Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

"Ата Мекенди" актап жатабыз...
А фактыларды кайда катабыз?

Редакциядан:

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри кызматынын генералы Зарылбек Рысалиевдин кетиши, ал орунга Шамиль Атахановдун "күтүүсүздөн" (карапайым эл үчүн күтүүсүз болгону менен бийликтин жогорку эшелонундагылар аны атайын, белгилүү максатта жасашканы белгилүү) келиши өлкө коомчулугунда зор талаш-тартышты, кызыгууну жаратып жаткан канкор президентибиз Курманбек Бакиев менен анын жакындарынын дүнүйө-мүлкүн талап-тоноо фактылары боюнча кылмыш ишин кыскартуу менен коштолду.
Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын айрым депутаттарына каршы козголгон кылмыш ишин кыскартууга укуктук негиз, болгонбу? Болсо, ал эмне болгон негиздер? Коомчулуктун бүйүрүн кызыткан кылмыш ишинин козголушуна түздөн-түз себепкер болгон Абдулла Юсуповдун ведомстволор аралык тергөө тобунун тергөөчүсү, УКМКнын тергөө башкармалыгынын улук тергөөчүсү, юстициянын майору У.М. Садырбековго 2012-жылдын 29-августунда берген көрсөтмөлөрүндө тыкыр текшерүүгө алынчу фактылар арбын. А.Юсуповдун бүгүнкү күндө айыпкер катары СИЗОдо камалып жатканы менен анын көрсөтмөлөрүнө айыпкер катары мамиле кылууга эч кимдин акысы дагы, ал эми тергөө органдарынын укугу да жок эле. Тилекке каршы, өлкөнүн саясый жетекчилиги дагы, өлкөнүн Башкы прокурору дагы кылмыш ишин иликтеген тергөө тобунун иш-аракетине укуктук дагы, саясый дагы баа бере алган жок. Алар бул маселени коомчулуктан, карапайым калктан жаап-жашырып, чындыкты орнотууга кызыкдар болбой жатышат.
Карапайым калкка 2010-жылдын 7-10-апрель күндөрүндө болгон окуяларды төкпөй-чачпай жеткирүүнү кесиптик милдети деп эсептеген "Алиби" гезити Абдулла Юсуповдун тергөөгө берген көрсөтмөлөрүн орус тилинен кыргыз тилине төкпөй-чачпай которуп, гезит бетине жарыялады. Өздөрүн периште көрсөткүсү келген адамдардын кылык-жоругуна бааны эл өзү берүүгө тийиш.



Видео жазууну жүргүзүү менен
күбөнү суракка алуу протоколу

Бишкек шаары
2012-жылдын 29-августу
Ведомствалар аралык тергөө тобунун тергөөчүсү, Кыргыз Республикасынын УКМКнын тергөө башкармалыгынын улук тергөөчүсү У.М.Садырбеков Кыргыз Республикасынын кылмыш-процесстик кодексинин 189,191 - 192 жана 195- беренелеринин талаптарын сактоо менен Юсупов Абдулла Абдувахабовичти күбө катары сурак жүргүздүм:
Сурак кылууга коргоочу - адвокат Т.Абдиев катышты.
Өзүм жөнүндө төмөндөгүлөрдү билдирем:
1. Фамилиям, атым, чоң атамдын аты - Юсупов Абдулла Вахабович
2. Туулан жылы, айы, күнү
- 1982-жыл 9-март
3. Туулган жери

- Сузак району, Сузак айылы
4. Улуту, жарандыгы
- өзбек, Кыргыз Республикасынын жараны
5. Билими жана кесиби
- орто
6. Иштеген жери, кызматы
- жеке ишкер
7. Мурда соттолушу
- КР КЖКнын 241-беренеси менен
8. Жашаган жери - Бишкек шаары, Чыгыш-5, Төкөлдөш чолок көчөсү
9. Үй-бүлөлүк абалы
- үй-бүлөлүү, 1 баласы бар
10. Күбөнүн өздүгү - айткандары боюнча жазылды

Айтылган маалыматтардын чындыгы үчүн кол коём _________ колу

Сурак 14.00 дө башталды
Сурак 18.45 те бүттү.

Иш боюнча төмөнкүлөрдү айтып бере алам:

