Ахмадийлердин
кыргызга кереги барбы?

"Ахмадийлер" деген ат менен дүйнөгө таанылган бул кыймыл тууралуу ар кандай пикирлер айтылат. Мырза Гулам Ахмад тарабынан 1889-жылы Ахмадия Мусулман Жамааты негизделген. Самарканддык Тимурдун абасы Хаджи Сайфуддин Барластын тукумдарынан же болбосо Бабурга илинчеги бар делген Мырза Гулам Ахмаддын ата-бабалары Улуу Могол ордосунда жогорку кызматтарды ээлеген деген легенда бар. Демек ахмадийлер өздөрүн ак сөөктөрдүн тукуму катары сезишет. Эми алар өз мекенинде өздөрүн кандай сезишет, бул алардын жеке иши, аталган кыймылдын Кыргызстандагы тарыхына токтололу.

Ахмадия Мусулман Жамааты Кыргызстанда ( Минюсттагы катталуу күбөлүгү №18047-3300-0 (ИУ)) Баш мыйзамдын негизинде иш жүргүзүп, "Ислам дининин баалуулуктары, ыйман аркылуу өлкөнүн адеп-ахлак, моралдык жана рухий өнүгүүсүн камсыздап, кайрымдуулук иштери менен алек болуп, ислам динин жайылтууга салым кошуудабыз" деп келишет . Кыргызстанда булардын бир жарым миңге жакын тарапкерлери бар, алардын катары көбөйүүдө. Ахмадийлер келип чыккан Пакистанда алардын ишмердүүлүгүнө тыюу салып,а түгүл паспортуна "ahmedi" деп балчайта жазып коюшат экен. Же болбосо, кадимки мусулман дини менен ахмадийлердин катышы жок деп таанышат. Коңшу өлкөлөр коопсуздук менен карап, каршылык кылган бул мусулман агымына бизде көңүл бурган эч ким жок. Анткени бийлик бөлүшкөндөн башканы билбеген Кыргызстанда дин маселесине "либералдуу" карашат. Тагын айтканда, таптакыр иштери жок. Деструктивдүү, экстремисттик маанай жараткан диний агымдар эчак эле өлкөнү аралап кеткен. Дүйнө жүзүндө теракттар күн сайын катталып, мына ошол ахмадийлердин мекени болгон Пакистан теракт-тардан баш көтөрө албай, аны кимден көрөөрүн билбей турганда Кыргызстанда ар кандай диний агымдардын көбөйө бериши жакшы көрүнүш эмес. Бул өңүттөн алып караганда өздөрүн "ак сөөк мусулман" сезген ахмадийлердин тарыхын изилдеп, бул диндик кыймылды жамынып алып, Кыргызстанды чаңытып, кааласа кызына үйлөнүп отурукташкандар тууралуу эч ким деле билбейт.
"Бизнеске ылайыкташкан, мыйзам бузбаган уюм болгону үчүн официалдуу ислам журтчулугу ахмадийлерден чочулайт" деп айрымдар ой жоруп койгон бул уюм тууралуу кыргыздар толугу менен кабардар эмес. Бир буту менен теңирчиликти, бир буту менен мусулманчылыкты таянган кыргыздар ахмадийлерди таанышы үчүн дин тармагына арылап сүңгүшү керек. Ага чама жетпегенден кийин чөп башылап, исламды жамынган уюмдарды этектеп кеткен көрүнүштөр четтен чыгууда. Дүйнө жүзүндөгү мусулман уюмдары тууралуу кеңири түшүнүгү жок карапайым кыргыздар мусулман дининин кайсы агымы менен кетип бара жатканын түшүнгөнгө чамасы жеткен жери жок. Бул өлкө коопсуздугу үчүн коркунучтуу.
Дүйнө жүзүндө мүчөлөрү 12 миллионго чукул адамды камтып, ар кайсы мамлекеттерде 12 миңден ашык мечиттерди салган бул уюмдун борбору Лондондо жайгашкан, мунун өзү мусулман өлкөлөрүндө колдоо тапкан эмес дегенди түшүндүрөт. Мына ушул ахмадийлердин өкүлү болгон пакистандык Наим Улла Хан деген адам Кыргызстандын аймагында автомашина сатуу менен алектенет деген менен ал адамдын Кыргызстанда башка максат менен жүргөндүгү туурасында маалымат бар. Анын уулу Асад Улла Хан кыргызстандык жарандын үстүнөн Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазып, Кылмыш Жаза кодексинин 166-беренеси, же болбосо "алдамчылык" боюнча кылмыш ишин козготуп, анысы акырына чыкпай, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кыскартылган. Же болбосо, Наим Улла Хандын пикири келишпей калган Кыргызстандын жаранын коркутуп, жүрөгүнүн үшүн алам деген аракети оңунан чыкпай калган. Мыйзам бардыгы үчүн бирдей, ошентсе да бул факты аталган ахмадийлер уюмунун мүчөлөрү канчалык "биз тынчтыкты сүйүүчүлөрбүз" деп апакай көрүнгүсү келгени менен керек учурда адамга жалаа жабыштан кайра тартпай тургандыктарын далилдейт. 15 жылдан ашуун Кыргызстанда жашап, бул жактан да кошумча бүлө күтүп, "макбургер" менен кыргыздардын курсагын тойгузуп, автомашина сатуу менен шугулданат. Анын Тынчтык проспектисинин №58 үйүндө жайгашкан "Макбургер", "Авто из США" аттуу жана Абдрахманов, Токтогул көчөлөрүндө жайгашкан ушундай эле аталыштагы бизнес түйүндөрү бишкектиктерге жакшы тааныш . Же болбосо, "Cars PK" баш болгон жети фирмасы гүлдөп, өнүгүп жаткан кези. Анысы өзүнө буюрсун, кыргыздын тың чыкмаларынын жарыгы кыргызга тийбегенден кийин, пакистандыктан ким эмнени күтөт? Коркунучу башкада. Бул адам жана анын жердештери биз жогоруда сөз кылган, кыргыздар дурус билбеген мусулман агымын күчтөп Кыргызстандын аймагына жайылтууга жан үрөп жүрөт. Алардын арасында Асад Улла Хан аттуу уулу да бар.Албетте, бул жана башка Кыргызстанда ээн-эркин, шапар тээп жашап жүргөн аталган уюмдун мүчөлөрү жана уюмга мүчө болгон айрым кыргызстандыктар мындай пикирге караманча каршы чыгышат. Алардын өз чындыгы бар. Бирок Кыргызстан кыргыздар жана кыргызстандыктар үчүн бирөө гана. Демек, чет элдик диний уюмдар жана алардын мүчөлөрү мамлекеттин аймагында "өздөрү билген намазын окуй беришине" шарт түзүп берүү түбү барып жакшылыкка алып келбейт.
Өздөрүн "ак сөөк" сезген ахмадийлер тууралуу Борбордук Азиядагы диний эксперттер кандай гана пикирлерди айтып, айрымдары жактаганга жанталашканы менен Кыргызстан үчүн кооптуу диний уюм экендиги бештен белгилүү. Анткени ички иштер министрлиги бул агымга тыюу салуу үчүн сотко арыз менен кайрылган. Айта кетүүчү жагдай-медалдын эки бетиндей болуп Кыргызстанда ишкердик менен алектенүү менен катар, аталган дин уюмуна чакырык таштап жүргөн пакистандык атуулдарды ким көзөмөлгө алат? Мындай абалга кептелген Кыргызстандын коопсуздук маселеси кылдын учунда.