"Ар Намыстын"
жасалма "баатыры"
Нурлан Төрөбеков

Нурлан Төрөбеков аттуу "Ар Намыс" фракциясынын депутаты бар. Бул адам кайсы гана бийлик болбосун тилин таап, "жасалма ооганчынын шинелин кийип", айтылуу орустардын "Колобок" жомогундагы каармандай болуп, "Акаевдин, Бакиевдин бийлигинин тушунда буйтактап, эми Атамбаевдин бийлигинин тушунда буйтап кетем" деп турган чагы. Бул төмөндө факты менен далилденген маалыматтарды четке кагып, кол алдындагы жасалма да, жасалма эмес да ооганчыларды чыгарып, пресс-конференция өткөрүп, актанышы толук мүмкүн. Айта кетүүчү жагдай, мындай пресс-конференцияларга эмнегедир өзү такыр катышпайт. Бирок, ал пресс-конференцияңыз деле суу кечпей калды го, Нурлан мырза…. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Нурлан Төрөбеков тууралуу ММКларда жарык көргөн маалыматтар тийиштүү органдардын да кызыгуусун жараткан.

Нурлан Төрөбеков кыргыздар түгүл мурдагы союздун курамына кирген мамлекеттер аялуу да, аярлуу да мамиле кылган ооганчылардын катарын "жасалма" толуктаган "баатыр". "Ар-Намыс" деген атан төөдөй аты бар партиянын курамындагы бул адам, адамгерчилик жана арбактарды сыйлоо деген түшүнүктү, "эптеп эле ооганчылардын этегине жармаш" деген түшүнүк менен алмаштырып алганына кыйла болуптур. "Журналисттер көп маалыматты тактабай" берет деп аңды-дөңдү карабай айткан депутатка тиешелүү жагдайларга төмөндө токтололу.
2008-жылы буга чейин ооганчылардын башын бириктирип, уюм түзүп, каадалуу басып, катардан калбаган Нурлан Төрөбековду "Ооган коогалаңына катышкан эмес, жасалма документтердин негизинде баатыр болуп жүрөт" деп, ооган согушунун катышуучулары Ч. Беккелдиев, К. Батырканов аттуу адамдар пресс-конференция беришкендиги маалым. Н. Төрөбеков аталган адамдардын маалыматын четке кагып, өз чындыгын далилдегенге аракет кылган эле. Бирок, ооганчылардын арбагынын алдында баш ийип таазим кылган чыныгы ооганчы Нурлан Төрөбековдой осолдукка барууга абийири жол берет беле? Буга төмөндөгү фактылар жооп берет деген ишеничтебиз.
Нурлан мырзанын аскердик билетиндеги маалыматка караганда, 1986-жылы армиянын катарына чакырылган. Эгерде анын 1969-жылы туулганын эске алсак, Армиянын катарына 17 жашында чакырылган. Советтик армиянын аскердик Уставына ылайык жарандарга аскерге чакыруу кагазы 18 жашка толгондон кийин жиберилчү. Бул биринчи калпыстык.
Мөөрү так эмес басылган Н. Төрөбековдун Ооганстанга баргандыгы тууралуу күбөлүк менен аскердик билеттеги кол жазманын коендой окшош экендиги экинчи калпыстык. Ошондой эле эки документтеги маалыматтар бири-бирине карама-каршы келет. Аскердик билеттеги маалыматка караганда Н.Төрөбеков армиядан 1988-жылдын 21-майында кеткен. Ал эми күбөлүк 1989-жылдын 29-майында берилген. Аталган адам 2009-жылдын 9-июлунда "Лица" гезитине берген маегинде "…мы покинули Афганистан. Дослуживал здесь в Кыргызстане, в мае демобилизовался в звании старшего сержанта" дейт. Суроо туулат. Эгер Н.Төрөбеков аскердик күбөлүктү "кенже сержант" наамы менен 1989-жылдын 29-майында Тажикстандын Пяндж районунан алса, 30-май күнү Пржевальск шаарына келип, "ага сержант" наамын кантип алды? Же болбосо ушунча аралыкты учуп өтүп, эки күндө №2066 аскердик бөлүгүнөн бошоп, эки наам алып, №2490 аскердик бөлүгүнөн бошогонго кантип жетишти?
