Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Жылдыз Жолдошева, ЖК депутаты:
"Текебаевдин саясаты мамлекетти талкалоого алып баратат"

"Ата-Журт" партиясынын депутаты Жылдыз Жолдошева менен өлкөдөгү саясий абал, бийликтин чыныгы жүзү, тебеленген акыйкаттык тууралуу кеңири маектештик.

- Жылдыз Айтибаевна, ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы "Ата Мекен" фракциясынын депутаттарынын талап-тоноочулукка тиешеси жоктугун жарыялап, ишти кыскартып койду. Буга кандай көз караштасыз?
- Мародерчулук боюнча маалыматтардын баары тышка чыкты. Болгондо дагы Абдулла Юсупов абдан ынанымдуу айтты. Элдин баары анын туура айтып жатканын көрүштү. Адамдын жалган айтып жатканы анын көзүнөн эле байкалып калат. Биринчиден, Абдулла Юсупов болгон нерсени болгондой айтып, көрсөтүп берди. Экинчиден, ал ар бир объектинин аттарын, ал жактан эмне алып чыкканын, керек болсо ящиктин номурунан бери айтып жатты. Бул деген Абдулла Юсупов кайсы жерде отурбасын, анын чын айтып жатканын билдирет. Аны канчалык кылмышкер дешпесин, ал болгонун болгондой айтканына элдин баары ынанды. Биз баарыбыз тең анын айткандары менен макул болдук. Эгерде Текебаев аталган депутаттардын жардамы менен мурдагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү катары бул ишти жаап коем десе, бул убактылуу нерсе. Бир убакыттан кийин бул маселе сөзсүз түрдө кайрадан көтөрүлөт. Аны жасаган адамдар мыйзам чегинде сөзсүз жазасын алышат.
Менин өкүнгөнүм, ошол 7-8-апрель күндөрү биздин чырактай жигиттерибиз окко учуп, Ала-Тоо аянты канга боелуп, аталар, апалар боздоп, келин-кыздар сыздап турганда булардын талоончулук кылып дүнүйө чогултканы - бул нааданчылыктын жеткен чеги деп гана айта алам. Бул адамдардын жасаган жоруктарын биздин тарых кечирбейт.
- Учурда Өмүрбек Текебаевди жана анын фракциялаш депутаттарын президент Атамбаев кылмыш жоопкерчилигинен калкалап жаткандай. Буга сиздин пикириңиз…
- Көпчүлүк коалициясы түзүлгөндө мен айткан элем: "Эгерде Атамбаев Текебаевди өзүнө вазир кылып тандап алса, анда алыстан душман издебесин" деп. Мына, убакыт көрсөтүп жатат. Текебаевдин жасаган иш-аракеттери мамлекетти кыйроого алып бара жатат. Бул жерде бийликти эмес, мамлекетти сактап калуу тууралуу сөз болуп жатат. Азыркы түзүлүп жаткан кырдаал - бул Текебаевдин элге каршы аракетинин жемиши. Мен өткөндө парламенттин жыйынында микрофонду өчүрүп коюшканда Текебаевге айттым: "Текебаев, токтот, болду! Сен парламентти эмес, өлкөнү талкалоого алып келдиң" деп. Бул сөздөр албетте ачуу, бирок чындык деп эсептейм.
Албетте, мародерчулук боюнча иштин жабылып калышында чоң соодалашуунун белгиси байкалып турат. Анан калса Башкы прокурор Аида Салянова дагы Текебаевдин кишиси болгондуктан, бул иш жакын арада аягына чыгат деп айта албайм.
- 7-апрелден кийин бийликке келген УӨ жетекчилери элге абдан чоң убадаларды беришкен. Тилекке каршы анын бири да аткарыла элек. Тескерисинче өлкө экономикасы кургуйга кулап баратат. Демек, биз кандай жолду тандашыбыз керек?
