Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

"Манас" эл аралык аэропортунда унаа токтотуучу
жайлар жаңыланды
Бүгүнкү күндө аба жолдору аркылуу башка өлкөлөргө сапарга чыгуу өтө ыңгайлуу жана тез. Ошондуктан, көпчүлүк инсандарыбыз самолет менен учуп барууну туура көрүшөт. Бирок, акыркы жылдары самолетко, аэропортко террорчулар жардыруу заттарын коюп кеткен учурлар дүйнөдө көп кездешүүдө. Алыс кетпей эле жакынкы өлкөлөрдөн Россияны ала турган болсок "Домодедово" аэропорту, Болгариянын "Бургас" аэропорту, Ооганстандын "Кабул" аэропортторундагы жардыруулар канча деген күнөөсүз адамдардын өмүрүн алып, балдарды жетим, энелерди баласыз, аялдарды жесир калтырды. Андыктан, бүгүнкү күндө эң биринчи адам өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылуубуз зарыл. "Жаман айтпай, жакшы жок" дегендей, андай жардыруулар бизде да болуп кетүүсү толук мүмкүн. Ошондуктан, бардык жактан алдын алуу өтө актуалдуу маселе болуп турат. Анын үстүнө "эшигин көрүп төрүнө өт" дегендей, чет өлкөдөн келген конокторубуз самолеттон түшкөндө эле биринчи биздин "Манас" эл аралык аэропортубузду көрөт. Демек, дүйнөлүк стандартка жооп бере турган шарттарды түзүүбүз зарыл. Ушундай кырдаалдарды эске алуу максатында "Манас" аэропортунун алдында түзүлгөн "Manas Handling Group" ЖЧКсы унаа токтоочу жайларды автоматташтыруу долбоорун иштеп чыкты.
Айта кетсек, ишкана аба кемелерин жерде тейлөө менен алектенип, ошондой эле аэропорттун тейлөө сапатын жогорулатуу багытындагы долбоорлорду ишке ашырат. Мындай долбоорлордун катарындагы VIP-зал, Taxi Manas кызматтары ийгиликтүү иштеп жатат.
Унаа токтоочу жайларды автоматташтыруу - бул дүйнөлүк тажрыйба. Алыс барбай, КМШ өлкөлөрүн алсак, мындай долбоорлор Алматы, Москва, Киев шаарларында ийгиликтүү иштеп жатат.
Бүгүнкү күнү "Манас" аэропортундагы унаа токтоочу жайлар "А", "В", "С" деп үчкө бөлүнүп, унаа кирип чыга турган жерлерге автоматтык терминалдар орно-тулган. Бир жыл мурун бир жагында эле болсо, азыр оң рулдуу унаа айдоочуларга да ыңгайлуу болуусу үчүн оң тарабына да терминал орнотулду. Айдоочу унаадан түшпөстөн эле терминалдан карточка ала алат. Карточка алгандан кийин тосмо автоматтык түрдө ачылат. Кайра чыгып баратканда карточканы терминалга салса, канча убакыт турганы жана акысы канча сом болгону чыгат. Ал сумманы унаа токтотуучу жайлардын ар бир бурчтарына орнотулган будкаларда отурган адистерге же атайын банкоматка төлөсө болот. Андан сырткары тосмолордун жанына видеокамералар орнотулган. Алар ар бир кирген унааны да, айдоочусун да тасмага түшүрүп турат. Мындай видеокамералардын тасмаларынан ар кандай кырдаалга байланыштуу Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери өздөрүнө керектүү маалыматтарды алса болот. Анткени, акыркы учурларда унааны уурдоо же айнектерин талкалап, ичиндеги буюмдарды, акчаны уурдап кеткен фактылар көп кездешүүдө. Мына ушундай кылмыштардын бетин ачууга да жакшы көмөк көрсөтөт. Андан сырткары башка өлкөгө качып бара жаткан кылмышкерлерди, террорчуларды кармоого, издөөдө жүргөн унааларды да табууга шарт түзүп бере алат.
Мындан бир жыл мурун Бишкек-аэропорт автотрассасынын 30 километринде эки текшерип-өткөрүү тосмосу орнотулган эле. Ал жерден айдоочулар аэропортко кирип-чыгуу карточкасын алышчу. Андан тышкары видеокамералар орнотулуп, аэропорттун коопсуздугу жана тартиби көзөмөлгө алынып турчу. Бирок, автоунаа жолдору тууралуу мыйзамга ылайык, 2012-жылдын жай мезгилинде шлагбаумдар алынып салынган.
"Бүгүнкү күндө кардарларга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн үч унаа токтотуучу А, В, С аймактарынын ар бирөөсүнө автоматташтырылган тартип орноттук: аймакка кирип бараткан жерлерде текшерип-өткөрүү пункттары коюлду" - деп белгилейт "Manas Handling Group" ишканасынын директору Марс Телтаев. - Тейлөө сапатын жогорулатуу максатында унаа токтотуучу жайдын кире бериш жана чыгуу жеринде жол кыймылын жөнгө салуучу белгилер орнотулуп, унаалардын агымын азайтуу үчүн кошумча чыгуулар уюштурулду".
Окурмандарга толук түшүнүктүү болуш үчүн "А", "В", "С" унаа токтотуучу жайлардын төмөндөгүчө бөлүнгөн таблицасын сунуштайбыз:





