Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
СМС-пикир
Кендерди казууну токтотсо жакшы болот эле. Себеби, ошол жактан чыккан радиациядан элибиз оорукчан болуп калды. Ушуну ойлонгон аткаминерлер барбы? Же, алардын балдары жокпу? Келечек эмне болот?
773 4945***

21. 12. 2012 -ж. - "Парад планетага" президент жана башка мыкчегер миллионерлер кытайдын чоң кораблине билет алышып коюштубу? Ырас эле, баары бир кемеде эмне болсок бир бололу дешкен го. Мейли, алардын кыргызга эч пайдасы деле жок! Кете беришсин!
Самат, Ысык -Көлдөн, 700 9097***

20 жыл бийлик талашып, бийликте отургандар, кыргыз элин итке мингизип, карызга батыргандар - булар кул тукумдар! Ооба, аларды мен минтип айткандан коркпойм! Алар кыргыз элине кыянаттык кылышып, элди ойлобогон соттор, прокурорлор, укук коргоо органдары, банкирлер, министрлер, депутаттар… Алардын түбү эч убакта курсагы тойбогон, үстү жаңырып жаңы чапан кийбеген, өмүрү жакшылык көрбөгөндөрдүн урпактары. Ошон үчүн бийлик, байлык десе баарына даяр, намыс, уят дегенди билбегендер. 20 жылдан бери карапайым элден өч алышты. Алардын тили, дили, уруусу да жок! Карапайым эл гана -Манастын тукуму! Көтөрүмдүү да, чыдамдуу да, намыстуу да, бийлик, байлык артынан түшпөгөн.
Турсуматов Абдыманап,
Кадамжайдан, 773 9805***

ОШ базарынын сырты оңолду, жаз келери менен ичин оңдоп, үстү жабык базарга айланткыла. Күнү -түнү иштөөчү азык-түлүк базарына айлантуу керек. Автобус, троллейбустар көбөйсүн. Жумуш орундары көбөйүп, эл жумуш менен камсыз болушат.
773 8952***

Атамбаев коррупция менен күрөштү уланта бериңиз! Эл баасын берип жатат. Сизге каршы болгондор боло берсин Манас атабызга деле каршылар болгон. Тарых өз баасын берет.
Турумтай, 773 1977***

"Мыкты" К. Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытов!!! Ушул үч атуулдан башка чиновниктерди "коркок жана эркек эмес" деп эсептейм!
773 3467***

Мыкты -бул Кочкор атадагы "Кыргызнефтегаз" ишканасынын мурунку директору Масиров К.Д.
773 3467***

Мыкты- Оштун мэри Мелис Мырзакматов! (3 добуш)
773 0700***
Мыкты - Ош базарын итканадан айырмалап, жаңы заманбап базарга айланткан Бишкек шаар мэри Иса Өмүркулов!
Мыкты - инвестицияларды тартып келип жаткан президент А.Атамбаев!
543 8705***

Мыкты - Үмүт Тилегенова, ырчы. Себеби, анын үнү чет өлкөлөргө чыккан фильмдерде жаңырып, кыргыздын ырларын таанытып жатат. "Аталардын керээзи" фильминде.
770 2727***

Мыкты - депутат Кенжебек Бокоев! Мародерлордун бетин ачууда тынбай иш алпарууда. Аягына чыгыш керек, Кенжебек мырза.
773 1881***

Мыкты -Адахан Мадумаров, мыкты саясатчы!
777 6169***

Мыкты - Камчыбек Ташиев, мыкты саясатчы!
772 7009***

Жол салбаган, ой тандаган, кичине же чоң деп бой тандаган бир караан бар. Жакшы болсоң көрө албаган, аман болсоң табалаган, эл үчүн эч нерсеге жарабаган, өзүлөрүн кыраан сезген, жылма жылаан экен. Абайлабасаң чагып алат. Акыйкат издеген боло берет. Байкабасаң каныңды соро берет. Байкамаксан боло берет. Чабуулга өтүп жини келет. Капысынан жеңишке жетиш үчүн. Ай, токтотойун, мейли табышмак бойдон кала берсин.
Турумтай, 777 3197***