Мен Юсупов Абдулла Вахабович, 1982-жылы Сузак районунун Сузак айылында жөнөкөй жумушчунун үйүндө төрөлгөм. Ата-энем бар, төрт бир тууганбыз. Сузак айылындагы Москва орто мектебин бүтүргөм. Билимим орто, үйлөнгөм, бир балалуумун. 20-25 жашка чыкканча айылда жашадым. 2004-жылдары жумуш издеп Бишкекке келгем. 2005-жылдын апрелинде парламенттик шайлоолорго байланыштуу айылга кайрылып келдим. Ошол учурда депутаттыкка ат салышкан таанышымдын өтүнүчү боюнча Сузак районунда үгүт иштерин жүргүздүм. Шайлоонун натыйжасы март революциясы менен аяктады.
2004-жылдын 24-мартындагы, революцияга активдүү катышып, анын толкуну мени кайрадан Бишкекке алып келди. Революциядан кийин тааныштарымдын катары көбөйдү, саясый ишмерлер менен, алардын ичинен "Эркиндик" партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев менен таанышып, партиянын жаштар кыймылынын тизмесине кошулдум. Ар кандай саясый иш-чараларга катыша баштадым.
2008-2009-жылдары мен Райкан Төлөгөнов менен таанышып калдым. Экөөбүз ар кандай иштер менен бир нече ирет Ош шаарына бардык, ал Сузактагы биздин үйгө чейин келип, бир нече күн конуп кеткен учурлары да болгон. Ал кишини менин ата-энем да жакшы көрүп, сыйлашат. Анын уулу Муса да менин жакшы досум болчу. Биз таанышкан учурда мен анын саясатка тийешеси бар адам экенин билген эмесмин, себеби биз башка иштер менен алектенчибиз.
Болжол менен 2009-жылдын ноябрында Жаныш Бакиевдин уулу, 1983-жылы туулган Искендер Бакиев экөөбүздүн ортобуздагы ынак мамилебиз бузулуп, ал менден эч негизсиз эле 200 миң америка долларын талап кыла баштады. Менде андай акча жок эле. Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө каршы турууга күчүм жетпесин билип, Кыргызстандан чыгып кетүүнү ойлоно баштадым.
Бир жолу Райкан байке менен сүйлөшүп отуруп Бакиевдердин туугандарынын куугунтуктоосунан качып, башка жакка кетип калсамбы деген оюмду айттым. Ага Райкан Төлөгөнов "сени элдин көбү тааныйт, кааласаң Текебаев менен тааныштырам, алар жакында КР Президенти К.Бакиевди тактысына түшүрүүнү пландаштырып жатышат. Бакиевдердин бардык мүлктөрүн билген адам катары бийликтин оппозицияга каршы кандай пландары бар экени жөнүндө маалымат берип турасың" деп. Ошондо гана Текебаев жана Шерниязов менен тааныштырарын айтты. Шерниязов менен мен Бермет Акаева 2006-2007-жылдары парламентке келгенде эле таанышкам. Анткени, анда биз Ак үйдүн астында март революциясына себепкер болгон адамдар кайра бийликке келип жатканына нааразылыгыбызды айтып чыкканбыз. Ошондо Болот Шерниязов мени менен бирге митингдин уюштуруучуларын өзүнүн кабинетине чакырып 3-4 саатка чейин сүйлөшүп отурган. Ошондуктан, мен Райкан Т=л=гөновго "Текебаев, Шерниязовдорду тааныйм, эгер сиз менин өмүрүмдүн коопсуздугун камсыз кыла алсаңыз, анда силер менен кызматташууга даярмын" десем, Райкан байке "Текебаев менен кеңешип, анан жообун айтам" деди. Ошол учурда мен Аламъдън-1 районундагы батирде турчумун. Андан бир нече күн өткөндөн кийин менин телефонума Текебаев чалып "бул ким?" деди, мен "Абдулламын" десем, "мага телефонуңду Р.Төлөгөнов берди. Сен эртең саат 13.00да Күрөңкеев көчөсүндөгү офиске келелаласыңбы?" деп сурады. Мен "макул" деп, эртеси досум Дастан Оморов экөөбъз Куба деген досумдун машинасы менен офисин араң таап бардык. Барсак Текебаев жок экен, бирок кабинетинде Б.Шерниязов компьютордо отуруптур. Ал офистин так дарегин билбейт экенмин, менин оюмча Күрөңкеев көчөсү № 172 же 175 болсо керек эле. Бирок, барсак көргөзүп бере алам. Андан кийин Текебаев келип азыркы мезгилде Бакиевдер оппозиционерлерди бардык тараптан кысып жатат, ошол эле учурда биздин да каражатыбыз чектелүү, ушуга байланыштуу бул өзүмдүк үйдү "Ата-Мекен" партиясынын мүчөлөрүнө Аликбек Жекшенкулов берген. Андан кийин мен, Дастан Оморов экөөбүз Ө.Текебаев менен бирдикте анын кабинетине кирдик. Б.Шерниязов болсо өзүнүн комьпютеринен баш көтөргөн жок. Биздин Ө.Текебаев менен болгон аңгемелешүүбүз бир саатка чейин созулду жана ал бели ооругандыгынын айынан көпкө чейин отура албастыгын айтты.
Өзүнүн айтымында мындан бир аз мурда белинен операция болгон экен. Ошону менен туруп турган калыбында сүйлөп жатты. Сүйлөшүүлөрдө негизинен Бакиевдердин офисиндеги жасалып жаткан иштер боюнча кеп болду. Андан тышкары Жалал-Абад шаарындагы тонолгон банк жөнүндө да айтылды. Андан кийин Ө.Текебаев Бакиевдердин атайын кызматы бардыгын угуп жаткандыгын, биздин азыркы сөздөрүбүздү да жазып алып жатышы мүмкүн экендигин айтып, башка жерге барууну сунуш кылды.
Ошого байланыштуу биз, тагыраагы мен, Д.Оморов жана Ө.Текебаев болуп Б.Шерниязовдун ак түстөгү Лексус-476 машинасы менен (мамлекеттик номери В7777S же М, так сериясы эсимден чыгып алыптыр, рулда өздүк шоопуру отурган) Биринчи май райондук милициясынын жанындагы анын үйүнө бардык. (Панфилов, Медеров көчөлөрү кесилишкен жер). Биз үйгө барганыбызда короодо 5-6 куралчан жигиттер жүргөнүн көрдүм, менимче алар Б.Шерниязовдун жан сакчылары болсо керек. Анан Ө.Текебаев менен Б.Шерниязов Д.Оморовду көчөдө күтүүсүн өтүнүшүп, мени өздөрү менен жүр дешти.
Үчөөбүз үйдүн жер төлөсүнө түштүк, ал жерде чоң комната бар экен. Б.Шерниязов креслодо, мен Ө.Текебаевдин каршысында отурдум. Сүйлөшө баштадык. Ө.Текебаев мени Б.Шерниязовго тааныштыра баштап, мыкты оратор экенимди, Бакиевдердин бардык үй-бүлөсүн жакшы таанырымды айта баштады. Ошону менен бирге мени 2005-жылдан бери билээрин, мага толук ишенсе боло тургандыгын, мени ага Р.Төлөгөнов таааныштыргандыгын , жакшы мүнөздөмө бергендигин, Бакиевдердин үй-бүлөсү куугунтукка алгандыктан улам аларга келгендигимди түшүндүрүп өттү. Анан Шерниязов Текебаевден менин кандай жумуштарга жарай ала тургандыгымды сурады. Текебаев ага Адыл Салиевичтин же Жаныш Салиевичтин офисинде жакынкы мезгилде жыйналыш өткөрүшүп, анда оппозиционерлер менен кандай иш алып баруу керектиги талкууланганы жатканын, менин ошол жактан маанилүү информацияларды алып бергенге жарай аларымды айтты.
Биринчиден, менин Сузак районунан экендигимди, Бакиевдердин үй-бүлөсүнөн алыс эмес жашаарымды, алардын үй-бүлөсүнүн кээ биринин балдары менен достук мамиледе экендигимди туюндурду. Буга Шерниязов: укук коргоо органдарынын кызматкери катары мага толук ишенбей тургандыгын айтып, "мүмкүн муну Бакиевдер биздин арабызга атайы киргизип жатпасын"- деп жооп берди.
Ошону менен бирге жашыруун камеранын жардамы менен Адыл же Жаныш Бакиевдердин офисинен, андагы оппозицияга багытталган планды талкуулоонун жүрүшүн чагылдырган видеотасманы алып келмейин, башкача айтканда өз өмүрүмдү тобокелге салып бул жумушту аткарып келмейинче мага эч качан ишенбей тургандыгын, ошондой кылганымда гана менин өмүрүмдү толук коргоого алаарын айтты. Мен буга: "эгерде мага ошондой камера берсеңер Жаныш же Адыл Бакиевдердин офисине барып, андагы болгон сүйлөшүүлөрдү тартып келе алам"-деп жооп бердим. Мындан кийин Текебаев: "сен ишенбесең буга мен ишенем, жогоруда айтканымдай муну 2005-жылдан бери билем, сүйлөгөн сөздөрүн уккам"- деди.
Андан ары Текебаев, мен Райкан Төлөгөнов менен жакшы мамиледе болгондон кийин, ошол аркылуу байланышып тураарымды, өзүнүн жумушу көп экенин айтты. Ошондой эле Шерниязов учурда бир аз ооруп жүргөнүн, өзү да жакында операция болгондугун айтып, бутунанбы, белиненби кайсы бир тапанчаны сууруп чыгып үстөлдүн үстүнө коюп, бул тапанчаны ага Суталинов өзү тапшыргандыгын, дайыма жанында ала жүрөөрүн, анын өмүрү да меникиндей эле коркунучта экендигин, абалыбыз бирдейлигин, Бакиевдер аны апийимге байлап камаганга аракет кылганын, бирок артында эл тургандан кийин бул ишти жасай алышпагандыгын, эгерде биз бириксек аларды жеңе ала тургандыгыбызды билдирди.
Мен буга макул болуп, эгерде алар менин коопсуздугумду камсыз кыла алышса Бакиевдердин офисинен тартылган видеотасма алып келе ала тургандыгымды айттым. Бул сүйлөшүүлөрүбүз бир саатка созулду. Акыр аягында Текебаев дайыма Райкан Төлөгөнов менен байланышып тураарын, эгерде кандайдыр бир жаңылык болуп калса, мен Төлөгөновго айтып турууга милдеттүү экендигимди айтты. Ошондой эле кандайдыр бир чукул иш болуп калса, кайсы убакыт болбосун өздөрү менен кезиге аларымды эске салды. Андан кийин Шерниязовдун үйүнөн чыгып, Д.Оморов экөөбүз, бая Күреңкеев көчөсүнө жеткирген биздин жалпы досубуздун машинасына отуруп, өз иштерибиз менен жөнөп кеттик.
Шерниязовдун үйүнөн чыгаарым менен мага Р.Төлөгөнов телефон чалып, менин тигилерге жолуккандыгым жөнүндө билээрин айтып, "эми мени уят кылба, мен аларга сени жакшы гана жагыңан сүрөттөдүм"- деди. Ошондон 3-4 күн өткөндөн кийин Р.Төлөгөнов мага топчуга окшогон жашырын камераны берди. Мен аны өзүмдүн пальтомо тагып алдым. Ошону менен бирге алар менен байланыша турган дагы бир кичинекей аппарат беришкен. Мындан кийин ал мага аларды кантип колдонуу керектигин көрсөттү. Бул болжолу 2010-жылдын март айында болгон эле.
Ошол мезгилде оппозиция курултай өткөрүү чараларын көрүп жатканы белгилүү болчу. Ал 17-мартта өтмөк. Ушуга байланыштуу мен жашырын камераны алып бир шылтоо менен Адыл Бакиевдин офисине бардым. Ал жерде Үмүт эже бар экен. Ал дайыма Адыл Бакиевдин офисине барганда тосуп алчу. Мен аны камерага тартып алдым. Ошондой эле Акмат Бакиевдин оң колу Муктар Зулпукаровду да тарттым. Үмүт эженин фамилиясын билбеймин. Бирок ал Курманбек Бакиевдин экинчи аялынын бир тууган сиңдиси экенин билчүмүн. Ал дайыма А.Бакиевдин офисинде болор эле.
Үмүт эжени мен атайы Текебаевге көрсөтүш үчүн тартып, аны менен А.Бакиевдин офисинде боло алаарымды керектүү информацияларды ала алаарымды көрсөткүм келген. Бирок мен бардык сактык чараларын көрдүм. Болбосо Бакиевдер менин көзүмдү тазалап коюшмак. Ал жерде мен алардын, эгерде 17-марттагы курултайда топтошкон адамдар Ак үйдү көздөй жөнөй турган болсо Баткенден жана Жалал-Абад областтарынан спорт менен машыккан балдарды алып баруу керектигин сүйлөшкөндөрүн тартып алдым. Ошол сүйлөшүү учурунда А.Бакиевдин офисиндеги бирөө дароо А.Бакиевдин жардамчысы Зулпукаров Муктарга чалып Бишкекке 200 кишини жибериши керектигин, алар үчүн квартира даярдалып коюлганын билдирди. Кыскасы ошол күнү мен видеокамерага Бакиевдер чыны менен оппозицияга каршы чара көрүп жаткандыгын тартып алдым. Ал материалды Р.Төлөгөновго жолугуп бердим. Аны менен Саламаттык сактоо министрлигинин тушундагы парктан жолугуштум. Бул райондо, мага белгилүү болгондой Р.Төлөгөновдун уулу Муса жашачу. Аталган паркта буга чейин Төлөгөнов менен көп жолу жолуккам. Менин айтканымды далилдеш үчүн Р.Төлөгөнов ошол учурда пайдаланып жүргөн 0777 03 42 41 номерлүү телефондун распечаткасын алсаңар болот. Ал кезде менин телефон номерим 0700 32 20 00 болчу. Менден башка бул номер менен менин досум Дастан Оморов пайдаланчу. Башкача айтканда, бул телефондор менен биз көп жолу сүйлөшчүбүз.
Р.Төлөгөновго жогорку видеотасманы бергенимден кийин мен ага жеке гана А.Бакиевдин эмес, керек болсо Ж.Бакиевдин офисине да кире ала тургандыгымды билдирдим. Бирок, ошону менен бирге анын уулу Искендер Бакиев менен жылдызым келишпегендигин да айттым. Эгерде анын офисинде жүргөндүгүмдү кимдир бирөө ага айтып койсо, менин өмүрүмө коркунуч туулат дедим. Бирок мен буга карабастан ал жакка киргенге аракет кылаарымды билдирдим.
Р.Төлөгөнов: "Максим Бакиевге чыгууга болобу, азыркы күндө бардыгын ошол чечип жана башкарып жаткандыгы жакшы белгилүү. Жаныш Бакиев азыр маселе чечпей калган"- деди. Буга мен, Максим Бакиевде түбү Кара-Суу районунан Умар деген таанышым иштээрин, аны менен мамилем жакшы дедим. Ошол Умар байке аркылуу керектүү маалыматты алганга аракет кылаарымды айттым.
Ушул сөздөрдөн кийин мен Райкан байкеге видеотасманы бердим. Кийинки күнү эртең менен Райкан байке чалып: "тез жолугалы"- деп калды. Биз Киев көчөсүндө жайгашкан Нариман Түлеевге тиешелүү болгон "Караван" соода борборунан жолугуштук. Бул 2010-жылдын март айында болгон. Башкача айтканда 2010-жылдын 17-мартында өтө турган курултайга аз эле күн калган болчу. Кийин мага Төлөгөновдун менден алган видеотасманы Шерниязовго, Текебаевге көрсөткөнү белгилүү болду. Төлөгөновдун сөзүнө караганда мен алардын ишеничин актагандыгым түшүнүктүү болуп калды. Андан кийин Райкан байке мени "Караван" соода борборунун биринчи кабатындагы кафеге чакырды. Мен ал жерге өзүмдүн досум Тимур, Дастан Оморов менен келдим. Анткени Дастан менен Аламедин микрорайонунда бирге жашачубуз. Дайыма бирге жүрчүбүз. Биз кафеге келгенде Райкан байке кайсы бир үстөлдө күтүп отурган экен. Бизди анын уулу Муса тосуп алды. Райкан байке уулуна "бизди калтыр"- дегендей кылды. Уулу чыгып кетти. Ошондон кийин ал видеотасманы Өмүрбектин жеке колуна тапшырганын, ал менин ишиме өтө ыраазы болгондугун, улутум өзбек экендигине карабастан, менин аларга абдан керектүү адам экендигимди билдирди. Ошондуктан менин эмгегимди эске алып кийин өзбек диаспорасынын өкүлү кылып дайындашаарын айтты. Кыскасы ар түрдүү убадалар айтылды.
Бир сөз менен, алар мага ыраазычылыгын айтышып, кийинки бийликте бирге иштешүүнү сунуш кылышты. Ошону менен бирге Р.Төлөгөнов жакынкы алты айда революция болуп өтөөрүн айтып жатканда ага кимдир бирөө чалып калды. "Бул Москвадан чалып жатат, "Ата Мекен" партиясынын депутаты Бакыт Алымбеков деген болот"- деди. Бакыт Алымбеков аларды Россиянын саясатчылары колдоорун, Казакстан дагы алардын ой максаттары менен тилектеш экендигин, революция жасашса жерге калтырбаарын айтты. Муну ал телефон менен мага өзү айткан.
Мындан кийин мага мени "Ата Мекендин" командасына алышаарын, алар менен бирге иштешээрим түшүнүктүү болуп калды. Райкан байке менен бир саатча сүйлөшүп отурдук. Ошондо ал, бир аз мурдараак Текебаев менен Шерниязов менден шектенишкенин, бирок, видеотасманы көргөндөн кийин көз караштарын өзгөрткөнүн билдирген. Менин экинчи алган тапшырмам 2005-жылдын мартында Жалал-Абаддагы тонолгон банк тууралуу маалымат табуу болчу. Себеби ошол учурда мен Бакиевдердин революциялык командасында болгон элем. Биз менен бирге ал учурда Санжар Бакиев да болгон. Мен Райкан байкеге банкты Акмат Бакиевдин адамдары тоногондугун билдирип, дагы тагыраак маалыматтарды табууну убада кылдым. Ошондон кийин биз кафеден чыгып, Аламедин кичирайонундагы квартирабызга жөнөп кеттик. Мага жана менин досторума эми биз Текебаевдин командасында иштээрибиз ачык болуп калган эле.
Ошону менен 2010-жылдын 17-мартында элдик курултай болуп, ага он кишим менен мен да катыштым. Ал жерден Эмилбек Каптагаевдин, Роза Отунбаеванын оппозициянын официалдуу өкүлдөрү катары сүйлөшкөндөрүн уктум. Ошондон 10-15 күн өткөндөн кийин, так айтканда 7-апрелде, революция болуп өттү. Ошого чейин, жалган айтпасам, Райкан байке менен кеминде 50 жолу жолуктум окшойт. Кээде бир күндө 2-3 жолу жолукчубуз. Айрым учурларда анча маанилүү деле эмес маселелер менен жолуксак, кээде анын Бөкөнбаев жана Молодая Гвардия көчөлөрүнүн кесилишиндеги, "Дельфиндин" жанындагы квартирасынан жолукчубуз. Квартира экинчи этажда жайгашкан. Эгер көрсөт десеңер ал квартираны көрсөтүп деле берем. Ошол күндөрдө Жалал-Абад шаарындагы атамдардын үйүндө курулуш башталып калып, атам мага телефон чалып 5-10 күнгө келип жардам бер деп калды. Ушуга байланыштуу мен апрель революциясына чейин эле Сузактагы үйүмө жөнөп кеткем. 7-апрелде революция болоорун ойлогон да эмесмин. Ошого карабастан атамдын үйүндө жүргөн күндөрүмдө менин "Ата Мекен" партиясы менен иштешээрим белгилүү болуп калды. Анткени алар Бакиевдер менен анча жакшы мамиледе эместигимди билишчү. Мен аларга Өмүрбек Текебаев өзүмдү коргоого алганын түшүндүрдүм. Мындан тышкары менин ата-энелерим Райкан байкени жакшы билээр эле. Анткени ал биздин үйгө келип жүргөн. Ошондуктан "Райкан байке да мени колдоп жатканын айтып, андыктан мен үчүн анчалык кабатыр болбогула"- дедим туугандарыма.
2010-жылдын 5-апрелинде үйдө курулуш иштери менен алектендим. 6-апрелде таксиге отуруп Бишкекке жөнөдүм. 7-апрель күнү болжол менен таңга жуук Токтогулга келдик. Келип эле топтошкон адамдар иштебеген трактор менен Ош-Бишкек жолун тосуп салганын көрдүм. Ошол жерден мага Таласта башаламандык башталганы белгилүү болду. Анын үстүнө бул жөнүндө мага Райкан байке да айткан эле. Жолду 2000 ге жакын адам тосуп алып, эч кимди тиякка да, биякка да өткөрбөй койгондуктан мен болжолу 5-6 саат ошол жерде болдум. Ал жерден элдин арасынан Камчыбек Ташиевди көрдүм. Ал Бакиевдин режимине карата нааразычылыгын билдирип жатты. Буларды айтып жатканым өзүмдүн ошол жерде болгондугумду далилдегим келет. Бирок Ташиевди Бишкекке өткөрбөй койгондуктан ал машинеге отуруп кайра артына жөнөп кетти.
Ошол эле мезгилде элдин арасынан 2005-жылы Жогорку соттун имаратын басып алган адамдарды да көрдүм. Силерге белгилүү болгондой ал мезгилде Жогорку сотту Токтогулдуктар басып алган. Мен аларга Бишкекке барышым керектигин, жардам кылууларын өтүндүм. Буга эки аял макул болуп, мени элдин чети менен алып өтүштү.Ал эми мен келген машина ошол жерде кала берди. Кийинки жакка өтүп ал жерде турган, Бишкектен келе жаткан 20 дай автомашинанын шоопурларына эгерде Бишкекке жеткирип коюшса 4 кишинин акчасын берээримди айттым. Бирок, эч ким макул болгусу келген жок. Баары тең бир аздан кийин аларды өткөрөт деген ойдо турушту. Үмүтүм үзүлбөгөн мен, жанында Өзгөндүк бир киши отурган "Матиз" маркасындагы автомашинанын шоопуруна бардым. Аны керек болсо таап деле бере алам. Себеби, кийин да байланышып турганбыз. Мен ага бул жерде тура берүү пайдасыз экендигин, эч кимди өткөрбөй тургандыктарын, Таласта дагы башаламандык башталганын айтып, кайра Бишкекке жөнөйлү деп көндүрө баштадым.
Ошону менен ошол автомашинада Бишкекке келдим. Кара-Балта аймагынан өтүп баратканда мага Райкан байке бат-бат чалып, керек учурда Жалал-Абадга кетип калгандыгымды айтып, наааразы болуп жатты. Мен ага үйдөгү курулуш иштери боюнча кеткендигимди түшүндүрдүм. Шаарга кире бериштен, тагыраагы Кызыл-Аскерден, мени Райкан байке тосуп алды. Бул 7-апрелдин кечи болчу. Бул убакта мага аянтта ок атышуулар болуп, көп адамдар өлгөндүгү белгилүү болду. Райкан байке мага бир гана Таласта эмес, бул жерде да чоң толкундоолор болуп, көптөгөн адамдардын каны төгүлгөндүгүн айтып, Курманбек Бакиев эмгиче өлкөдөн качып кетти го деп түшүндүрдү. Ал бийлик биздин колго өткөндүгүн, азыр эң негизгиси -Бакиевдердин мүлкү, алтындары кайда экендигин табуунун зарылдыгын, аларга дүнүйөлөрүн чыгарып кетүүгө жол бербөө керектигин, алар оокат-дүнүйөсүн алып, Ак үйдөн чыгып кетишкендиктерин, ал жактан эң акыркы болуп Жаныш Бакиев кеткенин, миңден ашык адам өлгөндүгүн айтып жатты.
Райкан байке менен кезиккенде мен аны төрт автомашина коштоп жүргөнүн көрдүм. Ал өзү "Субару" маркасындагы (сол рульдуу) автомашинада болчу. Номери эсимде жок. Ал машина Иса аттуу Мусадан кийинки уулунун машинасы эле. Биз кезиккенде ал жерде Райкан байке менен бирге мага тааныш балдар жүргөн. Анан Райкан байке менден Бакиевдердин кайсы офисин билээримди сурады. Ошондон кийин Кызыл-Аскерде машинага отурганыбызда анын машинасынан автомат асынган Дастан Оморовду, Райкан байкенин уулу Мусаны көрдүм. Мусаны ага чейин жакындан билип калган элем. Мындан тышкары аны менен катар Нурдин байке, Эсен байке, Тимур байке, Айсулуу отурушуптур. Мен алардын аттарын айтып жатам. Фамилияларын билбейт экенмин. Буларды кийин билсем менин досум Дастан Оморов аркылуу чогултушуптур. Дастан мен аркылуу Райкан байке менен жакшы тааныш болуп кеткен. Менин Сузакта жүргөндүгүмө байланыштуу Райкан байке Дастан аркылуу Бакиевдердин мүлкүн коргоо үчүн элдик кошуун түзүптүр. Менин түшүнүгүмдө алар 7-апрель күнү өз иштерин аткарып жатышыптыр.
