Бийлик Мотуевден өлтүрүп эле кутулбаса, тирүү кутулбайт

4- декабрда Элдик-патриоттук кыймылдын лидери Нурлан Мотуев "кыз зордуктады" деген менен кармалып, 2013-жылдын 5-февралына чейин үй камагына бошотулду. Редакцияга баш баккан Нурлан Мотуевге айрым суроолорубузду узаттык.

- Нурлан, окуянын чоо-жайын өз оозуңуздан угалы…
- Өзүңөр билгендей, акыркы үч айдан бери Жогорку Кеңештеги оппозиция лидерлери С. Жапаров, К. Ташиев, Т. Мамытовдор Кумтөр маселесинен улам камакта отурат. Бийлик ушуну менен оппозиция баш көтөрө албай калды деп ойлоп, катуу жаңылышты. Бош калган орунду толтуруп, экинчи толкундагы оппозиция баш көтөрдүк. "Кырылган сайын кычаган, түгөнгөн сайын түтөгөн" кыргыздан кантип эле оппозция чыкпай калсын? Кыймылдын жетекчилиги Кубакынын белинде митинг өткөрдүк, аксакалдар келишти. Андан кийин "Эл үнү" деген оппозициялык кыймыл түзүлүп, анын курамына биздин Элдик патриоттук кыймыл кошулду. Бул бийликти абдан катуу чочутууда.
Анан ал эмне кылыш керек эле? Нурлан Мотуев коррупцияланган эмес, кызматта турбаса, уурдаган жок, жеген жок, арты таза, бир эмес эки жолу президентикке талапкерлигин койду. Анан бийликтин ойлоп тапканы ушул болду. Моралдык жактан бузулган бийлик тапканда да адамдык сапаттан кеткен, өтө төмөнкү деңгээлдеги ыкманы тапты.
- Ушул ыкма менен каматып жок кылуу, Мотуевдин үнүн басуу мүмкүнбү?
- Бийлик ошентип ойлоп жатса керек. Бирок, алар катуу жаңылышат. Эмне үчүн дегенде Бакиев-Кулов тандеми Кара-Кече боюнча мени каматып коюп,Мотуевдин үнү өчтү деп ойлогон. Бирок мен СИЗОдо жатып алып эле, уюлдук телефон аркылуу жалпыга маалымдоо каражаттарына макала, маалыматтарды берип, тандемдин жүзүн ачып, ит-абийирин кетиргем. Кийин сотко барганда, иштин баары урап түшкөн. Анан менин ошол кадамга барарымды билбей туруп, бийликтин акылы ушуга жетсе анда жаңылышат. Анткени зонага камалып кеткен күндө деле чындык деген бар. Бийлик СИЗОдонбу, зонаданбы мен оозумда сөзүм, башымда акылым турганда, уюлдук телефон аркылуу, калем аркылуу чындыкты айтып, былыктарын чукуй берем. Ток этээрин айтканда мен сынып калбайм. Бийликтегилер Кылмыш кодексинин 129-беренеси же болбосо "зордуктоо" айыбы тагылса эле "Мотуевди зонадан тындым кылып коюшат" деп ойлоп жатса керек . Андай эмес. Мына ушул статья менен отургандар "блатной", "мужик" болуп жашашат. Мындан сырткары молдо болуп, каалаган жашоо образын тандап алышат.
- Өзүн "жабырлануучумун" деген кыз менен кандайча тааныштың?
