"Меньшевиктер" менен "большевиктер"
Жаныбек Сурабалдиев, КСДПнын мүчөсү:
"Алмаз Шаршенович өзү айткан ажыдаарга айланып баратат"

Жаныбек Сурабалдиев-кадимки маркум депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин бир тууган иниси. Агасы Бакиев бийлиги тарабынан тындым кылынгандан кийин 2006-жылы КСДПга өтүп, Бакиев бийлигине каршы аттанган. Аталган партиянын лидери бийликке келгенден баштап, анын айланасындагылардын жасаган интригаларына нааразы болуп, редакцияга баш баккан экен, суроолорубузду узаттык.

- КСДПга качан мүчөлүккө өттүңүз эле?
- 2006-жылы өз ыктыярым менен мүчө болуп өткөм. Бакиев бийлигинин убагында биздин партиянын башынан нелер гана өткөн жок. Мына ошол убакта ысык-суугуна чыдап жүргөнбүз. Ага чейин салык комитетинде иштеп жаткан элем. Биз 2009-жылы Бакиевге катуу каршы чыгып баштаганда, ошол кездеги салык комитетинин төрагасы Ахматбек Келдибеков мени чакырып алып: "Же партияңдан чык, же иштен кет" дегенде мен ишимди таштап, партиянын кызыкчылыгын көздөп кетип калгам. Муну баары тең жакшы билишет.
Менин азыркы айтайын дегеним, учурда ошонун баары унутулуп, принцип өкүм сүрбөй, кошомат өкүм сүрүп, биз сыртка сүрүлүп баратабыз. Бүгүн кайра эле баягы Акаев менен Бакиевди мактап жүрүп жардан кулаткан кошоматчылар бийликтин тегерегине чогулуп алышты. Партияга дагы кирип, депутаттыкка дагы ошолор өтүштү. Ошолор мурда эч качан жакын жолошчу эмес да. Бишкек шаардык кеңешине деле ошолор өтүштү. Мен 2000-жылдан 2004-жылга чейин Бишкек шаардык кеңешине Түндүк шайлоо округунан депутат болуп шайлангам. Бул ирет партиянын ички тартибин таза сактаган, аны менен башынан бери жүргөндөр тизменин акырында калып, сырттан келгендер төргө өтүп алышты. 2008-жылкы "Акжолдун" тизмесин карасаңар, кудум эле ошол кишилер. Мына ушулардын айынан КСДП "Акжолго" айланып калды деп айтып жатышат.
- Учурда Атамбаевдин айланасында иштегендерден Икрамжан Илмиянов, Фарид Ниязов, Тайырбек Сарпашевдер тууралуу терс пикирлерди көп угабыз. Буга кандай карайсыз?
- Эми Икрамжан Илмиянов Атамбаев оппозицияда жүргөндө ошонун шопуру болуп иштеп жүргөнүн жакшы билесиңер. Азыр көп маселе ушул жигит аркылуу чечилип калды. Партиялаштар а дегенде Икрамга чыгат, ал президент менен сүйлөшөт, кааласа киргизет, каалабаса киргизбей коет. Бул жигит илгерки Кокон хандарынын вазириндей болуп алды. Кайраттуу, түз жүргөн, интригага аралашпаган Болот Сүйүнбаев деген татынакай иштеп жаткан жигитти