Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер:
"Бандит", "ууру", "мародер", "базаркомдордун"
парламенти

(Башы гезитибиздин
өткөн санында)
Алиби: Алар шайлоодо жеңип чыгышпадыбы?
А.Бекназаров: Кыргызстанда Акаевдин "шайлоолордо бергенин ала бергиле..."- деген "крылатый" чакырыгынан кийин элибизде да, шайлоону өткөрүшкөн шайлоо комиссияларында да эки нерсе биротоло орноп, ошол эки нерсе шайлоонун чечүүчү күчүнө айланган. Ал байлык жана бийлик. Экөө тыгыз байланышта. Кыргызстанда байлыгы бар адамдар дээрлик бийликке ыктап жатышат. Ыктабаса байлыгынан ажырашат. Байлар бийликтин партиясына же талапкерине кызмат кылышат, аларды колдойт. Шайлоочуларыбыз талапкерден, саясий партиялардан "канча бересиңер, бизде мынча добуш бар"- деп күтүп турушат. Элибиздин ушундай абалда экенин билишкен саясий партиялар өз тизмесин кимдин канча акча бергенине карата түзүшөт. Ошентип, азыркыдай парламент пайда болот. Акча бербесе добуш ала албайт. Акча коротушкан "бизнесмен, базарком" депутаттар короткон акчасын кайтарып алуу үчүн иштейт. Добушун саткан элибиз, сатылгандын абалында калат. Кимдин акчасы болсо шайлоонун алдында жеке партиясын ача коюп деле жеңип жатпайбы?! Мисалы: "Республика" партиясындагы ар бир бай депутат азыр өз партияларын ача баштады. Мен урматтаган иним Бакыт Төрөбаев "Өнүгүү" деген партия ача коюп Жалал-Абад, Кара-Көл шаарларында ж.б. жерлерде жеңип алды. Шайлоочуларыбыздын дагы бир чоң бөлүгү - "бюджетчилер" жалпы шайлоочулардын 30% түзөт. Булар бийликке шайтан келсе, шайтанга деле добуш беришет. Эптеп күн көрсө болду. Аларды туура түшүнүү керек, байкуштарды. Мисалы, "Алга Кыргызстанда", "Ак жолдо" жүргөндөр бүгүн парламенттеги партияларда. Бишкек шаардык кеңешине болгон кечээки шайлоодо Максим Бакиев менен Н.Түлеевдин "балдарынын" сүрөттөрү СДПКнын щиттеринде илинип турбадыбы. Бүгүн алар СДПКчылар, Максим Бакиев менен качып кеткен жок. Түлеевди унутушту. Акчаң, бийлигиң болбосо "мекеним, элим"- деген алтын ой тилегиң, проблемаң бар экенине, башыңды сайганыңа, көп жылдан бери кызмат кылып жүргөнүңө эч ким карабайт, добуш ала албайсың. Чындык, акыйкат, мамлекеттүлүк, мыйзамдуулук деп Апсамат Масалиев, элим жерим деп Д.Садырбаевдер далай жолу өз элибизден шактары сынбадыбы?!
Алиби: Дагы бир чечим "Кумтөр" кени боюнча макулдашууну денонсациялоо канчалык деңгээлде реалдуу?
А.Бекназаров: Мен ойлойм, 100 % реалдуу. Эмне үчүн? Биринчиден, дегеле "Кумтөр" 1992-жылдан бери эле Акаевдин коррупциялык схемасы менен чет элдик инвесторлорго мыйзамсыз берилгенин бүт кыргыз эли билет, ар бир парламент белгилеп келген;
Экинчиден , Кумтөрдүн мыйзамсыз берилгени боюнча өз учурунда кылмыш иши козголгон, ал иш Бакиевдер тарабынан мыйзамсыз токтотулуп, 7-апрелде күйүп кеткен;
Үчүнчүдөн , азыркы бийликтин партиялары аталган СДПК, "Ата Мекен" ар дайым Кумтөрдүн макулдашууларына каршы экенин айтып келишкен. Мисалы: 2009-жылдын 30-апрелинде "Ак жол" парламенти Кумтөр боюнча жаңы долбоорду ратификациялаганда, Р.Отунбаева башында турган СДПКчылар каршы турушуп, добуш беришкен эмес. СДПКдан бир гана азыркы спикер А.Жээнбеков "за" добуш берген. Азыркы Президент А.Атамбаев оппозицияда мени менен жүргөндө Кумтөрдүн, Үзөңгү-Кууштун, Каркыранын туура эмес берилгенин ар дайым айтып келгенин эл жакшы билет;
Төртүнчүсү , апрель революциясынан кийин убактылуу бийликке келген Убактылуу Өкмөт мурдагы Президенттер А.Акаевдин, К.Бакиевдин кол тийбестиги боюнча декрет кабыл алганда, алардын негизги "күнөөсү" катары Кумтөрдү мыйзамсыз бергендиги белгиленген. Конституциялык Сот таркатылганда да Кумтөргө корутунду бергени айтылган. Бул Декреттерди кабыл алган Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Р.Отунбаева, анын 1-орун басары А.Атамбаевдер бүгүн бири экс-президент (эмнегедир экс-президент катары мамлекеттен маяна алып, камкордугунда туруп, өлкөдө Кумтөр маселеси боюнча депутаттар камакка алынып, чоң саясатка айланып жатса да качкын президенттер сыяктуу эле өз пикирин айтууга жараган жок) экинчиси президент, Убактылуу Өкмөттүн үч мүчөсү, депутат: И.Исаков, Ө.Текебаев, Б.Шер, бири министр - Т.Сариев, бири Президенттин кеңешчиси Э.Каптагаев, дагы бири эсептөө палатасынын башчысы - Э.Ибраимова, дагы бири Бишкек шаарынын мэри - И.Өмүркулов, эгерде алар Кумтөр келишиминин денонсацияланышын колдобосо, Акаев, Бакиевдин Кумтөр боюнча саясатын колдошкон болот. Кечээки Бакиевчи С.Жапаров Кумтөрдү көтөрүп чыкканы үчүн ичи тарлык кылышканын көрпендечилик деп эсептейм. Ким көтөрсө да колдоп, Кумтөр келишими жокко чыгарылып, Өкмөткө өндүрүлгөн алтынды тең бөлүү келишимин түзүү тапшырылышы керек.
