Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Мелис Турганбаев
"участковыйларга" мусор
тазалатат…
Бишкек ШИИБинин жаңы башчысы Мелис Турганбаев жүдөмүш мэр атка конгон Исакеңе жардамдашуунун, бир жагы жагынуунун жаңы ыкмасын ойлоп тааптыр. Эми шаардын бардык жериндеги таштандыларды "участковыйлар" учетко алат экен, башка иши калбагансып. Ансыз да курсагы курулдап, кийген кийими жука, кайгысы кара капталдан толуп жаткан жергиликтүү милийсаны мынчалык деңгээлге түшүрөт деп үч уктасак түшүбүзгө кирбептир. Ушу, башкасы мындай кадамга барса дагы Мелис Турганбаев мындайга барат деп ким ойлоптур, таңгөрү...


Ө.Текебаев менен Ө.Бабанов,
Ө.Текебаев менен А.Бекназаров
жолугушуп...
Өткөн ишемби күнү кечинде Бишкектеги спорт сарайынын маңдайындагы "Тайм аут" кафесинде өтө сейрек жана кызыгууну туудурган эки каршылаш адамдардын жолугушуусу болуп өттү. Ким дебейсиңерби? Кадимки душмандашкан саясатчы "тезкалар" Өмүрбек Бабанов менен Өмүрбек Текебаев жолугушуп, көпкө сүйлөшүп отурушуптур. Эмнени сүйлөгөнүн жанына барып жазып отурбагандан кийин кайдан билели, бирок жолугушканы факт. Кандай болгон күндө дагы бул эки душман саясатчынын жолугушуп, көпкө баарлашканына караганда элдешүүнүн алдын алган бирдеме болуп өтсө керек. Демилге Текебаев тараптан болуптур. Баарынан кызыгы, андан кийинки күнү Өмүкең Азимбек Бекназаровду офисине чакырып, армандарын айтыптыр. Бул аракети менен Өмүкең оппозиция менен тил табышканы калдыбы же чалып жыкмайдын автору болгону жатабы, ким билсин? Бизге жеткен маалыматтарга караганда Текебаевди 4 айдан бери Атамбаев досу кабыл албай, айласын алты кетирип жатыптыр.


Адыловбу
же Арапбаевби?
БШКнын чечими менен республикабыздагы 20 шаарда 28-январдан 3-февралга чейинки мөөнөттө шаар мэрлерин шайлоо болуп өтөт. Жалал-Абад шаарында мэрди шайлоо 28-январга белгиленген. БШК тарабынан бекитилген "Шаар мэрлерин шайлоонун тартиби" жөнүндөгү жобого ылайык шаар мэрлерине талапкерлер өз документтерин шайлоо күнүнө чейин 5 жумушчу күндүн аралыгында, 19-январь саат 18-00го чейин аймактык шайлоо комиссиясына тапшыруусу зарыл болчу. 20-январь күнү Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Бариса Турдубаеванын берген маалыматы боюнча Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына "Өнүгүү" фракциясы шаардын экс-мэри Бакыт Адыловду, ал эми КСДП жана "Ата Журт" саясий партиялары түзгөн "Ак Ниет" коалициясы шаардык кеңештин депутаты Муктар Арапбаевдин талапкерлигин сунушташты. Ал эми премьер-министр мэрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү укугунан пайдаланбады. Эми, ушул жылдын 28-январь күнү шаардык кеңештин депутаттары ынтымакташып, биримдикте шаарга күйгөн, эл үчүн кызмат кыла турган мэрди шайлап алышса эле болду? Бирок, партиялар ортосундагы тирешүү жана ынтымактын жоктугу калаа башчысын шайлоодо өз кедергисин тийгизээр бекен? Эмнеси болсо да жаңы шайланган мэрден шаар тургандары шаардын инфраструктурасын, тазалыгын жана экономикасынын өнүгүп-өсүшүн гана күтөт.


"Апрель баатырлары"
төш белгилерин тапшыра
башташты…
Бакиевдик режимге каршы көтөрүлүп чыккан туу саяр жигиттерибиз бийликтен четтей баштады. Булардын негизги таарынычына алар кан-жанын аябай алып келген бийликке, кечээки Бакиевдин колтугуна жашынып алып, аларга каршы ок аткан адамдардын топтолуп алышы, элди жакырчылыкты көздөй сүйрөп бара жатканы жана чек ара маселесин жең ичинен чечкиси келип, элге көйгөй салып тургандары себеп болгон.
Буга бир мисал, 2010-жылдын 7-апрелинде окко төшүн тосуп, Туу көтөрүп, элди бакиевдик бийликке каршы баштап барган Шери Кайып президент Атамбаевдин элди тоногон чиновниктерине каршылык билдирип, 2011-жылдын 4-апрелинде алган № 0471 номердеги "Апрель элдик революциясынын Баатыры" орденин тапшырууну чечти. Эгер бул акция ушуну менен улана бере турган болсо, анда эле бийликтин шору шорподой кайнаары бышык.


