КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ А.АТАМБАЕВГЕ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ТӨРАГАСЫ А.ЖЭЭНБЕКОВГО
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАНЫН БАШ МИНИСТРИ Ж.САТЫБАЛДИЕВГЕ

Манаска Манастай мамиле керек!

Дүйнөдө теңдеши жок улуу "Манас" эпопеясы кыргыз улутунун гана эмес, бүт адамзаттын көөнөрбөс мурасы. Бирок, бул эпопея боюнча мыйзамдын максат-талабына ылайык иш Респуб-ликада али да солгун. Кыргыз элине жана башка улуттарга, эпопеядагы өлбөс-өчпөс идеялардын, адептик-ыймандык таасирин өз деңгээлине жеткирүү, кеңири таркатуу үчүн төмөндөгү кечиктирилгис иш-чаралар зарыл деп эсептейбиз:

І. 2013-жылы долбоорун түзүп, 2015-жылы Бишкекте "МАНАС ААЛАМЫ - МАНАСТААНУУ БОРБОРУ" аттуу 10-12 кабат имарат, атайын борбор куруу, бүтүрүү керек .
Бул борбордо:
а. "Манас" эпопеясынын музейи;
б. "Манас" Академия - билим берүүчү окуу жай, илимий изилдөө институт, курстар;
в. Гений, залкар манасчыларга эстеликтер;
г. Манасчылардын өнөрканасы;
д. Концерттик зал (1000 орундук);
е. спорттук аянттар, имараттар;
ж. Мейманкана болууга тийиш.

Бул имаратты курууга каражатты:
- мамлекеттик казынадан;
- калктын өз ыктыяры менен кошкон салымынан;
- башка өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын кайтарылгыс каражаттарынан (грант) топтосо болот.
Кыргызстан азыр алсырап турса да, Манас үчүн бир имарат курууга кудурети жетет деп ойлойбуз. Эпопеяны кеңири жайылтуу, даңазалоо өтө төмөнкү деңгээлде болгону биздин улуттук намысыбызга тийип жатат.
"Ысык-Көл" мейманканасы, каралбай калган Манас айылы Манастаануу борборуна ылайыктуу болор эле.

II. Кыргыз улутунун биримдигин, кыргыз улуту менен башка улуттук топтордун ынтымагын, достугун камсыз кылуу; мамлекетти ыйманы таза, мекенчил, иш билги жетекчилердин башкарышына багытталган "Манас" эпопеясындагы улуу идеяларды, ой-максаттарды Кыргызстандын мамлекеттик идеологиясына, саясатына айландырып, өлкөнү өсүү жолуна салуу - тарыхый зарылчылык.

IІІ. 2011-жылы өлкөдөгү бардык 52 жогорку окуу жайларга манастаануу сабагы кирген. Ал эми И.Арабаев атындагы КМУда Манастаануу институту түзүлүп, манастаануу адистиги ачылды, студенттер бул адистикте мамлекеттик гранттын негизинде окуп жатышат.
Улуу ой-максаттарга толгон "Манас" жана башка эпостор боюнча элибиздин, өзгөчө жаш муундардын билими терең болсун, ыйманынан, жан-дүйнөсүнөн биротоло орун алсын десек, анда Респуб-ликадагы 2004 мектептердин адегенде 9,10,11-класстарына, атайын орто окуу жайларга (125) манастаануу сабагын 2013-жылы киргизүү абзел. Калган класстарга бул сабакты 3-4 жылдын ичинде киргизүү керек.
Мектеп окуучуларынын жүгүн башка сабактардын сааттарын кыскартып жеңилдетсе болот. Бирок, манастаанууну сөзсүз киргизүү керек.
Балдар бакчаларында да "Манас" эпопеясын, башка ооз эки керемет чыгармаларды окутуу, үйрөтүү тарбия-таалимге ополтоодой таасир берет.
Албетте, ЖОЖдордун, атайын орто жайларынын, мектеп класстарынын, балдар бакчаларынын өзгөчөлүктөрүнө жараша бирдиктүү окуу программаларынын, окуу китептеринин, хрестоматиялардын түзүлүшү, чыгарылышы учурдун талабы.

