Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Революционерлерге куугунтук "ийгиликтүү" уланып жатат
2010-жылдын 6-7-апрелинде башын канжыгага байлап, Бакиевдин кандуу бийлигинен каршы чыккан активисттердин бири, Талас шаарынын мурдагы мэри Серен Шейшеновго кылмыш иши козголуп, сотко өттү. Талас шаардык прокуратура кылмыш кодексинин 305-беренесинин биринчи жана экинчи бөлүгү боюнча козгогон бул иште Серен Шейшенов жер участогун мыйзамсыз бергендиги айтылат. Ал эми Серен мырзанын өзү менен байланышканыбызда ал: "Талас шаардык прокуратурасынын козгогон ишинде эч кандай факты жок. Мен шаардык бийликти жетектеп турганда атайын жер комиссиясынын, тиешелүү органдардын текшерүүсү, менин колдоом жана ошондой эле ошол кездеги биринчи орун басарым Кубанычбек Осмоновдун колу менен революцияга активдүү катышкан жаранга жер участогун бергенибиз чын. Мен аны танбайм. Бирок биз атайын мекемелердин тыянагы, корутундусу менен чечкенбиз да бул маселени. Эми мен мэрлик кызматтан кеткениме 1 жылдан ашуун убакыт болду. Эмне үчүн ошол убакта, же болбосо мен иштеп турганда көтөрүп чыгышпайт? Же ушул бир участокту эми изилдеп бүтүштүбү? Мен кыйла убакыттан бери өзүм башынан демилге көтөрүп келген тоо-кен маселеси боюнча ачуу сындарымды айтып, Таластын экологиясына зыяндуулугун түшүндүрүп, башынан алтын кендердин ачылышына каршы чыгып келгем. Бийликтин бул аракети ошол нерсеге жооп болсо керек. Мен кылмыш ишинин козголушунан коркпойм. Бирок, ар бир иш мыйзам чегинде териштирилиши керек деген пикирдемин. Мен кылмыш иши козголгонун, ал иштин сотко өткөнүн жакында гана билдим. Жада калса сот процессин да дайындап коюшуптур. Мени булар күнөөлөп жаткандан кийин кылмыш иши менен таанышып чыгышым керек эле да. Бул эмне деген шумдук?" деген пикирин билдирди. Кылмышы кырк төөгө жүк болуп Дубайга кире качкандар бийлик менен ымала күтүп, Бишкекке келип, коррупционерлер сайрандап жаткан чакта кенедей нерсеге шылтоолоп, кичинекей экс-мэрге кылтак илгени Атамбаев бийлигине аброй алып келбейт да, түгөттүкү…


Анарбектин пиары
Кечээ жакында Кыргызстанга келген Түрк парламентинин депутаттарынын бири Нежати Мехмет Четинкая ЖК депутаты Анарбек Калматовдун "Муниципалитеттер биримдиги" - деген аты бар, заты белгисиз мекеменин башына дайындалганын жарыялады. Муну угуп алган айрымдар: "Оо, Калматов билинбегени менен аябай авторитеттүү неме турбайбы" деп ооз ачып калышыптыр. А чындыгында кыргыздардын ишенчээктигин пайдалангысы келген Анакең Түрк парламентиндеги тааныштары аркылуу ушундай формалдуу уюм түздүрө коюп, өзүн башчы жарыялатып жатканына караганда президенттик жарышка түшчү дымагы бар окшойт деп калдык…


Жантөрөнүн "косягы"
Премьер болгонуна 3 ай толо элек Жантөрөнү көпчүлүк чечкинсиз, шефинин айтканынан чыга албаган жетекчи катары сыпатташат эмеспи. Көрсө бул кишинин деле анча-мынча кадрларды Атамбаевге айтпай туруп дайындай салган учурлары бар экен. Мисалы, салык кызматынын жетекчиси Исхак Масалиев менен ажонун кан кудасы, наркозаттарды көзөмөлдөө агенттигинин башчысы Алымбай Султановду өз алдынча дайындай салыптыр. Бирин өзүнө ылайыктуу фигура катары көрсө, экинчисин ажого жагыныш үчүн дайындаптыр. Бирок ажого жагынмак түгүл, анын аптыракатын айрандай төккөн Жантөрө акебиз ажого кире албай, улам эле Атамбаевдин ЖКдагы өкүлү Орозбек Молдалиевге телефон чалып, "шефинин" маанайын сурап эле жүдөп жаткан чагы экен.


Арыбаган Азимбек
"Революциянын бульдозеру" атыккан кадимки Азимбек Бекназаров бир топтон бери эл аралабай буулугуп калган окшобойбу. "Эл үнү" оппозициялык кыймылын түзгөндөн бери күн-түн дебей чуркаганы чуркаган.
Баштаган ишти аягына жеткирмейин жаны тынбаган Азикең бир жума бою түштүк жергесин түрө кыдырып, Бишкекке кайтып келди. "Түштүктө абал кандай?"- деп сурасак "Бу бийликтин ичер суусу бүттү"- деп койду. Азикең жөн айтчу эмес эле, эми Атамбаев кайда качар экен?