Төлөгөндү төбөлөгүсү
келген ким?
Таласка Байыш Жуманазаров деген өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары дайындалган. Эми ошол киши таластык революционерлерди четинен сүрүп баштаптыр. Таластагы 6-7-апрель окуяларына чоң салым кошкон Кара-Бууранын мурдагы акими Төлөгөн Наралиевди учурда иштеп жаткан облустук администрациянын кадр-лар бөлүмүнөн кетирүүгө катуу чамыныптыр. Төкөңдү төбөлөйм дегендер өздөрү төңкөрүлүп калчу эле…


Полковниктин өлүмүнө өз
коллегалары аралашканбы?
"NEWS- ASIA" жана бир катар Интернет сайттар 2013-жылдын 11-январынын кечинде Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак айылында, өз үйүнүн жанынан киши колдуу болуп курман болгон Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын башчысы, полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрдү деп шектелген Жылдызбек Карамбаевдин бул кылмышка тиешеси жок имиш, ага жаңылыш айып тагылган экен, муну тийиштүү тарап мойнуна алды" деп жазып чыгышты. Арийне, бул маалымат расмий түрдө бекемделе элек. Антсе да, ушул эле маалыматтарга караганда, полковниктин өлүмүнө өз коллегаларынын катышы болушу мүмкүн деген версия каралып жатыптыр. Шоноев Кыргызстандын түштүгү аркылуу кеткен наркотрафикке калканч болгон өз коллегаларынын колунан курман болушу ыктымал экен.


Мырзакматовду "аңтарып түшүү" мыйзамы
Эл арасында кадыры артып бара жаткан "Оштун мэри Мелисбек Мырзакматовду аңтарып түшсөк" - дегенде Атамбаевдин көзү алтоо болуп турат. Буга чейин эмне гана амалдарды кылышпады. Бир кезде гезит аттуунун баары Мекеңе "бандит", "корбашы", "наркобарон" деген сыяктуу жарлыктарды тагып келсе, бүгүн алардын баары Мырзакматов менен жакшы мамиледе. Атамбаевдин айласын алты кетирген гезиттер менен жакшы мамиле түзүп алганын көргөн бийликтин ичи күйүп, эми Ө.Текебаевдин мыйзамы аркылуу анын жаагын басканга аракеттенип жатышыптыр. Бишкек шаарынын статусу тууралуу мыйзамда мэрди шаар кеңешиндеги фракциялар менен премьер көрсөтө алаары жазылса, Ош шаары тууралуу мыйзамда ал укук тек гана премьерге берилиптир. Ошону менен кайран ажо Текебаевдин мыйзамы аркылуу Мелис мырзанын көзүн тазалоо амалын ойлоп тааптыр. Бу, Ө.Текебаев деген кыргыз эли кутулбас балээ экен го. Эгерде Мырзакматовду колдогон эл агылып чыга турган болсо бул экөөнүн мыйзамы дааратканадан башка жерге жарабай калаарын булар түшүнүшпөйбү…


Кубат Оторбаевдин чагымы
ишке ашкан жок
Бая күнү "КТРКнын кыздарын сабап кетти" - деген чууну телеканалдын президенти Кубат Оторбаев калп уюштурганы билинип калды. Көрсө Айдин Кулбаев одоно мамиле кылып, кыздардын микрофонун сындырганы чын экен. Бирок урганы калп болуп чыкты. Мунун баарын көчөдөгү видеокамера жазып алгандыктан КТРКачылар өз арыздарын кайра алышып, Айдин Кулбаев абактан бошотулду. Анткени, ыдык сөз угуп ызаланып келген эки кызды урду деп арыз жазгыла, больницага жаткыла деп тукурган КТРКнын президенти Кубат Отрбаев экен. Эгер көчөдө видеокамера болбогондо биз да Оторбаевдин чагымына ишенип, журналисттерди колдоп, Кулбаевди сого бермек экенбиз. "Ооруканага жатпайм"- десе болбой кыздарын ооруканага жаткырган Кубат Оторбаевге жол болсун!


Б.Жээнбеков, Ө.Суваналиев,
Б.Ибраев, А.Бекназаров,
Э.Булекбаев…
Кечээ ушул бешөө шаардагы бир кафеде тымызын жолугушуп, туура 5 саат сүйлөшүп отурушуптур. Эмнени сүйлөшкөнүн биле албадык. Кыязы Атамбаев бийлигинин аки-чүкүсүн талкуулашкан өңдөнөт. Негизи революцияга утурлай ушинтип, саясатчылар күжү-күжү болуп калышчу эле. Атамбаевдин кетээрине аз калган көрүнөт…






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??