IV. "Манас" жана башка эпосторду илимий изилдөө да талапка жооп бербейт. Илимий изилдөөнү жандандыруу, өөрчүтүү үчүн:
а. Манастаануу илимин Улуттук аттестациялык комиссия илимий реестрге киргизип, бул илим боюнча кандидаттык, доктордук диссертацияны жактоо үчүн илимий кеңештерди түзүү керек;
б. "Манас" эпопеясынын тарыхый чындыгын, өзөктүү окуялардын доорун илимий, өзгөчө археологиялык жактан изилдөө, аныктоо максатында мамлекеттик казынадан жыл сайын 100 млн сом бөлүнүп турушу зарыл иш.

V. "Манас" майрамын өлкөнүн бардык аймактарында жылыга өткөрүү абзел. Бул иш-чара жарандарды мекенчилдикке, адептүүлүккө, улуттук улуу мурас-тарды өздөштүрүүгө чоң салым кошоору шексиз.

Урматтуу мамлекет башчылары!
Кыргыз элинин бүгүнкү күнү, эртеңки келечеги үчүн өзгөчө маанилүү бул маселелер ондогон жылдардан бери чечилбей келет.
Бул көйгөйлөргө өзгөчө көңүл буруп, тарыхый чечимдерди кабыл алышыңарды күтүп, ишенип кайрылып отурабыз.

Силерди урматтап,
КР баатырлары: С.Эралиев, С.Жусуев, Б.Жакиев, М.Мамытов.
Соц. эмгектин баатыры - К.Акназаров.
Манастаануу институттун башчысы - Т.Тургуналиев.
Академиктер: А.Эркебаев, А.Какеев, Т.Койчуев, А.Акматалиев, А.Бөрүбаев.
ИА мүчө - корр. - Р.Кыдыралиева, С.Мусаев, Т.Аскаров, О.Тогузаков.
Илим докторлору, проф.: Т.Абдырахманов, Т.Кененсариев, Т.Чоротегин, О.Каратаев, Р.Ачылова, Ш.Акмолдоева, С.Байгазиев, А.Сулайманов, С.Рыспаев, К.Мамбеталиев, С.Кайыпов.
Манасчылар, акындар: С.Касманбетов, Р.Исаков, Д.Сыдыков, С.Турсунбаев, З.Баялиев, К.Мамадалиев, С.Көчөрбаев, Н.Сейдракманов, Ж.Жумакадыр, А.Туткучов, Б.Максүтов.
Эл акындары, жазуучулары, артисттери, сүрөтчүлөрү: М.Абакиров, А.Өмүрканов, Г.Момунова, Ш.Дүйшеев, С.Тургунбаев, А.Надырбеков, Р.Рыскулов, Э.Молдокулова, Д.Жалгасынова, М.Шаршембиев, СССР эл арт. К.Сартбаева, Ж.Кадыралиев.
Респ. Аксакалдар кеңешинин төрагасы - Д.Шадыбеков.
"Кыргыз эл" коомунун төрагасы Т.Мүлкүбатов.
Жазуучулар, акындар - И.Гилязетдинов, Баяс Турал.
Коомдук ишмерлер - Б.Жээнбеков.
"Алиби" гезитинин эмгек жамааты.




Эл башына жолотпо

Памир Илбирс редакциябызга бүгүн да келди. "Бишкектеги сейил бакка түрк өлкөсүн бутуна тургузган Ата Түрктүн атын ыйгарып жатып кыргыздардан да "Ата Түрктөй бирөө чыгып, өз көмөчүнө күл тартпай, карапайым калк үчүн каны-жанын аябай иштеп берсе" - деген тилектер айтылбады беле. Эми ошол Ата Түрк сейил багын кыргыздардын тың чыкмалары өздөрү жең ичинен бөлүп алышып, атаандашып хан сарайларды салышып, заңкайган имараттардын салык, светтерин төлөшпөй жашырып-жаап жатышканына жол болсун! Электрик менен кошо барып, хан сарайларды телеге тартып жаткан эки кабарчы кызды сабап, "итке талатам" деп үрөйүн учурганын эмне деп айтууга болот. Ата-энесинин байлыгына көпкөн ушундайлар көтөрмөлөө менен депутат, министр, анан президент болом деп чыгат. Болуп да калат. Анан кантип Кыргызстан оңолсун?" - деп күйүп-бышып алыптыр. Төмөндөгү казалы да ушул жөнүндө экен.


