СМС-пикир
"Алиби" гезити коомчулук менен байланышты жакындатып, окурмандардын ар кыл темадагы ачык, курч айткан пикирлерин, балким, бири-бирине болгон сый-урмат, сүйүү сезимдерин чагылдырып туруу максатында "СМС-пикир" атайын баракчасын ачты. Мындан ары кайсыл темада болбосун өзүңүздөрдүн кыска-нуска пикирлериңиздерди
0779 23 46 27
номерине жөнөтүп туруңуздар. СМС жиберүүнүн мөөнөтү чектелбейт. Анда эмесе кеттик, смсти эзчүлөр барбы?!?!?!


Өх! "үшкүрбө, башың жегир!"- дечү эле чоң энелерибиз. Эми түшүнүп жатпаймынбы, айла жоктон, эмне кыларды билбегенден үшкүрөт турбайлыбы. Же шайлоону өткөрө албасак, же ажону, Өкмөттү шайлап эч нерсе өзгөрбөсө, айтып- айтып эле калып жатсак. Биз ишенген бийликтегилердин кылганы тиги болсо... үшкүрөт экенсиң да. Башын жегирлер же аны түшүнүшпөсө! Эмнеси болсо да, кыштан аман-эсен чыгалычы. Шайлоо таза болот деп, эч ким эч нерсе бербей да калды. Андан көрө бир нерсе алганыбыз жакшы эле. Тигилердин эч нерсеси деле кемибейт экен. 23 партия жарым Кыргызстанды жок дегенде кышында отун-көмүр менен камсыз кылып коймок экен. Дагы деле эл алдандык, аларга ишенип. Бул жолу ыплас шайлоону өздөрү жасады!
Алданган кыргыз,
779 2090***

"АЛИБИ" гезитине!
Атаандаш буттан чалса да,/ Ар кандай күнгө калса да. Мен дебей дайым эл деди,/ Мезгилден калбай аркада!
Калкаман, Ак- Талаа району,
Куртка айылы

Атамбаевдин 20 жыл жыйнаган кадыр -баркына сөз тийгизип жатасыңар! "Элим, жерим" деген Атамбаевди аяп жатабыз. Элди деле угуп, сыйласаңар боло. Текебаевдин болсо "Ата Мекенинен" эч пайда жок. Ызы -чуулуу. СДПК жалгыз коррупция менен күрөшүп жатса көрө албайсыңар. Эми бул оор күндөр да өтөөр. Элибиздин жан дүйнөсү да тазараар.
771 4753***

Бул "Ата Мекендин" кылыгы чектен чыгып кетти го! Буларга, айрыкча Өмүшкө ташбараңдан башка жаза татыктуу эмес.
773 0809***

Эй, "эл башымын" дегендер, бийликтеги көзүрлөр! Манас атабыз байлыкка, бийликке азгырылган эмес! Эл биримдигин жогору койгон. Карапайым калкты угуп, аларды коргоп келген. Байлыгым, бийлигим бар деп эле элдин башын оорутуп, эл менен ойнобогулачы?!
Элмурат, МАНАС айылы,
771 1583***

Кредит алып, забастовка кылып жаткан аялдарга таң калам. Основной сумманы кимге бердиңер эле?!? Магабы? Эч бол дегенде, процентин бербесеңер да алган акчаңарды төлөбөйсүңөрбү?! Бетпактар, долулар!
Беча. К-Б. 707 4445***

Ак үйгө лимон коюп жардырып, бөрүлөрдү жоготуп, жаш мамалактарды коюу керек.
Куба, Ноокаттан, 777 8849***

Урматтуу Бабыржан "Алиби" газетасындагы (23.11.12ж.) № 90 санындагы Юсуповдун баянындагы кээ бир төп келишпегендиктер бар. Алар төмөндөгү: "Ата Мекендин" дарегин так билбей калган Юсупов Бакиевдердин турак-жайларын "коен" жатагына чейин билгени укмуш ко! Урматтуу коллега, сени профессионал деп коет.
772 6581***

