Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

"Адам бири-бирин түшүнүп
мамиле кылганга үйрөнүү керек"

- "Бир күн уруш болгон үйдөн кырк күн береке качабы?"
- Ооба, уруш болгон жерден ынтымак, ырыс, береке-кут качат. Кыргызда "ынтымак бар жерде ырыс бар" деген жакшы сөз бар. Үйдө бир күн уруш болсо, кырк күн эмес бир жыл деле береке качаары бышык. Уруш болгон жерде адамдын аң-сезимине, көңүлүнө сөзсүз доо кетет. Андан кийин адам мурдагыдай болбой калат. Ошондуктан, бардык нерсе кайра ордуна келиши кыйын. Ал эми андай болбош үчүн эки тарап тең түшүнүктүү болуш керек. Түшүнүктүүлүк көп акылды, ал эми акыл сабырды талап кылат да. Ошентип, бирине-бири уланып кете берет. Ошондуктан түшүнүктүүлүк акыл-эстен жаралат. Адам бир нерсени үстүртөн карабай, терең маани берип караганга аракет кылышы керек. Көп учурда түшүнүү менен мамиле кылганга үйрөнүү керек. Ошондо уруш чыкпайт. Бардык нерсе адамдык сапатка такалат. Адамдык сапаты бар адам үй-бүлөдө эле эмес, бардык жерде уруш-жаңжалдан, конфликттен алыс болот. Бул биринчиден. Экинчиден, үй-бүлөдө бири жинденип жатса, экинчиси сөзсүз токтоо, сабырдуу болуш керек.


Алтынай НАРБАЕВА,
ырчы:
"Жакшы күндөрдө жаныңда жүрүп..."


- Акыл - ачуу келгенде, дос - зарылдыкта сыналабы?..
- Акылдуулук - адамдагы эң бийик касиеттердин бири. "Билеги күчтүү бирди жыгат, акылы күчтүү миңди жыгат" деген макал бар эмеспи, ошондуктан акылга таянып иш кылсак, биз көп нерсени жеңебиз. Үч нерседе: алыскы жолго чыкканда, ооруга чалдыкканда жана башыңа кыйынчылык түшкөндө, досуңдун ким экени билинип калат. Мен деле мына кырктын кырына келип калдым. Ушул жашка келгиче жакшы, жаман нерселерди башыман өткөрдүм. Мындай учурда дос иргелип эле калат экен. Толгон-токой достун ичинен бир-эки эле досуң калат экен да. Койнуна котур ташын катып алып, дос болгондор арабызда толтура. Жакшы күндөрдө жаныңда жүрүп, башыңа кыйынчылык түшкөндө качкан досторду да көрдүм. Анан ошондой күндөрдө сенин чыныгы досуң ким экенин билет экенсиң, ошондуктан, дос зарылдыкта сыналат деп айтылат тура. Бул туура эле айтылган сөз. Ал эми өзүм достукка бекем турганга аракет кылам.


Гүлзаада ШАРШЕНАЛИЕВА, теле алпаруучу:

"Нускалуу адам ойлонуп,
шашпай сүйлөйт"

- Чоң дарыянын акканы жай, нускалуу адамдын сүйлөгөнү жайбы?
- Кыргыздын ар бир макалы да, накылы да философиялык мааниге ээ. Чоң дарыянын акканы жай болгону менен, анын сүрү, күчү, кооздугу, тазалыгы, кандуулугу оор дагы, күчтүүрөөк дагы. Ал эми нус-калуу адамдын сүйлөгөнү жай болгондугу, ойлонуп, шашпай, негиздүү, аргументтүү сүйлөп, оозунан чыккан ар бир сөзүнө жоопкерчиликтүү мамиле жасаганынан кабар берет. Эми жай десе эле, сөзмө сөз түшүнүүнүн да кажети жок. Нускалуу адам деп үнүн, көтөрбөй, омоктуу ойлор, негиздүү мисалдар менен бат-бат сүйлөсө да жеткиликтүү пикирин, көз - карашын билдире алган адамды айтсак керек да, кенен жайылып жаткан дарыяга салыштырып. Бизде ушул ок болчу сөзгө жоопкерчиликтүү мамиле жасоо өтө эле жетишпей бара жатат.


