Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Китепкана



п»ї

 Китепкана

Карыбековдун кайгысы...Кайран Воробьев

Кыргызстанда 18 театрдын ичинен Ч.Айтматов атындагы орус драм театрынын орду өзгөчө. Шаарыбыздын чок ортосунан орун алган бул театрдын тарыхы тээ 1935-жылга барып такалат. 50-жылдардын аягында, Москвадагы кыргыз искусствосунун экинчи декадасында, ал кездеги Фрунзе шаарынын орус драма театры СССРдин эң мыкты театралдык коллективдеринин катарына кирген.

Тарыхы 80 жылга таяп бараткан аталган театр дүйнөнүн эң мыкты драматургиялык чыгармаларын элибизге тааныштырып, маданий, рухий жакшы маанай тартуулап келет. Чыгармачыл адамдын, жамааттын эмгегин баалай билиш керек, албетте ал жагынан айып тага албайбыз. Бирок, акыркы жылдарда бул театрдын жетекчилигине болгон элдин жана ошол театрда иштеген адамдардын арасында нааразычылыктар көбөйгөнү кабатыр кылат.
Редакцияга кайрылган театр-дын мурдагы кызматкери Замир Карыбековдун айтымында, театр 2007-жылы 73-сезонун ачканда, ошол убакта министр болуп турган Султан Раев, жети адамдан турган көз карандысыз комиссиянын беш адамы каршы чыкканына карабай Борис Воробьевду убактылуу директор кылып дайындаптыр. (З.Карыбеков бул кадрдык тандоого Орусиянын ошол кездеги биздеги элчиси Власовдун таасири тийген деген ойду айтат).
"Ошентип Борис Дмитриевич ушул убакка чейин "директор"- деген атайын приказы жок иштеп келатат. Мыйзамсыз иштеп жатканы аз келгенсип, мыйзамсыз иштерди жүргүзүүдө. Өзүм билемдик менен өзү каалагандай курулуш иштерин жүргүзүп жатат. Театрдын сырты чачкын болуп, улама-чубама имараттарга толуп кетти"-дейт З.Карыбеков. Театрдын мурдагы кызматкерлеринин "тарыхта өз орду бар маданий мекемени курулушка айландырганына, сырткы кебетесин бузганга анын укугу барбы? Же ар бир келген жетекчи ар кандай курулуш кыла берсе болобу? Ал имараттардан канча акча түшөт жана ал акчалар кайда жумшалаары эч кимге белгисиз" - деген суроо мыйзамдуу экенинде эч талаш жок.
Театрдын келечеги үчүн З.Карыбеков: "Б.Воробьев анын орунсуз иштерин айтып, баш көтөргөндөрдү эч себепсиз кызматтан алууну адатка айландырды. Театрда өз иштерин так аткарып иштеп жаткан төрт кишини эч себепсиз иштен бошотуп жиберди. Эрке баладай тайраңдаган Борис буга чейин да канча адамдарды, артисттерди каяша айткандыгы үчүн иштен мыйзамсыз бошоткон. Алар менен соттошуп, иш жүзүндө Биринчи май райондук соту тарабынан артисттердин пайдасына чечилип, чегерилген 617565 сомду ушул убакка чейин бербей келет. Иштен бошогондордун ордуна атын да жөндөп жаза албагандарды кызматка алып келип жаткандыгын театр жамааты айтышууда. Мисалы, соттолуп келген Иван Иванович Березнев деген адамга театрда "смотрящий" - деген штат ачып берип койгонуна оозуң ачылат. Анын өзүмдү өзүм билем дегендей мамиле жасоо иштери бир эмес бир нече жолу далилденсе да Маданият министрлиги кың дей албай келүүдө.
Өзүм орус драма театрынын өрт коопсуздугун, кароолчулук жагын карап, ПСО тармагында иштечүмүн. Мага окшогон беш кыргызды 2011-жылы сентябрда бир күндүн ичинде эч себепсиз бошотуп, кайра биздин ордубузга 5 орусту алып келип алган. Жумушка кирээрде арыз жазып, медициналык справка, паспортубуздун көчүрмөсүн жана эмгек китепчебизди бергенбиз. Азыр эми бардыгыбыздын эмгек китепчебизди бербей жатат. Жашым пенсияга жакындап калгандыктан, ошого күйүп, пенсияга кайсы китепче менен кантип чыгарымды билбей турам. Мына ошондон бери Воробьев экөөбүз соттошуп келе жатабыз. 2012-жылы 14-майда сот болуп, Биринчи май райондук сотунун судьясы Айнура Сатарова менин ооруп, ооруканада жатканыма карабай, бир жактуу чечим чыгарып салган. Биз соттун чечимине нааразы болуп, ушул эле жылы майда Бишкек шаардык сотуна кайрылганбыз. Доспаева, Асанова, Мурзалиева деген судьялар менин пайдама чечип берген. Муну уккан Воробьев мырза соттун чечимине нааразы экендигин айтып, Жогорку сотко арызданып жүрөт. Азыр ушул иштер менен жүрөбүз. Биздин өлкөдө эмгек кодексинин иштебегендигин ушундан билсек болот. Борис Воробьев кесилип келген адам. Эмгек кодекси боюнча, түрмөгө отуруп келген адам жетекчи болуп иштебейт. Театрдын акча каражатын бөлүштүргөнгө анын акысы жок. Бул бир. Экинчиден, Воробьев соттолуп барганда, Иван Иванович Березнев деген адам тосуп алып, экөө ал жерден жакын адамдардан болуп калышкан. Ал адам өлтүрүү менен 16 жыл отуруп чыккан. Абактан чыккандан кийин да, экөө тууганчылыктарын улантып, Воробьев аны театрда иштетип жатат. Эми айта берсе бул жерде мыйзам бузуулар көп эле. Мунун кагазга түшпөгөн кандайдыр бир өзүнүн командасы менен өзүнүн закону бар окшойт. Министрлик буга эмнеге көңүл бурбайт?"-дейт.

