Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Китепкана



п»ї

 Китепкана

Айымдарга кеңеш
Кыш келип, аба суук тарта баштады. Сууктан, шамалдан жана кургак абадан кыш мезгилинде адамдын териси өзгөчө сезимталдуу болуп калат. Аталган факторлордун бардыгы териге, өзгөчө беттин терисине зыян алып келет. Ошондуктан, кышында биздин терибиз өзгөчө камкордукту талап кылаары жашыруун эмес. Сууктун күнүндө терини кантип коргоо керек, дегеле бул боюнча адистер кандай кеңеш беришет болду экен.

Сууктан жана шамалдан тери бузулуп кетпеси үчүн кышында ага өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Бул үчүн эң негизгиси майлуу кремге көңүл буруу керек. Дерматологдор кышында эртең менен сыртка чыгарда колго жана бетке кремди 40 мүнөт эртерээк сүйкөөнү сунушташат. Себеби, кандай гана крем болбосун териге 40 мүнөттө толук сиңет. Ал эми бетке же колго кремди сүйкөп, дароо сыртка чыкса, кремдин курамындагы суу суукта тоңуп, териге зыян алып келет.
Күн жылуу убакта көпчүлүк айымдар макиажды кетирүү үчүн ар кандай көбүктөрдү жана гелдерди колдонушат. Бирок, кыш мезгилинде макиажды өчүрүү үчүн атайын косметикалык сүттү (молочко) колдонгон оң. Себеби косметикалык сүт терини кургатпайт.
Көпчүлүк айымдар беттин териси күндүн ультракызгылт нурунан гана бузулат, жапа чегет деп, күн нурунан коргоочу кремдерди жайдын күнүндө гана колдонушат. Бул туура, бирок күн нурунан коргоочу мындай бет майларды жылдын бардык мезгилинде колдонууну адистер эскертишет.
Кышында беттин терисин муз же кар менен сүргөнгө болбойт. Мындай процедура жайдын аптаптуу күндөрүнө сунушталат.
Кыштын күнүндө биздин терибиз гана эмес, бүткүл организмибиз витаминди талап кылат. Ошондуктан витаминдүү тамактарды, жашылча-жемиштерди көбүрөөк колдонуңуз. Беттин терисине азыктандыруучу жана жумшартуучу маскаларды колдонуңуз. Түнкү бет майды сөзсүз колдонуңуз. Себеби, кечинде тери ар кандай стресстен калыбына келет.







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??