Бир караганга саатына 20 же 50 сом төлөө кымбаттай. Анткени, биз унаа токтотуучу жайга 5, 10 сом төлөп көнүп калганбыз да. Бирок, башка өлкөлөргө салыштыра турган болсок, алардыкы мындан бир нече эсеге кымбат. Мисалы, алыс кетпей эле боордош Казакстандын Алматы шаарындагы аэропорттун унаа токтотуучу жайына унааңызды токтотом десеңиз, бери дегенде эле 1500 теңге төлөйсүз. Ага караганда бизде он эсеге арзан.
Марс Телтаевдин айтуусунда, түшкөн каражаттар автоматташтырылган унаа токтотуучу жайларды үзгүлтүксүз иштөөгө жана штатта эмгектенген кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө жумшалат. Андан сырткары унаа токтотуучу жайлардын жетекчилиги социалдык жана кайрымдуулук долбоорлорго жардам берүүнү пландаштырууда.
"Ноябрдын аягынан баштап унаа токтотуучу жайлар тест тартибинде иштей баштайт, - деп билдирди Телтаев. Ал эми декабрь айынан тарта акы төлөө системасына өтөт".
Дагы бир белгилей кетчү нерсе, аэропортко кирген унаалар 15 мүнөткө чейин бекер тура алат. Бул убакта кардарларын жана жүктөрүн түшүрүүгө же жүктөөгө жетишет. Бул убактан өтүп кетсе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик Монополияга каршы башкаруу агенттиги тарабынан коюлган, жогоруда таблицада көрсөтүлгөн баалар менен авто унаалар тейленет.
Эл аралык маанидеги аэропорттордогу унаа токтотуучу жайларды автоматташтыруу бардык өнүккөн өлкөлөрдө колдонулуп келет. Анткени, алар эң негизгиси коопсуздукту, тартипти жана ыңгайлуу шарттарды баалашат. "Манас" эл аралык аэропорту мындай долбоорду киргизүү менен бирге, жүргүнчүлөрдүн камын гана ойлобостон, өнүккөн өлкөлөр менен автоматташтыруу сис-темасы боюнча тең келе жатат. Анын үстүнө унааларды токтотуучу жайлар заманбап аэропорттун негизги бөлүгү эмеспи. Туура жана ыңгайлуу унаа токтотуучу жайларды түзүү оор, бирок чечүүгө мүмкүн маселе. Ошондон улам "Manas Handling Group" компаниясы "Манас" аэропортуна унаа токтотуучу жайларды жаңылоого бардык къчън жумшоодо.


Унаа токтотуучу жайлар боюнча эскертүүлөрдү жана сунуштарды төмөнкү телефондор же электрондук почта аркылуу жиберсеңиздер болот:
(312) 69 33 00, (555) 69 33 00
manasparking@gmail.com,
press@airport.kg







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??