Бийлик жана журналисттер
(Башы 5-бетте)
2. 295-берене.
Сепаратисттик
ишмердүүлүк.
Сепаратисттик ишмердүүлүк - бул мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, анын ичинде андан аймактын бөлүгүн ажыратууга же мамлекетти басып алуу жолу менен дезинтеграциялоого багытталган жосун, ошого тете ушул жосунду пландаштыруу жана даярдоо, аны жасоого көмөк көрсөтүү, ага азгыруу, ага тете сепаратисттик ишмердүүлүктү жүргүзүүгө байланыштуу ишин токтотуу тууралуу соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген коомдук же диний бирикмелердин, болбосо башка уюмдун ишин жандандыруу, уюштуруу, жетектөө, аларга катышуу- ондон он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. 298-берене. Диверсия.

Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугунун же коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн кедерин кетирүү максатында же болбосо мамлекеттик органдардын ишин жана коомдук-саясий кырдаалды туруксуз абалга келтирүү максатында жардырууларды, өрт коюуларды жана ишканаларды, курулуштарды, жолдорду жана кабарлоо каражаттарын, байланыш каражаттарын, калктын турмуш-тиричилигин камсыздоочу объекттерди талкалаганда же зыянга учуратууга багытталган башка аракеттерди жасаганда- мүлкүн конфискациялоо менен он беш жылдан жыйырмага чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
"Кыргыз туусу" гезитинин башкы редактору Бакыт Орунбеков мырза Кыргызстандын журналисттеринин, Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын, алардын уюштуруучулары менен башкы редакторлорунун моюндарына "мына ушундай кылмыштуу иш-аракеттерди жасадыңар жана жасоону улантып жатасыңар"- деген өтө оор, өтө олуттуу айыптарды илип жатат. Мына ушундай айыптоолордон кийин биз Бакыт Орунбековго эмне деп айтышыбыз керек? "Рахмат, Бакыт мырза! Сен биздин көзүбүздү ачтың" -дейлиби? "Жок, Бакыт. Сен туура эмес айтып жатасың. Сен журналисттер журтчулугуна чыккынчылык жасап жатасың"- дейлиби? "Айткандарыңды далилдеп бер. Болбосо, кесиптештериңди саткандыгың үчүн биз сени сотко беребиз"- дейбизби? Биз кандай кадамдарга барбайлы, ал ЖМК өкүлдөрүнүн актыгы менен пастыгын далилдөөчү кадамдар болот.
"Алиби" гезитинин башкы редактору, "Кыргыз гезиттеринин биримдиги" (КГБ) бирикмесинин төрагасы катары мен Бакыт Орунбеков мырзадан азырынча биздин жамааттардан кечирим суроосун, кечирим каттын бир даанасын менин наамыма жиберүүсүн талап кылам. Эгерде Бакыт мырза биздин бул талабыбызды аткарбаса, өкмөттүк гезиттин башкы редактору катары сотко кайрылууга мажбур болоорубузду эскертип коюуну туура көрүп отурам.
Ошол эле убакта бир эле мени эмес, көпчүлүк кыргыз тилдүү жалпыга маалымдоо каражаттарын кыжаалат кылган маселени жалпы журтка ачыктап коюунун да учуру келди окшойт.
Оппозицияда жүргөндө кыргыз тилдүү гезиттерден чыкпаган Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү 2010-жылдын 7-апрелинен кийин жүздөрүн үйрүп, оппозициялык гезиттерди сатып, чыккынчылык кылып кеткендери тууралуу нечен ирет айтылып, нечен ирет жазылды. Исмаил Исаков менен Азимбек Бекназаровдон башка бирөөсүнүн дагы бети кызарып койгон жок.
Өлкөнүн абийири, ар-намысы, атасы катары кабылданчу президенттин жалпыга маалымдоо каражаттарына жасаган этикага да, адамкерчиликке да сыйбаган орунсуз мамилеси ал кишинин өзүнүн иш-аракеттерине, айткан сөздөрүнө жооп берүүгө күчү жетпеген дармансыз пенде экендигин билдирип койду. Учурда кыргыз тилдүү гезиттер менен президенттин ортосунда түшүнбөстүктөр келип чыгып, сөз эркиндиги менен бийликтин ортосундагы тирешүү кимдин пайдасына чечилээрин турмуш өзү бат эле ырастап коёрун президенттин тегерегиндеги, коюн-колтугундагы кошоматчыларынын түшүнбөй жаткандыгы кандай гана өкүнүчтүү.
