Сабыр МУКАНБЕТОВ, КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү:
"Ала Тоо" программасында калпыстыктарга жол берилген үчүн сөгүш алган"
- ЖМКларда "Коомдук каналдын Байкоочу Кеңеши Кубат Оторбаевге сөгүш бериптир" деген маалымат кетти, эми кызматынан алынат деген кептер тарап жатат. "Конкурс жарыяланат экен директор болом"дегендер талпына баштагандай.
- Байкоочу Кеңеште (БК) Баш директорду кызматтан алуу, конкурс жарыялоо тууралуу сөз болгонун мен уккан эмесмин. Андай сөз болгон, болбогонун билбейм. "Ала Тоо" программасындагы калпыстыктар, бир жактуулукка жол берилгендиги үчүн Кубат Оторбаев сөгүш алгандыгы чын.
- Ушу маселеге кененирээк токтоло кетсеңиз. Кайсы бир жактуулук, калпыстыктар тууралуу айтып жатасыз?
- Саясый жаңылыктарда бийликти ыксыз мактап, оппоненттерин атайылап жаманаттылоо адатка айланып баратканы коом тарабынан, депутаттар тарабынан, ар кандай саясый күчтөр тарабынан көп айтыла баштады. "Ата Журт" фракциясынан Ахматбек Келдибеков, "Рес-публика" фракциясынан Максат Сабиров бул маселени Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрдү. Байкоочу Кеңештен деле Башкы директорго бул тууралуу бир нече ирет айтылды. Бирок, ал жыйынтык чыгарган жок. Тескерисинче күчөп кетти. Байкоочу Кеңештин мүчөлөрүнүн сөздөрүн бурмалап, аброюна доо кетирип, өзүн пиар кыла баштады.
- Сиздер буга чейин бир нече ирет аракет кылып, Байкоочу Кеңеш сөгүш бере албай келгени белгилүү. Кубат Оторбаевдин Байкоочу Кеңешти тоготпой жатышынын сыры эмнеде?
- Өзүңүздөр билесиздер, БКнын беш мүчөсү президент тарабынан, бешөө ЖК тарабынан, дагы бешөө коомчулук тарабынан шайланган. Президент жана коалициядан шайланган БКнын мүчөлөрүн өмүр бою айдап алчудай болуп, КТРКга кожоюндук кылгандар бар Акүйдө. Алар чындап эле БКдагы көпчүлүккө таасири болгон үчүн баш директор алардын көзүн караганга мажбур. Мыйзам боюнча БКга шайлангандар аларга эч кандай көз каранды болбошу керек эле. Бирок, БКнын айрым жүүнү бош мүчөлөрү алардын айтканын кыңк этпей угуп келишет. Кыскасы, президенттин кеңешчилеринин реалдуу таасири бар. Ошон үчүн К.Оторбаев БКга караганда аларга көз каранды болуп, БКны тоготпой жатат.
- ЖКнын профилдик комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев менен болгон карама каршылык тууралуу эмне айта аласыз?
- Бул маселе КТРКнын өнүгүү стратегиясын ЖКда караганда чыгып, Илим Карыпбеков "чийки стратегия кабыл алынды, кызыкчылыктардын кагылышы бар, Каныбек Осмоналиев автордук программасына алып баруучулук кылганын токтотсун" деп маселе көтөргөн. Ошондо Кубат Оторбаевге жердешчилик кылам деген Тынч-тыкбек Чоротегин маселени курчутуп, кайра-кайра (жети-сегиз жолу) көтөрүп, "К.Осмоналиевдин кай жери жакпайт, эмнеси жаман, илим-билимге каршысыңбы? - деп эле туруп алды.
Илим: "Тынчтык байке, мен К.Осмоналиевдин программасына каршы эмесмин, мен кызыкчылыктардын карама-каршылыгы (конфликт интересов) бар дегенди гана айттым" десе да болгон жок. Ошол жерден мен чыдабай кетип, "каршы болбогон кишини каршы кылгың келип, эмне эле кайра-кайра козгойсуң, болбодубу" деп кактым. Андан кийин добушка салганда да мен Илимдин сунушун колдоп, кол көтөргөн жокмун. Анан теледен бурмалап, биз Илим экөөбүз "Кубат Оторбаевге сөгүш берилсин" деп кол көтөргөн сюжетти "Каныбек Осмоналиев эфирден кетсин" дегендей кылып көргөзүштү. "Ушул экөө комитеттин төрагасына аябай каршы чыгып жатат" - таризинде. Андан кийин К.Осмоналиевге барып, "көрдүңүзбү сиздин душмандарыңыз ким экенин" деп шыбашыптыр. Алар башынан эле сүйлөшүп алышып жасашкандай. Алардын арам ою боюнча "сизге каршылар бизге да каршы" деп, комитетти да тилектеш кылып, президенттин кеңешчилерине кошуп алып, көчүгүн бышыктоо болгон экен. Анан ошол калптары БКнын жыйынында ачыкка чыгып калды. Кубатка сөгүш берүү маселеси дагы ошондуктан тездеп кетти окшойт.

Наргиза
КОЗУБАЕВА