2000-жылдын 16-августунда Бишкек шаарынын Свердлов райондук аскер комиссариаты Н.Төрөбековдун өздүк делосунда Ооганстанда кызмат кылган деген маалымат жоктугунан улам, Россиянын Подольск шаарындагы борбордук архивге №4/1567 саны менен сурама жөнөткөн. Бирок, эмнегедир борбордук архивден эмес, Пушкин шаарчасындагы чек арачылардын борбордук архивден жооп келген. Аталган архив Борбордук архивдин суроосу боюнча жооп жазганы тууралуу маалымат да жок. Пушкин шаарчасындагы чек арачылардын борбордук архиви эмненин негизинде Сверлов районунун аскер комиссариатына жооп жазганы тууралуу сөз да жок. Мына ошо чыгыш номери Т2122 2001-жылдын 20-апрелиндеги "туюк" жоопто "Военнослужащий в-ч 2017 сержант Торобеков Н. Н. в составе в-ч №2066 находился в командировке для выполнения специального задания на территории Афганистана с 22 ноября 1988 года по 12 декабрь 1989 года" деп жазылган. Демек, айтылуу 40-армияны жетектеген генерал Громов 1989-жылы Термез шаарындагы пресс-конференцияда "Ооганстандан СССРдин бүткүл куралдуу күчтөрү чыкты. Ооганстанда бир дагы советтик жоокер калган жок. Акыркы болуп мен чыгып баратам" деп калп айткан тура. Эмне үчүн атактуу генерал жалгыз кыргыз жоокери Нурлан Төрөбековдун ооган жергесинде атайын тапшырма менен калып калганын айткан эмес?
Кызыгы, Н.Төрөбековдун өзүнүн "чыныгы ооганчы" экенин далилдөөгө аракет кылган 2001-жылдын 20-апрелиндеги борбордук чек ара архивинен алып келген справкасы менен 2008-жылдын 17-ноябрында "казып чыккан" справкасынын "исходящий" номери коендой окшош же болбосо Т-8919 деген номер коюлган. Бул 7 жылдын аралыгындагы "жасалма" фактылар Н.Төрөбеков "ооганчы экенин" далилдейм деп отуруп, олдоксон каталарга жол бергенин дагы бир жолу далилдейт.
2008-жылдын 20-апрелиндеги борбордук чек ара архивинен алынган деген маалыматта "16-июня 1989 года младший сержант Төрөбеков Нурлан Надирович, командир гранатомета противотанкового взвода ММГ, исключен из списков личного состава войсковой части 2017, уволен в запас, убыл в Свердловский РВК г.Фрунзе-приказ 16. 06. 1989 г. №139" деп жазылып турат. Деги бул чаташкан маалыматтардын кайсынысы чындыкка жакындашат?
Эң негизгиси, Россиянын ФСБсынын борбордук архивинин начальнигинин орун басары В. П. Борисовдун колу коюлган маалыматта "В документальных материалах войсковой части №2017 других сведений о службе Торобекова Нурлана Надировича, а также его участии в боевых действиях в составе ограниченного контингента советских войск в ДРА за период с 25 мая 1987 г. по 16-июня 1989 г не имеется.
В документальных материалах войсковой части №2490 сведений о прибытии Төрөбекова Нурлана Надировича в командировку из в/ч 2490 и убытии его в командировку для выполнения специального задания на территорию Республики Афганистан в в/ч №2066 за период с 16 августа 1988 г. по 2 декабрь 1988г. не имеется" деп жазылып турат. Демек Н.Төрөбековдун жан далбастап, ар жак, бер жактан тапкан справкалары суу кечпейт тура.
