Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Керек болсо саясатчылар гезиттердин короосунда корголоп жүргөн

Адатта, басма сөздү төртүнчү бийлик деп коюшат. Бул калетсиз сөз. Бирок, эмнегедир мамлекеттик бийлик бутактары басма сөз бийлигин тааныгысы келбей, басма сөздүн, анын ичинде улуттук басылмалардын дарегине карата ар кандай негизсиз сындарды айтып келатышат. Жакында эле Атамбаевден соң депутат Каныбек Иманалиев кыргыз гезиттерине карата сын ыргытты. Бүгүн сөз башкы редакторлордо:


Бекен Назаралиев, "Жаңы ордо"
гезитинин башкы
редактору:
- Бүгүнкү күндө кыргыз гезиттеринин абалы кандай деп ойлойсуз?
- Бүгүнкү күндө кыргыз гезиттеринин башы биригип, бир топ алгылыктуу иштерди баштады десек болот. Анткени, "күч бирдикте" деп коюшат эмеспи, биригип иштеп, бийликтин туура эмес жасап жаткан ишин элге айтып, бардыгыбыз бир муштумдай сокку урсак, таамай тийээри бышык. Чын-чынына келгенде, буга чейинки Кыргызстанда болгон эки революцияны жасаган да кыргыз гезиттери. Убагында гезиттердин пайдасын көрүп, азыр эми башкача сүйлөп жаткан саясатчылардын абийирине коюш керек. Гезиттер аркылуу гана алар Кыргызстанда чоң нерсеге жетип жатышат. Президент баш болуп кыргыз гезиттерин "ушакчы" дегендин өзү ушакчылык. Албетте, кемчиликтерибиз бар, бирок баягы "көч бара-бара түзөлөт" дегендей гезиттердин да абалы жүрө-жүрө түзөлөт деген ойдомун.
- А.Атамбаевдин жасап жаткан ишине сиздин көз карашыңыз?
- Атамбаевди кыргыз саясатына адашып келген саясатчы катары эсептейм. Анткени, ал бийликке эки жолу келди. Элге бир алгылыктуу, көзгө көрүнө турган иш жасап, көрүнүп келбей экөөндө тең төңкөрүштүн жолу менен келди. Кайра саясаттан да төңкөрүштүн жолу менен кетиши мүмкүн. "Бакиев режимин кулатабыз" - деген 87 эр-азамат жигиттерибиздин өлүмү да бул кишини ойготподу. Мамлекетте эч кандай оңолуу да, алдыга жылуу да жок. Баягы Бакиевдин убагында жасалган иштердин лентасын кесип коюп жүрөт. Атамбаев жөн эле убакытты текке өткөрүп жатат.
- Атамбаевдин "Ата Мекен" партиясынын айрым депутаттары жасаган мародерлук иштерди кыскартып, жаап жатышына кандай карайсыз?
- Мародерлуктун артынан жалгыз эле Текебаевдин гана эмес, ошону менен катар Убактылуу Өкмөттүн он төрт мүчөсүнүн былыктары да суурулуп чыгышы мүмкүн. Анткени, Азия универсал банктагы 200 миллион долларга чейинки акчалардын дайынсыз жок болушунун да негизги себептери ушулар. "Карга карганын көзүн чокубайт" деген мезгил болуп жатат. Эгер бирөөсү мародерлуктун бетин ача турган болсо, бала бакчадагы балдардай бирин-бири жетелеп чыгышы мүмкүн да. Анда булардын мыйзам алдында жооп бере турган учуру тез эле келип калат. Ошондон коркуп, биринин артын бири жаап жатат.
- Эгер бийлик тарабынан сизге жакшы кызмат же акча сунушталып калса Кыргыз гезиттер бирикмесинен чыгып кетпейсизби?
- Мен буга чейин кызматка барган эмесмин, барбайм дагы.

