Кайчы пикир

Назарали АРИПОВ,
ЖК депутаты:

"Кымындай эле күнөөм болсо,
сотко берсин"

Бир жактуу болуп калбасын деп аты аталган эки депутатка кайрылып, пикирин уктук.

- - Назарали мырза, бизге Лейлек районунун Катраң, Лейлек айыл өкмөттөрүнүн тургундарынан сиздин дарегиңизге арыз келип түштү. Андагы ачылган кен маселеси боюнча. Элдин кызыкчылыгын коргобой, чет элдик инвесторлорду колдоп жатыпсыз. Эмнеге?
- - Элден айланса болот. Албетте анын ичинде жаманы, жакшысы да бар. Элден мен качпайм. Ал жердеги эл менен жолуктум. Атүгүл акцияны уюштурган баланын атасын дал ошол жерге жолугууга чакыргам, ал келген жок. Бул маселени былтыр, декабрь айында ЖК палатасында карадык. Ошондо мен: "Эгер буга кимдир бирөө күнөөлүү болсо, элге зыян келтире турган болсо, анда алтын кенин жаап салсын. Эгер инвесторлор келсе, элдин кызыкчылыгын эске алуу менен, экологияны бузбай, мыйзам чегинде кенди иштетсе болот" деп айтканым бар. Канча убакыт өтүп кеткенден кийин муну эмнеге козгоп жатышат? Бул арыздын артында бирөө турат деп эле кабылдап атам. Же бул маселеге менин кымындай бир күнөөм болсо, сотко берсин. Сотто ушул маалыматты тактап беришсе, анда мен мандатымды таштап кетем. Эгер айткандары чын болсо, Башкы прокурор Аида Саляновага арызданышсын. Мага суроолору болсо, кат жазып келишсин, аларды кабыл алууга дайым даярмын. Ал жерде эч кандай мыйзам бузуулар болгон эмес. Мына, кен боюнча менин колумда бүт документ бар. Катраң айыл өкмөтүндөгү "Апрельское" деген алтын кенинин башында "AZ Интернешнл" ЖЧКсы турат. Лицензиясы бар, мыйзам чегинде макулдашылганы жазылган (Сейфтен алып чыккан документтерди тааныштырды, көчүрмөсүн берди. Лицензия менен таанышсак, ал биздин өкмөт менен Москва өкмөтүнүн макулдашуусу боюнча 2005-жылы түзүлгөн экен, анын мөөнөтү 2013-жылдын 31-декабрына чейин - авт.). Бул ишкана бүгүн же кечээ чыга калган жок. 2002-жылдан бери иштеп келатат. Буга өкмөт гана уруксат бере алат. Лицензия берүү депутаттын милдети эмес, өкмөттүн милдети. Анан ага биздин, менин, Азамат Арапбаевдин, Канат Исаевдин кандай тиешебиз бар? Анын үстүнө ошол сөз болуп жаткан жер айыл өкмөткө карабайт, токой чарбасына карайт.
- Агаңызды аким кылганыңыз чынбы?
- - 2010-жылы акимчиликке үч адам ат салышып, аягында агам утуп чыккан. Агамдын аким болуп калышына менин эч кандай тиешем жок.
- - Кен казылган жерге, тагыраагы, Алмалыга Канат Исаев менен эмнеге жашыруун бардыңыз эле?
- - Ал кезде Канат Исаев биздин фракциянын жетекчиси эле. Биз Лейлек районун кыдырып чыкканбыз.