Жазып алган
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА





"Хайл, Сайракан!"
Эшимкановдун эжекеси болуптур…

Мелис Эшимкановдун көзү тирүү болгондо 9-декабрда 50 жашка толмок... Ал күнү тост айтып, той өткөрүлгөндүн ордуна, эскерүү кечеси өткөрүлүп жатканын, эр ортону 50 жашка жетпей калганын келген коноктор айтып өкүнүштү…

"Сайракан сотко берем деп…"

Мелис Эшимкановду алгач Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев эскерип, "Асабадагы" күндөрүн эстеди. "Журналисттердин эркин жазуусуна эң биринчи жол ачып берген Мелис болгон. "Асабаны" жакшы чыгаргандыктан, ал гезит азыркыга чейин элдин эсинде. Мелис аябай курч материалдарды чыгарып, бийликти коркпой сындап далай жолу эле куугунтукталды. Бирок, сынган жок. Мелис макалаларга рубрика, темаларды таамай койчу. "Асабадагы" "Хайл, Сайракан!" эсиңиздерде болсо керек. Анын аталып калышы мындай болгон. Мелис мектепте окуп жүргөндө немис тилинен Сайракан аттуу эжекеси сабак бериптир. Анан ал мен силерге: "Гутен таг" дегенде, силер мага: "Гутен морген" деп жооп бересиңер деп үйрөткөн экен. Эртеси келип саламдашса, эч ким унчукпай туруп бериптир. Баары унутуп коюштур. Анан артта отурган Жекшен деген классташы "Хайл, Сайракан!" деп кыйкырып жибериптир. Анын жоругуна эжеси да, классташтары да аябай күлүшкөн экен. Мелис ошону айтып бергенден кийин ушул рубриканы пайдаланалы деп чечкенбиз. Ал рубрикага Сайракан аттуулар чычалашкан. Бир жолу Сайракан аттуу аял редакцияга чалып, "Мен силерди сотко берем, менин атымдан коюп, анда шылдыңдаган кийим кийгизип койгонсуңар" дейт. Анан мен: "Ой, Сайракан аттуулар көп да, ар бириңер сотко бере берсеңер бизден эмне калат?" дедим". Эми мындайлар көп болгон. Эсен болуп, Мелисти эстей жүрөлү, кыргыз элим", - деп сөзүн бүтүрдү.

"Киргизди" ким кыргыз кылган?

Андан кийин сөз кезегин алган коомдук ишмер Аликбек Жекшенкулов дагы Мелис Эшимкановдун журналистикага чыйыр жол салып кеткенин айтты. "Мелис чынында эле мыкты журналист болчу. Ал "Ленинчил жаш" гезитинин редактору болуп калсам, мен гезитти башка нукка бурмакмын" деп айткан эле. Айтканындай эле гезитти башка багытка буруп, мыкты гезит чыгара алды. Ошондон кийин башка гезиттер, дегеле журналисттер Мелистин гезитиндей гезит, Мелистин стилиндей кылып макала жазгылары келип, аракет кылышты жана аракет кылышууда. Бирок, интеллект жок. Мелис интеллигент болчу… Анан дагы бир баса белгилей кетчү нерсе, мен киргиз элем, мени кыргыз кылган "Ленинчил жаштын" журналисттери", деп эне тилин кеч үйрөнгөнүн мойнуна алды.
Дагы бир коомдук ишмер Ташкул Керексизов Мелис Эшимкановду жакшы сыйлай албай жатканыбызды айтты. "Кана, кечеги эрлер, шерлер, акылмандар?",- деди. Чынында эле бүгүнкү бийликтегилерден эч ким келген жок.

100 миң сом ээсин тапты

Аягында студенттер, мугалимдер, журналисттер арасында уюшулган Мелис Эшимканов атындагы сыйлыктар комиссия тарабынан ээлерине тапшырылды. 100 миң сомдук сыйлыкты журналист Алым Токтомушев жеңип алды.
Назира СААЛИЕВА







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??