Текебаев, элдик курултайды парламентте талкууга коюп, күчтүү укук алып бериңиз. 20 жыл пикетте жүргөндөр сүйүнмөк. Убакыт созбой, Элдик Курултай башкаруусуна өтүү керек. Эл өкүлдөрү, тезирээк мыйзамдаштырып бергиле?! Элдик Курултай -хан Манастын мыйзамы! Ар бир адамдын жоопкерчилигин жогорулатып, укуктарын бекемдеп, ар бир адам айтар сөзүн коркпой, эркин айта алгыдай болуш керек. Шайлоо системабыз да өркүндөмөк. Мен түшүнгөн элдик курултай ушундай. Илимпоздор дагы көп варианты бар дешет.
Алтыке,
771 4753***

АША всегда говорит "поверьте мне!" Верят многие граждане, а он разаливает всю страну! Кадровая чехарда, экономический хаос, анархия, работает с чужой подсказки, если перед Текебаевым не грешен, то он должен отдаляться от них в этом его оправдание перед обшеством.
Сали, 771 6713***

Бабырбек мырза, сизге бир суроом бар. Биринчиси, Ф. Кулов, эми А. Келдибековдор сатып кетти. Кандай жыйынтык чыгардыңыз? Өкмөткө иштеп, элге пайда келтирсеңиз болчудай.
Беча. К -Б. 707 4114***

Оо, акча! Сен канча көздү кызарттың, /Канчаларды оо дүйнөгө узаттың. Канчаларды сойку, рэкет, зек кылып, / Канчаларды дагын өзүң бузаарсың!
773 1175***

Нарындын Ак-Талаасында малды кайтаруу күч болуп, эт жей албай,карышкырлар чөп жей баштады.
Калкаман,
778 5324***

Издөө салам! Ысык -Көл областынын Тоң районунун Коңур - Өлөң айылынан Жылдыз эжени, Эрмекти, досум Розаны 6 жылдан бери издеп, таппай келем. Мен силерди унута элекмин! Коңурөлөңдүктөр, силер деле чалгылачы, сураныч! Сураштырайын. Жардам бергилечи, замандаштар! Байланыш телефондорум: 0777 80- 85 -90, 0709 26-26-31
Нарындан Асылбек

Жер -жерлерде электр жарыгы, газ өчүрүлүп жатат. Президентибиз такыр эле унчукпайт. Отунбаева кыйын кырдаалда деле, кыштан элди кыйнабай эле алып чыкты эле го. Атамбаев сиз аялча да боло албадыңыз же ошончо эле эркиңиз бош эркексизби?
Тепен,
772 6492***

Өмүрбек Чиркешович, Кыргыз мамлекетинде ММК, илимий жана көркөм адабияттардын, даректүү жана көркөм фильмдердин, көрнөк -жарнактардын мазмун -маанисин, идеологиялык, көркөмдүк, илимий тактыктардын туура же туура эместиктерин карап чыга турган орган барбы? Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылчу органчы? Бишкекте Дордой базарында, Чолпон -Атада кафелерде "дунганская кухня", уйгурская кухня, Китайская кухня ж.б. деген жазуулар толуп кетиптир. Тимеле өзүңдү Кытайда жүргөндөй сезесиң. Кыргыз кухнясы -деген болобу ыя?
Жаныбек, Кочкордон, 779 4334***

Фронтбек кызы Жамалдын кылгандары чын эле биздин элге жат. Сен хиджап кийген кыздардын укугун коргобой эле жөн жүр. Анын айынан канча деген үй-бүлөлөрдө чыр. Наристе кыздарыбыз түшүнүп, түшүнбөй эле атасыбы, энесинин айынанбы жоолук оронушуп, бактылуу балалыгынан эрте ажырап, мектепке бара алышпай ж.б.терс жактары көбөйүп кетти. "Мектепке жоолук менен гана барат, болбосо, азыр кызымды мууздап, колуңарга салып берем" деген атанын сөзүн уккан мугалимдерде айла калбай, эмне кылышаарын билбей калышканын укканда зээним кейиди. Айла канча...Бизге ушундайдын кереги бар беле?
556 5802***