Анан Райкан байке "Адыл, Жаныш, Марат Бакиевдердин адрестерин айт. Көрүп турганыңдай Дастандын тобу өңдүү менде дагы беш топ бар. Ошондуктан, Бакиевдерге мүлктөрүн ташып кеткенге жол бербөө керек. Анткени, алар элдин мүлкү. Андыктан мамлекетке кайтарылышы керек"- деди. Ошол учурда Райкан байке бул жөнүндө Текебаев жана Шерниязов билээрин кошумчалады. Мен макул болуп дароо эле Кызыл-Аскерден Адыл Бакиевдин Панфилов-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги офисине жөнөдүк. Офиске кирдик. Киргенден кийин ал жерге өзүбүздүн эки кишини калтырып, андан ары Жаныш Бакиевдин аялы Жылдыз эженин Мир проспектисиндеги элитный үйүнө бардык. Себеп дегенде бизге түшүндүргөндөй, Бакиевдердин мүлкүнөн тышкары, Бакиевдердин адамдарын да кармоо тапшырылган эле. Анткени алар кылган кылмышы үчүн эл алдында жооп бериши керек болчу. Ал үйгө бир нече машина менен келдик. Райкан байке ошол күнү көптөгөн машиналардын коштоосунда жүрүп жаткан. Мен кароолчудан Жылдыз эже каякта экендигин сурадым. Ал бир нече минут алдыраак "Мерседес бенц" S- классындагы күмүш түстүү машина менен алып кетишкендигин билдирди. Мамлекеттик номерин (15-00) Жылдыз эженин шоопуру чечип салыптыр.
Мен бул кабарларды Райкан байкеге билдирдим. Үйгө кирген жокпуз. Себеп дегенде кароолчунун айтканына караганда үйдө эч ким жок болчу. Анын үстүнө биздин максатыбыз үйүн эмес, Жылдыз эженин өзүн кармоо эле. Андан кийин биз Бакиевдерди башка адрестен издей баштадык. Биз Московская жана Правда көчөлөрүнүн кесилишиндеги Жаныш Бакиевдин уулу Искендердин офисине келдик. Бул офисти мен жакшы билчүмүн. Буга чейин көп жолу болгом. Искендер мурда досум болчу. Айта кетчү нерсе -Дастан Оморов тарабынан чогулган менин тобум бир сутка бою Райкан байкенин буйругун аткарып турушуптур. Ал кезде мен Сузакта элем. Топтун мүчөлөрү автомат менен куралданган эле. Ал топко А.Шергазиев, Д.Оморовдор кирген. Мен А.Шергазиевдин да автомат алып жүргөнүн көрдүм. Ошол эле учурда "Ата Мекен" партиясынын Бөкөнбаев жана Молодая Гвардия көчөлөрүнүн кесилишиндеги базасынан азыр адресин так айта албайм, көрсөт десеңер көрсөтүп берем, бизге ок атуучу куралдар берилген. Андан мен дагы курал алгам.
Курал таратып жатканда ал жакта 200 дөй адамдын жүргөнүн көргөм. Райкан байке ошол мен тааныбаган адамдарга да курал берилсин деген болчу. Ал офис "Дельфин" ден соолук борборунан алыс эмес жерде турат. Андан болжолу 300 метрдей алысыраак. Мага пистолет жана винчестер беришти. Айтор, кимдин колуна эмне тийсе ошону алышты. Московская- Правда көчөсүндөгү офис жөнүндө айтсак биз ага 20-30 адам менен бардык. Мен ал жерди жакшы билгендиктен имаратка ар кайсы тарабынан кирдик. Имараттын ичине киргенибизде ал жерде СГОнун 7-8 кызматкерлери жүргөнүн көрдүк. Биз 20-30 адам менен имаратка кирип келгенибизде алар биздин барымтабыз катары калышты. Бирок бизге алардын Бакиевдер же алардын балдары эместиги, ал жерди кайтарган жигиттер экени белгилүү болчу. Биз ал жерге киргенде эч ким эч нерсе алып чыкканга үлгүрбөптүр. Аны биз менен жүргөн Райкан байке да көрдү. СГОнун кызматкерлери куралчан эле. Биз аларды курчап алгандан кийин Райкандын командасы боюнча алардын куралдарын тартып алалы дедик. Ок атуулар болду. Бирок эч ким жабыр тарткан жок. Биз көптүгүбүзгө салып, алардын автоматтарын, пистолеттерин, винчестерин, бир сөз менен алардын бардык куралдарын тартып алдык. Андан кийин Райкан байке СГОнун кызматкерлеринен алынган куралдарды бир гана армияда кызмат кылган балдарга таратып бер деди. Ошол учурда менде, А.Шергазиевде, Д.Оморовдо гана курал бар болчу. Мен билсем биздин командадагы балдардын баары армияда кызмат өтөшүптүр. Ошол эле учурда СГОнун балдарынан алынган эки автомат, үч пистолетти Райкан байке өзү түшүп келген машинасына салып алды.
Ал эми мүлктөр жана дүнүйөлөр ак бусикке жүктөлдү. Алардын мамлекеттик номерлери жана киши отуруучу орундуктары атайын алынып салыныптыр. Машинелерге биз офистеги бардык баалуу буюмдарды, дүнүйөлөрдү, сейфтерди жүктөдүк. Андан кийин СГОнун балдары биздин колубузда барымта катары калганын сезип, мен Райкан байкеге "аларды кое берели"- деп айттым. Алар Бакиевдерге эч кандай тиешеси жок, аларды бул жерде кармоонун да кажети жок экендигин түшүндүрдүм. Буга Райкан байке макул болуп, аларды кое берүүгө буйрук берди. Тигилер дароо качып кетишти. Алар ал күнү жөнөкөй адамдарча эле кийинип жүрүшкөн болчу. Биз аларды кармаганда күбөлүктөрүн алып койгон элек. Бирок алардын фамилиясын мен билбеймин. Анткени менен экөөнү билем. Себеби алар буга чейин Искендер Бакиевдин офисин кайтарышчу. Эсимде бар, бирөөнү Хуршид дешчү. Ал ага чейин Бишкек шаарындагы Свердлов райондук прокуратурасында иштечү. Ошондой эле азыр эстеп отурам, ал жерде Муслим жана Мелис деген да эки бала бар эле. Ошолорду билгендигим үчүн Райкан байкеден аларды кое берүүсүн сурап жатпаймынбы.
Бул убакта Райкан байке бирде Текебаев, бирде Шерниязов менен дамамат байланышып турду. Мен анын жанында тургандан кийин алар эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканын угуп турдум. Андан кийин биз үч кабаттуу офистин ичине кирдик. Жогоруда айтканымдай, офиске эч кимдин колу тийбептир. Биз сейфтерди алып чыга баштадык. Мен биздин топко киргендерден Дастан, Азамат, Нурдин, Турар, Эсен байке, Мурат байкелерди билчүмүн. Бирок фамилияларын билбейм. Алар мага белгилүү болгондой Бишкекте жашашчу. Керек болсо жогоруда айтылгандарды тапса болот. Ага өзүм да жардам берем. Бул балдар сейфтерди, компьютерлерди алып чыгып, машиналарга жүктөй башташты. Бир комнатада абдан чоң сейф турган экен. Аны алып чыгуу мүмкүн эмес эле. Аны полго жаткырып, лом жана болгарканын жардамы менен ачтык. Ал учурда биз бардык зарыл нерселер менен камсыз элек. Жалпысынан алганда Искендердин офисинде бир саатка жакын болдук. Бул учурда ал жердеги бардык дүр-дүнүйөнү ташып кеткенге үлгүрдүк.
Мындан тышкары короонун арт жагында кара түстөгү "Мерседес Бенц-300" машинасы турган. Номери эсимде жок. Мүмкүн бул жөнүндө Дастан билет. Дагы кайсы марка экенин эсимде жок, эки Джип турган. Райкан байке, "эмне кылсаңар да бул машиналарды Жогорку Кеңештин гаражына алып баргыла"- деп буйрук берди. Ал эми машинеге жүктөлгөн дүнүйөлөрдү Райкан байкенин уулу Муса бизге курал жарак берген "Бөкөнбаев-Молодая Гвардия көчөлөрүнүн кесилишиндеги жайга алып барып түшүрөбүз"- деди. Жогоруда айтканымдай, чоң сейфти ачканыбызда биз анын ичинен көптөгөн курал жарактарды, гранаталарды жана башкаларды көргөнбүз. Анын арасынан оптикалык прицели бар бир куралды алып чыккан жигит, анын наркы 45 000 АКШ доллары турат, мүмкүн белек катары "Жаныш Бакиевге берилсе керек"- деген болчу. Бул куралдардын баарын өз колубуз менен Райкан байкенин машинасына жүктөдүк. Муну ошол имараттагы видеобайкоо бар болсо, ошондон көрсөңөр болот. Бул сейфти ачкандан кийин биздин балдардын ар биринин колунда бирден курал болуп калды. Мындан кийин биз шампан комбинат тараптагы Марат Бакиевдин офисине жөнөдүк. Эгерде ирээти менен айтсак биз Искендер Бакиевдин офисинен кийин Ала-Тоо аянты тарапка, тагыраак айтканда Жусуп Салиевичтин уулу Куштардын "Фэшн" түнкү клубуна бардык. Анын ачылышына кезегинде мен да катышкан элем. Ал жерге бараарыбыз менен биз беш-алты кара кийимчен куралдуу балдарды кезиктирдик. Ал жерге биз он машина менен барганбыз. Ошол жерден Райкан байке Турат Мадылбеков, Текебаевдер менен жасалып жаткан иш тууралуу сүйлөшүп жатканын угуп турдум. Көбүнчө ал Текебаевге Искендер Бакиевдин офисинде эмнелер болгону, эмнелер жасалганы тууралуу айтып жатты. "Фэшн" клубуна киргенибизде ал жерде Эржан деген мен жакшы билген Башкы директору бар экен. Бир маалда аны сабап киришти. Ал эми кароолчулар аларды көздөй 30-40 киши бет алганын көрүп, кай жаккадыр качып кетишти. Ушуга байланыштуу биз алардын куралын ала албай калдык. Эржан менен бирге официанттар, анан Муса калышты. Муса Эржан менен университетте чогуу окуптур. Адар Эржандан бул клубга тиешелүү документтерди талап кыла башташты. Андан кийин мен, Райкан байке, Муса, Мурат байке (фамилиясы эсимде жок) Эржан менен бирдикте анын кабинетине кирдик. Райкан байке документтерди талап кыла баштады. Бул учурда аны менен катар турган Муса дубинка менен Эржанды эки жолу башка чапты эле, анын бети башы канжалап чыкты. Мындан кийин Эржан клубдун документтери каякта жатканын айтты. Райкан байке дароо өзүнүн эки баласын ал документтерди алып келүүгө жиберди. Болжол менен 20 минуттан кийин алар документтер жана мурутчан нотариус менен бирге келип калышты. Ушул учурда Эржан бул клубга 300 000 АКШ долларын жумшаганын, алигиче актай электигин билдирди. Буга алар "акчаңды кайтарып бергенге аракет кылабыз" дегендей кылышты. Кийин билсем ал жерде мурда "Аксакалдар чайканасы" жайгашыптыр. Куштарбек Бакиев аны мурдагы ээсинен сатып алыптыр. Буга байланыштуу Райкан байке ага кафенин мурунку ээси мен болом, аны кайра алыш үчүн жана кеткен каражатыңды төлөш үчүн документке кол кой деп түшүндүрдү. Менин түшүнгөнүмө караганда ал жерде кайра каттатуу жүрдү окшойт. Бирок кандай жол менен, мен кызыккан эмесмин. Андан кийин бизге Турат Мадылбеков келди. Бирок бул клубдан биз эчтекени алып чыгып кетпедик. Ошондуктан, мен ойлоп калдым биз кафенин ээси болуп калдык, Эржан аны башка адамга каттатпадыбы деп. Ал жерге төрт баланы калтырып андан ары кеттик. Тагыраагы Марат Бакиевдин офисине бардык. Мен анын адресин айта албайм. Себеби шаарды жакшы билбейм. Бирок, Дастан менен барсам көрсөтүп бере алам. Ал жерге келгенден кийин мурдагыдай эле сейфтерди, документтерди алып чыга баштадык. Марат Салиевичтин офисинин гаражында "Мерседес" маркасындагы брондолгон машина турганын көрдүк. Аны каптал тараптагы айнегин талкалап ачалык дедик эле болгон жок. Ошол жерде бул машина мурда Алмамбетке тиешелүү эле дегендей сөздөр жүрүп жатты. Акыр аягында бул машинени ал жактан алып чыгып кеттик.
Андан кийин биз ал кездеги мамлекеттик мүлк фондусунун жетекчиси Пайзулла Рахмановдун Жал микрорайонундагы мечиттин тушундагы үйүнө бардык. Ал жерден Райкан байке Рахманов өзүнүн кайсы бир особнягында жашынып жатканын, биз аны кармашыбыз керектигин айтты. Андан кийин баарыбыз Райкан байке менен эки кабат бир особнякка келдик, мен аны көрсөтө алам. Бул үй туюк көчөдө жайгашкандыктан, эч кандай ызы-чуу жок, баары тынч жана бейгам эле. Биз короого киргенде бизди бир аял менен эркек киши тосуп чыгып, салык кызматынын кызматкери экенин, бул жерде эч кандай Рахманов жашабай тургандыгын айтты. Бирок, ага карабастан Райкан байке бизде так маалымат бардыгын, бул үй Рахмановго тиешелүү экенин, ал атайылап эле Рахмановду жаап-жашырып жаткандыгын далилдеп жатты. Ошондон кийин биз анын колун толгоп, машинага салдык. Аны салып жатканда үйдүн короосунда токтоп турган Тойота-Хариер үлгүсүндөгү автомашинанын айнегин сындырып, үй ээсинин уруксатын сурабастан, аны өзүбүз менен кошо ала кеттик. Аял буркурап ыйлап, алар Рахманов ким экенин тааныбастыгын айтып жатты. Райкан байке болсо алар аны атайылап жаап-жашырып жаткандыгын айтты. Эгер аларды тапсак, бул айтылгандарды бекемдеп берет. Ошону менен бирге Райкан байке үй ээси менен жекеме-жеке сүйлөшүп, анын ким экенине, кайда иштээрине, Рахманов менен кандайча таанышканына кызыкты. Ошентип, ал үйдөн аталган машина жана "Рахмановдун үйү кайда экенин көрсөтүп берем" - деген үй ээсин алып кеттик. Аны өзүнүн машинасына салып, белгисиз тарапка жөнөдүк. Жолдо машина өчүп калып, "жолугуша турган жерди телефондон сүйлөшөбүз" - дегендиктен, башка машина келгенче ошол жерде күтүп калдык. Андан соң Дастан Райкан байке жүргөн топ менен байланышып, алардын экс-премьер-министр Игорь Чудиновдун үйүнүн жанында турганын угуп, ошол жакка жөнөдүк. Үй БГУ жактагы туюк көчөлөрдүн биринде экен. Биз үйгө келип, үйдүн бийик дубал менен курчалганын көрүп, түн ичинде үйдүн ээлерин шыңгыратып ойготууга аракет кылдык.
Ушул жерден белгилеп коюу керек, биз 7-8-9-10-апрелдерде төрт күн ичинде шаар аралап, эч кандай тоскоолдуксуз ар кандай обьектилерге кирип жүрдүк. Бул убакта Ө.Текебаев Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Шерниязов ИИМ министри, Турат байке Бишкек шаарынын ШИИБнин начальниги, Райкан Төлөгөнов Убактылуу Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орунбасары болчу. Мындай адамдардын жанында жүргөндөн кийин биз өзүбүздү мекендин патриоттору деп эсептегенбиз. Андыктан, биздин бардык иш-аракеттерибиз мыйзам чегинде деп ойлочубуз.
Биз бул үйгө чалып жаттык, бирок, эч ким ачкан жок, ушундан соң Райкан байке дубал менен ашып барып, итти пистолет менен атып өлтүрдү. Ошондо гана короодон халатчан орус киши чыкты, бул убакта саат түнкү 3-4 болчу. Райкан байке аны менен сүйлөшкөн соң, ал "Чудинов ушул көчөдө жашайт" - деп айтты, арийне, мен ал убакта "тиги Рахмановдун үйүн көрсөтүп берем деген адам кайда?" - деп сурасам, ал 10-15 адамдан турган топ менен башка жерде жүргөнүн айтты. Ал ошол жакта Пайзулланы тааный турган адамдар бар экенин, анын жана анын балдарынын кайда экенин, аларды кармай ала турганын айтты. Ал күнү маалымат аябай көп болгондуктан, кайсы күн экенин так айта албайм. Мен күндөрдөн жана убакыттардан чаташып калышым мүмкүн. Менин убакыттардан жаңылыш айтканым Текебаев менен Райкан Төлөгөновдорго телевинедиеге чыгып, мени убакыттан жаңылышкан деп билдирүү жасоого негиз берип жатат. Анан орус адамдын бизге түшүндүргөнү боюнча биз Чудиновдун үйүнө жөнөдүк. Бул убакта Московская менен Правда көчөлөрүнүн кесилишиндеги офисти кайтарып жаткан балдардан аларды бирөөлөр аткылап жатканын уктук. Биздин топ дароо ал жакка багыт алып, Искендер Бакиевдин офисине келип, ал жерде каралар менен Бакиевчилердин ортосундагы кагылышуудан улам, атышуулар болгонун билдик. Бул жерди биздин эки жигит кайтарып калды.
Андан кийин, биз ал жакта турганда, Вефа-борбор жактагы Максим Бакиевдин лабораториясы жайгашкан офистен жакынкы эки саатта алтынды алып чыгып кетүүгө ниеттенип жатышканы тууралуу маалымат түштү. Буга байланыштуу Райкан Төлөгөнов Шерниязовго чалды, ал бизге Джип маркасындагы өңү кара кызматтык автомашинасын жөнөттү. Шерниязовдун жардамчысы Нурлан коштоп келген машина 100 МВД мамлекеттик номерлүү, үстүндө мигалкасы бар болчу. Аны менен сүйлөшкөндө, ал жакта алтын болгондуктан, топ менен баруунун зарылдыгы жоктугун айтты. Андыктан, 5-6 ишенимдүү кишини гана алууну, ошол жерден акт түзүп, бардык алтынды мамлекетке кириштөө тууралуу сүйлөштүк. Биз эгер ал жакка балдардын баарын алпарсак, алардын аракеттерин көзөмөлдөй албай каларыбызды талкууладык. Ушуга байланыштуу Төлөгөн байке биз менен бирге бара турган балдарды тандоону суранды. Мен Дастан Оморовдун тууганы Эсен байкени, Аламедин-1де квартирасын ижарага алган үй ээсинин бир тууганы Тимурду, Дастанды, Максатты жана Айсулуу аттуу аялды тандадым. Боло турган окуяларды тартып алыш үчүн биз өзүбүз менен видеокамера алдык. Андан соң Шерниязовдун кызматтык машинасы менен үйгө келип, дубал аркылуу ашып, дарбазаны ачып, автомашина менен үйдүн короосуна кирип, дарбазаны жаптык. Ал жерде кытайлар, аларга ашпозчу катары кызмат кылган кыргыз улутундагы кыз бар экен. Анан биз Райкан байке экөөбүз үйдү текшерип, жер төлөсүнө түшүп, анын ичинен лаборатория көрдүк. Гараждан, саунанын жанында таңгакталган 60 -40, 70-30 деген жазуулары бар алтынар жатыптыр. Так айтканда, ар бир таңгак алтын бир килодон болчу. Жалпы салмагы 1500 кг алтынды номери жок ак бусикке жүктөдүк. Жүктөлгөн алтын менен бирге Райкан байке бизге белгисиз тарапка өзү жалгыз кеткен. Бир нече мүнөттөрдөн кийин үйдүн короосуна спецназдар жүгүрүп кирип, баарыбызды жерге жаткырышты. Мени жерге жаткыргыча Райкан байкеге бизди кармагандыктарын айтканга жетиштим. Спецназдын кызматкерлери менен бирге үйдүн кожоюну келип, биз бул жерде эмне кылып жатканыбызды сурады, мен анын үйүн ар кандай өрттөп кетүүлөрдөн кайтарып жатабыз деп жооп бердим. Эмнегедир мага спецназдар УКМКнын "Альфасынын" кызматкерлериндей көрүндү. Ошентсе да, алар беткапчан болгондуктан ким экенин так айта албайм. Андан соң спецназдардын башчысы жана үйдүн кожоюну биерде ким башчы экенин сурап, мен "мен" деп жооп бердим. Мени четке чыгарып, менин начальниктерим тууралуу сурап, телефон чалууга мүмкүндүк беришти. Мен кайрадан Райкан байкеге чалып, бизди кармап арлгандарын айттым. Андан соң, мен буга чейин дайыма байланышып турган Б.Шерниязовго чалдым, ал атайылагансып трубканы алган жок. Анын номери азыр эсимде жок, бирок сүрөттөлгөн окуялар 9-апрелде, күндүз болгон. Үйдүн кожоюну бул жакка Текебаев, Шерниязов же Төлөгөнов келип, аны менен сүйлөшүп, эмне болгонун түшүндүрүп берсин дей баштады. Болбосо ал бизди күч структураларынын өкүлдөрүнө салып берем деп айтты. Бул учурда мен бардык кармалгандардай эле жерди карап жаткам, баарыбыздын башыбызга автомат такалып турган. Бир убакта жанында жасанып кийинген бир нече адамы бар Райкан байке келип, эгер биз болбосок Бакиевдин режимин кулата алмак эмеспиз деп ж.б. бир топ сөздөрдү айтып түшүндүрө баштады. Анан соң Райкан байке, берки адамдар, үйдүн кожоюну, спецназдын башчысы болуп бир бөлмөгө киришти. Башка спецназдар баарыбызды жерге жаткырган боюнча кармап турушту. Алар өз ара сүйлөшүп, жарым сааттан кийин бизге келишип, жерден тургузушту. Ушундан кийин, бизди Текебаев, Шерниязов жана Райкан байке бул абалдан алып чыкканын эске алып, бул аталган даректен 1500 кг. алтын алып чыгып кеткенине карабастан, биздин бардык аракеттерибиз мыйзам чегинде деп эсептеп, аларга толугу менен ишенгем.
2010-жылдын 8-апрелинде биз Манас банкын басып алдык. Ал жерге келип, банк башка топтогу балдар тарабынан толугу менен тонолгонун, ал жактан алып чыга турган эч нерсе жоктугун көрдүк. Ал жерге кароол коюп, терезеге "Биз эл мененбиз" деп баллончик менен жазып койдук. Анда эч кандай күзөт жок экен жана таптакыр башка адамдар жүрүптүр.
Андан соң, Салиев көчөсүндө жайгашкан Нурлан Темирбаевдин үйүнө жөнөдүк. Ага чейин Райкан Төлөгөнов Т.Мадылбековго чалып, аны менен жолугушууну суранды. Мен Райкан байке менен бирге Т.Мадылбековдун жумушуна келип, анын кабинетине кирдик. Т.Мадылбеков өзүнүн кабинетинде отурган кишилер менен тааныштырып, Таластагы революция алардын жардамы менен болгонун, ИИМдин министри Молдомуса Конгантиевди ушул адамдар ургандыгын, Молдомусаны ал жакта кармап тургандыктан, Бакиевди кулатканыбызды түшүндүрдү. Райкан байке ага Текебаев менен жолугушуу керектигин, Абдулла Темирбаевдердин үйүнө бара тургандыгын айтты. Мадылбеков бардык курал-жарак Темирбаевдин үйүндө болушу мүмкүн экенин, сейф жана документтерди эмес, курал-жарактарды алууга бардык күч-аракеттерди жумшоону белгиледи.
Мен Темирбаевдин үйүнө бара берүүнү суранып, ал мага өзүнүн эки баласын кошуп берди. Темирбаевдин Салиев көчөсүндөгү үйүнө жакындап келип, ал жакта башка балдар бар экенин көрдүк. Ушуга байланыштуу мен Мадылбеков байкеге чалып, бул тууралуу кабарладым, ал мага Темирбаевдин үйүнөн бардык курал-жарактар алынып чыгып кеткенин, бул балдар үйдү толугу менен карап чыгышканын түшүндүрдү. Ошону менен бирге, ал тажрыйбалуу ооганчылардан топ түзүлгөнүн, курал-жарак ташылып кеткен тарапка Темирбаевдин үйүнөн тажрыйбалуу адамдар керектигин айтты. Мени эгер мүмкүнчүлүгүм болсо, өзүмдүн эки баламды ал жерге калтырууну суранды. Мен Турат байкеге менде бала калбаганын айттым.
Бул убакта Райкан байке Текебаев менен жолугушууга кеткен, биз кайрадан жолукканда, ал менден Молдомуса Конгантиевдердин уулу Афтандил менен тааныштыгым бар-жоктугун сурады. Мен Ислам аттуу жакын досу аркылуу таанышкандыгымды айттым. Райкан байке Молдомуса биздин адамдардын колунда экенин, алар менен сүйлөшүүгө болорун, баласы атасын барымтадан сатып алууга каалар-каалабасын билүүмдү айтты. "Эгер ал макул болсо, мен Б.Шерниязов менен сүйлөшүп, аны менен жолугушуу уюштуруп берем, алар өз иштерин өздөрү чечип алсын" - деди. Мен Афтандил менен байланышуу үчүн Исламга чала алар-албасымды сурады. Мен Райкан байкенин көзүнчө Исламга чалып, Афтандилдин атасынын башына түшкөн абалды, аны кандай чечсе болорун түшүндүрдүм. Ислам эки саат мурда Афтандил менен жолугушканын, ал атасы үчүн абдан кабатыр болуп жатканын айтты. Бир аз убакыттан кийин Ислам өзү чалып, Шерниязов менен Афтандилдин жолугушуусун уюштура турган болгондуктан, менин каерде экенимди сурады. Райкан байке Молдомусаны сатып алыш үчүн бир жарым миллион АКШ доллары зарыл экенин, ИИМдин министри үчүн бул анча деле чоң акча эмес экендигин белгиледи. Ислам менен жолугушуубузга ал Афтандилсиз өзү жалгыз келип, мен ага абалды түшүндүрүп, Райкан байкенин көзүнчө ал Шерниязов жана Текебаев менен азыр эле сүйлөшкөнүн, акча төлөө мүмкүнчүлүгү болсо, М.Конгантиевди алып кете аларын кабарладым. Исламдын фамилиясын билбейм, ал Дордой базарында иштейт, мобилдик номери 0555-74-98-88. Райкан байке Ислам менен тааныш болгондуктан, эмне кылуу керектигин өзү түшүндүрүп, Ислам кайра кетти. Кийин мага эч кандай сатык болбогону, анткени Конгантиевди бошотуу үчүн ортого милициянын мурдагы кызматкерлери түшүп, Шерниязов менен өздөрү сүйлөшүп алганы белгилүү болду.
