркатуунун күңгөй-тескейин дагы бир жолу иликтеп, басмакана жетекчилиги менен акылдашып көрүп, дүйшөмбү(биринчи), шаршемби (үчүнчү) жана жума (бешинчи) күндөрү чыгууга токтолдук. Бул, биринчиден, гезит сүйүүчүлөрдүн кызыкчылыгы үчүн. Себеби, дүйшөмбү күнү Кыргызстан боюнча бир дагы гезит жарык көрбөйт экен.

Экинчиден, редакция жамааты үчүн бейшемби жана жума күндөрү катары менен гезитти даярдоо көп түйшүктү жаратаарын да эске алдык.
Гезит жамааты акырындык менен рекламалык бетти ачууну максат кылууда. Ага силердин ар кандай- кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрдү сатуу, кызмат көрсөтүү, сатуу жана сатып алуу жана башка жарнамаңар жарыяланат. Биз аларды азырынча бекер басууга ниет кылуудабыз. Учуру келгенде ал жарыялар төлөмдүү болушу шарт, бирок "Вечерний Бишкек" гезитиндеги жарнамалардан бир топ арзан бааны кармоого убада беребиз. Рекламалык бетти ачып, аны кеңейтүүдө биз биринчи кезекте кыргыз жарандарына басым жасаарыбызды да жашыргыбыз келбейт. Анткени, "Алиби" кыргыз тилинде чыгып жаткандыктан анын окурмандары жалаң гана өзүбүздүн кыргыздар экендиги айтпаса да түшүнүктүү.
Рекламалык мүнөздөгү жарнамаңарды "СМСте - Эл үнү" бетин даярдаган Чынара айымыбыз 0-779-23-46-27 телефону аркылуу кабыл алат, болбосо өзүңөр деле редакцияга келип тапшырсаңар болот.
Түштүк жергесинде бүгүнкү күндө биздин калеми курч, чындыктын, акыйкаттыктын жарчысы болууга белсенген белдүү үч кабарчыбыз - Баткенде Кубат Айбашов - тел: 0-770-08-88-44, Ошто Кайрат Жапаров - тел: 0-779-55-04-55, Жалал-Абадда Майрамбек Адылбеков - тел: 0-773-13-40-45 иштеп жатышат. Телефон аркылуу эле байланышып, элдин, өзүңөрдүн орчундуу, көйгөй маселеңерди айтсаңар, алар областтын кайсы гана булуң-бурчу болбосун күн-түндөп жетип барууга, ал көйгөйлөрдү гезит бетине алып чыгууга даяр. Биз болсо борбордон туруп, ал маселелердин акыйкат чечилишин көзөмөлгө алууга, тиешелүү органдардан жооп алып берүүгө болгон аракеттерибизди жасайбыз.
Талас, Нарын, Ысык-Көл өрөөндөрүндө кабарчылык пункттарыбызды ачуу чечилээр алдында турат. Куда кааласа жакын арада аталган областтардын жашоочулары да биздин жергиликтүү кабарчылар менен өз жергесинде жолугуп, көп маселелерди жеринде чечүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Биз менен түз байланышкысы келгендер өз кабарларын "gazetaalibi@mail.ru" электрондук почтабызга жөнөтсөңөр болот.
"Алиби" "кыргыз элинин кызыкчылыгы ар дайым биринчи орунда туруусу керек" - деген туруктуу позицияны карманат жана өзүнүн бүткүл иш-аракеттерин ошол максатты ишке ашырууга багыттайт. Ошондуктан, биз кыргыз элинин, кыргыз окурмандарынын колдоосуна ар дайым муктажбыз. Биздин гезитти өзүң эле окубай, кошунаңа, айылдаштарыңа да бер. Баарыбыз бир максатта болсок биз эртеңки Кыргызстандын жаркын келечегине жол чапкан болобуз.

Бабырбек
ЖЭЭНБЕКОВ,
гезиттин башкы
редактору







Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_1.htm on line 138

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_1.htm on line 138

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0129_1.htm on line 138


а ­е¦Є.НҐй«