- Акыркы он беш күндө "Элдик патриоттук кыймылдын" мүчөлөрү "Ырыскы" тамактануу жайында түштөнүп жүргөнбүз. Ошол жерден катардагы үстөлдөн "жабырлануучумун" деген кыз көзүн сүзүп, жылмайып күлүп эле мени айланчыктап, жанымдан чыкпай калган. Таанышып калдык, "Нурлан байке, мен сизди 11-класстан бери сүйөм. Андан бери төрт жыл өттү" деп телефонумду алды. "Аялыңыз жокпу, мен сизге махабатымды арнайт элем" деп чала бергенинен алгач боюмду ала качып жүргөм. Анан эми кыз өзү чалып атса, кыжаалат болуп, бир-эки жолу кафеге отургуздум. Жашырганда эмне, ошол учурда колуктум менен чатакташып жүргөм, толук ажыраша элек болчумун. Ошол күнү Москва районунун Беловодское айылында колуктум дасторкон жайып, күтүп жаткан. Элдешүү шаанисин кылып, энесине калыңын берип, алып келмек элем. Кашайып, ошол күнү менин ал жакка барарымды атайын кызматтар билсе керек, аракеттерин тездетти. Анткени "аялы менен жарашып калса, сени карабай коет"- дешти окшойт. "Жолугалы, жолугалы" деп тынчымды алды. Жолуктук, мен шашып жатканымды айттым. "Кафеге баралы, айтчу сөзүңдү айт, шашып жатам" десем, "жок, кафеден элдин баары сизди карай берет экен, үйүңүзгө баралы"деди. Үшүп кетти, калтырап-титирегенинен үйгө келип беш-он мүнөт отурдук. Телефону тынбай шыңгырап, ваннага кирип, сууну агызып коюп да сүйлөштү. Бир маалда "эшикте дос кызым күтүп атат, азыр келем" деп чыгып кетти. Чалсам албайт, муну "Мегаком" компаниясынан алынган маалыматтар далилдейт. "Келбей калды го"-деп эшикке чыгып бара жатсам Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын оперлери күтүп туруптур. Оперативдүү иштешкенин карабайсыңбы. Колуман телефонумду жулуп алып, түнкү саат он эки, бирге чейин кармап отурушту. ИИМдин пресс-кызматы "тнкү саат бирде кармалды" деп маалымат берди. Башкармалыкта мени алты саат мыйзамсыз кармагандарын эсепке киргизгилери келбейт. "Сени оперлер кармап отурду" дейт. Айырмасы кайсы, тергөөчүсү кармадыбы…
- Кыз менен беттештиңер да…
- Кыз "мени эшикке Азамат чакырды" деп айтып жатат. Азаматы күбө катары суракка келүүдөн баш тартып жатат. Анысы жанагы атайын кызматтын үстүнөн куратор болуп жаткан адам. Ошол айткан да кызга "эртеп Мотуевдин үйүнө кирдиңби, жарым иш жасалды, эмне кылсаң да эптеп чыга кач" деп. Аны тиги кыз кайталап "эптеп качып чыктым" дейт. Эптеп чыккан эшикти менттер көрдү. Менин эки эшигим тең брондолгон. Ага автоматтын огу өтпөйт. Анан кантип качып чыгат. Беттешүү болгон учурда кыз жыртаңдап күлүп отурат. "Зордолгон кыз зордукчунун бет маңдайында отуруп алып жыртаңдап күлөбү" десем, адвокаты менен артында отурган энеси "келесоо, эмне күлүп жатасың?" десе ыйлап кирди. "Мотуевди тытмаладым"дейт, экспертиза эч нерсе таппагандан кийин, "түрткүлөдүм" дейт. Эң негизгиси экспертиза тарабынан зордуктоонун эч кандай белгилери аныкталган жок. Уялганынан кайталап экспертизага жөнөтүштү.Учурунда аныкталбаган нерсе, жыйырма күндөн кийин аныкталмак беле?
Нурлан Мотуевди мындай ыкма менен камоо ишке ашпайт. Бийлик Мотуевден өлтүрүп эле кутулбаса, тирүү кутулбайт. Мына ушуну бийлик билип койсун.






Айбек Эшбаевдин бөөдө өлүмүнө ким жооп берет?

