Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Акыйкатчы Турсунбек Акун:
"Менин жашоомдун негизги маңызы - адам укугун коргоо..."
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин депутаттарына кайрылуу

Урматтуу депутаттар!
Мен Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтун беш жыл жетектегениме карабастан, ушул кызмат ордуна шайлануу үчүн экинчи мөөнөткө талапкерлигимди коюп жатам. Сиздерге бул чечимимдин себептерин түшүндүргүм келет.
Биринчиден, биздин демилгебиздин негизинде БУУнун агенттиктери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтун өнүктүрүүнүн 2008-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыккан. Ал боюнча бир катар ири иш-чараларды ишке ашырганыбызга карбастан, дагы көп иштерди аткаруубуз керек.
Биздин демилгебиз боюнча 2013-2018-жылдарда Кыргызстанда адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча улуттук концепциясын иштеп чыгуу башталган. Ага чоң даярдыктар көрүлгөн. Концепциянын долбоорун даярдоодо БУУнун жогоруда аталган өнүгүү стратегиясынын тажрыйбасы жана ишке ашыруунун натыйжасы колдонулган. Алдыда концепцияны аягына чейин иштеп чыгуу боюнча чоң жана жооптуу иш турат.
Экинчиден, 2012-жылы биздин аракетибизден улам Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча улуттук институттарынын координациялык комитетинин "b" статусуна ээ болдук. Бул мен жетектеген Акыйкатчы Институту үчүн кыйла жетишкендик болуп саналат. Эми координациялык комитеттин "А" статусун алуу зарылдыгы турат. Эгер ушул статусту алсак, анда эл аралык донорлор биздин өлкөгө үстөксүз насыяларды жана инвестицияларды берүүсүнө шарт түзүлмөк.
"А" статусун алуу, аны алган өлкөдөгү адам укуктары менен эркиндиктери эл аралык стандартка жооп берет дегенди билдирет.
Эгер биз 4 жылда Акыйкатчынын "b" статуска ээ болуусуна жетише элсак, менин оюмча "А" статусун 2013-жылы эле алууга чоң мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Анткени, Акыйкатчы болуп иштеп туруп, эл аралык укук коргоо уюмдарында кеңири жекече байланыштарды түзө алдык. Мындан сырткары бул чөйрөдөгү документтерди даярдоодо да чоң тажрыйбага жетиштик. Бул топко кирүү боюнча бардык процедураларды үйрөндүк. Ошондуктан ушул ишти да аягына чыгаруу өтө зарыл.
Үчүнчүдөн, белгилүү болгондой, бүгүнкүгө чейин укук коргоо органдарына калктын ишеними өтө төмөн. Бул органдар тарабынан элдин даттануулары өз убагында каралбайт, бюрократиялык тоскоолдуктарга туш болуп, ушундай негизде коррупциялык көрүнүштөр да болуп турат. Айласы кеткенде адамдар Акыйкатчы Институтуна кайрылууга аргасыз болушат. Акыйкатчы Институтуна жарандардын ишеними бир топ эле жогору. Акыйкаттык, чындык издегендер үчүн Акыйкатчы Институтун алар кайрыла турган ыйык жайга айланта алдык. Биз жарандардын бузулган укуктарын коргоодо шашылыш жардам көрсөтүп, алардын кайгы-муңун коомчулукка жана мамлекеттик органдарга жеткирүүнү да жолго койдук. Биздин максатыбыз - мындан ары да Акыйкатчыга элдин ишенимин арттырып, анын аброюн жогорулатуу болуп саналат. Бул багытта да аткарылчу иштер арбын.
Төртүнчүдөн, 2009-2011-жылдары биз Акыйкатчы Аппаратына БУУнун агенттиктери тарабынан 300миң АКШ доллары өлчөмүндө техникалык колдоо тарта алдык. Кызматкерлер семинар-тренингдерден өтүштү, тажрыйба алмашты.
Институтка 14 миң АКШ доллары өлчөмүндө оргтехникаларды алып, аймактык офистерибиздин мүмкүнчүлүгүн бекемдеп, олуттуу иштер жасалды. Эми 2012-2014-жылдарга БУУнун агенттиктери тарабынан жаңы гранттык колдоого макулдашып, долбоор ишке киришти. Бул долбоорду аягына чыгаруу иши да мойнубуздагы чоң жоопкерчилик.
Бешинчиден, Сиздер, урматтуу депутаттар, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор тууралуу мыйзамды кабыл алып бердиңиздер. Бул дүйнө элдеринде кезикпеген өзгөчө жана өтө маанилүү мыйзам. Мындай мыйзамды кабыл алып бергениңиздер үчүн сиздерге чоң ыраазычылыгымды билдирем. Эми мындай борбордун уюштуруу иштерин чечүү Акыйкатчы Институтунун чоң милдеттеринин бири. Биз бул маанилүү мыйзамды даярдоого 4 жылга чукул убакыт кетирдик. Акыйкатчы катары жумушчу тобу менен биргеликте ушул мыйзам долбоорун даярдоонун башында болуп, аны сиздерге сунуштадык. Бул улуттук борборду бутуна тургузуу боюнча ишти аягына чыгайын деген чоң тилектерибиз бар.
Алтынчыдан, Акыйкатчы Институту бийликтин бардык бутактары менен үзүрлүү кызматташты. Алардын арасында көз карандысыз институт катары өзүнүн ордун таба алды. Бийликтин үч бутагы тең Акыйкатчы Институтунун көз карашын эске алуу менен Акыйкатчынын өзүнө урмат-ызаат менен мамиле жасап, анын кызматкерлерине да сый урмат менен карап калышты. Ушул өз ара кызматташтыкты дагы жаңы сапаттык деңгээлге көтөрсөк деген ниеттемин.
Жетинчиден, 2011-жылы болуп өткөн Омбудсмендердин эл аралык IV Ысык-Көл форумунун чечиминин негизинде Омбудсмендердин Евразиялык Ассоциациясы түзүлүп, анын штаб-квартирасы Бишкек шаары болуп тандалды. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Евразиялык Омбудсмендер Ассоциациясынын төрагасы болуп шайланып, бул Ассоциацияны бутуна тургузуу бизге жүктөлдү. 2012- жылы өткөн Омбудсмендердин Эл аралык конференциясында бул Ассоциацияга киргендердин саны арбый баштады жана Эл аралык колдоого арзууда. Ошондуктан бул багытта өтө көп уюштуруучулук иштерди жүргүзүү алдыда турат. Эгер бул Ассоциация бутка бекем турса, Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброю өсөөрү турган иш.
Сегизинчи себеп, 2013-жылды ден соолугу боюнча "мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо жылы" деп жарыялап, ушул жылы "Майыптар тууралуу эл аралык конвенцияны" Парламент тарабынан ратификациялоо боюнча иш алдыда турат. Бул багытта депутаттар, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен чоң иштерди аткарышыбыз зарыл. Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндө дагы көп иштерди аткаруу алдыда турат.
Тогузунчу себеп, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту буга чейин жасаган ишин улантып, өлкөдөгү адам укугун коргоочу жана бул багытта аракеттенген бейөкмөт уюмдардын башын бириктирип, алдыда адам укугун коргоо чөйрөсүндө көп иштерди аткарууну пландоодо. Мындай аракеттин башталышы катары өткөн 2012-жылдын 17-декабрында Акыйкатчынын демилгеси менен көптөгөн укук коргоочу жана бейөкмөт уюмдар кыйноолорду болтурбоо жана алдын алуу максатында түзүлгөн Меморандумга кол коюу аземи болду. Бул Меморандумга мамлекеттик органдар да кол коюп, көп жылыштар болууда.
Онунчу себеп, биздин демилгелерибиздин, аракеттерибиздин натыйжасында башталган алгылыктуу иштердин баарысы аягына чыгууга тийиш.

