Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

MegaComдун байланыш тармагы жандуу жаңыланууда

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында гана өлкө боюнча 17 жаңы базалык станция ишке киргизилди. Ал эми жылдын аягына чейин дагы 30га жакын базалык станциялардын ачылышы пландаштырылууда.

Жаңы жабдуулар Кыргызстандын алыскы аймактарына жана байланыш жүктөмдөрүнүн кыл чокусу көп байкалган аймактарга орнотулат. MegaComдун техникалык адистеринин аракети менен байланыш сапаты Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында кыйла жакшыртылды. Жакында эле жаңы жабдуулар өлкөнүн түштүк аймагындагы Таш-Булак, Кыргыз-Кыштак, Гава, Кара-Жыгач, Мундуз, Калмак-Кырчын, Ак-Тоок, Баймак, Күлүк-Дөбө, Кербен айылдарында, Чүй облусунун Нижний Норус, Эркин-Сай, Западное, Беш-Өрүк, Ак-Башат, Тельман айылдарында жана Нарын облусунун Лахол жана Туз айылдарында ийгиликтүү ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө, үчүнчү муун байланышы Талас, Нарын, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында активдүү киргизилүүдө.
"Компания тек гана үчүнчү муундагы байланыш менен камсыздалган аймактардын санын гана арттырбастан, байланыш сапатынын жогорулатылышына да басым жасайт. Маселен, Жалал-Абад облусунун Кара-Жыгач, Калмак-Кырчын, Баймак жана Нарын облусунун Туз айылдарынын тургундары биринчи жолу сапаттуу уюлдук байланыш кызматынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. MegaCom уюлдук оператору базалык станциялардын жалпы саны боюнча гана эмес, секундасына 21 мегабит ылдамдыктагы мобилдик интернет менен камсыздоо, кош каналдардан турган, үчүнчү муундагы станциялардын саны боюнча да өлкөдө алдыңкы орунду ээлейт", - деп билдирди компаниянын радиопландаштыруу бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Курманбаев.
Компаниянын техникалык адистери, байланыш каптоосун кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн шарттоо максатында, базалык станцияларда жаңы жабдууларды орнотууда. Мындан улам тармакта убактылуу мүчүлүштүктөр болуп, байланыш начарлашы мүмкүн. Ошондуктан MegaCom компаниясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, абоненттер түшүнүү менен мамиле кылат деп ишенет.
Бүгүнкү күндө, MegaCom уюлдук операторунун 1270ден ашуун базалык станциясы Кыргызстандын бардык жети облусун байланыш кызматтары менен үзгүлтүксүз камсыздап жатат. Алардын саны да күн санап өсүүдө
Мекенден алыс жүргөндө да SIM-картаңызды калыбына келтире аласыз.
Эми, саякат маалында же иш сапары учурунда SIM-картаңыз жоголуп же жараксыз болуп калса, MegaComдун "Роумингде SIM-картаны калыбына келтирүү" кызматынан пайдалана аласыз.
Казакстандын K'Cell операторунда роумингде болуп туруп, аталган кызматтын жардамы менен номериңизди жана мурда кошулган кызматтарды сактап кала аласыз. Бул үчүн K'Cell операторунун Алматы шаарындагы төмөнкү даректери боюнча кеңселерине кайрыла аласыздар: Самал 2-кичирайонундагы №100 үй же Алимжанов көчөсүндөгү №51-үй. SIM-картаны алмаштырууда паспорттун жаныңызда болушу талапка ылайык.
SIM-картанын жупнускасын активдештиргенден кийин бир нече мүнөттөн соң сиз байланыш кызматтарынан пайдалана баштайсыз. Тилекке каршы, эски SIM-картадагы маалыматтарды калыбына келтирүүгө мүмкүн болбойт. Кызмат тууралуу www.megacom.kg сайтынан толугураак билүүгө болот.





Комиссия мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги -
алардын абийиринде…