Сандардын чатагынан аттап өтүп, эми Нурлан мырза кызмат кылган аскердик бөлүктүн таржымалына келели. Нурлан мырза бетине кармап жаткан №2066 аскердик бөлүк Тажикстандын аймагындагы Дүйшөмбү, Худжанд шаарларына жакын жайгашкан 48-чек ара кызматы. Пяндж дарыясынын боюнда СССРдин чек арасын Ооганстан тараптан коргогон. Бирок, Н. Төрөбеков ыгы келе калган жерде мактангандай аталган аймакта "стратегиялык объект" же "согуштук" аракеттер болгон эмес. 2011-жылдын 24-февралындагы Россиянын ФСБсынын борбордук архивинен алынган №21/59/Т-876 номерлүү архивдик справка боюнча Н.Төрөбеков Ооганстандагы №2066 аскердик бөлүккө жана (Пяндж) №2490 (ММГ-5) аскердик бөлүккө барган эмес. Так алынган маалымат боюнча Н. Төрөбеков 1989-жылдын 16-июнуна чейин Казакстандын Зайсан чек ара отрядында кызмат өтөп, Лесная заставасынан Зайсан ПГОсунун ММГсына которулган. Иликтөө жүргүзгөн тараптар Н.Төрөбековдун "ММГ-5те кызмат өтөгөн учурумда казак жигиттери менен кызмат кылгам" деген маалыматты такташкан. Көрсө, аталган бөлүктө бир канча кыргыз улутундагы кыргыз жигиттери кызмат кылып, бири да Н. Төрөбеков менен тааныш болбогон. Ал тургай Россия, Казакстан, Белоруссиядан да "ооганчылар иликтөө тобу" менен байланышка чыгып, "деги эле Н. Төрөбеков аттуу адамды тааныбай тургандыктарын" тастыкташкан жана жүздөгөн фотосүрөттөрдү жиберишкен.
Тарых барактарында калган маалымат боюнча Н.Төрөбеков мактанган ММГ-5тин жоокерлери Ооганстандан 1989-жылдын февраль айында чыгып, Арменияга кеткен. Кийин Грузияда болушуп, үйлөрүнө тарашкан. Ал эми Нурлан мырзанын сандары чаташкан документтеринде таптакыр башкача. Бир кагазында "16 июня 1989г. мл. сержант Төрөбеков Н. Н. из в/ч №2017 уволен в запас" деп жүрсө, дагы биринде "16 июнь 1989г. из в/ч 2066 уволен в запас" деп жазылган. Аскердик билетинде "армиядан 1988-жылдын 21-майында кетти" делинсе, өздүк делосунда "1989-жылдын 21-майында кеткен" деп жүрөт. Тажикстандын этегинде кызмат кылып, анан кызматынын акыркы күндөрүндө Пржевальс-кидеги чек ара заставасында күн кечирип, колу жеткен тараптардан жасалма справка даярдатып алган Н.Төрөбеков акыры, чындык калкып чыгат деп ойлонбосо керек. Бизге жеткен маалыматтарга караганда Ооган ардагерлери Россия Федерациясынын ФСБсына жана Подольск шаарынын прокуратурасына "Нурлан Төрөбековго жасалма справка жасап берген кызматкерлерге кылмыш иши козголсун" деп арыз жолдошкон экен. Алардын арызы жолдо калбайт деген ишеничтебиз.
Жогоруда айтылгандай, Н.Төрөбеков ар дайым "№2066 жана №2490 аскер бөлүктөрүндө кызмат кылып, командировкаларда болгом" деп пресс-конференцияларды берип, актанып жүрөт. Анын өздүк справкасында "Н.Торобеков находился в зоне ответственности войсковой части №2066" деп жазылып турат. Тактай кетүүчү жагдай, биринчиден №2490 аскер бөлүгү Пржевальскидеги аскердик бөлүк, №2066 Пянж Тажикстандын аймагындагы чек арасында турган аскердик бөлүк. Бул бөлүктөр чек арада турган аскер бөлүктөрү. Биз билгенден Пянджга жакын Ооганстан менен Тажикстандын чек арасында, тактап айтканда, Ишкашимде турган генерал Исмаил Исаков баштаган 3000 ге жакын кыргызстандык жоокерлер эмне үчүн "ооганчыбыз" деп айтышпайт? Эмне үчүн алар мамлекеттен жеңилдиктерди талап кылышпайт? А түгүл генерал Исмаил Исаковдун оозунан "мен ооганчымын" деп мактанганын уга элекпиз. Ал эми сиз, Нурлан Надирович аталган чек ара бөлүктөрүн бетке кармап, мамлекеттен жеңилдик алмак түгүл, депутаттык креслого да жеттиңиз.
Биз билгенден бийликтин кемчилигин бетке айткан айрым депутаттарга Башкы прокуратура бат эле кылмыш ишин козгоду. Ал эми фактысы кашкайып турса да, Нурлан Төрөбековго окшогон бийликтин тилин таап, коңулда тынч отура бергендер качанкыга чейин көз жаздымда калат?
Д. Садырбаева