Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Китепкана



п»ї

 Китепкана

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын экс-кеңешчиси,ички кызматтын полковниги
Табылды Исаев:
Жаза аткаруу кызматыбы
же
жапма
челекпи?
(Башы №94 санда)
Бир жылдан бери №10 мекеменин жетекчисинин милдетин убактылуу аткарып келген ички кызматтын подполковниги Т.Алиевди ээлеген кызматынан алып, 22-ноябрь 2012-жылы шашылыш түрдө А.Мамыркулов ички кызматтын подполковниги Мейликозу Маматалиевди №10 мекеменин жетекчилигине дайындоого КР Өкмөтүнүн аппарат башчысынын орун басары, коргоо, укук, тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси Ж.И. Жакыповго өтүнүч менен кайрылган. Бирок М.Маматалиев И.Жакыповго собеседованиеге барган эмес. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кадрлар башкармалыгынын кызматкерлери М.Маматалиевге айтса, "мен Ошто жүрөм" деп жооп берген (кызматкерлердин айтымында 10000 доллар менен иши бүткөндүгү белгилүү). И.Жакыпов собеседованиеге келбеген М.Маматалиевге эмне себептен №10 мекеменин жетекчилигине макулдук бергендиги түшүнүксүз.
Мейликозу Маматалиев деген ким? (Дело №...35 (874) 26-октябрь 2011-жыл. Фабула №12 (107) жума 17-февраль 2012-жыл). 2002-2007-жж. Сентябрь айына чейин №10 мекемеде жетекчи болуп иштеген жана "серый кардинал" Акмат Бакиевдин, Жаныш Бакиевдин эң ишенимдүү кошоматчы адамы. Ушулардын жардамы жана 2007-жылы Адилет министри Марат Кайыповдун жардамы менен №1 тергөө абагынын жетекчилигине келип, 2010-жылдын апрель айына чейин иштеген (СИЗО №1). Беш камераны акчага ачкан, тамак ашка салык салган (Аргынбаев С., Кадырбеков И., Исаков И., ж.б. жакшы билишет). Убагында аялын өлтүрүп 20 жылга соттолгон адамды качырган, Ленин районунан соттолгон Рысбек Акматбаевдин досу Исмаил Кучкаровду соттун өкүмү күчүнө кире электе №8 мекемеге которуп жиберген, ошол жерден ал 18-январь 2009-жылы буйрутма менен өлтүрүлгөн. Ушулардын баарын билип туруп, кылмышка шектүү М.Маматалиевди жетекчи кылып бекиткен А.Мамыркуловго "баракелде".
№5 тергөө абагынын (СИЗО-5, Ош шаары) жетекчиси ички кызматтын подполковниги А.Асанов жана мекеме жетекчисинин оперативдик иштер боюнча орун басары ички кызматтын майору А.Абдылдаев экөө ооруп, бирөө жамбашынан операция болуп, экинчисинин буту эки жерден сынып гипсте болуп, ооруп жатса, алардын ал-ахвалын сурамжылабай туруп, экөөнү тең ээлеген кызматынан алып салган жана №5 тергөө абагына К.Кенебаевдин сунушу менен жетекчилик орунга ички кызматтын подполковниги К.Калмаматов дайындалган. Ал бараары менен эле "бардык камералар жабык болот, мыйзам ошондой" - деп, эшиктерди жаптыра баштаган, бирок Ош тергөө абагындагы А.Мамыркуловдун кеңешчиси жана "кулагы" положенец К.Досонов (каймана аты " Дженго") "общакка А.Мамыркулов эшигиңер ачык тура берсин деп уруксат берген, сен кимсиң?" - деп анын жан-жөкөрлөрү мекеменин жетекчиси К.Калмаматовдун тумшугун талкалашкан. Бул фактыны А.Мамыркулов менен К.Кенебаев жаап-жашырып коюшканын мекеме кызматкерлери тастыктап бере алышат.
Жазаларды аткаруу тутумунун Өздүк коопсуздук бөлүмү убагында Жазаларды аткаруу тутумунун кызматкерлеринин арасында кылмыштуулукту болтурбоо, алардын алдын алуу, коррупция жана паракорчулук менен күрөшүү үчүн түзүлгөн. Ал эми А.Мамыркулов өзүнүн орун басарлары К.Кенебаев жана К. Байтолоев болушуп Өздүк коопсуздук бөлүмүн жоюп салышты. Ал бөлүмдө эмгектенген тажрыйбалуу, тергөөдө, экономикалык кылмыштар менен иштеген, өз милдеттерине жоопкерчилик менен мамиле кылган кызматкерлер буларга тоскоол болмок. Ушул бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан кыска убакыттын ичинде 30 дан ашык кылмыштын бети ачылып, тергөө органдарына жана прокуратурага жиберилген. Бул материалдардын кээ биринен мисалга ала кетели.