(Уландысы 12-бетте)







Айып пул төлөгөн депутаттардын атын төрага эмнеге атагысы келген жок?
18-январда ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков парламенттин 2012-жылдагы иш жыйынтыгы боюнча журналисттерге маалымат берип жатып, "парламентте баары жакшы" деп мактанып алды. Анын айтымында, өткөн жылы ЖКда 82 жыйын өткөрүлүп, 227 мыйзам долбоору, 344 токтом кабыл алынган. Парламентке - 14185, спикерге - 2848 кат келип түшкөн. Андан сырткары, төрага парламенттин 2012-жылдагы чыгымына токтолду. Бюджеттен 959 млн 567 миң сом суралып, ал 770 млн 930 миң сомго кыскартылып, 188 млн 637 миң сом каражат үнөмдөлгөн экен. Кыскасы, төрага 45 мүнөт парламентти мактап, президенттик-парламенттик башкаруу өсүп-өнүгүп жатканын айтты.

Апрель окуясындагы талап-тоноочулук эмнеге кечеңдеп жатат?
Чү дегенде эле төрагага Апрель окуясындагы талап-тоноочулук боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгы өтө кечеңдеп жатканы боюнча суроо берилди. Төрага Апрель окуясы боюнча маселе кечигип жатканын моюндап, ИИМ, Башпрокуратура менен бирге тыянак чыгарып, жыйынтыгын парламентке ушул айдын аягында алынып чыгарын айтып, парламент, төрага, жадагалса Өмүрбек Текебаев дагы жаап-жашыруудан алыс ойдо экенин баса белгилеп өттү.

Чек ара маселеси эмне үчүн жабык эшик
артында өттү?
"Кыргыз-өзбек чек ара маселеси эмнеге жабык эшик артында өттү?" - деген суроого төрага так жооп бере албаса да: "Бу маселени парламент эки күн жабык эшик артында өткөргөнү ырас. Чыр-чатак 20 жылдан бери социалдык-экономикалык маселелердин чечилбегендигинен, автономдуу жолдордун жоктугунан, мамлекеттик чек аранын делимитация жана демаркация маселелеринин жыйынтыкталбагандыгынан улам болууда. Бардык маселе ынтымак, тынчтык жолу менен чечилиши керек деп эсептейм" деди.

Парламенттик жыйынга катышпаган жана түрмөдө отурган депутаттар иштебей эле айлык ала береби?
"Бир жылдык отчетуңузда канча депутатка кылмыш иши козголгону жана парламенттик жыйынга такыр келбеген депутаттардын ысмы аталбай, алардын айлыгы жөнүндө сөз кылган жоксуз. Мисалы, түрмөдөгү депутаттардын маянасы мыйзамда кандай каралып, ага кандай чара көрүлүп жатат? Алар иштебей эле айлык ала беришеби?" - деген суроого төрага "Жогорку Кеңештин жыйынына депутаттардын катышуусу, тартиби фракцияга көз каранды. Фракция чечим кабыл алат. "Депутаттардын жыйынга катышуусуна фракция башчылары жооптуу" деп регламентте жазылган. Бирок, депутаттар жазаланбаш үчүн жыйынга катышпастан, өз ыктыяры менен келиши керек деп ойлойм. Сессияга катышпаган депутаттардан мыйзам чегинде айып пул кармалат.

(Уландысы 9-бетте)







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??