Азамат АРАПБАЕВ,
ЖК депутаты:
"Арыздануучулар мага
келсин, эшигим ачык"

- - Азамат мырза, кайрылуу жолдогондор: "Азамат Арапбаев Катраңга өмүрү басып келбей туруп, коллегасы Назарали Ариповдун негизсиз жалаасына кошулуп, "атайын уюштурулган" деген сөздөрдү таратты" деп нааразы болушууда. Буга сиз кандай комментарий бере аласыз?
- - Катраңга басып барбаганым ырас. Бул бир. Экинчиден, теңтушум Назарали Ариповду көптөн бери тааныйм, сыйлайм. Бирок, тааныса эле аны колдойт экен деп түшүнбөш керек. Үчүнчүдөн, Катраңда бир топ адамдар лицензиясы бар чет элдик компаниянын ишине тоскоол болгон. Ошондо мен: "Бизде тартип качан орнойт? Бизде аябай көп алтын, башка дагы кен бар, аны эффективдүү иштете албасыбызды 20 жыл ичинде көрдүк. Андыктан биз сырттан инвесторлорду тартып, кызматташууга муктажбыз. Чет элдик компаниябы же кыргызстандык компаниябы, мыйзамды бузбай иштеши керек. Каттоодон өтүп, салыгын төлөп, бир топ жумуштарды жасап жаткан компанияларды топтошкон топтордон биз мыйзам чегинде коргошубуз керек!" деп айткан элем. Бул сөзүмдү кимиси кандай кабыл алып, түшүнгөнүн билбейм. Эгер арыздануучулар чындап эле зыян тартып жатса, анда мыйзамдуу иш алып барсын. Жөнү жок жол тосуп, бирөөнүн мүлкүн басып албай, айткандарын тастыктап, прокуратурага арыз жазсын. Мен мыйзам бузгандарга каршымын. Бул менин илгертен келаткан позициям.
- - "Арапбаев эркек болсо эл алдына келсин" деп сизди Катраңга чакырышыптыр. Барасызбы?
- - "Эркек болсо келсин" деген түшүнүк менен качанга чейин жашайбыз? Арыздануучуларга менин эшигим ар дайым ачык. Арыз-дооматын көтөрүп келсин, кабыл алып, угуп, мыйзам чегинде чечип берүүгө даярмын. Жүйөөсү жок бирөөнү каралап, жөнү жок көчөгө чыкпай, мыйзамдуу иш алып баралы деп дагы бир жолу айтам.





Өкмөттүн өкүлү айтты эле…
Жеңиш РАЗЗАКОВ:
"Кен изилдөөчү компанияга
ири суммадагы айып салынды..."

Былтыр декабрдын аягында бул маселе боюнча КРнын өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Раззаков кайсы бир сайтка берген маегинде мындай деген.
"Катраңда айрым адамдар тарабынан экологиялык зыян туурасында маселе көтөрүлгөн. Бул боюнча өкмөттөн атайын жумушчу комиссия түзүлүп, зыян, пайдасын карап, жыйынтыгында табиятка келтирилген зыян боюнча кен изилдөөчү компанияга ири суммадагы айып салынды. Негизинен арчалар кыйылып кеткен. Бул жерде токой чарбасы көзөмөлгө албай, өз ишин аткарбагандыгы көрүнүп турат. Бирок, атайын адистердин текшерүүсү менен сууда зыяндуу заттар жок болуп чыкты. Премьер -министр менен жолугушууда кен чалгындоочу компаниянын жетекчилигине алтын казылуучу жайда экологияны сактап, алынган пайданын 2 пайызын жергиликтүү бюджетке которууну, жумушчулардын 95 пайызын жергиликтүү айыл тургундарынан алууну жана айылдын социалдык маселелерин чечүүдө жергиликтүү элге жардам берүү жагы тапшырылды. Мисалы, кен чалгындоочу компания 5 миллион долларды буга чейин өздөштүргөн. Өкүнүчтүүсү 165 миллион долларга инвестиция жумшап жаткан компания жергиликтүү элдин социалдык проблемаларын чечип берүүнү унутта калтырып, өз ара тыгыз байланышты түзүүнү көңүл сыртында калтырышкан. Ошол эле учурда жергиликтүү айыл өкмөтү көңүл буруучу маселелер да бар экендиги айтылды. Жергиликтүү бийликке инвесторлорго шарт түзүп берүү, инвестордун ишине тоскоолдук кылган жагдайларды алдын алуу жактары тапшырылды".