Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Темир тор артынан
Абдулла ЮСУПОВ:
"Биз көп маалыматты билгенибиз үчүн
түрмөдө
отурабыз"

(Башы өткөн санда)

"Мародерлуктун болгону ырас" деген нерсени кан какшап, далилдей албай, аягында минтип түрмөдө отурабыз. Ошондуктан гезит аркылуу элге кайрылууну чечтик. Президентке болсо ишеним көрсөтө албайбыз. Анткени, биз ага канчалаган саясий далил материалдарды бердик. Аларды суракка алгандын ордуна, "ооба десеңер өзүңөр камалып кетесиңер"- деп, коркутушат. Бирөөнүн сөзү да мыйзам ченемдүү алынган жок. Аягында кылмышты ачып бергендигибиз үчүн камалып кеттик. Бизге болгон кол салуу, мени жаманатты кылып жаткан зонадагы Нургазы, бул нерсенин аягына ким жооп берет(?) деген суроо турат. Кылмышкерлердин дүйнөсүндө ушундай бир мыйзам бар экен. Кыз зордуктап түшкөн адам түрмөдө абдан кыйынчылык менен жашайт экен, ошондуктан кыз зордуктагандар Текебаевдин заказына макул болуп, эмне айтса ошону аткарып жатышат. Гезит бетине биздин айткандарыбызды жарыялап, орун берип, бардыгын ачыкка чыгарып, бизди эл эле коргоп албаса, бул бийлик жакында бизди жок кылганы турат. Айтып койгондугубуз үчүн кыйноого алып, кылмыш иштери козголуп, республикалык тергөөнүн башчысы Ноорузбаев "кечирим сурасаң мен чечип берем, кечирим сурабасаң сага дагы иш козголот" - деп жатса бул иш кандай аяктайт, билбейм? Чынында эч нерсеге көзүм жетпей калды.
- Азыр акыбалыңар кандай? СИЗОнун ичинде кол салуу болгон жокпу?
- Азыр ичинде тынч эле. Сотко барып келип жатабыз. Сотко алып бараткан машинабыз кырсыкка учурай берет. Өткөндө жолдон кырсыкка кабылып, андан бир жума өтпөй ичинде кол салуу болду. Жалпыга маалымдоо каражаттарына ыраазыбыз. Алардын демилгеси менен биздин жаныбыз денебизде турат. Болбосо биз айткан маалыматтар элге жетпесе, бизди эчак жок кылып коюшмак экен. ЖМКлардан корккон үчүн эле турушат. Бүгүн тынч элебиз, бирок эртең эмне болуп кетет, билбейбиз. Бир сааттан кийин эмне болуп кетет, ошого кепилдик бере албаган жагдайда турабыз. Анан дагы бир айтып кетүүчү нерсе, аялыма козголгон алдоо боюнча кылмыш иши экөөбүзгө бир убакта козголду. Мына азыр менин колумда токтом, Башкы тергөө башкармалыгынын санкция боюнча берген кагазы турат. Бул жерде "Абдулла Юсупов 2011-жылдын 5-сентябрында аялы Жоробаева Данагүл менен "Жалал-Абад" чайханасында бир кишинин ишенимине кирип, акчасын 2011-жылы 15-сентябрда алышкан" -деп турат. Мен 2011-жылдын 8-августунан бери түрмөдө отурсам, бир жарым айдан кийин мени "бар кылмыш кылып кел"- деп кое беришиптирби? Бир жарым айдан кийинки факты