"Садыр Жапаров "Кумтөрдү" кимдер, кантип, кандай
саткандыгын айткандыгы үчүн саясый куугунтукка кабылды"

Улукбек Кочкоров, ЖК депутаты:
"Садыр Жапаровдун катышы да жок"

- Биздин үч депутат Мыктыбек Абдылдаев, Курманбек Осмонов жана Курмантай Абдиев Садыр Жапаровдун, дегеле 3-октябрда митингден кийин камалган 3 депутат боюнча Башкы прокурорго, башкы инстанцияларга алардын үстүнөн коюлуп жаткан айып туура эместиги боюнча өздөрүнүн катын жиберишкен. Себеби, "Ата журттун" депутаттарынын үстүнөн коюлуп жаткан 295-берене өтө оор кылмышка кирет. Анын үстүнө Садыр Жапаровго андай айып коюу негизсиз. Биз муну башкы прокуратурага айтып жеткире албадык. Эми 24-январда болуучу сотко биздин фракциянын атынан төрт-беш депутатты коомдук актоочу кылып шайлаганбыз. Азыркы учурда фракциянын атынан камалып жаткан депутаттардын маселеси боюнча ошол кишилер сотко жеткирип, бир жыйынтык чыгат го деген ойдомун. Анткени, бул жерде 295-берене жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эмес. Ал эми Садыр Жапаровдун өзү жөнүндө айта турган болсок, митинг үзгүлтүккө учурап, эл туура эмес нукка түшүп, кызуу кандуулукка алдырып Ак үйгө карап жөнөгөндө ал киши эл менен баспастан, Ак үйдүн башка жагы менен кирип, палатада митинг үзгүлтүккө учураганын айтып отурган. Садыр Жапаровдун катышы да жок. Сот адилет, акыйкат карай турган болсо, ал акталышы керек.


Каныбек Осмоналиев, ЖК депутаты:

"Садырдай депутаттарыбыз көп болсо
Кыргызстан эчак бутуна турмак"


- Садыр Жапаровдо канча кемчиликтери болсо да, ал "Кумтөр" маселесин айтып, көтөрүп чыккан жигит. Башка жактарын жакшы билбейм, мен бир адамды жакшы билбесем "андай эле мындай эле" - деп айта албайм. Бирок, мен өзүм окумуштуу болгондуктан "Кумтөр" жөнүндө бардык материалдарды жыйып отурам. Жапаров "Кумтөр" боюнча сапаттуу, салмактуу маселелерди көтөрүп чыккан. Ал жигиттин Жогорку Кеңештин отурмунда сүйлөгөн сөздөрү, айрыкча акыркы өзүнүн комиссиясынын жыйынтыгын чыгарып жатканда биз аны тоготпой тебелеп-тепсеп, зордуктап эле дагы башка комиссия түзүп койбодукпу. Ошондо ал "силер Кумтөр маселесинин акыйкаттыгына, аныгына жеткиле деп шылуундардын өзүнөн турган комиссия түзгөнсүңөр" деп айтты эле. Садыр Жапаров мына ошонун курмандыгы болду. Мен муну бардык эле жерде айтам. Ал эми 3-октябрда ызуу-чуу болуп, түрмөгө түшүп калгандарынын бардыгы менин оюмча бул - провокация. Мына эми соту болот деп жатат, ал сотту адилет чечим чыгарат деп мен дагы үмүттөнүү менен карап турам. Менин көзүм жетип турат, Садыр Нуркожоевичтин артында эч нерсе жок. Ал эл үчүн күйгөн жигит. Садыр Жапаровго окшогон депутаттарыбыз көп болсо, Кыргызстан эчак эле бутуна туруп кетмек.


Кубанычбек Исабеков, саясатчы:

"Бийликти алалы" - деп элге чакырык жасаган жок"

- Садыр Жапаровго мурда Киев көчөсүндөгү Бакиевдердин мүлкү боюнча кылмыш иши козголгону маалым. Ал боюнча да парламенттик комиссия түзүлүп, аны жоопко тартканга уруксат берген жок. Мен өзүм да бул маселе боюнча депутаттар менен сүйлөшкөм. "Мен кимдики экенин билбей эле сатып алып кайра саттым" - деп Жапаров өзү айтып жатат. Мен юрист катары "мындай жагдай азыркы мыйзамдарга каршы келбейт" - дээр элем. Анын күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин бир гана сот чечет, бирок менин жарандык жеке оюмда ал күнөөлүү эмес. Ал эми митинг боюнча айта турган болсом, ал күнү "Кумтөр" маселесин көтөрүп, митинг өткөрүп жаткан. Садыр Жапаров митингде "Жогорку Кеңешти басып алалы, бийликти кетирели" деп чакырып жатканын уккан жокмун. Баш прокуратура андай айыптарды тагып жатканын мен туура эмес деп эсептейм. Садыр Жапаровдун ишине саясый эмес укуктук, мыйзамдык баа берилиши керек. Күнөөсү болуп жана ал далилденген болсо, албетте жазаланышы керек, болбосо саясый чечим кабыл алып койгон туура эмес болот. Андай чечим дестабилдүүлүккө алып келет, нааразычылык болот. Эми бул жерде "медалдын эки бети бар" - дегендей, азыр бийлик да оор абалда калды, чыгарылып кетсе баатыр болуп чыгышат, камайын десе таккан беренелери Садыр Жапаровго шайкеш келбей жатат. Бул иштер менин оюмча мыйзам чегинде гана чечилиш керек, антпесе жаз да келатат, дестабилдүүлүккө алып келиши мүмкүн.


