Өзүн өзү билип...
ӨКМӨТТҮН ӨКҮЛҮНҮН
ДЕМИЛГЕСИБИ ЖЕ ӨМГӨГҮБҮ?
19-январь күнү өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча өкүлү Жусубалы Төрөмаматов Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын алкагында "Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикалык абалын талкуулайбыз" деп жыйын өткөрүп, ага Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттарын, мэриянын жана областтык күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин, аксакалдарды жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн чакырыптыр. Эң кызыгы бул жыйын күн мурунтан пландаштырылбай эле, бир күндүн ичинде чакырылып, күн тартиби жок эле Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикалык абалын талкуулоо деп өткөзүштү. Бирок жыйындын баш аягына чейин аталган темада талкуу жүрбөй эле, шаардык кеңешке өткөн "Ата Журт", КСДП жана "Өнүгүү" саясий партияларынын ортосунда пикир келишпегендиктен шаардык кеңештин депутаттары сессияларга чогула албай жатканы, жаңы шайланган төраганын мыйзамсыздыгы боюнча талаш-тартыш талкуулар болуп өттү.
Жыйынды Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлү Ж. Төрөмаматов ачып, ал "Жалал-Абад шаардык мэриясы бардык багыт боюнча эч кандай жумуш аткарбай жатат" деп баса белгилеп, шаардык бюджет качан кандай болот деп тынчызданып өткөндөй болду. Ошондой эле шаардык кеңештин депутаттарын ынтымакташып сессия өткөрүүгө чакырып, "сессия өткөрө албасаңар чет өлкөлүк донор уюмдар тарабынан областка бөлүнчү кредиттен ж.б каржылоолордон куру калабыз" деп кейип да алды. Өз кезегинде "Өнүгүү" партиясынан шайланган депутаттар 21-январда берген пресс-конференциясында. "Өкмөттүн өкүлү мэриянын иштебей жатканын кайсыл көрсөткүчтөр, кайсыл фактылар менен тастыктаганы белгисиз, анысы аз келгенсип ал өлкөбүз үч баскычтуу бюджеттик каржылоодон бүгүнкү күнү эки баскычтуу каржылоого өткөнүбүздү унутуп калгандай. Анткени, Өкмөттүн өкүлүнүн шаардык бюджетке кандай тиешеси бар экенин жана шаардык бюджет традициялуу эле жыл январда эмес, республикалык бюджет кабыл алынган соң, башкача айтканда март айларына барып кабыл алынаарын унуткандай" - деп Төрөмаматовго нааразы экенин жашырышкан жок.
Өкмөттүн өкүлү өткөргөн жыйында сөз алган областтык аксакалдар кеңешинин төрагасы А.Кочкоров, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын областтык координатору К.Чойбеков жана коомдук ишмер М.Женбековдор үч партияны ынтымакка чакырымыш болуп, экс-мэр Б. Адыловду жана анын аткарган иштерин бир сыйра жамандап алганга үлгүрүштү.
Негизинен жыйындын жүрүшүндө сөз сүйлөгөндөр шаардын социалдык-экономикалык абалын талкуулоонун ордуна партиялар ортосундагы пикир келишпестиктер, саясий интригалар жана партиялардан шайланган депутаттар ортосунда кайым айтышуу менен эле жыйынтыкталды. Жыйындын максаты бул шаардын социалдык-экономикалык абалы эмес, бүгүнкү күнү Жалал-Абад шаарындагы саясий кризисти, башкача айтканда шаардык кеңешке өткөн үч партияны ынтымакка чакыруу катары өткөндөй сезилди. Ынтымакка чакыруу жакшы деңиздерчи, бирок Өкмөттүн өкүлүнүнүн бул жыйыны ынтымакка чакырганга караганда кайсыл бир партиянын буюртмасын аткарып, экинчи бир партияны областтык ички иштер башкармалыгынын, областтык коопсуздук башкармалыгынын жана областтык прокуратуранын жетекчилеринин көзүнчө коркутуп, илгерки өткөн замандардын кылыктарын кайталагысы келип жаткандай. Себеби, эгерде чын эле өлкөнүн өнүгүү стратегиясынын алкагында шаардын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн талкуулап, жыйын өткөргүсү келсе, анда эмнеге шаар активин чакырып, шаардык мэрияда жыйын уюштурбайт. Ошондой эле шаардын абалы талкууланып жатса, эмнеге шаардык жетекчилердин ордуна областтык прокуратура, областтык ичики иштер башкармалыгы жана коопсуздук комитетинин өкүлдөрү отурат жыйында, белгисиз - дейт шаардык кеңештин депутаты Н. Исмаилов.
Негизинен Кыргыз Респуб-ликасынын өнүктүрүү стратегиясынын алкагында шаардын социалдык-экономикалык абалын талкуулайбыз деп жергиликтүү кеңештин ишине өкмөттүн өкүлү киришип жатканын "Өнүгүү" партиясынын депутаттары жана жактоочулары мыйзам бузуу катары баалашууда. "Өнүгүү" партиясынын өкүлү Айсулуу Камбарованын айтымында, Ж.Төрөмаматов бул иш-чараны өткөрүү менен "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдын 27-беренесин бузган. Анда "жергиликтүү мамлекеттик бийлик жергиликтүү кеңештердин ишине кийлигише албайт" деп айтылган.
Ал эми өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппарат башчысы Э.Абдыкадыров алардын ишине кийлигишпегендигин билдирет. "Биз шаардык кеңештин узакка созулуп бараткан саясий кризистен чыгып, ынтымакка келип иш баштоосун өтүнүп жатабыз. Бул демилге шаардын жашоочуларынан, аксакалдар кеңешинен чыгып, бизге кайрылган. Бул иш-чарага жалпы коомчулук катышты. Аларды ынтымакташып иштөөгө чакырса эмнеси жаман?" - дейт ал.
Эгерде шаардын жашоочуларынан, аксакалдар кеңешинен партияларды ынтымакка чакыруу демилгеси чыккан болсо, анда эмнеге жыйынды башка бир темада эле чакырып, бирок башка мааниде талкуу уюштуруунун кандай зарылчылыгы бар эле деген ой келет экен. Же, бул жыйынды уюштургандар бүгүнкү бийликте турган партиялардын заказын аткаруудабы же жогорку бийликке "медвежий услуга" өтөп жатканыбы, түшүнбөйт экенсиң.