- Убактылуу Өкмөт бийликке жаңы келгенде мен дагы чоң өзгөрүүлөрдү күткөм. Себеби, Бакиевдердин элге каршы жасалган экономикалык кысымына чыдай албай калганбыз. Мен ошол кезде "Асман пресс" гезитине жазып, Бакиевге: "Эгерде митингге жеткирбей, өзүңүз эле үй-бүлөлүк башкарууну токтотуп, элге каршы кадамдардан кайтпасаңыз, эл Сизди бийликтен ажыратып коет" деп кайрылгам. Чындыкты айтканым үчүн алар да мени жаман көрүшкөн.
Мына, азыркы абал дагы абдан оор болуп турат. Айлык акылар кармалып бериле баштады. Бир кап ундун баасы 2 миң сомго жетип калды. Кыш башталбай жатып, көмүрдүн бир тоннасынын баасы 12 миң сомго жетти. Бюджетте акча жок. Же өнөр-жай өнүгүп кеткен жок. Кумтөр маселеси боюнча чындыкты айтып чыккан Садыр Жапаров камакка алынды. Элдар Мадылбеков мамлекеттик мекемелер менен бирге жасалма документ жасап сатып жиберген имарат боюнча күнөөнү дагы ага оодарып жатышат. Ошол эле убакта Убактылуу Өкмөт өзү ал имаратты Бакиевдердин менчиги катары улутташтырылчу объектилердин тизмесине киргизген эмес.
Ошондой эле банк ячейкаларындагы 300 миллион доллар боюнча иликтеп көрдүм. Аны Бакиевдер алып кетишти деп жатышкан. Каржы министринин расмий катынын негизинде, көрсө 100 миллион долларын мурдагы бийлик ГЭС курууга жумшаган экен, ал эми 200 миллионун Убактылуу Өкмөт өлкөдөгү айлык-пенсияларга жумшаптыр. Бул чындыкты эл билиши керек. Мен муну менен Бакиевдерди коргоюн деген ойдо эмесмин. Ошол эле учурда ар кандай төңкөрүштөргө, тополоңго каршымын. Акыркы эки революцияны көрдүк, мамлекетти артка тарткандан тартып эле келатпайбы. Бирок, биздин элдин чыдамын сынап отурганга болбойт. Кыргыз эли күтүүсүз жүрүштөргө жакын эл. Ошондуктан бийлик элдин тагдыры менен ойнобошу керек. Биздин эл акыйкатсыздыкка, адилетсиздикке чыдабайт. Бийлик ойлонушу керек. Акаевдер менен Бакиевдердин тагдырынан сабак алышы керек.
- Алмазбек Атамбаевдин кадрдык саясатына кандай карайсыз?
- Бүгүнкү күндө Кыргызстанды Текебаев эле бийлеп жатат. Атамбаевдин айланасында деги бир ага берилип, кызмат кылган кадрды көргөн жокмун. Көпчүлүгү Текебаевдин сөзүн сүйлөгөн кадрлар иштеп жатат. ГКНБ менен ИИМ жетекчилери балким, Атамбаевдин кадрлары болсо керек. Ал эми калгандары Текебаевдин адамдары. Башкы прокурор Аида Салянова, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарынбаев, Адилет министри Алмамбет Шыкмаматов, КТРК жетекчиси Кубат Оторбаев сыяктуулардын баары тең Текебаевдин адамдары. Соттордун жарымы Текебаевдин кадрлары. Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев дагы Текебаевдин адамы. Ошондуктан Атамбаевдин айланасынан ал үчүн күйүп иштеп бере турган адамды көрө албай жатам.
- Учурда "Ата-Журттун" 4 депутаты камакта жатат. Нариман Түлеевден башка 3 депутатка 295-берене тагылып жатат. Буга негиз барбы?
