Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Китепкана



п»ї

 Китепкана

Нуркан ОСМОНАЛИЕВ, машыктыруучу:
"Мыкты жаш спортчуларыбыз
башка өлкөлөргө кетип калышууда"

Нуркан Осмоналиев жогорку даражадагы калыс жана мыкты машыктыруучу. "Эл достугу" жана "Казак күрөш сыймыгы" медалынын ээси Нуркан агайдын кыргыз спортунун өнүгүшүнө кошкон салымы чоң. Спорттун самбо, дзюдо, алыш жана кыргыз күрөшү боюнча нечендеген балдарга тарбия берип, машыктырып, чоң спортко таптап келет. "Мыкты спортчу болуш үчүн жакшы тамактанып, витаминдүү тамактарды көбүрөөк жеш керек. Массаж да спортчу үчүн өтө маанилүү. Машыктыруучу болгондон кийин анын баарын көзөмөлдөшү керек. Өзүм батирде жашасам да, балдарды үйгө алып келип, чогуу жашап, эртең менен алар менен бирге көнүгүүлөрдү жасачу элек. Айтор спорттун ысык-суугун, азап-тозогун тарттык" -дейт машыктыруучу. Жакында Нуркан агай эл ортону элүү жашка чыкты. 50 жаш мааракесине арнап, күрөш фестивалын өткөргөнү жатат. Аталган мааракенин алдында спорт чебери менен жолугуп, бүгүнкү кыргыз спортунун абалы, агайдын ийгиликтери, жетишкендиктери жөнүндө бир маек курдук.