Райкан байке мага Пайзулла Рахманов, Игорь Чудинов, Кадырбек Жороев, Үсөн Сыдыков, "Манас" аэропортунун башкы директору Бакыт Сыдыков сыяктуу Бакиевдердин жакындарынын - отуз адамдын тизмесин берип, аларды кармоону буюрду. Белгилеп коюу керек, биз бул убакка чейин Бакиевдердин 30 обьектисин басып алганбыз. Анын ичинде Марат Бакиевдин 3 же 4 офиси, Максим Бакиевдин бир тууганы Марат Курманбековичтин офистери бар эле. Мен айткан 30 офисти тең шаарга чыгып көрсөтө алам. Жалдан эле Бакиевдерге тиешелүү 5-6 особнякты басып алдык. Алардын баарын көрсөтүп бере алам.
Мындан тышкары, 2005-жылдары мен Муфтият системасында иштегенимди айта кетким келет. Ошондон бери калк арасында ажылык учурунда муфтият тарабынан ажылык визалары мыйзамсыз түрдө сатылары тууралуу имиш-имиштер бар эле. Ушуга байланыштуу, мен Райкан байкеге кайрылып, Бакиевдин жакын адамдарынан болгон муфтий 5 жыл бою кетирген каталыктарына карабастан өз ордунда калып жаткандыгын айттым. "Бакиев кетсе да муфтий өз ордунда кала береби?" - дедим. Мен муфтийдин кызматтан кетишине абдан кызыктар болчумун. Райкан байке бул туурасында Эмил Каптагаев менен сүйлөшөрүн айтты. 12-14-апрелде мен Райкан байкенин кабинетине келдим, ал убакта ал Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчисинин орунбасары болуп иштеп жаткан. Ал мага биз Каптагаев менен жолуга турганыбызды, муфтийди кызматтан алуу тууралуу маселени катуу коерубузду билдирди. Бул учурда кабинетте ошол күндөрү обьектилерди басып алуу учурунда дайыма чогуу жүргөн анын баласы Муса бар болчу. Кээде Райкан байкенин экинчи баласы Иса да биз менен чогуу жүрүп калар эле. Ошол учурда Райкан байкенин кабинетине Э.Каптагаев кирди. Райкан байке "муфтий дагеле кызматынан алына элек, дин иштерине мыйзам боюнча биз кийлигише албайбыз" - деп түшүндүрүп, мени тааныштырып, өзүмдүн балдарым менен аны кызматтан алуу маселесин чече аларымы кабарлады. Ошондо Э.Каптагаев муфтийди кызматтан өзү барып алууга даяр экенин, бирок өзүнүн убактысы жок экенин айтып, мага уруксат берди. Райкан байке өзү да аксакалдарга чалып коерун айтып, Мадылбековдон милициянын 15 кызматкерин бөлүп берүүсүн сураарын, алар граждандык кийим менен бизди коргой турганын, мен муфтиятка коркпой кирип барып, ал жерден муфтийди көчүккө тээп кууп чыгуу керектигин айтты. Андан соң Мусанын "Мерседес бенц" үлгүсүндөгү күмүш түстүү, лупарик, 50-13 мамлекеттик номерлүү машинасы менен, сериясын билбейм, муфтиятка келдик. Мени менен куралданган балдар да бар эле. Биз муфтияттын имаратына келгенде анда Ислам университетинде окугандардын 100гө жакыны турган. Бул окуя болжол менен 15-апрелге чейин болгон. Имараттын ичине кирип, биз аерден муфтийдин биринчи орунбасары Кулиев Сүйүндү кезиктирип, андан муфтий Мураталы Жуманов кайда экенин сурадык. Ал муфтий тууралуу эч нерсе билбестигин, үч күндөн бери жумушка чыкпагандыгын билдирди. Антсе да, биз ага ишенбей, андан муфтийдин дайын-дарегин берүүнү талап кылдык. Ал бизден эч кимге айтпообузду суранып, Мураталы Жуманов апрель революциясынан кийин республикалык ооруканага жатып калганын айтып, анын жаткан палатасынын номерин атады. Мен бир нече баланы жаныма алып, республикалык ооруканага келип, аерден муфтийди таптым. Биз келгенге чейин эле бул жакка муфтияттын өкүлдөрү келип, Мураталы Жумановду машинасына отургузуп, муфтиятты карай алпаратканын көрдүм. Артынан келгенден кийин 100-150 киши катышкан чогулушту өзүм алпарып, муфтий Мураталынын көзүнчө анын ишмердиги тууралуу сындарымды ачык эле айттым. Бүгүнкү күндө өлкөдө революция болгонун, бирок дин иштери мурдагы бойдон калып жатканын айтып, ага өз каалоосу менен өз ыйгарым укуктарынан баш тартууну сунуш кылдым. Эгер ал сунуштан баш тартса деле, баары бир аны кызматтан ала турганыбызды ачык эле айттым. Ал кызматтан кетүүгө даяр экенин, бирок ордуна татыктуу бирөө дайындалса деген тилегин билдирди. Андан соң залга чогулгандар муфтияттын андан аркы келечегин талкуулап, жаңы муфтийди шайлоо боюнча сунуштарын айтышты. Мында бирөөлөр муфтийди кызматтан кетсин десе, бирөөлөр аны колдогонун айтып коюубуз керек. Ушуга байланыштуу, менде Э.Каптагаевдин муфтийди кызматтан алуу боюнча тапшырмасы бар болгондуктан, чогулгандарга менде Убактылуу Өкмөттүн аппарат жетекчиси Э.Каптагаевдин, Ө.Текебаевдин, Райкан Төлөгөновдордун муфтийди кызматтан алуу боюнча тапшырмасы бар экенин айттым. М.Жуманов кулаган бийликтин жакын адамдарынан экенин билдирип, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн тапшырмасын баары бир аткара тургандыгымды түшүндүрдүм. Ушундан соң Мураталы Жуманов бул кызматта он жыл иштегендигин, ушуга байланыштуу өзүнүн ордуна Абдышүкүр Нарматовду дайындоо тууралуу бир өтүнүчү бар экенин билдирди. Мен ага анын ордуна кимдин келе турганы баары бир экенин, мага башкысы анын кызматтан кетиши керектигин жооп кылдым. Залдагы адамдар Абдышүкүр Нарматовдун талапкерлигин колдошту. Мен Мураталы Жумановго таза барак берип, ал кызматтан кетери тууралуу өз колу менен арызын жазып берди. Мен арыздын бир көчүрмөсүн муфтияттын өкүлдөрүнө берип, экинчисин Райкан байкеге тапшырдым.
Бул күндөрү Сыдык аттуу жердешим чалып, шаарда Бакиев жакында Жалал-Абадга келе турганы тууралуу каңшаар бар экенин жана анын тарапкерлери акча таратып жатканын айтты. Мен андан акчаларды каерде таратып жатканын тактап сурасам, эски аянтта деп жооп берди. Бул Бакиевдин тарапташтары Баткен жана Жалал-Абад областтарынын областтык администрацияларын басып алган убак болчу. Бул маалыматты алып, дароо эле бул тууралуу Райкан байкеге жана Турат Мадылбековго кабарладым. Тактап айтканда, Турат байке менен телефондон сүйлөшкөндө мен ага Бакиевдер кайтып келери тууралуу, анын адамдары пикетке катышуу үчүн 5000 сомдон таратып жаткандыгы тууралуу сөздөр жүрүп жатканын кабарладым. Ал бул маалыматка кызыктар болуп, аны коомчулукка жеткирүү керектигин айтты. Менден" ал адамдарды кармай аласыңбы?" - деп сураганда, мен "ооба" - деп жооп бердим. Ушуга байланыштуу мен аталган адамдар менен жолуктум, алар үчөө болчу, "Тойота-виндом" маркасындагы кара түстөгү автомашина минип жүрүшкөн. Биз эски аянттын жанынан жолукканда, мен аларга менде 50 адам бар жана баары спортсмендер дедим. Мындайча айтканда, мен аларга менин адамдарыма акча берсе, Бакиевдин келишин колдоп берет деп түшүндүрдүм. Мен мунун баарын алардан акча алган соң кармап, телевидение аркылуу көрсөтүү үчүн жасадым. Анын алдында Райкан байкенин көрсөтмөсү боюнча НТСтин жетекчиси Рая эже менен пресс-конференция берүү боюнча сүйлөшүп койгом, бирок, ошого карабастан, анда эч кимди кармай алган жокпуз. Тактап айтканда, мен Рая эжеге акча таратып жаткан Бакиевдин кишилерин телевидение аркылуу көрсөтүү тууралуу кабарлап, ал макул болуп, биз аны менен келишим түзгөнбүз. Анүчүн мен 100 АКШ долларын төлөп беришим керек эле, бирок, менде анча акча жок болгондуктан, бул акчаны мен келгенде төлөйм деп макулдашканбыз. Конференция саат 11де болушу керек эле. Бул убакытка карата Рая эже бардык кабарчыларды чакырышы керек болчу. Бул тууралуу мен Райкан байкеге маалымдадым. Рая эже менен сүйлөшкөнүмдү, конференция саат 11де болоорун айттым. Ошол эле убакта мен Турат Мадылбековго телефон чалып, аларды кармоого бизге жардам көрсөтүүсүн өтүндүм, себеби бизде аларды телеге сүйлөгөнгө мажбурлоого ыйгарым укугубуз жок экендигин түшүндүрдүм. Турат байке болсо алар кармалаары менен бизге өзүнүн балдарын жиберээрин айтты.
Ошентип акча тараткан адамдар менен жолукканда мен алардан 50 киши үчүн жалпысынан 200 000 сом алдым. Себеби, мен аларга көрсөтүү үчүн 50 кишини жолугушууга алып баргам. Андан соң биз алар кеткенден кийин артынан аңдып жөнөдүк. Колубузда курал болгондуктан, эч кимден корккон жокпуз. Себеби, бизди ИИМ министри Б. Шерниязов өзү "крышевать" этип жүргөн. Биздин максатыбыз ал адамдарды эмес, аларга акча сунуштап жаткан Бакыт Сыдыковду кармоо эле. Аларды артынан аңдып жүрүп, шаардын ичинде 3 км жолду басып өттүк. Андан кийин аталган автомашина Джип маркасындагы автомашинанын жанына барып токтоду. 3 бала Джип машинесине отурганда эле мен ал машинеде Бакыт Сыдыков бар экенин түшүндүм жана ал балдарды кармоого буйрук бердим. Алар дароо жетип келип, тигилерди кармап, машиненин арткы эшигин ачканда корей улутундагы көз айнекчен адам, анын жанында жанагы акча тараткан балдар отурушуптур. Учурда биз ошол кореецтин айынан камакта отурабыз. Андан кийин мен Турат Мадылбековго телефон чалып, тигилерди телевидениедеги саат 11де боло турган пресс-конференцияга жеткирүү үчүн гаишниктерди уюштуруусун сурандым. Райкан байке менен дагы байланышып, акча тараткан адамдарды кармаганыбызды, алардын арасында Бакыт Сыдыков жок экенин айттым. Райкан байке жакын арада бизге келээрин айтты. Биз тигилерди кармаганда машиненин алдыңкы отургучунда пакеттеги акчаны көргөм, бирок ал жерде канча акча бар экени мага белгисиз болчу. Ал акчаны тигилерди кармаган балдар өздөрү алышкан, себеби ал жерде акча бөлүштүрүп отурганга убакыт жок эле. Анткенде тигилер көзөмөлдөн чыгып кетмек. Андан кийин бизге Райкан байке жөнөткөн кишилер келип, тигил үчөөнү алып кетишти. Мен Райкан байке менен байланышып, бул адамдар документ толтурушуп, ошону менен бирге эле далил катары көп нерселерди телеге айтып беришмек дедим. Буга байланыштуу мен телеге барып, Райкан байкенин буйругу менен Рая эже менен бирге тигил адамдардын келишин күттүм. Бирок эч ким келген жок. Андан кийин гана Райкан байке менен Турат Мадылбеков тигил адамдардын акчаларын алып, кое берип жиберишкендиги маалым болду. Өз кезегинде Рая эже мени урушуп, 50 корреспондент чакыргандыгын, эч ким келбегендигин айтып нааразы болду, мунун баарын Рая эже тастыктап берет. Райкан байке мени өзүнүн кабинетине бир күнү чакырып алып, түндүк менен түштүк элинин ортосунда кагылышуу болуп кетиши мүмкүндүгүн айтты. Ошондой эле Бакиевдин көпчүлүк жактоочулары түштүктө жашаарын белгиледи. Ошону менен катар ал менден Жалал-Абадга Ахмат, Адыл Бакиевдердин үйлөрүн өрттөгөнгө 5-6 баланы жибере алар-албасымды сурады. Бул саясий кызыкчылык үчүн жасалышы керектигин айтты. Тагыраак айтканда, керек болсо Бакиевди өзүнүн жердештери да жаман көрөт дегендей пикир калыптандырыш керек эле. Кырдаалды эске алып, мен 2010-жылдын 15-апрелинде телеге чыгып, өзбек элинин атынан Убактылуу Өкмөттү колдоорумду билгизгем. Менин бул аракетимден кийин мага "бизди сатып кетти, жаңы бийликке өтүп кеттиң" деген сөздөрдү айтып, нааразы болгон адамдардан телефон чалуулар болуп жатты. Ошол убакта көпчүлүк Бакиевдер, анын ичинде Санжар дагы Кыргызстанда эле. Ошондуктан мен Райкан байкеге Бакиевдердин үйүн өзүм барып өрттөөгө даяр экендигимди, бирок мени көпчүлүк теледен көрүшкөнүн, ошондуктан мага ал жакта элге көрүнүү кооптуу экендигин айтып түшүндүрдүм. Бирок ал ишти жасай турган башка адамдарды таап берээримди айттым. Ошону менен катар эле Райкан байке Бакиевдердин үйлөрүн өрттөөгө керектүү каражаттарды, граната, жардыргычтарды алар өздөрү таап беришээрин, керек болсо атайын коштоо менен алып барышаарын, аны Шерниязов уюштураарын айтты. Үйлөрдү өрттөп, 2 саатта кайра атайын коштоо менен артка кайтаарыбызды, бизди бери жактан Асылбек Текебаев тосуп алаарын билдирди.
Ошентип мен Бакиевдердин үйүн өрттөө үчүн Райкан байкени өзүмдүн "Нурдин" деген таанышым менен тааныштырдым. Анын фамилиясын билбейм. Ал Токмокто жашайт. Ал таанышым андан кийин Жалал-Абад шаарына барып, Бакиевдердин үйлөрүн өрттөөнү уюштурду. Андан кийин Асылбек Текебаев тиги балдарды өзүнүн чайханасына чакырып, палоо менен сыйлаптыр. Аткарылган иштер үчүн Райкан байке аларга акча төлөп бериптир. Бул ишке мен аралашкан эмесмин, бирок алгач бул ишти алар мага тапшырышкан. Муну менен катар эле Райкан байке мага Искендер Бакиевдин офисинен табылган 2 гранатаны Бакиевдердин үйлөрүн өрттөөнү уюштуруу үчүн берген. Бирок мен андан баш тартып, кайра аны Райкан байкенин өзүнө кайтарып бергем.
Муну менен катар эле айтып кетейин, июнь окуясы өткөндөн кийин, тагыраак айтканда 2011-жылы бул окуянын чыгыш себептери жана Бакиевдердин үйлөрүнүн өрттөлүшү боюнча КР ЖКнын 25 депутатынан турган депутаттык комиссия түзүлгөн. Аталган комиссиянын төрагасы мурдагы чекист Токон Мамытов болгон. Ушул учурда мени менен апрель окуясы болгон чакта Райкан байкенин буйругу менен анын тапшырмасын аткарышкан балдар менден компенсация талап кылышканда, алар 1,5 тонна алтынды мамлекетке өткөрүп беришкендигин айта башташты. Ошол күндөрү Райкан байке 2 ирет биздин ар бирибизге квартира жалдап туруу үчүн 500 доллардан сунуштаган. Андан башка эч кандай акча берилген жок. Буга байланыштуу, 2011-жылдын жаз айларынын башында Райкан байке менден канча бала экенибизди, канчообуздун үйүбүз жок экенин сурады. Мен биз алты бала экенибизди айттым. Анда ал айтты, азыр Душанбе жана Ахунбаев көчөлөрү тараптагы райондон кызматтык квартира бөлүнүп берилди. Эгер жашай турган жериңер жок болсо, анда ошол жерге азырынча бекер жашап турсаңар болот деп. Ал квартира 10-кабатта эле. Ал өзү давление болгондуктан 2-кабаттан жогору жакка жашай албастыгын айтты. Буга байланыштуу ал уулу Муса менен бирге жашашымды сунуштады. Себеби, ошол кезде Муса аялы менен таарынышып жүрүптүр. Райкан байке ошону менен катар эле Нарында алтын өндүрүүчү комбинаттын 50 пайыз акциясы ага караарын, ошол жерге балдарды жумушка орноштураарын убада кылды. Бүгүнкү күндө мага белгилүү болгондой, көрсө ал бизди жаш балдарды алдагандай эле алдап жүрүптүр. Аталган депутаттык үйдө биз жалпысынан 1,5 айдай жашадык. Ал жерде Дастан, Муса, мен, азыр Россияда жүргөн Максат, кээде ысык-аталык Азамат дагы жашап жүрдү. Биз ал үйдө жашаганда аталган үйдүн сакчыларына номерлерибизди каттатып, биз кирип чыкканда текшербөөсүн өтүнгөнбүз. Мен кээде үй-бүлөмө кетип калып жаттым, ал эми калгандары ошол жерде такай жашашты. Мен ал жерде жашагандыгымды бекемдөө үчүн кайсы этаж, кайсы үй экендигин көзүмдү жуумп көрсөтүп бере алам. Муну менен катар эле мага Райкан байке аркылуу Мусанын наркотик колдоноору, аны Назаралиевдин борборуна дарылатканы менен андан пайда чыкпаганы, ошентип жүрүп окуусунан дагы чыгып кеткени белгилүү болду. ошондуктан ал дайыма мага уулуна көз салып туруумду өтүнүп, тез-тез сурап турчу. Эгер Муса 2 саатка кечиксе, ал үчүн кейий баштаарын айтты. Ошон үчүн Муса дайыма менин жанымда болуп жатты. Анда машина, акча, бүт баары бар болчу. Менин функциям Мусаны карап, ага көз салып туруу эле. Кээде Райкан байке келип, уулу кандай жүргөнүн сурап турчу.
Белгилей кетчү нерсе, ошентип жогорудагы комиссия түзүлгөндө, Райкан байке мага депутаттык комиссия Бакиевдердин үйүн өрттөөгө "Ата-Мекендин" тарапкерлерин күнөөлөй баштаганын, ошон үчүн менин жардамым керектигин айтып калды. Мен ага, "биз а дегенде силерге болгон мүлктөрдү чыгарууга жардам бердик. Андан кийин биз сиздин квартираңызда жашап жатканда пресса сөз кылып жатат, Төлөгөновдун квартирасында башка бирөөлөр жашап жатат деп жазып жатат деп бизди чыгарып жибердиңиз. Азыр болсо минтип жардам сурап жатасыз, ал эми кылган кызматыбыз боюнча убада менен гана тойгузуп келе жатасыз". "Бакиевдердин үйү кантип өрттөлгөнүн биз жакшы билебиз" дедим. Ошентип, депутаттык комиссия Жалал-Абадга келгенге чейин бир жума мурун Райкан байке келип, мага 10 өзбек аксакалын табуумду, аларга 200-300 доллардан төлөп берээрин, болгону алардын милдети ошол жерде жашаган адам катары күбө болуп сүйлөп берүүсү керектигин, Асылбек Текебаев үйлөр өрттөлүп жатканда келип өчүрүшкөнүн, ошон үчүн ага рахмат айтуу керек экенин айтып берүү алардын милдети экенин билдирди. Бул максатта ал мага 1800 доллар сунуш кылып, 6 аксакал табуумду өтүнүп, андан кийин Райкан байке кайра Бишкекке кетти. Белгилеп коюш керек, менин Райкан байке менен сүйлөшүүмдү Айсулуу Дүйшөнбиева уккан. Ал дагы тастыктап бере алат. Депутаттык комиссиянын курамында менин тааныштарым Талант Мамытов жана таластык Дастан Жумабеков дагы бар эле. Райкан байке Бишкекке кеткенден кийин мен анын 0555 70 00 05 телефонуна чалып жаттым, аны кечирээк тактап берем. Райкан байке менен сүйлөшкөндө мен эгер ал жасалган иштер үчүн төлөп бербесе, бир дагы аксакал чыгып сүйлөбөстүгүн, бизге эч кандай Солтон-Сарынын дагы кереги жоктугун, болгону жасалган иш үчүн төлөп берүүсү керектигин, ошондон кийин гана пландаган ишти жасаарымды айттым. Ал мени көндүрө баштады, жок дегенде 3 аксакал таап бер, балким үчүнчүсү болуп өзүң деле сүйлөсөң боло берет деп. Мен макул болдум, бирок негедир кийин эч нерсе жасаган жокмун. Райкан байке кийин "Учур" гезитине берген маегинде айтыптыр, мен ага бир өтүнүч кылсам аткарбай койгон, ошон үчүн мамилемди үздүм деп.
Бир жумадан кийин депутаттык комисия келди. Облустук администрация атайын кеңешме даярдаган. Губернатор ал кезде менин таанышым Бектур Асанов болучу. Депутаттык комиссиядан залда 10 депутат, ал эми калганы 120 карапайым жарандар отуруптур. Жыйынды ЖТРдын операторлору тартып жатыптыр. Түшкө чейин мени кеңешме өтүп жаткан залга такыр киргизбей коюшту. Жарыяланган танапистен кийин гана мен залга кирип, отурган элдин алдында сүйлөп, аларга "жок дегенде бул окуя боюнча ошол жердеги бир өзбекти укту болду бекен, жасалган нерселерди текшерди бекен?"-деп сурадым. Бул убакта Райкан байке сүйлөп, мени "бул окуяны жакшы билген жалгыз өзбек"-деп тааныштырды. Анткени ал мени өзүн колдоп сүйлөйт деп ойлогон да. Мен көпчүлүктүн алдында Райкан байкеге суроо бердим, "сиз Бакиевдин үйүн ким өрттөгөнүн билбейсизби, аны өздөрү өрттөгөн деп аларга оодарып коеюн деп жатасызбы?"-деп сурадым. Буга байланыштуу Райкан байке Бектур Асановго тапшырма берип, мени залга киргизбөөнү, провакатор экенимди айтты. Биз ошондо тиреше кеткенбиз. Муну Бектур Асановдун жанында жүргөн секретаршасы билет. Ошентип мен сүйлөп баштаганда Турат Мадылбеков мени "провакатор" деп, "залдан чыгарыш керек"-деп кыйкырды. Андан соң мен аларга Бакиевдердин үйүн ким өрттөгөнүн алар гана билээрин, анан билмексен болуп күнөөлүү киши издеп жатканын айттым. Муну ЖК депутаттары Талант Мамытов менен Дастан Жумабеков уккан. Ошондон кийин менин ачыктыгымды, тартынбастыгымды көргөн Токон Мамытов мага келип, колумду кыскан. Менин бул жерде камалып жатышыма себеп болгон нерсе- мен ошондо элдин алдында Бакиевдин үйүн алар өздөрү өрттөгөнүн, эми билмексен болуп жатышкандыгын, 1,5 тонна алтынды жана акчаларды дагы алар уурдап алышкандыгын айтып салгам. Буга чейин Дастан Оморов КР ГКНБ кызматкерлери тарабынан кармалып, камакка алынган. Андан кийин Райкан байке тергөөчүгө жолугуп, Оморов апрель окуяларынын тушунда элдик кошуунда иштегенин айтып, аны камактан чыгарып кеткен. Тергөө эмне менен аяктаганын билбейм, айтор Оморов камактан чыгарылган. Ага чейин, тагыраак айтканда 2010-жылдын 29-апрелинде, мен дагы Сузакта милиция кызматкерлери тарабынан кармалганда, Райкан байке өзүнүн адамдары менен келип, менин элдик кошуунда экенимди айтып, камактан бошотуп кеткен. Анткени ал 2010-жылдын 1-майына чейин куралдарды өз каалоосу менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигинен кутулаарына басым жасаган. Ошону менен катар эле Дастан экөөбүз алып жүргөн куралдардын баары алардын колуна өткөндүгү менен түшүндүргөн. Акырында бизди мошенник аташып, бизден жүздөрүн буруп кетишти.