(Башы 2-бетте)
"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Райкан Төлөгөнов баласы Муса менен ошол объектилерде болуп, ошол жердеги адамдарга курал таратышканын айтышты. Уулу Муса мурда эле Азамат Шергазиев, Дастан Оморов баш болгон бир топ балдарды уюштуруп, чогуу жүрүшкөн экен. Өмүрбек Текебаев, Райкан Төлөгөнов, уулу дагы Абдулла Юсупов менен мурда эле тааныш болушкан. Алгач Оморовдун көрсөтмөсүнөн кийин Т. Мадылбеков, Р. Төлөгөнов, Ө. Текебаев. Б. Шер Абдулла Юсуповду "таптакыр тааныбайбыз" деп чыгышкан эле. Ал эми депутаттык комиссиянын иликтөө учурунда Райкан Төлөгөнов эки объектиде жүргөнүн мойнуна алды. Айта кетүүчү нерсе аталган кылмыш иштерин тергөө мезгилинде келген күбөлөрдү коркутуп, үркүтүү фактылары да болгон, жогору жактан басым жасалганы ачык көрүндү. Депутаттык иликтөө жүргүзгөн учурда Башкы прокуратуранын өкүлдөрү апрель окуясындагы талап-тоноочулук иштеринин бетин ачууга кызыкдар эмес экендигин, кызыкдар болсо да аларга жогору тараптан басым жасалып жаткандыгын көрсөтүштү. Ушул себептерден улам коомчулукта "буларга байланыштуу кылмыш иштери бийлик тарабынан жабылууда" деген ой жаралып жатат. Ө. Текебаев президентке кирип чыккандан кийин укук коргоо органдары бул жүрүш менен "Ата Мекен" партиясынын айрым депутаттарынын үстүнөн козголгон апрелдеги мародерчулук боюнча кылмышты аягына чыгара албайт.
-Мурдагы министр Зарылбек Рысалиев "кылмыш ишин козгоого 85 пайыз далилдер бар" деп маалымдап, "Алиби" гезитинде жарык көргөн Райкан Төлөгөновдун телефон чалууларынын схемасы аларга тиешелүү кылмыш ишинин кыскарышынын бетин ачыктаганына карабай, бул ишти болушунча жаап-жашыруу аракети жүрүп жатпайбы. Комиссиянын жыйынтыгынан кийин "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жоопкерчиликти моюнуна алат деп ойлойсузбу?
Белгилей кетүүчү жагдай, ал жыйынтыкта "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрүнүн мародерчулукка катышы бар экендиги 100 пайызга далилденген. Бирок, азыр эле айтып коеюн ал иликтөөдө Өмүрбек Текебаев менен Болот Шердин мародерчулукка түздөн-түз катышы бар деген далилдер жок. Бирок, мародерчулук иштери алардын колу менен болбосо да, жетекчилиги астында жасалгандыгы бештен белгилүү. Анткени, Айсулуу Дүйшөнкулова өз көрсөтмөсүндө алтынды тоноп жатканда Райкан Төлөгөнов өзүнүн балдары менен келип, Болот Шерге телефон чалды деп жатат. Мындан соң Болот Шердин жардамчысы "Джип" автомашинасы менен келип, андан соң Райкан Төлөгөнов балдары менен спецназдардын куралын, күбөлүгүн тартып алганынан бери айтып жатат. Мындай фактылардан улам партиянын жетекчилиги катары саясий дагы, моралдык дагы жоопкерчилиги болушу керек деп айтсак болот. Бирок, алардын моралдык жоопкерчиликти мойнуна алышы кыйын болот го, анткени, биздин саясатчылар кеп жебеген, намысы жок калк эмеспи. Өмүрбек Текебаев өзү айтып жүргөндөй дээр дагы, деңгээл дагы жайында эмес, керек болсо ал өзү эки сөзүнүн биринде кайталагандай принцип деген түшүнүк да жок.
- Сиз жогоруда айткан Абдулла Юсупов, Айсулуу Дүйшөнкулова сыяктуулардын түздөн-түз көрсөтмөсүнөн улам бул иштер ачыкталып жатат. Бул адамдардын өмүрү коркунучта турат. Булардын керт башынын кепилдигин ким коргойт?
- Албетте, депутаттык комиссиянын алгачкы отурумунда эле бул суроо көтөрүлгөн. Мына ошол отурумда мурдагы ИИМ министри Зарылбек Рысалиев, тергөө башкармалыгынын начальниги Кубат Ноорузбаев отурган. Алар күбөлөрдүн коопсуздугун сактоого убада кылышкан. Бирок, Шамиль Атаханов жоопкерчиликти мойнуна алган эмес да. Тергөөнү жашыруун өткөрүү туурасында да сөз болуп, үч-төрт күбөнү тергөөчүлөр суракка алган. Бирок болбой эле, дагы бир күбөнүн атасына тергөөчү телефон чалып, "балаң кайсы ишке күбө өтүп жатканын билесиңби? Мародерчулук кылган. Камалып кетет" деп коркутуп, уруп-сабаган да учурлар болуптур. Ал балдар көрсөтмөсүн кайра алышкан. Демек, бул адамдардын керт башынын кепилдигин Зарылбек Рысалиев мойнуна алып, ал кызматтан кеткенден кийин коркунучта турат десек болот. Шамиль Атаханов келээри менен кылмыш иши кыскаргандан кийин күбөлөрү көз жаздым болбойт деп ким кепилдик бере алат?
-Комиссиянын ишин Жогорку Кеңеш карагандан кийин жыйынтык чыгат деп ишенесизби?
- Эми, бийлик бул кылмыш ишин кыскартуунун аракетин көрүп коомчулукту ирээнжитип алды, бирок карапайым калк кылмыш ишинин фактылары жөн жерден чыкпаганын угуп, көрүп турат. Бийлик бул ишти Шамиль Атахановдун, Кубат Норузбаевдин колу менен жаап салууга аракет кылып, чындык чыркырап жатканын карапайым калк көрүп турбайбы. Ошондуктан 22 коомдук уюм биригип, мародерчулук боюнча коомдук иликтөө ишин жүргүзгөнү жатабыз. Анткени Башкы прокуратурадан, ИИМден, тергөө органдарынан жакшылык болбосун, Бакиевдерге ачылган кылмыш ишиндей сүйрөп отуруп жок кылаарына көз жетти. Ошентсе да, Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн комиссия далилдерге таянып, бул кылмыш ишине өзүнүн саясий баасын берет деген ойдомун. Курманбек Осмонов башында турган комиссия жаман иштеген жок, болгону мына ушул комиссиянын курамына кирген айрым мүчөлөрү эл алдындагы өзүнүн жоопкерчилигине кандай карайт, кеп мына ушунда. Алар өз милдетине абийирдүүлүк менен караса, ИИМ кыскартып салган кылмыш ишинин ачыкталышына шарт түзүлөт.

Маектешкен
Канышай Мамыркулова






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??