"Сүйөнчү болуп элинин,
Тирөөчү болуп жеринин,
Башын сайып калкы үчүн,
Бардыгынан кечкен" - деп.
"Бүт өмүрүн журтуна,
Арнап жүрүп өткөн" - деп.
"Ата Түрк" деп андыктан,
Атап аны алышкан.
"Өлкөбүздү көтөргөн
Адам" дешип даанышман.

"Кыргыздардан ушундай,
Кыйын бирөө чыгар" - деп,
"Карапайым калкына,
Тикесинен турар" - деп.
"Ата Түрктөй болсо" - деп,
"Жети кабат Ак үйдөн,
Желип-жортуп тараган,
Жемкорлукту жойсо" - деп.
"Кыргызчылык алешем,
Очорулган жашоону,
Орду-ордуна койсо" - деп.

"Акаевдей ырсактап,
Аялына баш берип.
Баласына, кызына,
Казак күйөө балага,
Күлмүң карап каш керип…
Эл мүлкүнө кол салып,
"Прихват" кылбайт" - деп.
"Куулуп анан журтунан,
Бөтөн жерде турбайт" - деп.

"Бакиевдей сайрандап,
Танцы тээп тайраңдап.
Эл-журтунун намысын,
Баласына тепсетип,
"Беш миллион кой" дедирип.
Ырыскысын элинин,
Жөөттөргө жедирип.
Көкүрөгөн эненин,
Көөдөй кара так кылып,
Уулдарын азамат,
Жанышына аттырып.
Дөөлөтүнө чычпайт" - деп,
"Абийирин ачпайт" - деп.
"Айдалып анан журтунан,
Алыс жерге качпайт" - деп.

"Ата Түрктөй болот" - деп,
Тилек кылып аташып.
Атын койгон бул жерде,
Калды баары чаташып.
Жең ичинен күркүлдөр,
Жерди бөлүп алышты.
Атаандашты, жарышты,
Хан сарайды салышты.
Дөөгүрсүшүп байлыкка,
Дөбөттөрдү багышты.
Светтерин төлөбөй,
Жашырышты, жабышты,
Ар айланы табышты.

Кылгылыкты кылышты,
Кыл жип менен буушту.
Барып калган адамды,
Бетке чаап куушту.
Хан сарайда жашаган,
Абдирейим Кулбаев,
Шаарга вице-мэр болгон.
"Ити чөп" жеп ирденген,
Күркүл болгон, эр болгон.
(Карындашы Аида,
Ал да шаарга депутат).
Эжесине эркелеп,
Атасына алчактап,
Өйдө карап койгонду,
Өмгөктөтүп желкелеп,
Айдин жигит чалчактап…

Жигит болбой куруп кал,
Сабаганга кыздарды,
Кантип колу барды экен?
Башындагы "көңдөйү",
Тайкы да экен, тар да экен.
Көтөрмөлөп эжеси,
Жана күркүл атасы.
(Мына ушунда турбайбы,
Кыргызчылык катасы).
Барып калса бийликке,
Бей-бечара байкушту,
Бирден кармап соёт го.
Эңшерилтип эл-журтту,
Энтеңдетип коёт го.

Максим менен Айдардан,
Айырмасы жок тура.
Ашып түшкөн алардан,
Алакөөдөк шок тура.
Бийлик тийсе колуна,
Акаевден ашат го,
Бирден терип атат го,
Бакиевдей болот го,
Кокуй калкым мындайды,
Эсиң болсо эгерим,
Эл башына жолотпо!
Памир ИЛБИРС