Жарыяланган
танапистен кийинки Абдулла Юсуповдун көрсөтмөсүнүн
уландысы.
Мен көрсөтмөмдү улантуунун алдында сиздерге 4 ДВД дискти көрсөткүм келип жатат. Мени азыр кээ бир депутаттар мошенник катары көрсөткүсү келип жатпайбы. Сунушталган видоежазууда менин атайын түзүлгөн комиссиянын курамында өзбек элинин өкүлү катары жалгыз киргеним, апрель, июнь окуяларынан кийин жыйындарда куралдарды өз каалоолору менен тапшырууга жарандарды үндөгөнүм жазылган. Мындай учурда жарандар кылмыш жоопкерчиликтен кутулаарын түшүндүргөм. Мындайча айтканда, бул видеожазуу менин ошол убакта эркин жүргөнүмдү, эч кимден качпаганымды, РОВД жетекчилерин чакырып, сүйлөшүп, аларды өз иштерин аткаруу үчүн кайтууга үндөгөнүмдү далилдейт. Көрсө мени издөөгө берип коюшуптур.
Кылмыш ишинде мага коюлган айыптардын бири, муфтийди барымтага алуу боюнча эпизод. Себеби мен Райкан байке менен Эмил Каптагаевдин көрсөтмөсү боюнча муфтийди кызматынан алгам. Экинчи эпизоду корей улутундагы адамды, жанагы Бакиевдерди колдогон митинг үчүн акча тараткан адамды тоногон деген айып. Биз ал адамды акыры Райкан Төлөгөновго бергенбиз. Мага коюлган айыптын үчүнчү эпизоду менин аялым Жоробаева Ранонун тууганы Иминова Халида мага мен камалганга 2 ай калганда адам өлүмүнө шектелип, СИЗО-1де камакта жаткан Иминов Авазбекке карата жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Биздин сүйлөшүүбүздө, Халида анын уулу адам өлүмүнө шектелип жаткандыгын, а чынында ал адам наркотиканы передозировка кылгандан каза тапкандыгын тастыктаган экспертизанын корутундусу бар экенин, ага карабай Октябрь райсотунун судьясы аны 2 жылга шарттуу жаза өтөөгө кесип таштаганын айтты. Прокурор аталган чечимге кайрадан арыз бергени жатканын, соттун кайрадан башталышын каалабастыгын айтты. Ал ошондуктан менин байланыштарымды угуп, мага кайрылып жатканын билдирди. Мен буга макул болуп, Аида Салянова Башкы прокурорлукка дайындалганга чейин анын айдоочусу болуп иштеген Оморов Дастанга кайрылдым. Муну менен катар эле Аида Салянованын кызматтык машинеси аварияга туш болгондо, ал өзүнүн менчик машинеси менен аны ташып жүргөнү белгилүү болгон. Ошондой эле ал экөө тең Ат-Башы районунан эле. Аида Салянованын күйөөсү Бакыт байке Дастан менен бирге Россия жана Литвадан машина алып келип, беш жылдан бери бизнес жүргүзүшөөрү мага белгилүү болчу. Ошол себептүү Халида эженин өтүнүчү менен Дастандан Башкы прокурордун күйөөсү Бакыт байке менен байланыштырып коюусун сурандым, ал макул болду. Биз Алма-Ата көчөсүндө жайгашкан "Гольфстрим" кафесине барып, бир комнатага заказ бердик, бул өткөн жылдын август айындагы орозонун маалында болгон. Бакыт байке келердин астында мен кафенин администраторунан жогорку даражалуу адам келе тургандыктан башка клиент киргизбешин өтүнүп, жакшы төлөп берүүгө убада кылдым. Ал макул болуп, кафеге бир нече официант калтырып, калгандарын үйүнө жиберип, алардан сырткары бир шашлычник гана калды. Кафеде отуруп Дастан Бакыт байкеге бир нече жолу телефон чалып, качан келе тургандыгын тактады. Саат 19. 30-20.00 чамасында "Лексус" маркасындагы, мамлекеттик номери 20 00 автомашинасы менен Бакыт байке келди. Аталган номер Башкы прокурор Саляновага таандык кызматтык номер экендигин мен ошол жерден билдим. Биз Бакыт байке менен кол алышып учураштык, ал киши машина аялынын кызматтык автомашинасы экендигин ырастады. Машинаны бирөөлөр көрүп калбас үчүн көздөн далдоо жерге токтотууну кафенин кожоюндары менен сүйлөшүүмдү сурады. Мен кароолчулар менен сүйлөшүп, Бакыт байкенин короонун артынан киришине уруксат алдым. Кечки тамактын үстүндө биз эки сааттай отурдук, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мен Бакыт байкеден Халида эженин уулуна жардам көрсөтүүсүн өтүнүп, анын уулу оор абалда экендигин айттым. Бакыт байке кандай болгон күндө дагы бул маселени чече тургандыгын, прокурор соттун чечимине даттануу келтирип койгон күндө да Башкы прокуратура аркылуу артка чакыртып алаарын, эгерде прокурор соттун чечимине даттануу келтире элек болсо, таптакыр келтирбей тургандай кылаарын айтып, бул үчүн бизден 4000 Америка долларын алды. Бул сүйлөшүүгө Дастан Оморов катышып үчөөбүз отурдук. Кийин, август айларында жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу Бакыт байке мен ден эч кандай акча албагандыгын, жөн гана мени менен таанышууга келгендигин айтканы белгилүү болду. Мага бул түшүнүксүз, эмне үчүн Башкы прокурордун күйөөсү мени менен жолугушууга келгенин айтты, аны менен таанышкандай мен кыз эмесмин да.
Экинчи кылмыш иши менин аялымдын туугандарынын арызы боюнча козголуп, мага алдамчылык боюнча айып тагылган, анткени ал өз арызында мага уулунун маселесин чечүү үчүн акча бергендигин, бирок акча да жок, уулунун маселеси да чечилбегенин көрсөткөн. Мындай учурда Бакыт байке менин өнөктөшүм катары, мени менен катар отурушу керек деп ойлойм. Анткени, Халиданын акчасынан мен бир сом да алган эмесмин, болгону Бакыт байке менен жолукканда заказ кылган столдун чыгымын төлөө үчүн 300 долларын гана коротком. Ошондой эле, биз жолуккан күнү Ноокен районунун тургуну Чынгыз деген байке анын прокуратурада иштеген тууганын негизсиз куугунтуктап, иштегенге мүмкүнчүлүк бербей жатышканын айткан. Менин прокурордун күйөөсү менен тааныштыгым бар экенин уккандан кийин анын тууганын жок дегенде канцелярияга которуп коюсун суранганынан, мен ага бул иш бир жарым миң америка доллары тураарын айткам. Бакыт байкенин макулдугун алгандан кийин Чынгыз байке тууганынын кызматтан которулушу үчүн бир жарым миң доллар алып келген.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө биз көбүнчө муфтияттын ишмердүүлүгү тууралуу маектештик. Ошондуктан, Бакыт байке экөөбүздүн ортобуздагы келишпөөчүлүктөн улам козголгон кылмыш ишибизди сот тарабынан териштирүүгө Башкы прокуратура тарабынан басым жасалып жатат деп эсептейм. Мындан сырткары, менин Бакыт байке тууралуу расмий кайрылуумдан кийин ал Бакай-Атада жашаган Дастандын атасы Дүйшөндүн үйүнө барып сүйлөшүп, Дастанга жардам кылайын дегенин, бирок ал тескерисинче мени андан акча алган деп көндүрүүгө аракет жасаганын айткан. Эми мунун баары саясатташып кетип, бул ишке анын аялын да аралаштырып жатышканын айтат. Бакыт байке менен Дүйшөн байке жакалашып кетип, Бакыт байке беркини сабап кое жаздагынын айылдыктар да көрүшүптүр. 50гө чыгып калган Дүйшөн байке Башкы прокурордун күйөөсү менен кер-мур айтышып калгандын эртеси билет сатып алып Москвага кетип калыптыр, бүгүнкү күнгө чейин дайыны жок. Мени СИЗО-1ге которгондон кийин Бакыт байке менен байланыштым, ал учурда ага берилген акчалар тууралуу маселе көтөрүлө элек эле, ал эң негизгиси күнөөбүздү мойнубузга албашыбызды прокуратура жагынан жардам бере тургандыгын айткан. Биз ал учурда Башкы прокурордун күйөөсүнө ишенип, биздин мыйзамсыз отурганыбызды түшүнгөндөн кийин бизди бошотот деген ишенимде болчубуз. Бирок, мен ага өз колум менен берген акчалар үчүн кошумча айыптар тагылганынан улам болгон чындыкты айтып баштадым. Анын үстүнө Бакыт байкеге акчаны берээрдин алдында, Халида эжеге "сиздин уулуңуздун маселесин жогорку даражалуу адам, Башкы прокурордун күйөөсү чечет"- деп айткам. Тактап айтканда, далилдер турат. Турат Мадылбеков мени бардык жерде алдамчы деп жар салып жүрөт, андай болсо менин өнөгүм катары Бакыт байке катарымда отурса мага анчалык өкүнүчтүү болмок эмес.