мурдагы кызматынан төмөндөтүп коюшту. Ал эми Икрамдын досу, Атамбаевдин мурдагы шопуру Эркин Сопоковду жогорку кызматка алып келип койду. Бул жигит мурда салык кызматында иштеп, коррупцияга аралашып кеткенинен улам иштен бошотулган. Кийин аны кайра президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кылып дайындашты. Мунун баары Икрамдын жардамы аркылуу жасалып жатат.
Былтыр болсо жогору жактын көрсөтмөсү менен Тайырбек Сарпашевди партияга жетекчилик кызматка шашылыш эле шайлап салышты. Демократиялык партия аталганыбыз менен эч кандай демократия жок. Ал эми жаңы келгендер партиянын мүчөлөрү менен сүйлөшкөндү билишпей, аргасыз өздөрүнүн жакын достору менен гана иш кылып жатышат. Буга эски партия мүчөлөрү нааразы. Эми кайсы жыргаган иштерди бүтүрүп жиберишет, убакыт көрсөтөт.
- Принципиалдуу суроо. Сиз Алмаз Шаршеновичтин партиясында 6 жылдан бери активист болуп, ага кол кабыш кылып келипсиз. Партиялаш катары анын мүнөзүн жакшы билесиз. Бүгүн анын президент катары жүргүзүп жаткан саясатына кандай карайсыз?
- Башында үмүт чоң эле. Тилекке каршы, Алмаз Шаршенович бийликке келгенден бери башкача болуп баратат. Ошентсе дагы "оңолуп кетээр"-деген үмүт бар. 2009-жылы Сокулукта чогулган 5 миң кишинин көзүнчө: "Мени шайласаңар, мен силерге кул болуп иштеп берем" деген. Мен бүгүн кулду дагы, малайды дагы көргөн жерим жок. Анын ордуна орустар айтмакчы ал кишинин анда-санда теледен пайда болгону Христос тирилип келгендей эле абалды жаратып жатат. Бир кезде ал киши өзү айтчу эле, "Ак үйгө баргандын баары ажыдаарга айланат" деп. Эми өзү да ажыдаарга айланып бара жаткандай элес калтырып жатат. Өзүнүн айтканы өзүнө жагып жатса керек. Реалдуулук такыр башкача. Свет өчүп жатат. Шайлоону болсо көрдүк. Эмне дешти да билбей калат экенсиң, мындайда.
- Сиздин эртеңки кадамдарыңыз кандай болот? Себеби, эртеңден баштап сизди партиялаштарыңыз, жанагы сиз айтып жаткан кошоматчылар таламайга алышат да…
- Ал сөзсүз боло турган нерсе. Мен ага даярмын. Партиянын ичинде дагы нааразычылык күч. Илгерки меньшевиктер менен большевиктердей болуп экиге бөлүнүп калганбыз. Жаңылары большевик, эскилерибиз меньшевик болуп калдык. Кыскасы абал чатак. Эгер мындай темп менен кете бере турган болсок, анда өлкө тургай партия дагы оңолбойт. Алмаз Шаршенович менин сөзүмдү угуп өзү эле ойлонбосо, айланасындагы кошоматчылардан жакшылык күтпөйм. Минтип кете берсе партиядан чыккандардын саны көбөйөт.