- Нуркан агай, жакында Түркстанга барып келдиңиздер, кандай жыйынтыктар менен келдиңиздер?
- Нурболот жана Даниел деген балдарым менен барып келдим. Ноябрь айында Түркстанда өткөн сбордо Марат уулу Даниел дзюдо боюнча 3-орунду алып, Карагандыда болуучу турнирге жолдомо алды. Азыр даярданып жатат. Анын азырынча балтыр эти толо элек, ошондуктан дүйнөлүк кубокко эмес, Азиянын чемпионатына даярдап жатам. Ал эми Расулов Нурболоттон да үмүтүм чоң. Анын дүйнөнүн чемпиондугун утуп алганы көптөн үмүттөндүрөт, мен андан мындай жеңишти күткөн эмесмин.
- Спорт тармагына канча жашыңызда келдиңиз эле?
- Спортко кичинемде келдим. Бул ийгиликтер менин эмес, Жусупбеков Абдыкалык агайымдын ийгилиги. Ошол адам биринчи машыктыруучум болуп, спортко фундамент түзүп берди. Мен ал кишинин атын сыймыктануу менен айта алам. Өз кесибим тарыхчы. Союз убагында мыкты спортсмендерди тренердик курстардан окутчу. Мен дагы тренердик курстан өтүп, "самбо, дзюдо, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу" деген адистикке ээ болдум. Эмгек жолумду Манас районундагы орто мектепте тарых сабагынан мугалим болуп баштадым. Ал убакта адистер жетпегендиктен, анын үстүнө спорт чебери болгондуктан, мага дене тарбиядан сабак берүүгө туура келди. 1988-жылы Бишкек шаарындагы №1 спорт мектебине машыктыруучулукка чакырылып, самбо, дзюдо күрөшү боюнча машыктыруучу болуп иштедим. Ошол жерден Советтер союзунун эң жаш чемпиону Мааткабылов Акылбекти даярдадым. Ал спорттун чебери болгон алгачкы окуучум. Кийин ал дүйнөнүн, Азиянын чемпиону болду. Союз тарагандан кийин мугалимдик кесип менен жан багууга болбой калды. Күндүз башка жумушта, кечинде машыктыруучу болуп иштөөгө өттүм. 1996-жылы "Субан-Ата" клубун, андан кийин окуучуларым менен бирге "Манас" спорт клубун түздүк. Мелдештерди уюштуруп, клубдан машыгып жүргөн балдар эл аралык аренага чыга башташты. Ташкент шаарында өткөн достук мелдешине катышып, жакшы ийгиликтерди жаратышты. Советтер союзунун курама командасында чогуу машыккан досторумдун бардыгы бири-бирибиз менен байланыш түзүп, эл аралык ареналарга чыгууга жакшы шарттар түзүлдү.
- Кандай ийгиликтерге жетиштиңиз? Тарбиялап жаткан балдарыңыздын ичинен кимдер менен сыймыктана аласыз? Көптү үмүттөндүрө турганы барбы арасында?
- 1982-жылы Бүткүл союздук турнирде биринчи жолу күмүш медаль жеңип алдым. Ал убак союз убагы болгондуктан, көбүнчө кыргызга окшогон саны аз улуттарды басып койчу. Кудайга шүгүр жыйынтык жакшы эле. Европанын, Азиянын чемпиондорун, призерлорун даярдап жатабыз. Талант Жанагулов деген окуучум Пекин олимпиадасына катышып келди. Олимпиаданын катышуучусун даярдоо мен үчүн чоң жетишкендик. Бул менин эң эле сүйүнүчтүү эмгегим деп ойлойм. Санжар Осмоналиев дүйнөнүн 4 жолку жеңүүчүсү. Мирлан Эралиев деген окуучум бар. Учурда ал башка машыктыруучуда машыгып жатат. Чыңгыз Чалабаев өткөн жылы дүйнө кубогунда Азиянын чемпиону болду. Шамшидин уулу Кененбек Ч.Түлөбердиевдин байгесинде автоунааны жеңип алды. Нарбеков Жайнабек, Кенжебек Бапиев, Тойчубеков Туратбек, Даниел, Нурболот аттуу келечекте көптү үмүт кылган бир топ балдарым бар
- Дегеле спорт сиз үчүн эмне? Машыктыруучу кандай сапаттарга ээ болушу керек?
- Спорт-жашоомдун бир бөлүгү. Бир жылдары кырсыктап, 6 ай үйдө жатып калгам. Ошондо биринчи жолу сыртка чыкканда биринчи эле эңсегеним спорт зал болгон. Гипстелген бутум менен спорт залга барып, килемди көрүп, тердин жыты келгенде эле кадимкидей ырахат алгам. Алар мага дем-күч берген. Машыктыруучу эң биринчиден жөнөкөй жана чоң психолог болушу керек. Жашырганда эмне, кээде өзүм ачка калган күндөрүм болот. Себеби балдар салмак кууп жатса, алардын жанында отуруп, тамак жей албайсың.
- Спорттук машыктыруучу катары бүгүнкү кыргыз спортуна кандай баа бересиз?
- Башка мамлекеттерге салыштырмалуу биздин мамлекеттин деңгээли төмөн. Көңүл буруу, акча каражаты аз. Казакстан, Россия мамлекеттеринде спортчулардын стипендиясы 1000 доллардан жогору. Бизде ашып кетсе 5000 сом. Биз жылына ашып кетсе бир-эки сборду өткөрөбүз. Ал да ата-энелердин жардамы менен өтөт. Ал эми башка мамлекеттер ай сайын сбор өткөрүп турушат. Ошол эле каражаттын айынан спортчуларыбыз башка өлкөлөргө кетип калышууда. Мисалы, ошол эле каражаттын айынан Азиянын чемпиону болгон Кыдырбаева Айгерим деген кызыбыз Казакстанга, Ирина Морозова деген кызыбыз Россияга кетип калды. Бизде таланттуу балдар көп, каражат аз. Союздун убагындагыдай азыр шарт жок. Анда самбонун адиси самбо боюнча, дзюдонун адиси дзюдо боюнча эле машыктырчу. Азыр балдарга тамак-аш, кийим-кече алуу кыйын. Залдарды ижарага алып, кээде ижара акысын төлөй албай калган күндөр болду. Жакшы балдар бар, бирок аларда каражат жок.Кээде бир спортчуну даярдап келип, акча таба албай каласың, анан айла жок даярдап жаткан балаңды башка машыктыруучуга бергенге туура келет. Кээде спортчуларга же машыктыруучуларга нааразы болгондо, спорттон да кетип калгың келет. Мен баарын чыдамкайлык, эрктүүлүк менен жеңдим. Бирок, сүйүнүчтүү нерселерибиз дагы бар. 2008-жылы кыргыздын "Алыш" күрөшү бүткүл дүйнөлүк ФИЛАнын курамына кирди. Өткөндө Азиянын чемпионаты биздин өлкөдө болуп, кыргызстандыктар 6 алтын медалга ээ болушту.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??