№ 183-12-26 КЖК 304-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 315-беренеси ("Кызматтык жасалмачылык") боюнча кылмыш иши №27 мекеменин мурунку жетекчиси ички кызматтын полковниги Уметов Казыбекке козголгон;
№183-12-27 КЖК 304, 315-беренеси боюнча №27 мекеменин кийинки жетекчиси ички кызматтын подполковниги Турусбеков Нурланга кылмыш иши козголуп, кайра мунапыс менен кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган, бирок К.Кенебаев А.Мамыркуловду алдап, ички кызматтын полковниги К.Уметовду №50 тергөө абагына (СИЗО-50) ст.опер уполномоченный, ал эми ички кызматтын подполковниги Н.Турусбековду №47 мекемеге ст.опер уполномоченный кылып дайындаган. Мыйзам боюнча бул адамдар кылмыш жообуна тартылган деп эсептелип, кайра кызматка алынбашы керек болчу (нереабилитирующий).
Генерал А.Мамыркуловдун кызматтан кетер алдындагы Жазаларды аткаруу тутумунда өткөргөн Коллегиялык жыйналышы туурасында бир ооз сөз.
19-октябрь 2012-жылы ЖАТнун 9 айлык отчету болуп өткөн. Ага КР Өкмөтүнүн аппарат башчысынын орун басары, коргоо, укук-тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси Ж.И.Жакыпов катышкан. Жыйналыштын алып баруусунун, жыйналышка даярдалган материалдардын, отчеттордун начардыгын, коллегиялык жыйналышты эптеп өттү кылганын Ж.И.Жакыпов баса белгилеп, "коллегиялык жыйналыш мындай өткөрүлбөйт" -деген эскертүү берген.
Адегенде ЖАТ тарабынан кадрдык, эсеп-кысап, чарбалык ишмердүүлүк боюнча инспекциялык текшерүү жүргүзбөстөн коллегиялык жыйналыш өткөрүп, анан ушул туура эмес өткөрүлгөн коллегиянын чечимине таянып, төмөндөгүлөрдү кызматтан алган:
Жатак-абак бөлүмүнүн жетекчиси ички кызматтын полковниги Темирбаев Т.И.
№19 мекеменин жетекчиси ички кызматтын полковниги Орунбаев Т.Б.
Ал эми №37 жатак-абак мекемесинин жетекчиси ички кызматтын подполковниги А.Мааматовго катуу сөгүш берилген.
№26 жатак-абак мекемесинин жетекчиси ички кызматтын майору Т.И.Бейшеналиевге "ээлеген кызмат ордуна татыксыз" деген туура эмес чечим чыгарылган.
Мунун баары "улуу урматтуу" генерал А.Мамыркуловдун мыйзам билбестигиби, же мыйзам сыйлабастыгыбы? Кыскасы, генерал А.Мамыркулов Жазаларды аткаруу тутумуна биринчи класстын окуучусундай эч нерсе билбестен келип, ошол бойдон эч нерсе билбестен, эч кандай жакшы иштерди кылбастан кайра кызматтан кетти.
А.Мамыркуловдун эч нерсе менен иши жоктугун, мыйзам билбегендигин, өзүнүн ою жок ээрчиме экендигин билип туруп, анын бардыгын өз пайдасына иштеген ички кызматтын полковниги Куанышбек Кенебаев жөнүндө да азын оолак кеп кылып кетели. К.Кенебаев өмүр бою Жазаларды аткаруу тутумунда иштеп, алчы-таасын жеген өзүмчүл, кытмыр, бийлик менен байлыкты жакшы көргөн адам. Мына ага төмөндөгү мисалдар:
К.Кенебаев убагында №3 мекемеде жетекчи болуп эмгектенген. Ошол убакта Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери №26 жатак-абак мекемесинин башкы бухгалтери Насирдинова Мария Ниязалиевнага тиешелүү "ВАЗ-2106" үлгүсүндөгү автомашинасын оңдотуп, сырдатып берем деп мекемеге алып кирип кетип, ошол бойдон ал автоунааны өз пайдасына жумшап, "Общакка" калдыктарын белекке тартуу кылып, ошондон ары түп орду менен жок кылган. М.Насирдинова бирөө жарымга айтып койбосун деген ой менен анын үстүнөн жалган фактыларды топтоп кылмыш иш козготкон. Ал эми Мария айым автоунаанын техпаспортун гана кучактаган бойдон кала берди.
Полковник К.Кенебаев №47 мекемеде жетекчи болуп турганда ал жерде да ичип-жеп көнүп калган адаты калбай, Советтер Союзунан калган баасы 5800 сомдук 30дан ашык компрессорду ар бирин 1500 сомдон сатып жиберген. Ал соодадан түшкөн акчаны чөнтөгүнө жымырган. Бухгалтерияга "накладная таап берем" деп убада берген, ал эми бухгалтерия кызматкерлери жетекчисинин айтканына көнүп, азыркыга чейин эмне кылаарын билбей жүрүшөт. Ички иштер министрлигинин коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгы тарабынан № 47 мекемени текшерүү иш-чаралары башталганда К.Кенебаев мекеме жетекчиси М.Адылбековго "киргизбе" деп буйрук берип, алигиче териштирүү иштери бүтө элек.