Алиби: Улутташтырыш керек деп жатышпайбы?
А.Бекназаров: Эмнени улутташтырат элек, кен-байлыктар ансыз деле биздики, мамлекеттики. Ал убактылуу кен байлыктарды изилдөө, иштетүү үчүн арендага берилген. Коррупциялык схемалар менен түзүлгөн макулдашууну жокко чыгарып, кыргыз элинин кызыкчылыгында оңдоп, келишимди кайра түзсө болот. Мисалы, азыр орто эсеп менен жылына 20тонна алтын, ондогон тонна күмүш жана башка баалуу заттар өндүрүлсө, Кыргызстанга болгону 2 тонна алтындын баасында каражат берилет, калганы кетип жатпайбы, ушул адилеттикпи? Мен экологиялык зыянды айтпай эле коёюн. Ошондуктан мен ойлойм, элдик демилге менен денонсация мыйзам долбоорун президент, парламент, Өкмөт колдойт деп.
Алиби: Колдобосочу?
А.Бекназаров: Анда аларды Акаев, Бакиевдердин коррупциялык схемасын колдошкон адамдар катары тигилердин артынан ошол жакка кубалаш керек.
Алиби: Камакта отурушкан депутаттар саясий туткунбу? Сиз өз оюңузду юрист катары так айтыңызчы?
А.Бекназаров: С.Жапаров, Т.Мамытовдордун "Кумтөр" маселесине байланыштуу митингге катышкандан башка күнөөлөрүн көрө албай турам. Ал эми Ташиевдин "Чынгызхан" болгонунда КР УКнын 297-беренесинин белгилери бар болушу мүмкүн. Бирок, канчалык деңгээлде ал "чакырык" реалдуу, аны сот ар тараптуу изилдеп, чекит коёр. Ал жеңил ойлуулук менен айтылган жел чакырык, бейбаштык аракет гана болот. Депутаттарды камабай, үй камагына, подпискага чыгарып коюп деле тергесе болмок. Кылбаган кылмышты кылды деп (295-беренеде көрсөтүлгөн кылмышты) анан кайра-кайра "Президенттен кечирим сурап кой, чыгарабыз, коалицияга кошобуз, министр болосуң"- деген "жуучулук" аракеттери же келесоо, оорукчан кылып "чыгарабыз" деген аракеттери менен бийлик аларды саясий өңүттөн камакка алганын далилдеди. Аларды "Президент жок кезинде митинг өткөрүп, бийликти басып алабыз"- деген ниетте болушкан"- деп айыптап, Президенттен кечирим сураткысы, ошентип Президентке жакшы көрүнгүсү; депутаттарды кечирим суратып, аларды "саясий өлүккө" айлантууну; калган депутаттардын, саясий опоненттердин үнүн өчүрүүнү максат кылышууда. Ал эми Н.Түлеевди шарттуу соттоп коё берсе же актаса, анда аны шаар кеңешке болгон шайлоо үчүн эле камаганы далилденет.
Азыркы Башкы прокуратура көзөмөлчү органдан куугунтук жүргүзүүчү органга айланды. Азыр кайсы бир партиянын лидерлеринин же бирөөнүн жеке кызыкчылыгы үчүн кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүп жатышкан кызматкерлерди шыкактаган адамдар "мен мыйзам чегинде жасагыла дегем", деп кутулуп, аткаруучулар тутуларына, ар бир мыйзамсыз козголгон иш, камакка алынгандар үчүн жооп берүүчү күндөр деле алыс эместигин түшүнүү керек.
Алиби: Жыйында азыркы Конституциянын туура эместиги, ал түгүл "бурмаланышы" , өзгөртүлүүгө жатары тууралуу айтылды? Буга оюңуз кандай?
А.Бекназаров: Өткөн жумада Египетте Конституция кабыл алынып, Президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилип кетти, авторитаризмге жол бербейбиз" деген лозунг менен митинг болуп, 500 дөй адам шейит болду. Митинг улантылып жатат. Ал эми бизде болсо Президенттин ыйгарым укуктары Конституцияга киргизилбей эле парламент тарабынан мыйзамдар аркылуу же Президенттин өзүнүн Указдары менен кеңейтилип жатат. Карапайым эл муну түшүнбөйт дейли, бирок депутаттар, интеллигенция айтып чыгыш керек да, үчүнчү революцияга жеткирбей. Адаттагыдай эле алардан үн чыкпайт. Жарым жылдан бери Президентке, анан Жогорку Кеңешке кайрылып, "Конституциялык Палата Конституциянын жоболорун бузуу менен түзүлүп жатат, оңдогула" - деген сунуш айтсам, жакында мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү Жогорку Кеңештин соттук жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасынан кат алдым. Ал менин кайрылуумду Д.Нарынбаевге жиберип, мындай дептир: "В связи с чем направляю данное обращение на рассмотрение, для тщательного рассмотрения письмо Бекназарова А.А. с учетом мнения автора письма при разработке законов по совершенствованию правосудия.
Баарлашкан
Бабырбек Жээнбеков
(Уландысы бар)







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??