"Жайсаңчы"
Каныбектин калжырагы
Өткөн жумада ЖКдагы "Ар-намыс" фракциясы коалициялык көпчүлүктөн чыгуу маселесин караган жыйында депутат, "жайсаңчы", бир катар улуу акын-жазуучуларыбыз "түбү калмак" деп келатышкан Каныбек Иманалиев Кыргыз Гезиттер Биримдигине кирген ММКларды тилинен келишинче шыбап, "аларды эл ээрчибей турган гезиттер, окурмандары деле жок" деп мүнөздөп өтүптүр. Калжыраган Каныбектин тандоосу боюнча Кыргызстандын элин ээрчитип кете турган гезит шоу-хоулорду жазып, кимдин кандай көйнөк кийеринен, кимдер менен ичип, кайсыл жерге сийерине чейин жазган, "жашыл пресса" түркүмүнө кирүүчү "Супер Инфо" гезити менен, Кыргызстан кырылып баратса да кылы кыйшайбаган "Вечерний Бишкек" жана "Дело№" гезиттери имиш.
"Кулак укса курсак кайнайт" демекчи, эми "өзү тийишкен бала ыйлабасын" эске алып, Каныбектин ишмердигине кең-кесири токтолуп, анын эл арасындагы кадыр-баркын бир аз тактап-чоттоп коелу дедик. Антпесек, какылдап деле Кыргызстандагы кыйын чыкмалардын катарына кошулгусу келип жүрөт, бала. Өзү деле ушул кыргыз гезиттеринен өсүп чыкты эле, "төөчөсүнөн" өткөнүн унутуп калыптыр…


Ташбаев
камалды,
кезек кимде?
Ошентип, кечээ Максим Бакиевдин оң колу болуп жүрүп, кийин Бабановдун бакылдаган жол баштаар эркечине айланган Учкун Ташбаевдин үстүнөн олуттуу кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Азырынча ага мамлекеттик геологиялык ресурстар боюнча агенттикте турганда өзүм билемдик менен кендердин лицензияларын жең ичинен соодалап жибергендигин мойнуна койгону турушат. "Бул кылмыш иши боюнча дагы бир топ мамлекеттик кызматкерлердин кулагы чыгышы мүмкүн" экендигин жоромолдогон эксперттер да арбып чыгууда. Демек, жакынкы убактарда УКМКнын коррупцияга каршы кызматы чоң "киттерге" тор жаюусу мүмкүн болуп тургандай. Анда ким, Ташбаевдин табакташтарынанбы?


Тажикстанга жер сатуу:
Исаков-"каршы",
Мамытов-"макул", Баатырбеков баш чайкайт…
Убагында качкын Президент Курманбек Бакиев кол коюп, Баткен аймагындагы Кыргызстандын 94 гектар жер аянтын, Тажикстандын 5 гектар жерине алмашуу боюнча чыккынчылык келишим кайрадан көтөрүлүп, коомчулукта чоң талкууну жаратууда. Кызыгы, "Айгүл-Таш" көмөк чордонунун куру шылтоосу менен бул келишим боюнча тиешелүү документтер такталып, тиешелүү макулдашууларга жетише электе эле Тажикстан тарап 104 гектар биздин жерди менчиктей салышып, ал эми бизге берилүүчү 5 гектар жер тилкесин создуктуруп келгенинде болуп жатат. Бул боюнча депутат Исмаил Исаков катуу каршы чыгып, Акаев, Бакиев маалындагы жер сатууну азыркы бийлик улантпашы керектигин айтканы менен кесиптеш депутат Токон Мамытов бул эл аралык келишим болгондуктан, ага макул болуш керектигин айтып, "айрымдар бул маселе боюнча чуу көтөрүп, саясий упай топтоого аракет кылганын" белгилейт. Ал арада парламенттин тышкы байланыштар комитетин жетектеген Алмаз Баатырбеков бул келишимди комитет кароодон баш тартканын айтып, баш чайкайт.
Деги, жер сатуунун арты жакшы болчу эмес эле, бул бийлик да эски тырмоонун сабы менен өзүнүн чекесин каңдабаса болду…


Чыныбай чындыкты
моюндаар бекен…
Кыргыз гезиттерин "ушакчы" деген Президенттин парламенттеги вазирлери өздөрү ушакты удургута айта тургандыгы маалым болду. Айталы, шайлоодон кийин коалициялык биримдиктин башчылыгын таштай салган Феликс Кулов "Мени оппозицияга акчага сатылып кетти" деген сөздү коалициядагы бир фракциянын лидери айтып жатыптыр. Мен аны менен сүйлөшөм, айтканы далилденсе, фракциянын алдынан кечирим суратам" деп опурулуп калды. Бирок, сөздүн авторун ачык атаган жок, адатынча табышмактатып.
Электрондук ММКлардагы пикирлерге, ошондой эле ЖКдагы айрым депутаттардын айтымына караганда, бул темир генералды териктирген сөздү "айтса эле КСДПнын кыйыны Чыныбай Турсунбеков айтышы мүмкүн" экен. Анткени, Өмүрбек Текебаев мындайда сагызгандан сак аракет кылаары, акча алганын көргөн күндө да керектүү мезгилде айтып чыгаары анык эмеспи…