Турат Акимов,
"Деньги и власть"
гезитинин башкы
редактору:
- Бүгүнкү күндөгү бийликтин кылган ишине кандай баа бересиз?
- Бийлик эки жылдан бери фундаменталдуу, көзгө көрүнө турган эч нерсе жасай алган жок. Бул бийлик канды буту менен кечип, "аталап" жетим калган балдардын, жесир калган аялдардын, жүрөгү сыздаган энелердин көз жашы менен келген. Булардан элдин күткөн мүдөөсү, үмүтү такыр башкача болчу. "Карапайым элдин жашоосун оңдоп, эл үчүн кызмат кылып, мамлекетибиз өнүгөт" - деген аруу тилектери бар эле. Булар болсо Кыргызстанды оңомок түгүл оңкосунан түшүрүп, өз капчыктарын кампайтып, өз ара кызмат бөлүшүп, баягы эски Акаев, Бакиевдин схемалары менен, ошолордун жол-жобосу менен эптеп-септеп "өлбө жаным, өлбө" - деп өмүр сүрүп келе жатышат.
- Президент ушундай жол менен саясатын жүргүзө берсе Кыргызстанды эмнеге алып келет деп ойлойсуз?
- Мындай саясат менен кете берсе Кыргызстан саясый кризистен чыга албайт. Ар бир 3-4 айдын ичинде бийликтин бир бутагын садага чаап айдап, алмаштырып отурганга муктаж болуп калат. Ал эми экономика жагынан алганда кайырчы болуп, көрүнгөндөн акча сурап, берсе сүйүнүп жүрө беребиз. Экономикалык өзгөрүү жасамак түгүл Атамбаев элге дем берүүчү, ырыстуу сөз айта албайт. Эл бир даанышман, акылман сөз уккусу келет, бул болсо генералдарды чоттойт, журналисттерди боктойт. Элге жол ача албаса, туура сөз айтып түрткү бере албаса каякка жылабыз?
- Кыргызстан алдыга жылып, оңолуш үчүн бизге кандай башкаруу системасы керек деп ойлойсуз?
- Эгер европалык кризистин тажрыйбасынан ала турган болсок, парламенттик башкаруу эч кандай тыянак бербеди. Грецияны алсак, демократияны куруп, 3 миң жылдан бери жашап келе жаткан мамлекет эле. Аларда да партиялык система, элүүдөй партия бар. Мына 6 жылдан бери кризистен башы чыкпай борбор шаары Афинаны өрттөп, гректер ары-бери чуркап жүрөт. Ошондой кризис Испанияга, Италияга келди, Ирландия кризистин айынан Еврозонадан чыгабыз деп отурат. Европадагы парламенттик башкаруунун тыянагы көңүл жубатарлык эмес экенин баарыбыз көрүп турабыз. "Казды туурап карганын буту сыныптыр" болуп жатат. Эмне үчүн мисалы Кытай көп партиялык системадан качып жатат?. Эгер алар да парламенттик башкарууга өтсө, анда Кытайда башаламандык башталып, бири-бирин жеп салат . Бир күн тамак болбой калса бир жарым миллиард элди ким багат? Кытай ошону түшүнүп, бирөөнү туурабай, бирөөнүн этегин кармабай туура саясат жүргүзүп жатат. Биз болсо бир туруп Малайзия, Швейцария, Түркияны туурап, эми Грузия болуп жүрөбүз.
- Эгер сизге бийликтен кызмат же акча сунуштаса кыргыз гезиттер бирикмесинен чыгып кетпейсизби?
- Биздин бирикме биринчиден эркин бирикме, экинчиден Кыргызстандын чек арасы боюнча, Кумтөр, Кытайдын темир жолу, чоң саясый иштер боюнча, олуттуу маселелер боюнча бириксек, албетте чыкпайм. А эгер майда барат сөздөр менен "тигини колдоп коёлу, муну колдоп коёлу" - деп көрүнгөндү ээрчий турган болсо, анда "мен каршымын" деп эле чыгып кетем.

Бетти даярдаган
Наргиза КОЗУБАЕВА




- Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин кыргыз журналисттерине айткан сөздөрүнө эмне деп жооп берер элеңиз?