Мукар ЧОЛПОНБАЕВ, юрист, саясатчы:

"Жапаров "Кумтөрдү" иликтегени үчүн камакта отурат"

- Мен саясатчы гана эмес, законду жакшы түшүнгөн юрист, адвокат катары бул ишти терең түшүнүп турам. Биздин мыйзамдарда "кылмыштын курамы" деген бар. Менин көз карашымда угузулган айып боюнча Садыр Жапаровдо кылмыштын составы жок. Анткени, ал митинг өткөрүп, анан резолюция кабыл алган убакытка келгенде капталдан чыккан адамдар элди Ак үйгө алып жөнөгөндө ал "токтогула" деп кыйкырып жатпайбы. Муну КТРден деле жана эл арасына тарап кеткен видео дисктерден деле көрүп жатабыз. Ушундан эле анын кылмышка эч кандай күнөөсү жок экенин байкасак болот. Ал эми Киев көчөсүндөгү иши боюнча Адилет министрлигинин корутундусу турбайбы, эң башында ошол имаратты башка имаратка алмаштыруу, менчикке чыгаруусун мыйзамдуу деп алар корутунду чыгарып жаткандан кийин ал сатып алуучу төртүнчү адам болуп туруп анын мыйзамсыз экенин кайдан билмек? Бул жагын да эске ала турган болсок да анын кылмышка тиешеси жок. Балким Жапаровдун башка кылмыштары бардыр. Бирок, ага айып тагылып жаткан аталган фактылар боюнча бул жигит таза. Мен ачык айта алам, Садыр Жапаров саясий куугунтукка кабылды. Ал эми ошол саясий куугунтукту уюштуруп жаткан президент Атамбаевдин өзү жана анын жанында жүргөн жасакерлер. Эптеп Атамбаевге жагыныш үчүн ушул нерсени кылып жатышат. Болбосо ал "Кумтөрдү" кантип, кандай саткандыгынын бардыгын иликтеп, ачык айтып, Атамбаевдин чыныгы жүзүн ачып таштады да. Анын болгон күнөөсү ошол. Ошон үчүн ал түрмөдө отурат.


Бакыт БАКЕТАЕВ, саясий серепчи:

"Элди токтотууга аракет кылды, бирок..."


- Акаев "Кумтөрдү" башынан эле ээрге кыйшык отургузуп алган Ошондон ушул убакытка чейин эле кыйшык бойдон келе жатат. Садыр Жапаров "Кумтөрдүн" көп маселесин ачты. Жараларын чукуду. Садыр Жапаров аны эл аралык стандарттарга ылайык иликтөөгө аракет кылып жатып эми минтип камакта отурат. Ошол күнкү митингде мен болгом. Талаптарды коюшуп, чынында митингдин башы демократиянын негизинде жакшы башталган. Бирок, аягында митинг кандайдыр бир футболдук синдром болуп, баягы футболдогу күйөрмандар Ак үйдү көздөй каптады. Жакшы маани, жакшы максаттагы митинг элдин толкуну менен ушундай аяктады. Бул жерде эч кандай даярдык болгон эмес. Ошондуктан соттор, адвокаттар кылдат карап, туура чечим чыгарышы керек. Ошол митингде болгон адам катары мен айтып коюшум керек, Садыр Жапаров бийликти басып алууга эч кандай чакырык, үгүт жасаган эмес. Тескерисинче "токтогула" деп элди токтотууга аракет жасады, бирок толкуган эл токтогон жок.


Дастан Жумабеков, ЖК депутаты:

"Жапаров кайсы күнөөсү үчүн отурат?"

- - Садыр Жапаровдун камакта кармалганы боюнча биз фракцияда бир канча жолу карап, ал мыйзамсыз отурганын айтканбыз жана мыйзамдын аткарылышын талап кылып келе жатабыз. Коомчулукта деле "ал кайсы күнөөсү боюнча отурат?" деген суроо туулуп жатат жана жатса керек. Чындап эле азыркы күнгө чейин ал кайсы күнөөсү үчүн, эмнеге отурат? Мыйзам чегинде анын айыбын карасак, туура эмес. Ошондон улам мыйзам бузулдубу деп кетем.


Курмантай АБДИЕВ, ЖК депутаты:

"Эч кандай кылмыштын курамын көрбөй жатабыз"


- Мурда Прокуратурада иштеп жүргөн Жогорку Кеңештеги үч депутат өз оюбузду айтып, Башкы прокуратурага үч ирет кайрылдык. Биз эми, бир аз болсо да, ошол чөйрөдө иштеп калган кесипкөй катары эч кандай кылмыштын курамын көрбөй турабыз. Бирок, биз ал кайрылууларыбызга жооп алдык. Мына эми бүгүн соту болгону турат. Процесске депутаттардан төртөөбүз коомдук жактоочу катары катышканы жатабыз. Эми алардын канчалык деңгээлде күнөөсү бар экени процессте далилденет. Менин оюм боюнча" ага тагылган айыптар негизсиз, бул жерде эч нерсе жок.


Наргиза КОЗУБАЕВА
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА