Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Китепкана



п»ї

 Китепкана

Нааразы ата-энелер,
кылы кыйшайбаган директор

Жакында "Алиби" гезитинин редакциясына Бишкектин Октябрь районуна караштуу №88 орто мектебинин окуучуларынын ата-энелеринин кайрылуу каты келип түштү. Ал кайрылууда: "№88 орто мектептин директору Ниязалиева Гүлмира Абаскановна июль айында 1-класска окуучуларды кабыл алууда пара алгандыгы тууралуу тийиштүү органдар тарабынан кармалып, массалык-маалымат каражаттары тарабынан билдирилген. Сиздердин гезит дагы депутат эжеси Дамира Ниязалиева экөөнү гезитке карикатура катары жазып чыккансыңар. Ошол убакыттан бери директордун иши сотто каралып бүтө элек, бирок 9-ноябрдан бери мектепте башталгыч класстарда орус тили мугалими болуп иштөөдө. Анысы аз келгенсип, ушул убакытка чейин директордун кабинетинин ачкычын тапшырбай, кабинетти өзү ээлеп келүүдө.

2012-жылдын 24-октябрында мектепте "Алга Көкжар" фондунун отчеттук чогулушу болуп, ата-энелер фондго 2011-2012-окуу жылында чогулган отчеттогу 1 млн. 037 657 сомдун сарпталышын "канааттандырарлык эмес" деп эсептедик. Отчеттогу сумманын сарпталышын тийиштүү органдар тарабынан текшерилсин деп эсептеп чечим чыгардык. (отчет тиркелди). Чогулуштун протоколунун көчүрмөсү шаардык билим берүү башкармалыгына, элге билим берүү министрлигине да жиберилген, бирок эч кандай жооп жок.
Биз, ата-энелер жана окуучулар кимге ишенебиз? Пара алгандыгы боюнча кармаган, кылмыш ишин козгогон органдаргабы? Элге кылмыш иши ачылды деп жарыялаган массалык маалымат каражаттарыбы? Акталган, акталбаганы белгисиз иштеген директоргобу?
Чогулуштун протоколун шаардык прокуратурага да жөнөттүк.
Сиздер тарабынан журналисттик иликтөө жүргүзүлүп акыйкаттык аныкталсын деп суранабыз. Ата-энелер: Султанмуратова, Бекташева А., Олжобаева О., Самаган к А., Исмаилов Н., Асаналиева Н." деп ак-карасынан жазылып турат.
Ата-энелерден келген кайрылуу кат менен таанышкандан кийин, ай-күндөрдүн бүктөмүндө калып, унутулуп бараткан бул окуя аргасыз эске түштү. Элдин деле эсинде болсо керек, үстүбүздөгү жылдын июль айында биз сөзмө сөз келтирген кайрылууда сөз болгон Бишкектеги №88 мектептин директору Гүлмира Ниязалиева пара алды делип шектелип, кармалган эле. Айтымда, жаңылбасак, №88 мектептин директору Гүлмира Ниязалиевага "Көк-Жар" конушунун тургундарынан балдарын мектепке кабыл алгандыгы үчүн 2 миң сомдон талап кылган" деп айып тагылган болчу.
Мектеп директорлорунун окуучуларды мектепке кабыл алуу үчүн акча талап кылышы Кыргызстандын эч бир аймагында жаңылык деле болбосо керек. Акыркы жыйырма жыл аралыгында, мектеп окуучуларынан мектептин ремонту үчүн, окуу китебинин арендасы үчүн, бор үчүн, күзөт кызматы үчүн ж.б. толгон-токой шылтоолор менен бир эле окуу жылынын аралыгында мектепти колдоо фондусуна делип, 1 миңден 3 миңге чейин акча талап кылынып келет. Буга ата-энелер канчалык нааразы болушпасын, аргасыз көнүп бүтүшкөн. Мындан тышкары, айрым мектептерде - "мектепке кабыл алуу" взнос-тору бар. Бул взностун суммасы мектеп директорлору тарабынан аныкталат жана мектепти колдоо фондусуна эмес, мектеп директорлорунун чөнтөгүнө түшөт. Мындай мыйзамсыз көрүнүштөр акыркы жылдарда мектептерде кадыресе тенденцияга айланып калган десек эч жаңылбайбыз. "Балдарды кабыл алуу" үчүн "взнос алуу" фактылары мектептер түгүл бала бакчаларда да терең тамырлап кеткени эч кимге деле жашырын эмес. Мектеп директорлору менен бала бакча башчыларынын арасынан мектепке, бакчаларга балдарды кабыл алганы үчүн, мыйзамсыз взнос алганы үчүн кармалып, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылгандары жок эмес. Бишкектеги №13 мектеп-лицейдин директору да финансылык тартип бузуулар үчүн кармалып, бир топ уу-чуу болгону бар. Арийне, Көк-Жардагы №88 мектептеги окуучуну мектепке кабыл алуу үчүн акча талап кылуу окуясы коомчулукта анчалык деле резонанс жараткан жок. Болгону, интернет сайттары мектепке кабыл алуу үчүн акча талап кылуу фактысы тууралуу кабарлап, бул окуя боюнча айыпталган мектеп директору Гүлмира Ниязалиеванын жатындашы КСДПдан депутат Дамира Ниязалиеванын "Баары мыйзам чегинде болуш керек. Азырынча эч кандай комментарий кылгым келбейт, адамды күнөөлөөдөн мурда аны далилдеш керек. Мен бир тууганымдын ишине кийлигишпейм" деген комментарийин берип тим болгон.
Мм-да, турмушта бир парадокс бар: Адатта, биз "атасы үчүн баласы, баласы үчүн атасы, же бир тууганы үчүн бир тууганы жооп бербеш керек" деп айтканды, аны мыйзамдар менен бекемдегенди абдан жакшы көрөбүз. Арийне, антип атасы үчүн баласы жооп бербейт дегенибиз менен, акыркы жыйырма жылда Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу өкүм сүрүп келгенин жаап-жашырып коюуга эч мүмкүн эмес. Эл Акаевди гана президент шайлаган менен, чындыгында Кыргызстанды Майрам Акаева баш, Айдар, Бермет Акаевдер төш болгон - Аскар Акаевичтин үй-бүлөсү башкарды. Бакиев өзүнүн ашынасынан он эсе ашып түштү. Салынын уулу Курманбек Кыргызстанды бала-бакырасы, инилери, ал аз келгенсип, аялы-токолу болуп башкарганы өз башыбыздан өтүп, анын жандуу күбөлөрү болбодукпу. Анан ушундан соң, кыргыз ажолорунун бул ашмалтай адаты кадыресе салтка айланды, кыргыз саясатчылары үй-бүлөлүк жана партиялык башкарууну тенденцияга айлантып алышты. Мурда Кыргызстанды бир үй-бүлө, анын жакындары башкарса, эми алакандай мамлекетибизди КСДП, "Ата Мекен" сыяктуу саясый партиялар башкарып, мурда бир үй-бүлө башкарса, бүгүн Кыргызстанды миң үй-бүлө башкарып, баштарына чай кайнатып жатат.
Бул эми сөз арасындагы сөз. Биз Дамира Ниязалиеваны бир тууганы Г.Ниязалиеванын №88 мектепке директор болушу үчүн өзүнүн депутаттык мандатын пайдаланган деп айткыбыз келбейт. Г.Ниязалиева өз күчү менен мектепке директор болгонунда да биздин эч кандай күмөнүбүз жок. Маселе, №88 мектептеги финансы ишине байланышкан маселеде. Г.Ниязалиевага карата ачылган кылмыш ишинин башы ачылбай, ата-энелердин нааразылыгын жараткандыгында. Аргасы кеткен №88 мектептин окуучуларынын ата-энелери Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылса, бул мамлекеттик көзөмөл мекемеси катты албагандай, дегеле көрбөгөндөй мамиле жасап, өз убагында жооп бербегенинде. Бишкек шаардык прокуратурасына жазылган арызда ата-энелер: "№88 орто мектептин окуу-тарбиялык иштерине жардам иретинде ата-энелер тарабынан "Алга Көкжар" фондуна 2011-2012-окуу жылы үчүн 1 млн 037 657 сом чогултулган. 2012-жылдын 24-октябрында өткөрүлгөн ата-энелер чогулушунда бул сумманын сарпталышы тууралуу фонддун бухгалтери Матакунова Махабат отчет берди, бирок ата-энелер, бул отчетко канааттанган жокпуз. (Ата-энелер чогулушунун протоколу тиркелди). Мектепте 2011-2012-окуу жылында отчеттогу сумманын сарпталышы боюнча канааттандырарлык эч нерсе жок, мектеп окуучуларды өз акчаларына окуу китептери менен да жабдый албады. Ошондуктан, сиздерден сураныч, 1 млн. 037 657 сомдун сарпталышын дыкаттык менен тийиштүү органдар тарабынан текшерип беришин жана жыйынтыгын ата-энелер чогулушунда уктурулушун суранабыз" деп чыркырап жатат. Катка ата-энелер: Асанова Н.Ы., Канымова П.И., Желдеңбаева У., Көчөбаева Б., Асаналиева Н., Акунова Ж., Колпочбаева М., Манапбаева Н., Мырзабекова, Кулуева Н.С., Нарбекова Д., Самакбаева К., Самаган к А., Исмаилов Н., Султанмуратова Э., Кубаталиева А., Осмонова Г.Т., Ибраева С.Ж., Смайылова С., Алымова Г., Токобаева С., Асыранбекова Б.лар кол коюшкан. Көк-Жар конушунда жашаган ата-энелер Бишкек шаардык прокуратурасынан "Тиешелүү органдар тарабынан 1 млн. 037 657 сомдун сарпталышын текшерген учурда ата-энелерден өкүл катары 2 адамды кошуп текшерүүңүздөрдү суранабыз" деп өтүнүшкөн. Мында, мектеп директору Г.Ниязалиева кылмыш жообуна тартылсын деген өтүнүч жок. Баары мыйзам чегинде болсун деген ниет, тилек бар. Бирок, ошондой болсо да, азырынча Бишкек шаардык прокуратурасынан кыймыл байкалбайт.
Биерде, каалайбызбы же жокпу "Эмне үчүн прокуратура кыймылдабайт?" деген суроо туулат. №88 мектептин директору КСДП фракциясынан депутат Дамира Ниязалиеванын бир тууганы болсо эле мыйзамдан сырткары болушу, мыйзам көзөмөлчүлөрү тарабынан корголушу керекпи деген маселе келип чыгат.
... Дамира Ниязалиева депутат катары дайыма мыйзамдуулукту туу тутуп, акыйкат сүйлөгүсү келет. Андай болгондо, депутат айым акыркы жыйырма жылда Кыргызстанды үй-бүлөлүк режим башкарып келсе, эми бийликке келген саясый партиялар башкарып жатканын, мурда бир үй-бүлө башкарса, эми миң үй-бүлө башкарууга өткөнүн, сот, прокуратура да аларга кызмат кылып жатканын, демек ал айткан акыйкат менен эл күткөн акыйкат эки башка экенин, Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдар менен укук коргоо органдары аткарган мыйзамдар бири-бирине дал келбестигин эсинен чыгарбоого тийиш.







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??