Күнболот Момоконов, "Айкын саясат"
гезитинин башкы редактору:

- Башкасы айтса дагы ушул Каныбек Иманалиев айтпай эле койсо болмок. Атамбаев же башка бирөө айтса түшүнсө болот, анткени алар журналистикалык чөйрөдө иштеп көрүшкөн эмес. "Бир кезде мурдагы "Асаба" гезитинин лөктөрү менен бирге кыргыз журналистикасына жаңы нуктагы чыйыр салдык, журналистиканы башкача бир нукка буруп, өзгөртүп кеттик" - деп мактанып жүргөндөрдүн ичинде Каныбек Иманалиев өзү да бар. Дал ошол Иманалиев баштаган "асабачылар" кыргыз журналисттерине ушакты кантип жазыш керек экендигин, кимди кантип сындаш керек экендигин үйрөткөн. Жеңил-желпи тил менен жазып жатабыз дегени менен кыргыз журналисттерине ушакчылыктын тактикасын үйрөтүп кеткендер мына ушул Иманалиевдер болгон. Кыргыз журналистикасында ушакчылык болуп кетүүдө дегендин кандайдыр бир чындык жагы бар. Бирок, Каныбек Иманалиев бир нерсени билип койсун, лидер болуп, депутат болуп элдин астында сүйлөп жүргөн Иманалиевди Иманалиев кылып турган ушул кыргыз журналистикасы. Мына Иманалиев укук, мыйзам жагын тейлеп Жогорку Кеңеште отурат. Кыргыз журналистикасы ушакты жазган деңгээлге түштү дей турган болсо ушул күнгө чейин журналисттер мыйзамсыз иш кылды деп соттошуп көрүптүрбү?!. Эгер өзүн ошончолук эле мыктымын деп эсептесе "мына мен жөнүндө ушактап жазып койду эле сотко берип жеңип алдым" -деп эки үч фактынын келтирип бербейби!


Сабыр Муканбетов, эркин журналист:

- Каныбек Иманалиев да, Алмазбек Атамбаев да бул сөздөрдү айтып катуу жаңылып калышты. Өздөрүнө эле жаман болду. Жөн турган арынын уюгун чукугандай болуп, жөн турган гезиттерге асылып эмне кылышат дейм да. Кыргызда бир жакшы макал бар "уй мурдун сасык деп кесип салбайт" деген. Кыргыздын журналисттери жаман болуп бийлиги, депутаттары жакшы болмок беле? Коом кандай болсо, ошонун деңгээлине жараша гезиттер болот. Азыр эми гезиттердин баары Атамбаевди сындап жатканын көрүп жатасыздар. Ушул эле кыргыз гезиттерге сыйынып, керек болсо гезиттердин короосуна чейин келип корголоп жүргөн саясатчылар бийликке жеткенден кийин минтип гезиттерди чанганы болбойт. Саясатчылар орус гезиттерине ишенип, аларга үмүтүн эч качан арткан эмес. Себеп дегенде кыргыз тилдүү гезиттер канткен күндө дагы мамлекеттеги титулдук элдин тилинде сүйлөгөн, элге маалымат жайгандыгы боюнча ролу чоң экенин тана албайбыз. "Орус тилдүү гезиттердин 30-40 миң нускасы бар. Эл ошолорду окуйт, ал эми кыргыз тилдүү гезиттерди эч ким окубайт" - деген саясатчылар чоң жаңылышат. Кыргыз тилдүү гезиттер 5-10 миң нуска менен чыкса дагы аны саясатка таасири бар адамдар окуйт. Анан ошолор 3-5 кишиге айтса, көп нерселер элге ошол кыргыз гезиттери аркылуу жетет. Кимде-ким кыргыз гезиттерин кемсинтип, "булардан эч нерсе чечилбейт" - деп ойлошсо, алар катуу жаңылышат. Президентибиз мурунку президенттердин башын жеген кеңешчилерди, Фаридке тил билбеген немелерди чогултуп алып, алар орусча гезит окушуп, "алардын пикири пикир, башка гезиттердин пикири болбогон нерсе" деген ойлоруна кошулуп алса керек. Алар Атамбаевди аңга түртүп баратышат. Анын аңга түшүп баратканын тамшанып карап тургандар да толтура. Андыктан, биз Кыргызстанда жашап жатканыбызды билип, кыргыз тилдүү гезиттер кыргыз элине саясаттын төркүнүн түшүндүрүп турган маданият майданындагы эң негизги каражат экенин унутпайлы.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??