Бийликке жеткен адамдардын кечээки күнүн унутуп калгандыгын эмне менен түшүндүрсө болот? Учурунда Бакиев бийлиги да бир топ гезиттердин тамырын кыркууга, жетекчилерин коркутуп-үркүтүүгө аракет кылган эле. Ошол учурда бүгүн бийликтин чокусунда отурган ушул эле Алмазбек Атамбаев "ушакчы" деп арданбастан, ушул эле "Алиби" гезитин жүз миңдеген нуска менен чыгарууга акча төлөп, күндөп-түндөп региондорго жөнөтүп жүрбөдүк беле. Бүгүн "Алиби" ал киши жөнүндө ачык сөз айтса "ушакчы" болуп калабы? Демек, биз гезиттерди коркутуп-үркүтүп, журналисттерди опузалабастан, аларга болгон мамилебизге башкача көз караш менен кароого үйрөнсөк оң болуп жүрбөсүн?
Мындан бир топ күн мурда "Кыргыз гезиттеринин биримдиги" президент А.Атамбаевдин дарегине кайрылуу жасаган. Ал кайрылууда биз президенттен элдик саясат жүргүзүүнү өтүнүп, эгер ошого барууга даяр болсо, кыргыз гезиттери аны ар тараптан колдоого даяр экендигибизди билдирген элек. Тилекке каршы, бизге жеткен маалыматтарга караганда президенттин "аткошчулары" Фарид Ниязов, Адил Сегизбаевдер анын кулагын аябай ушалашыптыр. Натыйжасын бир эле журналисттер эмес, окурман журтчулугу да өз көздөрү менен көрүүдө.
Кыска аралыктын ичинде акылга сыйбаган, сөз эркиндигине доо кетирген олдоксон бир топ иштер жасалып кетти. Басма сөз беттеринде жарыяланган Башкы прокурор Аида Саляновага таандыкталган репрессиялык иш-чаралар жөнүндөгү маалыматтар ал кишиге утуш алып келбестигин Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси С.Апышев Аида айымга жеткиликтүү эле тил менен түшүндүрсө керек деп ойлойм. Дегеле мен Аида Жеңишбековнанын бирөөлөрдүн айдагы менен эмес, мыйзамдардын жетеги менен иштөөсүн чын жүрөгүмдөн каалар элем.
Жогорку Кеңештеги "Ар Намыс" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев деген жигитке кесиптештерим өз адамы катары (ал дагы журналист эмеспи) сый мамиле кылганын мен туура кабылдап жүргөн элем. Бирок, кыргыздар "Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман" деп таасын баа берген экен. Журналисттердин кир шейшептерин аңтаргысы келген, алардан бит издеген Каныбек мырзанын ким экендигин жетишээрлик билген кесиптештери анын өзүнө жараша иш кылып, "Учкундагы" "учкундарын" жарыя кылып баштаса Иманалиев кийинки шайлоого чейин кайда отуруп калаарын аңдап-түшүнөт болду бекен?
Кыргыз гезиттерин каралоо кампаниясына кошулгандардын арасынан Үсөн Касыбеков деген немени көрүп алып "Кудайдын ичи кенен экендигине" дагы бир жолу ынанып отурам. Мен турмушта айрым адамдардын айрым бир манжасы кайра-кайра чыга берип "ойноок" болуп калгандыгын көп көргөм. Үсөн Касыбеков да ошол ойноок манжадай болуп калган, турмуштук, адамдык позициясы жок, сатылма неме. Өзүн журналистикада ким сезээрин билбейм, бирок учурунда анын жазгандарын кантип оңдоп-түзөп жүргөнүбүздү Машакбай Рахманкулов менен Айгүл Бакеева жакшы билишет. Анан ушундай немелер парасат күтүп, кийинкилерге акыл айтып отурса күйбөгөн жериң күл болот деген ушул тура. Ү.Касыбеков тууралуу "Алиби" гезити туура эле жазыптыр "Үсөн үрө берет""- деп. Кыргыз гезиттеринин безине тиймек болгон бийликтин жугундукорлорунун колуна К.Иманалиевге, Ү.Касыбековго окшогондордон башка, эч болбосо айткандарына эл жарым-жартылай ишенген ырыстуу бирөөлөр илинмек беле?
Элдик саясаттын ордуна, "өлдүк саякат" жүргүзүлүп, кадрлык башаламандык менен бир партиянын үстөмдүгү, мыйзамдын бийлиги эмес эле, бийликтин мыйзамы өкүм сүрүп, президент үстүртөн, мародерлор астыртан бийлик жүргүзгөн өлкөдө акыл-эсинен тайыган "адамдар" гана эртеңкисинен үмүт кылуусу мүмкүн. Кыргыз гезиттеринин биримдигине кирген журналисттер Кыргызстанды мына ушундай жолдон буруп, чыныгы укуктук жолго салууну максат кылып отурабыз. Биз күрөш жолундабыз. Биздин катарыбызда ар бир гезиттин, ар бир электрондук басылманын миңдеген окурмандары турат. Бириге келгенде биздин күчүбүзгө тең келер эч бир күч жок. Себеби, биздин бир гана максатыбыз бар. Ал Кыргызстанда адилеттүүлүктү орнотуп, күчтүү, бакыбат мамлекеттердин катарына кошуу.