Полковник К.Кенебаев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматына келгенден кийин бардык мекемелердеги оперативдик абалга жоопкер болуш керек эле. 2012-жылдын май айында "№1 тергөө абагынын жетекчиси (СИЗО-1) ички кызматтын подполковниги М.Жусупбеков: "вор в законе" Азиз Батукаевдин эң жакын адамы У.Жураевди тергөө абагынан зонага кетирбегиле, аны өлтүргөнү жатышат" деген маалыматты четке кагып, К.Кенебаев июль 2012-жылы № 16 мекемеге которуп жиберген. У.Жураев 12-июлда 2012-жылы кечки саат 18-00 чамасында буйрутма менен өлтүрүлдү. Бирок оперативдик абалга жоопкер болгон полковник К.Кенебаев мыйзам алдында жоопко тартылган жок. Эсиңиздерге салсак, Р.Акматбаевдин жакын адамынын бири И.Кучкаров 18-ноябрь 2009-жылы буйрутма менен өлтүрүлгөндө ЖАББ (ГУИН) жетекчилиги кызматтан алынган. Ал эми А.Мамыркулов менен К.Кенебаевге эч кандай чара колдонулган жок, булар эмне кудайдын эркесиби?!
№47мекемеде көзөмөлдөөчү болуп кызмат өтөп жүргөн Т.Акматалиев соттолгондорго спирт ичимдигин алып кирип бара жаткан жеринен ошол мекеменин опер кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлүп, кызматынан кеткен. Бирок полковник К.Кенебаев бул фактыга көз жумду кылып Т.Акматалиевди №8 мекемеге которуп жиберген.
ЖАМКнын төрагасынын орун басары полковник К.Байтолоев өзүн "ак эмгек менен акча тапкан таза адаммын" деп эсептейт. Ал эми иш жүзүндө "алдын ала төлөм жүргүзүлбөйт" деген буйрукка карабастан эки кабаттуу темирден жасалган кроваттарды 15000 сомдон, тумбочкаларды 4600 сомдон алдын ала төлөмдөрдү жүргүзүп сатып алган.
Соттолгондордун кийим кечегин жууп-кургатыш үчүн жалпы суммасы 2 670 000 сомду түзгөн каражат сарптап, 157 жаңы типтеги кир жуугуч-автомат алгандын ордуна эски типтеги, электр энергиясын көп талап кылган 15 центрифуга сатып алган. Муну бюджеттин чөнтөгүнө сокку уруу десек болот.
Жогорудагы фактыларды ЖАМК-нын Өздүк коопсуздук кызматы тастыктап чыккан, бирок ЖАМКнын жетекчилигине бул бөлүмдүн мындай иши жаккан жокпу, айтор, аны эч себепсиз жоюп жиберген. Президент, Өкмөт, Жогорку Кеңеш, деги эле бүткүл жумурай-журт "кылмыштуулук менен күрөшүүнү колго алалы, аны жоелу" деген иш-аракеттерине бул чечим карама-каршы келген жокпу?!
Кыскасын айтканда, А.Мамыркулов, К.Кенебаев, К.Байтолоевдер бул көрсөтүлгөн фактыларды калп дей турган болсо ЖАМКнын Өздүк коопсуздук кызматынын кызматкерлери далилдеп бере алышат.
"Бирөөгө аң казсаң тайыз каз, өзүң түшсөң чыгаарга" деген накыл сөздү эске алсак, болуп жаткан кырдаалдар мына ушуга төп келет. Ушундан улам мындай суроо жаралат: ушул айлампадан чыкпай, баскан кетменибизди кайра-кайра баса беребизби же келечегибизди ойлоп, туура сүйлөгөндөрдү, туура иштегендерди колдоор бекенбиз?!
Жаман менен жакшы жанаша жүрөт турбайбы, бирок ЖАТда ушундай жаман кылык жоруктардан таалим таасир албай өз ишине берилип, өзүнүн кол алдындагы жоокерлерине өз баласына мамиле жасагандай мамиле кылып, Мекенди сүйүүгө үндөп, акыл-насаатын айтып, алардын жашоо шарттарына, тазалыгына көңүл буруп, эмгектенип келе жаткан адамдарыбыз бар. Ал - ЖАМКнын кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жетекчиси полковник Жумакадыров Эсен. Бул жетекчинин жоокерлеринин үзүрлүү эмгегинин натыйжасында мекемеден качууга аракет жасагандар болгон жок.
ЖАМКнын төрагасына дайындалган генерал-майор Рысалиев Зарылбек Кылычбековичке жалпы Жазаларды аткаруу тутумундагы токтоп калган кадр жана финансы реформаларын ишке ашырууда ийгиликтерди каалайбыз жана ЖАМКгы жоюлуп кеткен коопсуздук кызматын калыбына келтирип, ишине жоопкерчилик менен мамиле кылган адамдарды колдойт деп ишенебиз!








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??