Жылдызбек ТУРСУНБАЕВ, Акын, тамада:

"Калпты илдетке айландырып алгандар арабызда көп"


- Калпычы аксактан мурда колго түшөбү?
- "Кыргыз элинде эзелтен эле калпычынын казаны кайнабайт" же "арамзанын куйругу бир тутам"- деген сыяктуу накыл кептер бар эмеспи. Анын сыңарындай калп айтуу - турган жерден бир жагдайдан кутулуу максатында ойлоп чыгарылган куулук-шумдук, шылуундук амалы да. Бул нерсени илдетке айландырып алгандар канча дейсиң. Карандай калп айтуу менен элдин курсагын тойгузуу мүмкүн эмес. Аны билсе дагы азыркы аткаминерлерибиз оозун чоюп, элди алдап, креслосунан түшпөй олтурушпайбы. Алсак, аксакты Кудай кылат, алдамчылыкты өзүң өздөштүрөсүң. Аксактык адамдагы дене мүчөнүн кемчилдиги болсо, калпычылык бир инсандын кишилик сапатындагы өз аброюн аңга кулаткан аңырайган тешик. Аксак бир жеринен аксашы мүмкүн, калп айткан киши бар дык жагынан мүчүйт, өмүр бою ошол жалганчылык жармачтыгынын азабынан бетине кара көө жабылат. Бир гана жан кейиткен жери калпычы колго мурдараак түшкөнү менен, аксакка салыштырмалуу дале болсо өзүнүн митайымдыгын пайдаланып, тордон жылт коюп чыгып кеткендиги, ордуна шордуу аксактардын айыпталып калгандыгы болууда. Буга өйдө карап жыла албай, өнтөлөп турган өлкөмдүн бүгүнкү жагдайы, жазмышы айкын мисал боло алат.


Токтогул Какчекеев, саясий серепчи:

"Рузвельттей адам бизде
төрөлө элек"


- Улуу саясатчы Франклин Рузвельт "Не идите в политику, если кожа у вас чуть потоньше, чем у носорога"-деген экен. Буга оюуңуз кандай?
- Рузвельт бул сөз менен чыдамкайлыкты айткысы келген. Анткени анын доорунда Америкада кризис болуп, эл жумушсуз калып, кырдаал абдан кыйын болчу. Мына ошондо, бийликке көп сын айтылган. Бирок, Рузвельт элдин абалын түшүнүп, баарынын арыз-муңун угуп, чыдап, аракет кылып, акыры Американы кризистен чыгарган. Бул албетте, чоң иш. Бул жерде адамдын сабырдуулугу, чыдамдуулугу, адамгерчиликтүүлүгү бир топ эле роль ойногон. Рузвельт - абдан бийик, мыкты саясатчы болгон. Ошол эле маалда өзүнүн мамлекетинин, элинин кызыкчылыгын дайыма жогору койгон.
Саясатка барам деген адам биринчиден өзүн, туугандарын унутуп коюш керек. Эмгегинин баары элине, жерине, мамлекетине жана анын өнүгүшүнө, өлкөнүн аброюна, бекемдигине, бейкут турмушуна арналышы абзел. Экинчиден, эч нерсеге азгырылбаган адам болушу зарыл. Адамдын оюн, ыйын, зарын, муңун туя билген сезимтал болушу керек. Ошондо ал мыкты саясатчы болот. Кыргыздын 21 жылдык саясатында андай адам болгон жок. Ошол эле адамдар Акаевдин, Бакиевдин жан-жөкөрү болгонун унутуп, кыргыз элин мал катары көрүп, кээ бири бийликте отурса, кээ бири мигрант болуп сыртта жүрүшөт.







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??