УКМКнын тергөө абагында көз жумган МАИ кызматкери Айбек Эшбаевди Бишкек шаардык соту "Пара алган эмес" деген берене боюнча актап чыгып, "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланды" беренеси боюнча чечимди күчүндө калтырды. Буга макул болбогон Айбек Эшбаевдин адвокаттары Токтогул Абдиев жана Кайрат Загибаев толук актоо үчүн Жогорку Сотко кайрылып жатат.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 11-февралда МАИ инспектору Айбек Эшбаевди Бишкек шаардык прокуратурасы жана финансы полициясы "пара алды" деген шек менен кармап, УКМКнын тергөө абагына жеткиришкен. Кармоо Дмитрий Смирнов деген жарандын арызынын негизинде жүргөн. 1996-жылдан бери ИИМде, соңку 15 жылда МАИде иштеген 46 жаштагы Айбек Эшбаев бир эле арыз менен бир заматта камакка алынган. Эки күндөн кийин, 13-февралда камерадан анын жансыз денеси табылган. Беш мүнөт сайын камераларды кыдырып карап турчу күзөтчү жаңы кармалып түшкөндөрдү кабыл алып, 20 мүнөткө жок болгондо асынып өлүп алган деп чыгышкан…
Бул окуя башынан эле көп түкшүмөлдөрдү жараткан. 100 доллар алды деген бир арыз менен бат эле кармалып, башка жакка эмес, УКМКнын тергөө абагына жеткирилип, формачан камап, адвокат, жакындары менен тыңгылыктуу жолуктуруп сүйлөштүрбөй, анан бойлуу адамды камеранын эшигине өзү асынып өлдү дешип... Адатынча кийин ылдый жактан күнөөлүүлөр табылып, кызматтан кетирүүлөр болгон. Бирок Айбектин өзү өлбөгөнүн, кыйноо-сабоо менен өлтүрүлгөнүн, акча албаганын үй-бүлөсү, жакындары, адвокаты көчөдө да, сотто да канча айтып чырылдап жүрүштү. УКМКнын ал кездеги башчысы, ИИМдин азыркы жетекчиси Шамил Атаханов болсо, ал окуядан эки күн кийинки ЖКнын жыйынында: "Анын камерасына эч ким келбегени видеобайкоодо бар, Айбек Эшбаевди эч ким өлтүргөн жок, өзүн-өзү өлтүрдү" деп айтып чыккан.
Кийинки соттук териштирүүлөрдө да айыптоочу тарап ушул версияны карманып жатты. Бирок пара албаганы акыры аныкталды. Бирок кандай баа менен жаңылыкка сүйүнө турган, же күйүнө турган адамдын көзү жок бүгүн. Маркумдун үй-бүлөсү буга же сүйүнөрүн, же күйүнөрүн билбей жүрөт алигүнчө. Жубайы Шаангүл Эшбаева: "Күйөөмдү бөөдө жерден эле өлтүрүп коюшту. Адвокаттарыбыз толук актоо үчүн Жогорку сотко кайрылышты. Ага чейин дагы соттор болууда. Ошол күнү тергеген тергөөчү Чодобаев жана ошол учурдагы шаардык прокуратуранын жетекчи Алиев да суралып, жоопко тартылышы керек эле. Тилекке каршы, бир дагы жолу сотко басып келишкен жок. Күйөөмдү бөөдө жерден эле өлтүрүп коюшту" деп умсунуп муңайды.
Ал эми адвокат Токтогул Абдиев мыйзам башынан эле бузулганын айтат. "Айбек Эшбаевди кармагандан баштап мыйзам бузулганын ушул убакка чейин айтып келатабыз. Мыйзамды сыйлайбыз десек,анда мыйзамды бузгандар (Чодобаев менен Алиев - ред.) жоопко тартылсын. Жогорку Сотко кайрылып жатканыбыздын себеби да ошол", - дейт адвокат.
Биздин пикирибизде, "пара алган эмес" деп аныкталса, ушундай мүнөздө арыз жазган Смирнов, ал ишти тергеген Чодобаев, дегеле Эшбаевдин өлүмүнө кыйыр да, түз да катышы бар адамдар жоопко тартылуулары керек. Бур жерде мурдагы УКМК жетекчиси, азыркы ИИМ жетекчиси Шамиль Атахановдон суралчу көп нерселер болсо керек. Не болсо да күтө туралы, дагы жыйынтык чыгарын…
Назира СААЛИЕВА