Алдыда ызгаар кыш. Атамбаев уйкуда…

Кыргызстандагы кырдаал кыл чайнашкан абалга жеткени сокурга деле дайын болуп турат. Бүгүн Кыргызстандын жарандары Кудайдан гана жакшы нерсе үмүт кылышат. Бул дагы ачуу чындык.

2010-жылдагы ыңкылапка катышкандардын арасында азыркы бийликтин таманын жалап, Атамбаевдин бутунун чаңын аарчып жүргөн анча-мынчалардан башкасы толук бойдон бул ыңкылап бекерге жасалганын, бейкүнөө жигиттердин каны текке кеткенин жон териси менен сезип жатышат. Ошол революциядан 2 жыл өтүп-өтпөй Кыргызстандын бийлиги диктатордук режимге акырындап өтө баштады. Бир кезде чындыкты айтат деген КТРК кайрадан Атамбаевдин "ала жашигине" айланып, уламдан улам карасы көбөйүп баратат. Баягы Акаев менен Бакиевди айланчыктаган "келемиштер" менен "кес-келдириктер", шылуундар Атамбаевди айланчыктап, "Мауглидеги" чөөлөрдөй болуп "ажыдаарды" тегеректей айланып, анын кулаар саатын күтүп жүрүшөт. Учурдагы бийлик өзүнүн Табылды Акеровго, Үсөн Касыбековго окшогон кошоматчы эксперттеринин оозу менен "Баары жакшы, Атамбаев алтын президент. Буюрса жыргайбыз" деген эски обондорду оболотуп жатышат. Ага өздөрүнөн башка эч ким ишенбейт.
Алмазбек Атамбаев президенттик такка отурганына туура бир ай болгондо, 2011-жылдын 31-декабрында теледен куттуктап жатып: "Алтындарым, ишенгиле, жыргал заман келет, жыргал заман" деп жыл жаңыраар алдында жүрөктү бир сүйүнттү эле. Кантсе дагы жаңы шайлаган президент айтып жатса үмүттөнөт экенсиң да. Ошол күнгө бир жыл толо элек жатып, азыркы бийлик Кыргызстанды жарга түртүп тынаарына толугу менен көз жетти. Көз жеткени ушул, ачууланган ЖКнын бюджет комитетинин төрагасы Ахмат Келдибеков: "Бул бюджетти кабыл албаш керек. Бул эмне деген шумдук?" деп, катуу сындады. Өкмөт башчы болсо, өзүнүн көндүм болуп калган "бюджет пустой, казынада акча жок" деген ырын айыл кыдыра ырдап жүрөт. Бюджет комитетине барганда дагы жарытылуу сунуш айта алган жок. Ушул премьердин турушу эле жүдөө баланы элес-тетет. Жасаган данектүү иши болсочу. Албетте, Жантөрө Сатыбалдиев жыл аяктаар маалда жогорудагы кожоюнунун жардамы менен келип, а-бу дегиче 3 ай өтүп, алдыда жыл жыйынтыгы коколоп турганы. Негизи бюджеттеги олчойгон жыртык 2011-жылы Алмазбек Атамбаев өкмөттү башкарып, мугалимдер менен врачтардын айлыгын олчойто көбөйткөндөн башталган. Ошондо Атамбаев айткан: "Бюджетти профицит менен аяктап, андан кийин президенттик такка отурам" деп. Бюджет оңолгондун ордуна оңкосунан сайылып, Атамбаев президенттик тактыга качып барып отуруп алды. Болгон кашанын баарын кийинки премьер Бабановго шылтап, өзү акыл үйрөтүп төрдө эле отура бербей, "иш кыла албайт экенсиң" деп аны ээрден шыпырып түшүп, Жантөрөнү алып келди. Арада премьер алмашканы менен бюджеттин жыртыгы чоңоюп эле бара жатат. Буга чейин Алмазбек Атамбаев өкмөттүн ишине жооп бербесин, ал жерде башка партиянын жетекчиси отурганын билчүбүз. Азыр болсо бардык ММКлар жазып жатышкандай, бийликтин вертикалы Башмыйзамга жазылбаса дагы толугу менен Атамбаевге тийди . А түгүл соттордун да "согун" чыгарып баштады. Мындай абалда президент Атамбаев "смотрящийдин" ролун аткарып жатат.
Бүгүн Кыргызстанда президент Атамбаев мактана турган эмне калды? Роза Исаковна президент болуп турганда кыргыздар сөз эркиндиги, адам укуктарынын аз да болсо сакталышы жана сот, укук коргоо тармагында башталган реформаларды айтып мактанышчу. Бүгүн сөз эркиндигинен башка мактана турган эч нерсе калган жок. Баары тетири кетти. Коррупциянын деңгээли мурдагы бойдон. Бийликте туруктуулук жок. Парламент болсо президентке эки колун көтөрүп багынып берди. Атамбаевдин ачуусуна тийгендерди майда кылмыштар менен камап жатышат. Демек диктатуралык аракеттер куугунтук формасына өтө баштады. Бардык бийлик бутактарын колуна алган президент Атамбаев Кыргызстандын элин каратып туруп эле коңурук тартып, уктап жатат. Эртең менен 10:45те машиненин баарын тоз-тополоң кылып, автотыгында катар тизилген машинелер ачуу чаңырып нааразы болгонуна карабай, жарым саат бою Манас проспектисин жаап, жер-суунун баарына милицияны жайната тизип туруп, кайран гана президентибиз кебелбей жумушка жөнөйт. Ал эми Кыргызстан мамлекет катары өлүп бара жатат. Муну көрсө да көрмөксөнгө салат. Атамбаевдин жасаган саясатынан анын оңолоор кейпи көрүнбөйт. Элдин ичинде жашоо кыйындап бара жатат. Нааразычылык күч. Жазга жуук социалдык жарылуу болушу мүмкүндүгүн эч кандай эксперти-мексперти жок эле боолголоп билсе болот. Ал эми Атамбаев болсо дале уйкуда. Ойгонгончо, оңкосунан түшпөсө эле болду.