Токон Мамытовго токоч беришет
"Ар-Намыс" партиясынын коалициялык көпчүлүктөн чыгуу аракети ишке ашпай калгандан бери бул партиядагы эки депутаттын, Каныбек Иманалиев менен Токон Мамытовдун, "тембри" катуу чыгып калган. Көрсө, расмий эмес түрдө президенттик башкарууну жактаган бийлик экөөнө эки бакандай кызматты убада кылып, ошону менен "ар-намысчыларды" алдоону оңой ишке ашырыптыр. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, жакын арада УКМКнын башбакандыгына Токон мырза тоголонуп барып отуруп калчудай. Ошондон уламбы, ал "Камчы Көлбаевди кармап келдик" деп калп айткан УКМКны азыртадан жактап, алчы-таасынан түшүүдө.
Ал эми Каныбек Капашовичке парламенттеги эл аралык иштер комитети сунушталыптыр. Бирок, коалициянын көпчүлүгү буга макул эмес дейт…


Атамбаев кантип байыды?
2010-жылдагы апрель ыңкылабына жакын ошол кездеги каржалып турган оппозицияны багам деп чөнтөгүн жукарткан азыркы президент Атамбаев кечээ эле акчасы аз байлардын катарында жүргөн. Арадан 2 жыл өтпөй эле Кыргызстандагы 3 байдын ичине кирип, 800 миллион долларлык байлыгы менен Өмүрбек Бабанов менен Аскар Салымбековдон кийинки орунга илиниптир. Эмнеси болсо да байысын, анысына каршылык жок. Бирок, "мынча акчаны бизнеси жок Атамбаев кайдан таап алды экен?" деп башыбыз маң. Билгендер болсо "Кыргызавтомаш" заводу ээлеген эсепсиз чоң территорияны камчыга ченеп бөлүп, оңду-солду сатып жатат деген сөздүн башын кылтыйтууда. Биз болсо, өзүбүзчө журналисттик иликтөө жүргүзүп көрөлү деп чечтик. Жакынкы сандарыбызда окурмандарыбыздын кулагына шыбырап, айтар сөзүбүздү айтабыз.


Архитектурадагы аңгектер
Редакцияга Бишкектеги жаңы конуштардын биринен бир эжеке келиптир. "Каныбек Нарбаев башкарган архитектура жана регионалдык башкаруу агенттигинин бир кызматкери ала жазда бир чиймеңерди бүткөрүп берем деп 500 америка долларын алды эле же акчадан жок же чиймеден жок калдык. Минтип чилде да кирип келди, эмне кылаарыбызды билбей айлабыз түгөндү. Телефон чалсак албайт, жумушуна барсак карматпай качат"- деп бир топ нерселерди айтса болобу.
"Каныбек Нарбаев өзү жетектеген агенттиктин ишин жөнгө келтирип, тартипке салып койду"- деп укканыбыз бар эле. Сүйүнүп калганбыз. Көрсө, жел сөздөрдүн бири окшойт. Жигит деген бир айткан сөзүнө турат деп укчу элек. Же Нарбаев кол алдында иштегендердин баарына жоолук салып койду беле? Андай болбосо, айткан сөзүңөргө турбайсыңарбы, артыңардан чурулдатып сөз ээрчитпей.


Кайдасың, Каныкей Аскаралы?
"Ата Мекен" партиясынын жаштар канатынын бир канатын чойгон Каныкей Аскаралы кызы 25-ноябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо Бишкек шаарында жаштарга кантип "карусель" тептиргени тууралуу "Алиби" гезити 27-ноябрдагы санына чакан маалымат кетирген. Аны окуган "ата мекенчилер" безге сайгандай секирип, эртеси эле күнү өздөрүн периште көрсөткөн, демек "Алибини" ушакчы" санаган "санжырасын" көтөрүп жетип келишкен эле. Алардын жазганына ишенсек 25-ноябрь күнү Каныкей Аскаралы кызы шайлоо-пайлоосу жок эле, курсагы ач "ата мекенчилерге" тамак даярдоо менен алек болгон имиш.
Бирок, "калптын казаны кайнабайт"- деген чын окшойт. Каныкей карындашыбыздын артынан редакцияга 25-ноябрь күнү "карусель" тепкен эки студент кызыбыз келип, Каныкей Аскаралы кызы жашабай жатып "ыйманын жеп" жатканын, эч кандай тамак бышырбай эле аларды "бусикке" отургузуп алып "Ак Өргөө", андан кийин "Ала-Тоо" жаңы конуштарындагы мектептердеги шайлоо участокторуна алып барып, мыйзам бузуу жолдору менен он чакты студентке "Ата Мекен" партиясынын пайдасына добуш бердиргенин айтып беришкен. Биз алардын айткандарын "Алибинин" 30-ноябрдагы санына жарыялаганбыз.
Тилекке каршы, "Республика" партиясынын өкүлүн "даярдык көрүп жатат"- деп чычкандай баса калып, кылмыш ишин козгогон Башкы прокуратура "Ата Мекен" партиясына келгенде азуусун жана албай, жер чукулап отуруп берсе, Борбордук шайлоо комиссиясы дегеле көрмөксөн, укмаксан болуп отургандары кызык.
Аталган органдарга редакция расмий түрдө шайлоо тартибин бузууларда "Ата Мекен" партиясынын ордун аныктоо өтүнүчү менен кайрылат.




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??