Суроо: Сиз өз көрсөтмөлөрүңүздө апрель окуяларынын учурунда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" партиясынын депутаттары Райкан Төлөгөнов, Турат Мадылбеков, Болот Шерниязов жана О. Текебаевдин көрсөтмөсү менен КР мурдагы президенти Курманбек Бакиевге жана анын жакындарына тиешелүү обьекттерди кайтарууга алганыңызды айттыңыз, сиз менен чогуу кимдер жүрдү эле?
Жооп : Мурда айтылгандай ал күндөрү жеңдерине кызыл чүпүрөк байланган элдик кошуундар уюшулган болчу. Учурда алардын көбү Кыргызстандан чыгып кетишкен, анткени алар ошондогу жалпы аракетибиз үчүн бизди камап койгондон кийин, алардын үстүнөн да кылмыш иши козголушунан чочулашып, из жашырганга аргасыз болушту. Бирок учурда бул жерде, нарындык 50 жаштардагы Эсен байке бар, фамилиясын билбейм, менин досум Тимур бар, ошол учурда анын квартирасын мен батирге алгам, алардан сырткары биз менен Оморов Дастан, Шергазиев Азамат, Максат, Нурдин, Дүйшөнкулова Айсулуу, Сыдык байке, Муратжүрүшкөн. Өзүбүздүн жана тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн аларды табууга аракет кылып жатам. Ошол күндөрү биз 20-30 чакты адам болчубуз, алардын көбү учурда Россияда жашынып жүрүшөт, арасында Бакиевдердин үйүн өрттөөгө тиешеси бар Нурдин да болгон.