- Бул ашыкча айып. 1993-жылкы Башмыйзамда депутатты кайсыл учурда камакка алса жана тинтсе болору так жазылган. Ал эми учурдагы Башмыйзамда ал нерсе жазылган эмес. 72-беренеде депутаттын оор кылмышка тиешеси бар болгон учурда гана кылмыш жообуна тартса болот, бирок кармоого жана камакка алууга болбойт. Анда да депутаттын айыбын далилдеш керек. 295-берене менен айыптагыдай Ташиев бийликти тартып алса же конституциялык түзүлүштү кулатса бир жөн эле. Болгону забордон ашып коюптур. Себеби, забордун аркы жагында тургандар атышыптыр. Резина ок менен болобу же башкабы, айтор атты да. Ошон үчүн забордон "элге ок атпагыла" деп ашып отурат. Ал айтып жатат: "Парламентке барып депутаттардын кабинет кабинетине жатып алалы. Биздин парламент иштей албай, мамлекеттин тагдырын 10 депутат гана чечип жатат" деп. Чындап эле биздин парламент толук кандуу иштей албай жатат. Медведевдин айтканы туура келип жатат: "Парламенттик башкаруу Кыргызстанга эмес, Россияга эрте" деп. Мына, азыр 120 депутат эмнени чечип жатабыз? Колубуздан эмне келип жатат? Же экономиканы алдыга жылдыра алдыкпы? Мен дагы, тилекке каршы депутат катары, "элдин жашоосун өзгөрттүм" деп айта албай турам. Биз парламенттик башкаруу менен өлкөнү алдыга жылдыра албадык.
- Парламент тууралуу сөз болуп калды. Учурда карапайым эл арасында парламентке карата дооматтар көп айтылып келе жатат…
- Буга дагы жүйөөлүү себептер бар. Парламенттин санынын көптүгү, арасында таза эмес адамдар кошулуп калганы, басымдуу көпчүлүгү бизнес адамдары экендиги, жоон топ депутаттардын мыйзам менен алектенбегени, мунун баары парламенттин эл алдындагы аброюн төмөндөтүп койду. Анын үстүнө фракциялар арасындагы тирешүүлөр, бийлик талашуу буга кошул-ташыл болду. Апрель, июнь окуялары ачылбай, жымсалданып калды. Андан кийин мародерлук боюнча иш дагы кыйласын иренжитип бүттү. 7-апрелден кийин каза болгон балдарды коюп жатып, "Ата-Бейитте" колдорун көкүрөгүнө алышып, ошол жерден элдин алдында ант беришкен адамдар мындай пастыкка барышканы тарых үчүн кечирилгис нерсе.
Эми, эгерде парламентти таратуу боюнча эл катуу талап кылып баштаса, тарабаска арга жок. Бирок, парламентсиз мамлекеттик бийлик легитимсиз болуп калат. Анын ордуна кайра парламент шайлашыбыз керек. Мурда парламенттик шайлоону 153 миллион сом менен өткөрчүбүз, аныбыз азыр 500 миллион сомго чыкты. Мурда БШКда 73 кызматкер болсо, Абдраимов келгенден бери 175ке көбөйдү. Бюджеттин акчасын Абдраимов Атамбаевдин досумун деп каалагандай калчап жатат. Ишиндеги кемчиликтерин Эсеп палатасы ачык тастыктап берсе, Башкы прокуратура басып коюп жатат. Мындайча айтканда, мыйзам баарына бирдей иштебей, чындыкты айткандарга каршы иштеп жатканы дагы бир жарылууну алып келет. Эмнеси болсо дагы, мындай сумма бюджетке оорчулук келтирет. Анын үстүнө кайра эле ушул партиялар өтүшү мүмкүн. Ошондуктан, эл ушул Парламенттин толук кандуу иштөөсүн талап кылышы керек. Биз депутаттар дагы партия же болбосо бийлик үчүн эмес, мамлекет, эл үчүн иштешибиз зарыл.
Маектешкен Адилет АЙТИКЕЕВ
adi77@inbox.ru






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??