боюнча мага иш козгоп жатышат. Калпты да жарашкыдай кылып, окшоштуруп жасашса болмок. Өзүңүздөр уккандай, каалагандай күнөө койсо жарашып калгандай абалда турабыз. Адвокаттарыбыз аракет кылып жатышат. Өзүбүздү коргоп калуу үчүн Башкы прокуратура баш болгон керектүү жерлерге жазып, кайрылып жатканыбыз менен бизди эч ким укпай жатат. Же дүйнөлүк коомдук уюмдарга кайрылышыбыз керекпи? Бизди кармашканда бардыгыбызды бир жерге алып келбестен, бирибизди Токмокко, экинчибизди Кантка, үчүнчүбүздү Кара-Балтага жашырып жүрүштү. Бул нерсе кечээ сотто да далилденди. Бир жумадай Чүй ИИБда жатып, келтек жеген күндөрүбүз болду. Азыр соттогулар бир жума кайда жүргөнүбүздү тактай албай жатышат. Көрсө, жогоруда айткан Чүй ИИБда жаткан күндөрүбүз мыйзамга туура келбейт экен. Начальниги Бакыт Жусубалиев биздин үстүбүздөн иш козгоп, кармаганы үчүн аны министрдин орун басары болду.
Бизди 2011-жылы 8-августта тепкилеп, башыбызга пакет кийгизип кыйнашкан. Мен ошондо айткам, биздин жанагы шериктеш балдар камалмак эмес. 2011-жылы улуттар аралык ызы-чууда Бакиевдин үйүн өзүңөр бизге өрттөтпөдүңөрбү, канчалаган алтындарды колуңарга алып чыгып бердик, аягында мындай болуп жатпайбы" -деп, мен Райкан Төлөгөнов жана Туратбек Мадылбеков менен урушуп, областтык администрацияда жакалашып кеткенге чейин барганбыз. Ошондон бир жумадан кийин биздин оюбузга келбеген каяктагы иштер менен Чүй облустук ИИБнын начальниги Бакыт Жусубалиев бизди камап жатат. "Жолдош начальник, бул жерде кечээ Текебаевдин командасы менен урушуп кеткем, апрель окуясында болгон окуяларды ачык айтып салдык, ошондуктан сизге тапшырма берип мени каматып жатат" - деп, Бакыт Жусубалиевге айтсам, "азыр Текебаев Президенттикке коюп, Атамбаев менен тирешкени турат, сен болгон маалыматты азыр айтып берсең мен сени баатыр кылам" деди. Биз болгонун болгондой ошол Чүй ИИБнын начальнигине айтып бергенбиз. Анан ал киши бизден болгон маалыматты алып, түшүнүк кат жаздырып, талап-тоноочулук болгон жерлерди көрсөттүрүп алгандан кийин Текебаевге барып, "бизге мындай материалдар түшүп жатат, мен бул балдарды камап берем, айткандарын жокко чыгарам, мени колдоп коюңуз" - деди да, бизди алдап кетти. Мына Текебаевдин колдогону, министрдин орун басары кылды. Чыркыраган чындыкты ачыкка чыгаргандыгыбыз үчүн же соттоп күнөөбүздү далилдей албайт же кылмыш иштер токтобойт. Күнүнө бирден кылмыш иши козголуп жатат. Ошондуктан сиздердин гезитке кайрылып отурам. Гезит аркылуу аз да болсо эл, карапайым калк билсе деген ой. Чындыкты ачыкка чыгаргандыгыбыз үчүн эл бизди коргоор бекен?