Суроо: Айтыңызчы, апрель окуяларынын учурунда кайсы обьекттерди кайтарууга алдыңар, алардын так адреси менен жалпы санын көрсөтсөңүз?
Жооп : Апрель окуяларында биз кайтарууга алган обьектилер-Панфилов-Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан Адыл Бакиевдин офиси, Жаныш Салиевдин Шампанкомбинаттын аймагынан орун алган офиси, көрсөтүп бере алам, Жаныш Бакиевдин уулу Искендердин Правда-Московская көчөлөрүнүн кесилинде жайгашкан офиси, Жусуп Салиевичтин уулу Куштардын Ала-Тоо аянтына катар жайгашкан түнкү клубу, Салиев көчөсүндөгү Нурлан Темирбаевдин менчик үйү, калган адрестерди кыдырып, көрсөтүп бере алам, анткени шаардын ичин жакшы биле бербейм, бирок биз Марат Бакиевдин, ошондой эле Логвиненко көчөсүндө жайгашкан Максим Бакиевдин офисине келип турдук, Көк-Жардагы Пайзулла Рахмановдун үйүнө, Вефа-Центрдин айланасында жайгашкан кытай лабораториясына бардык, жалпысынан биз барган обьектилердин жалпы саны 30 чакты. Муну тастыктоо үчүн мен үйлөрдүн короосуна кирбей туруп, комнаталардын жайгашуусунан, ичиндеги мебелдерине чейин сүрөттөп бере алам.
Мындан сырткары 2012-жылдын 23-июлу, дүйшөмбү күнү Турат Мадылбеков СИЗО-1дин начальнигин мени менен жолуктурууну уюштурууга мажбурлаган. Экөөбүздүн начальниктин кабинетиндеги сүйлөшүүбүз 4-5 саатка созулду. Сүйлүшүүнүн жүрүшүндө ал СИЗО-1де 1500 адам отурса, алардын 400ү баңги затын колдоно тургандыгын, мен бул жерде мындан ары да отургум келсе отура бере турганымды, андай болбосо мен мурдагы көрсөтмөлөрүмдү өзгөртүп, анын, Райкан Төлөгөновдун, Болот Шерниязовдун, Өмүрбек Текебаевдин эч нерсеге тиешеси жок экендигин, биз мурдагы көрсөтмөлөрүбүздү Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин кысымы астында бергенбиз деп көрсөтмө беришимди талап кылды. Ошондо ал бизге бошонууга жардам берээрин айтты. Начальниктин кабинетинде отуруп мени коркутууга алды. Бул жагдай Т. Мадылбековдун морадерлукка түздөн-түз тиешеси бар экендигин ачыктайт, эгерде ал өзүн күнөөлүү сезбесе, мага жолукканга эмнеге келиши керек эле? Мындан сырткары, мен Чүй областтык прокуратурасынын тергөөчүсү Абдыкадыров Азаматтын кабинетинде СОБРдын 7-8 кызматкеринин көзүнчө, Райкан Төлөгөнов менен көзмө-көз жолугуу учурунда, ал уулу Муса экөө менин кишенделип отурганыман пайдаланып, катуу сабашканын айта кетейин. Муну менин жактоочум, СОБРдын кызматкерлери жана тергөөчү тастыктайт. Эгер күнөөлөрү жок болсо бул депутаттар эмнеге мага келишет жана тосмо арыз жазуумду суранышат. Мени сабаардын астында Райкан байке жолугууга келип, бизди бошотууга мүмкүнчүлүк болуп жаткандыгын, бул үчүн мунун бардыгын Акмат Келдибековдун жакындары уюштуруп жана мени алдашкандыгын жарыя кылышым керектигин айткан. Тактап айтканда, Акмат Келдибековдун адамдары келип, алардын айтуусу менен Райкан Төлөгөнов, Турат Мадылбеков, Болот Шерниязов жана Текебаев тууралуу көрсөтмөлөрүмдү ойдон чыгарганымды, бул үчүн алар мени камактан бошотуп алууга убада кылышканын жарыя кылышым керек эле. Биз алардын сөздөрүнө ишенгенибизди, иш жүзүндө болсо мен Райкан Төлөгөнов жана башка "Ата Мекендин" депутаттарын тааныбай турганымды айтышым керек болчу. Мындан кийин алар үч күндүн аралыгында камакка алуу баш коргоо чарасын эч жакка кетпөө менен алмаштырууну чечишмек. Ошондой эле, бизди кармаган оперативдик кызматкерлерге кылмыш ишин козгоо үчүн болгон күчтөрүн жумшап, керек болсо бул суроо менен ИИМ министрине чыгышмак. Буларды айтып болуп, мен бул сунушка кандай карай турганыма кызыкты. Белгилей кетүүчү нерсе, Акмат Келдибековду мен телевизордон эле көргөм жана аны менен эч бир жерде кезиккен эмесмин. Мындай болгондон кийин мен кантип көрсөтмөлөрүмдү анын айтканы менен жаздым деп көрсөтмө бере алам. Мен азыр да ал эмне үчүн алгач, Келдибеков күнөөлүү деп жарыя кылышымды, андан кийин келип Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын начальниги күнөөлүү деп айтышымды суранганын түшүнбөйм. Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын начальниги боюнча айтаарым, бизди кармагандан кийин анын көрсөтмөсү менен бир жуманын аралыгында алгач тепкилешти, андан соң ар кайсы ИВСтерге чачыратышты, бирөөнү Карабалтанын ИВСине, бирөөнү Ысык-Атанын ИВСине, үчүнчүсүн Токмоктун ИВСине жабышты да, кийин бирөөнү Сокулуктун ИВСине тыгышты.