Бийликтин "жасалма дипломдуу" кадры
Жакында эле Ош аэропортунун башчысы болуп иштеп жаткан Орозбек Калдаровду алып ыргытып, ордуна Арипжан Токуров деген немени премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев дайындаган. А дегенде барган жеринде алтын шилекейин чачыраткан премьер: "Ош аэропортуна абдан кесипкөй жетекчи келди" деп мактап жүргөн. Аңгыча эле "мактаган кызы тойдо осуруп", Арипжан Токуров Казакстан Билим берүү министрлигинин жарандык авиация академиясынын жасалма диплому менен иштеп жүргөндүгү боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Ош, Баткен боюнча кызматы кылмыш ишин козгогондугу маалым болду. Тергөөчү Т. Аденов козгогон материалга ылайык, Арипжан Токуровдун № 0475007 дипломунун чыныгы ээси Кожониязов Берик Салаватовичке таандык экен. А. Токуров жогорудагы окуу жайда окуп жүрүп, кийин окуу жай менен байланышын токтоткондугу үчүн окуудан чыгарылган. Кийин кайра калыбына келтирүүгө арыз бергенде, аны окуу жайдын жетекчилиги кабыл алган эмес. Көрдүңөрбү, азыркы бийликтин жүзү Токуровдукундай!


Сатыбалдиев
Сариевди каарып өттү
Ачуусу чукул, барган, отурган жеринде опурулуп, кимдир бирөөнү каарып алмайын кабагы ачылбаган премьер-министрибиз Жантөрө Сатыбалдиев кечээки өкмөт жыйында Экономикалык тескөө жана монополияга каршы министр Темир Сариевдин ишмердигине ичи чыкпаганын айтып, "сөгүш" жарыялап салды. Ошондой эле ал Мамлекеттик мүлк фондусунун башчысы Айбек Осмоналиев менен Наргиза Усеналиевага да "сөгүштү" олчойто карматып, "иштебесеңер, иштен кетирем" дегендин учун чыгарып койду. Өкмөттөгүлөрдө жан жок, Темир мырза болсо териккен менен тилин тишине катып, тим болду.
Көрсө, башбакандын ачуусунун келишине жылдын бүтүп бараткан учурундагы бюджеттин жамаачы жетпеген тешиги түрткү болуп жатыптыр. Анын оюнча улутташтырылган объектилерди "оптомунан" болсо да соодалап жебирип, эптеп казынага каражат чогултуу керек болууда. Буюджеттин тартыштыгы тактысынан ажыратаарын жакшы билет да…


Бийлик эми мечиттерди менчиктегиси келеби?
Жакын арада Кыргызстанда муфтийди шайлоо өтөт. Адатта, шайлоо дегенде эле шайтан оюндар менен коштолуп, аягы чырга илешээри турган кеп. Мисалы, Муратаалы ажы табышмактуу каза таап, андан кийинки Чубак ажынын чуусу Ак үйдөн парламентке чейин жеткени баарыбызга маалым. Ошентсе да, азыркы Рахматулло ажы Эгембердиев муфтий болгону дин башкармалыгынын иши теске салынып, интригалар кан буугандай токтоп, ажы сапары алданемедей уюшулганын коомчулук жакшы билет. Бирок анын таза, түз, мыйзамдуу аракеттери диний ишмерлерге жакканы менен бийликке жакпай, "жогору жак" Рахматуллону муфтий шайлоого катыштырбоого эмитеден кам көрүп жатканын угуп, жакабызды кармандык. Президентти "шеф" деп тергеп, анын атынан барган жуучулар "муфтийликке талапкериңди койбо" деп зекип, болбосо өздөрү каалагандай оюн кылышаарын эскертип жатышканын ишенимдүү булактар кабарлашууда. Астафыралла, бийлик башканы бүтүп, эми мечиттерди менчиктөөгө киришсе, анда иштин бүткөнү да. Балким бул, Президентти коомчулукка жаман көрсөтүүнүн аракетин көргөн ортодогу кутумдардын ишиби? Айтор, бул боюнча иликтеп туруп, келерки саныбызга кенен берели деп чечтик. Муфтий шайлоого да административдик күчтөрдүн колдонулушунун алдын албасак, болбойт да...

"Алиби" пресс