Жазнура
Токтоболотова




Бийлик жана журналисттер

Үстүбүздөгү жылдын 8-декабры - ишемби күнү Бишкек шаарындагы "Ак кеме" мейманканасында "Жалпыга маалымдоо каражаттары: эркиндик жана жоопкерчилик" деген темада басма жана электрондук маалымат каражаттарында эмгектенген журналисттердин республикалык конференциясы болуп өттү. Конференциянын ниети жана максаты, андагы көтөрүлгөн маселелер учурдун талабына төп келип, журналист журтчулугу баягы эле "демократия, сөз эркиндиги, сөз жоопкерчилиги, атаандаштык" сыяктуу жыдып бүткөн темалардын тегерегинде буктарын дагы бир жолу чыгарып алышты.

Өлкө президенти жалпыга маалымдоо каражаттарына "өзгөчө көңүл буруусун" көргөзгүсү келгенби, өзүнүн кеңешчиси Фарид Ниязовду жиберген экен, анысы "күңк-мыңк" деп мурдунан сүйлөп, 2-3 мүнөт бирдемелерди айтымыш болуп туруп, жадагалса айтар сөзүн аягына чыгарбай, чыккан бойдон кайра келген жок.
Ошол күнкү конференциянын көркүн ачып, мазасын чыгарган "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору Бакыт Орунбеков болду окшойт. Демейде чымынга зыяны жоктой көрүнгөн Бакыт мырза "жылан чакпай, жылкы теппей", оозу-мурду кыйшайбай туруп "журналисттер кыргыз мамлекетин бөлүп-жарып, талкалап жатышат"- десе болобу?
Астапыралла! Кудай сактай көр!
Залда отурган журналисттерге бул сөздөр кандай тийгенин билбейм, бирок мага бомбадай тийгенден улам, бүгүнкүгө чейин эки ача ойдон кутула албай келем.
Биринчиси - Фарид Ниязовдун конференцияда 10 мүнөт да отурбай мышыктай жыла качышы менен өкмөт бапестеп багып келаткан "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору Бакыт Орунбековдун "бомбасынын" ортосунда эч кандай байланыш жок болду бекен? Болбой эле койсун. Кокустан болуп калса, журналист журтчулугу үчүн 37-жыл жыттанбай эле корооңорго кирип келди деп эсептей берсеңер болот. Себебине төмөндө токтолом.
Экинчиси - эч кандай бийликтин "ишараты" жок туруп, жогорудагы сөздөрдү Бакыт мырза өзү эле "балп" эттире койду. Ишенсек болобу? Албетте болот, эгерде Орунбеков өзүнө-өзү, өзү иштеп, өзү жетектеген "Кыргыз Туусуна", өзү катарында турган жалпы кыргыз журналисттерине душман болсо.
"Жалпы кыргыз журналисттери" деп мен Кыргызстанда жашап жана иштеп жаткан кыргыз тилдүү да, орус тилдүү да журналисттерди айтып жатам. Анткени, ошол күнкү конференция учурунда "Кыргызстанды бөлүп-жарып, талкалап жаткандар" жалаң эле кыргыз тилдүү журналисттерби же..?"- деген тактама суроомо Бакыт мырза "Бардык журналисттер"- деп, тайсалдабай туруп, так жана ачык жооп бергенин далилдеп берчүлөр четинен чыгат десем жаңылышпасмын деп ойлойм.
Айтор, айтылар сөз айтылды. Мындай учурларда кыргыздар "болору болду, боеосу канды" деп коюшат. Ырасынан эле болору болду, а "боёсу кандыбы?" Бул иштерди уюштургандар, бул иштерди баштагандар баштаарын баштап коюп, ал эми эң негизгиси - "боёк боёо өнөрлөрүнө" эми киришпесин?
Бакыт Орунбековдун айыптоолорунан кийин мен өзүмдү канчалык юрист эсептегеним менен учурда иштеп жаткан Кылмыш-жаза кодексин бир сыйра барактап чыгууга аргасыз болдум. Бакыт мырзанын айткандарын жетекчиликке алып, прокуратура органдары иш козгосо Кыргызстандын журналисттери Кылмыш-жаза кодексинин төмөндөгү беренелери менен төмөндөгүдөй жаза мөөнөттөрүнө тартылууга тийиш экен:

1.231-берене. Кылмыштуу шериктикти (кылмыштуу уюмду) уюштуруу.
(1) Оор же өтө оор кылмыштарды жасоо үчүн кылмыштуу шериктик (кылмыштуу уюм) түзүү, ошого тете мындай шериктикке (уюмга) же ага кирген структуралык кичи бөлүмдөргө жетекчилик кылуу, ошондой эле оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн пландарды жана шарттарды иштеп чыгуу максатында уюмдашкан топтордун уюштуруучуларынын, жетекчилеринин же башка өкүлдөрүнүн бирикмелерин түзүү - мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Кылмыштуу шериктикке (кылмыштуу уюмга) катышканда -мүлкүн конфис-кациялоо менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул берененин биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар өзүнүн кызматтык абалынан пайдалануу менен жасалганда- мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(Уландысы 11-бетте)




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??