Суроо: Жаракат алганыңыз боюнча тиешелүү жерлерге кайрылдыңыз беле?
Жооп : Жок, жаракат алгандыгыбыз боюнча эч жерге кайрылган жокмун. Анткени, менде андай мүмкүнчүлүк жок болчу. Анын үстүнө, 2011-жылдын 8-апрелинде Бакиевдердин үйлөрүн өрттөө боюнча жагдайлар ачыкка чыга баштаган учурда бизди кармап кетишти. Бул боюнча мен Чүй облустук ГУВДнын жетекчиси Бакыт байкеге айткам. Ал бизди ГУВДнын имаратынан эч жакка кетирбей кармап турду. Анткени, ал мезгилде саясый окуялар күч алып, Ө.Текебаев өзүнүн кандидатурасын президенттикке коюп жаткан. Андан кийин Бакыт байке мага келип "эгер сенин сөздөрүң далилденсе Текебаевдин кандидатурасын алдырабыз, а мени болсо ички иштер министри кылып коюшу да мүмкүн" деген эле. Мен анын сөзүнө ишенип алтын, курал-жарак алып кеткен объектилердин бардыгын жазып бергем. Андан кийин ал объектилерге өзүм барып, бардыгын көргөзүп бердим. Алар аны видеокамерага тартып алышкан болчу. Бизди кармаган учурда ички иштер министри Зарылбек Рысалиев да бар эле. Ал бизди камап салууга буйрук берген. А бирок, ага чейин мен элдерди курал-жарактарыңарды Убактылуу Өкмөткө өз ыктыярыңар менен өткөзүп бергиле деп агитация жүргүзүп чуркап жүргөнүмдө, ал мени "сен чыныгы баатырсың" дечү. Андан сырткары Бакыт байке Ө.Текебаевдин кылгандарын укканда "силерди урганга бекер жол бериптирмин"- деп кафеге алып барган эле. Муну Дастан Оморов тастыктап бере алат. Ал бизге "эгер силер бардык болгон окуяны ийне жибине чейин айтып берсеңер бул кылмыш иштерине ким күнөөлүү экенин батыраак табабыз. Силерди эртерээк бошотууга бардык аракетимди жасайм. Силер жөн эле ошол кырдаалдын курмандыгы болуп, бирөөлөрдүн күнөөсүн тартып жатканыңарды, чындыгында баатыр экениңерди, керек болсо, премьер-министр Алмаз Шаршеновичке чейин барып айтам" деген болчу.
А.Юсуповдун өтүнүчү менен сурак башка күнгө жылдырылды.
30.08.2012-жыл. СИЗО-1дин имаратында А.Юсуповду күбө катары суракка алуу уланды.
Сурак саат 16.00 до башталып, саат 17.16 да бүттү.
Сурак алдында тергөөчү У.Садырбаев 2012-жылдын 30-август айынын 16.30 мүнөттөрүндө А.Юсуповго өзүнүн көрсөтмөлөрүн айтып берүүгө мүмкүнчүлүк бергенин билдирди.
А.Юсупов сурактын алдында орус тилинде берилген суроолордун маанисин түшүнөрүн, бирок кыргыз тилинде жооп бергиси келгенин билдирди.
2011-жылдын 8-августунда Дастан Оморов, Райкан Төлөгөновдун баласы Муса болуп 5 мкр тарапта жүргөнүбүздө милиция кызматкерлери тарабынан кармалганбыз. Бирок, алардын Мусаны бошотуп жибергенин биз түшүнбөй калдык. Бардык күнөөлөрдү ГУВДнын жетекчиси Бакыт байке менен анын орун басары Аскат Алиевдин кысымынын астында моюнубузга алууга туура келди. Андан сырткары биз Текебаевдин былыктарын чукуй баштаганыбызда Бакыт байке өзү мага уюлдук телефонунун номерин берип, "СИЗОдо сендейлерди бат эле "сындырышат" , ошондуктан, кыйналсаң, проблемалар болсо мага чалып тур" деген эле. Мындан тышкары,"10 күндүн ичинде "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрүнүн кылган кылмыш иштери жөнүндөгү маалыматты Премьер-Министрге билдирем. Ага чейин мага чалып тур" деп 0554 -10-37-37 номерин берген.
Бир жолу Чүй облустук ГУВДынын жетекчиси Бакыт Жусубалиев Дастан Оморов экөөбүз менен сүйлөшүп отурган учурда Дастандан "каяктан болосуң?" деп сурап калды. Ал "Ат Башыданмын. Баш прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт байке менен тууганмын" деди. Муну уккандан кийин ал биздин көзүбүзчө ага чалып "менин кызматкерлерим кылмышка шектүү балдарды кармаптыр, алардын арасында сенин тууганың да бар экен. Атасынын аты Дүйшөн. Калганын жолукканда сүйлөшүбүз" деп трубканы коюп койду. Андан соң, Аскат Алиевди чакырып "мындан кийин бул балдарды эч ким урбасын. Буларда керектүү көп маалыматтар бар. Булар деген революционерлер" деп айтып, Акунбек уулу Таалайбек деген тергөөчүгө мени менен бирге бардык тонолгон обьекттерге чыгып келгин деп тапшырды. Мен ал тергөөчүгө Текебаевдин офисин, Райкан Төлөгөновдун, Болот Шерниязовдун үйлөрүн көргөзүп бердим. Андан сырткары, биз Бакыт байке менен сүйлөшкөндө ал "тергөөчү көрсөткөн бардык документтерге кол коюп берсеңер эле жогору жактагы чиновниктер менен сүйлөшүп, бул кылмыш ишин жаап салууга аракет кылам" деп бизди ишендирди. Анын сөзүнө ишенип мен Дастан Оморов жана Азамат Шергазиевдерге "Бакыт байке 10 күндүн ичинде бардыгын бүтүрүп, бизге жардам берет, ал айткан документтердин бардыгына кол коюп бергиле" деп айткам. Бирок, андан эч нерсе өзгөргөн жок. Биз СИЗО-1ге которулдук. Бакыт байке болсо ал жакка бир да жолу басып келген жок. Бизди бардык жактан кысымга ала башташты, ошондо гана Бакыт байке алдап кеткенин түшүндүм. Андан кийин, "өзүбүз аракет кылалы" - деп Октябрь айларынан баштап бардык инстанцияларга апрель революциясы учурунда "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрүнө жардам берип жүрүп, ушундай жагдайга кириптер болуп калганыбызды айтып кат жаздык.
Сурактын жүрүшүндө А.Юсупов Чүй облустук прокуратуранын бир кабинетинде Райкан Төлөгөновдун баласы Муса менен болгон урушун кайталап айтып берди. Андан сырткары СИЗО-1дин жетекчиси Д.Султанкуловдун кабинетинде Т.Мадылбеков менен жолукканын кайрадан кайталады.
Ал өзүнүн мурдагы көрсөтмөлөрүн толуктоо үчүн жаңы нерселерди айтты. Аны протоколго кошууну туура көрдүк.
2012-жылдын 23-июнунда СИЗО-1дин жетекчисинин кабинетинде Т.Мадылбековго жолуккам. Ал мага "көрсөтмөлөрүңдү өзгөртүп жазып бер" - деди. Мен "ойлонуп көрөйүн" деп койдум. Эртеси эртең менен СИЗО-1 жетекчиси Султанкуловдун тапшырмасы менен мага опер келип "жетекчилик Мадылбековго жазып берем деген кагазыңды сурап жатат" - деди. Мен ага адвокат келбегендиктен жазган жокмун дедим. Андан кийин мени кайра жетекчинин кабинетине алып барышты. Ал жерден Дөөлөт байке "Турат Мадылбеков кайра-кайра чалып сенден бир кагазды алгын деп жатат. Мен кечээ силер эмне деп сүйлөшкөнүңөрдү уккан жокмун, бирок, силерге жардам берейин" деди. Мен Дөөлөт байкеге "ал менден өзүнө керектүү кагазды жаздырып алып, өзү жоопкерчиликтен качып кеткиси келип жатат. Сиз үчүн Мадылбеков чоң чиновник болсо, мен үчүн ал жөн гана эки жүздүү адам" десем, ал Т.Мадылбековдун номерине чалып, өзүнүн уюлдук телефонун менин кулагыма "сүйлөш" деп такады. Мен Мадылбеков менен беш мүнөт сүйлөшүп "бул телефондон сүйлөшө турган сөз эмес, эгер чынында эле бизге жардам бергиңиз келсе, бизди бошотууга чара көрүңүз" - деген талапты койсом, ал "эгер сен мага мен сураган кагазды жазып берсең үч күндүн ичинде бул суроону чечем" деди. Эгер ал адвокат алып мага өзү келбесе ал кагаздарды жазып бербейм дедим.
Апрель окуяларында Райкан Төлөгөнов Убактылуу Өкмөттүн аппаратынын башчысынын орун басары болгондон кийин мени кабинетине чакырган эле. Ал мага мурдагы ЖКнын спикери Айтибай Тагаевдин үйүндө Бакиевдерге тийешелүү мүлктөр турганын айткан. Шаарда жакшы ориентировкам жок болгондуктан Райкен байкега Дастан Оморовго чалып Тагаевдин үйүнүн адресин айтып коюусун сурандым. Ал "ушул иш боюнча өзүңдүн балдарыңды чогултуп барып келгиле, эгер чындап эле ал жакта Бакиевдин мүлктөрү бар болсо силерге укук коргоо органдарын жиберемин" деди. Мен чыгып эле Дастанга чалдым, ал келип Райкан байке менен сүйлөшүп биз баруучу үйдүн адресин тактады. Ошол жерден эле биз Тагаевдин үйүнө Дастан, Нурдин жана башка балдар болуп жөнөдүк. Анын үйү бир парктын арасында жайгашкан болчу, адресин так билбейм, бирок көргөзүп бере алам. Биз ал жакка куралданып бардык, бирок ичине кире алган жокпуз. Анткени, үйдү куралчан адамдар кайтарып турушуптур. Аларды көргөндөн кийин Райкан байкеге чалып "үйдүн ичине кириш үчүн күч органдарынын жардам керек" дедим. Анткени, үйдүн ичиндеги адамдар биз жакындаганда эле эскертүү иретинде асманга ок атышты. Бир нече убакыттан кийин өзүнүн сегиз орундуу чоң ак Джип машинасы менен Райкан байке келип калды. Жанында күч органдарынын өкүлдөрү бар экен, бирок кимдер экенин тааныган жокмун. Андан кийин алар үйдүн жанына барып тигилер менен сүйлөшүп, ок атууну токтоткула деди. Ал убакта биз Райкан байке болуп үйдөн алысыраак жерде карап турдук. Андан кийин Райкан байке менен келген кишилер үйдүн короосунда үч эле кароолчу бар экенин айтты. Бардыгыбыз үйдүн короосуна кирип бардык. Ал салынып бүтө элек үй экен. Райкан байке алып келген кишилер короодо турган унааларды сүйрөп, үйдүн арты менен чыгара башташты. Унаалардын маркасын жана номерин унутуп калдым, бирок, бардыгы жаңы маркадагы унаалар эле. Жүргүзө алышкан унааларга башкаларын сүйрөтүп кетишти. Мени менен келген балдар эч нерсесине катышкан жок. Бул жерде бизде башка бирөөнүн мүлкүн тартып алайын деген ой такыр болгон эмес экени көрүнүп турат. Ал жактагы кароолчулар унааларды алып калууга эч кандай аракеттерди көрүшкөн жок. Бирок "бул унаалар үчүн жооп бересиңер" - деп ээлери кимдер экенин, аларды аттарын фамилияларын чейин айтышкан, бирок мен унутуп калдым. Андан кийин Райкан байке "бул үй кимге караштуу экенин мамлекеттик каттоодон билип, андан кийин үйдү бизге менчиктештирип берем"- деп айтты. Үйдүн аянты аябай чоң эле, чамасы эки гектар болсо керек. Ал жерден унаалардан башка эч нерсе алынган жок. Машиналарды айдап кетип жатышканда Райкан байке бир унааны көрсөтүп, "мурдагы энергетика министри Сапарбек Балкибековго тийиштүү экенин мамлекеттик номерлеринен билдим" деген.
Суроо: 7-8-апрелдерде талап-тоноочулук болуп жаткан учурда азыркы "Ата Мекен" партиясынын депутаттары Ө.Текебаев, Б.Шерниязов, Р.Төлөгөнов жана Т.Мадылбековдар кайсы номерлерди колдонуп жүргөндөрүн жана өзүңүз кайсы номерде жүргөнүңүздү айта аласызбы?
Жооп: Мен ал кезде 0700-37-20-00 номерин колдонуп жүргөм, андан тышкары Мегаком номерим бар эле, бирок аны эстей албай жатам. Райкан байке 0777-03-42-41 жана 0555-98-00-88, ал эми баласы Муса 0558-98-00-88 номерлерин алып жүрүшчү. Кийин Райкан байке депутат болгон соң 0770-05-00-05 номерин колдонуп жүргөн болуш керек эле. Андан сырткары ал кезде Муса 50-13 мамлекеттик номердеги, сериясы эсимде жок "Лупарик" тээп жүрчү. Башка депутаттар Ө.Текебаев, Б.Шерниязов, Т.Мадылбековдордун телефон байланыштарынын распечаткасын алып келип берсеңер көргөзүп бере алам. Мен ал күндөрү жогоруда көрсөткөн уюлдук номерим менен Роза Исаковна Отунбаева менен да байланышкам.
Суроо: Сиз өзүңүздүн тобуңуздагы балдарыңыз менен жогоруда көрсөткөн обьектилерде кайтарып жүргөнүңүздөрдө Ө.Текебаев, Б.Шерниязов, Т.Мадылбеков жана Р.Төлөгөновдор кайда эле?
Жооп: Биздин жаныбызда дайыма Райкан Төлөгөнов гана жүргөн. Калган депутаттар жок болчу. Бирок, алар бардык ишти көзөмөлдөп турушканын мен билем, анткени, Райкан байке алар менен телефон аркылуу байланышып, бардык иштерин кеңешип турган.
Суроо: Эгер биз сизди СИЗО-1 ден алып чыгып, Бишкек шаарына алып барсак, ошол апрелдеги силер кайтарып жүргөн 32 объекттин бардыгын көргөзүп бераласызбы?
Жооп: Ооба, көргөзүп бералам.
Суроо: Обьектилерден унааларга жүктөлгөн мүлктөрдү кайсыл жакка алып барып түшүрүшкөнүн билесизби?
Жооп: Райкан байке бардык унаалар Жогорку Кеңештин гаражына барат деп айткан, бирок, менин оюмча ал жүктөр Бөкөнбаев-Жаш Гвардия көчөсүндөгү базага барып түшүрүлгөн болуш керек. Мен өзүм бир да жолу жүктөрдү кайда түшүрүшкөнүн көргөн эмесмин.
Суроо: Ошол күндөрдө обьектилерди кайтарып жүргөн канча бала бар эле. Алар жөнүндө маалымат бере аласызбы?
Жооп: Мени менен жүргөн балдардын ичинен он чактысын эле аттарынан билчүмүн. Алар Турат, Тимур, Эсен байке, Максат, Азамат, Дастан, Муса жана Иса. Бирок, алардын кайсыл жерде жашаары, анкеталык данныйларын билбейт экенмин.
Суроо: Бул иш менен суралган Ө.Текебаев, Т.Мадылбеков жана башка депутаттар сиздин айткандарыңызды жокко чыгарып, калп деп жатышат. Буга эмне дээр элеңиз?
Жооп: Биз элдик кошуун катары алардын айткандарын аткарганыбызды ал депутаттар моюндарына алышпаса, аны тергөө иштери далилдеп бере алат. Мен буга 100% ишенем. Алардын антип ишенимдүү айткандарынын себеби, ал кезде алар чынында эле биздин жаныбызда жүрүшкөн эмес, бирок биз менен Райкан Төлөгөнов, кээде Турат Мадылбеков чогуу жүрүшкөн да. Бардык иштердин үстүнөн Текебаев менен Шерниязов башкарып турганын мен жакшы билем. Биз бири-бирибизди таанырыбызды телефон байланыштарынын распечаткасын карап далилдесе болот. Андан тышкары, Текебаевдин айдоочусу Алмаздын унаасынын номерин билем, анткени биз офистерде жолугуп турчубуз. Алардын мени менен тааныш эмесмин дегендерин тергөө иштеринин жыйынтыгы жокко чыгарат.
Суроо: Айтыңызчы, сиз Раушан Рыкунова менен таанышсызбы? Эгер тааныш болсоңуз кайдан, кандай кырдаалда тааныштыңыз эле жана сиз аны менен кандай мамиледесиз?
Жооп: Анын бул кылмыш ишине эч кандай тийешеси жок. Мындай суроону бергениңиз акылга сыйбаган иш.
Суроо: Сиз КР Өкмөтүнө караштуу ГСИН төрагасы Ш.Байзаков менен кайдан жана кандай кырдаалда тааныштыңыз эле?
Жооп: Мени СИЗО-1ге которгондон кийин мурдагы жетекчи Элмир Алдаяров тарабынан кысымга алына баштагам. Арызымды өзгөртүш үчүн ал мени бир камерадан экинчи бир камерага улам которуп жатты. Бир күнү кабинетине алып барып, СИЗОнун "положенецин" чакырып туруп "бул жерде бардык адамдарды "сындырса" болот, эгерде сен депутаттарга каршы жазган көрсөтмөңдү алып, кагаздарга кол коюп берсең, сага эч ким тийбейт" деди. Андан кийин "положенец" "түрмөдө адамды үч мүнөттүн ичинде эле өлтүрүп койсо болот. Ошондуктан кагаздарга кол коюп, эч кандай депутаттарды билбейм жана билгим да келбейт деп айтсаң өзүңө эле жакшы болот. Эгер сен биздин айтканыбызга көнсөң, бул жактан жакшы шарт түзүп берем" деп айтты. Ал учурда мен өз өмүрүмдөн корккондуктан "ойлонуп көрөйүн, убакыт бергиле" дедим. Менден башка Дастан Оморов дагы ушундай кысымдарга туш болду. Муну менен мен СИЗОнун жетекчилиги жана положенеци депутаттарга каршы көрсөт-мөбүздү өзгөрттүрүүгө аябай кызыкдар болушканын айткым келет. Андан кийин СИЗО-1 дин жетекчиси алмашып, менин арыздарым өз даректерине жете баштады. Бир жолу СИЗОнун жетекчиси Марс байкенин кабинетинен Байзаков менен жолугуп калдым. Сүйлөшкөндөн кийин ал "бардык арыздарың керектүү жерлерге жетет" - деп айтты. Андан кийин мен аны көргөн жокмун.
Суроо: Сиз КР ИИМнин 10- башкармалыгынын орун басары А.Акжолов менен таанышсызбы? Эгер таанысаңыз кандай шартта жана кайсыл жерден тааныштыңыз эле?
Жооп : Акжолов менен 2007-2008-2009-жылдары таанышсам керек эле, жакшы эсимде жок. ГУБНОН кызматкери Мирлан Орозбаев деген бала тааныштырган. Бир канча убакыт өткөндөн кийин мага муфтияттын кызматкерлери аркылуу Түндүк-электр районунда жашаган чет элдик жарандарга бир мечит аркылуу мыйзамсыз хадж-визалар берилип жаткандыгы жөнүндө маалымат келди. Мен Акжоловго жолугуп, бул маалыматты айттым. Андан кийин Акжолов жана милиция кызматкерлери болуп айтылган дарек боюнча барып, чет элдик жарандарды кармап, 45 паспортту алдык. Алардын 15нин паспортунда мыйзамсыз берилген хадж-визалар бар экен. Алар суракта бардыгын моюндарына алышты. Бул жөнүндө мен милиция кызматкерлери менен бирге телеберүүгө интервью берип, муфтият тарабынан ушундай катачылыктар кетип жатканын айткан элем. Андан кийин апрель окуяларына чейин Акжоловго чалып, өзүм уккан мыйзамсыз иштер жөнүндө, террористтер жөнүндө маалымат берип турчумун. Андан башка экөөбүздүн ортобузда мамиле жок эле. Кээде гана МАИ кызматкерлери токтотуп калган учурларда жардам сурап чалып калчумун.
Мындан сырткары, тергөө учурунда мен бул айткандарыма эстегендеримди дагы кошуп айтып турам. Эгерде ошол апрель окуяларында элдик кошундардын артында Ө.Текебаев, Б.Шерниязов, Р.Төлөгөнов жана Т.Мадылбековдор турбаганда биз биринчи эле объектиге барганда укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап алмак. Жада калса, биз ошол объекттерде жашап калган күндөрдө да эч ким эч нерсе деп айтчу эмес. Биз ошол учурда Убактылуу Өкмөттүн коргоосунда экенибизди билчүбүз. Ошол кезде биз менен чогуу жүргөн балдар да көрсөтмө берүүгө даяр.
Бул протоколду өзүм окуп чыктым, менин айткан көрсөтмөлөрүм туура жазылган. Сурактын аягында видеотасма адис аркылуу көрсөтүлдү. Видеотасма протоколдо жазылгандар менен дал келет. Кошумча жана алымчам жок.

Күбө_____________ А.Юсупов
Адвокат___________ Т.Абдыев.

Суракты жүргүзүп, протоколду жазган:

МСГнын тергөөчүсү - Кыргыз Республикасынын ГКНБ СУ
ОВДнын улук тергөөчүсү,
юстициянын майору

У.Садырбеков






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??