Акаевге, Бакиевге жактыңыз, Айдар менен Максимге жакпай, портфелге жетпей калдыңыз. Евростандарт эңсеген ойлоруңуз. Менин айтаарым, кыргыз эле бойдон калыңыз!
Турумтай

Жыл мыктысы - ырчы Тата УЛАН! Тата Улан иним, жүзүңдү элиңден жашырбачы?! Элиң бар, ырысың бар. Көптөгөн жерден ушул жөнүндө жагымсыз сөздөрдү уктум.
777 1977***

Мыкты саясатчы, публицист, калемгер, Улуу Британиядагы экс кыргыз элчиси, тилчи, сынчы урматтуу Кубан Мамбеталиев агай!
555 4005***
Мыкты саясатчы - Жээнбеков Бабырбек! Мыкты журналист - Кубан Мамбеталиев!
559 0042***

Мыкты депутат - Акматбек Келдибеков! (5 добуш)
773 0400***

0558 230*** абоненти, даана го! Эмнеге зектерге амнистия бермек эле??? Ошончо зекти чыгарса эмне болот? Жазаарда ойлонуш керек! Ойго келгенди ура берей.
779 2780***

"Ата Мекендин" утканына ишенбейбиз! Аты -заты чыкпаган любой партия утту дешсе, ишенет элек" дешет эл.
773 9914***

Оо, эл журт, сүйүнчү!!! "Жаңы Ордо" гезитинин баш редактору Бекендин көзү ачылып, кулагы угуп, уйкудан ойгонуптур! Себеби, беш жыл башкарган Бакиевдин бийлик маалында унчукпаган, Атамбаевдин бир жылдыгында эле жан киргенин айтып жатам. Атамбаев да чет элдик сапарлаш кылып койсо, кайра көрбөй, укпай уктап калба Бекен! Укам ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө! Төмөн түшпөй, билген чындыгың айта бер.
773 99 14***

Атамбаев журналисттерге акыл үйрөтпөй өзүнүн акылын толтуруп алса жакшы болмок. Анын "кудай буйруса" деген сөзү "колумдан эч нерсе келбейт" деген менен барабар. Кыргызстанды кандай абалга салганын көрүп, эгер мүмкүнчүлүк болсо, бетине түкүрмөкмүн! Бабырбек Жээнбеков - сиз Кыргызстандын президентинен жүз эсе жогору турасыз. Чыныгы атанын уулу экенсиз! Сизге рахмат жана ишиңизге ийгилик!
Ала -Букадан, 772 4709***

"Бийлик Мотуевдин саясий карьерасына тоскоолдук кылуу үчүн атайын "кыз зордук" жалаасын жаап жатат" деп жазыпсыңар. Мен бийликти жактабайм , алар да президенти баш болуп, чокойун тескери кийгендер. Бирок, Моту тукуму деле периште эмес, кирди -чыкты чолок ой жүгүртүүсү менен чолоңдогон ойлорун туш келди сүйлөп, обу жок талаптарды коюп, саясатка аралашып жүрөт. Аны саясатка аралашпай эле кой демекмин. Аны актабай эле койгула, "от болбосо түтүн жок" да. Ал бийлик подставить эткидей маанилүү деле фигура эмес да. Мурунку ИИМ кызматкери катары мындайлардын далайын көргөнбүз, билебиз аларды. Кур дүрмөткө окшогондор өлкөгө пайда да, зыян да келтире албайт.
778 7976***

Мыкты - бизнесмен Рысбек Мааткабылов. (11 добуш)
555 2235***

Мыкты - Бакыт Төрөбаев, мыкты депутат. "Өнүгүү" партиясынын лидери! ( 17 добуш)
778 4343***

Мыкты министр - Каныбек Нарбаев!
773 9309***







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??